Тилдер күнү жана майрамдары

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү

Эл аралык эне тил күнү 17-ноябрда 1999-жылы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында жарыяланып,  2000-жылдын 21-февралынан тартып  тил жана маданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүү максатында белгиленет.

 

14-март – Эстон эне тил күнү

14-мартта Эстонияда Эне тил күнү белгиленет. Эгер сөзмө-сөз которгондо бул күндү “Энелер” күнү деп атаса болот.

 

20-март – Француз тили күнү

Француз тили күнү,  2010-жылдан баштап белгилене баштады.

 

9-апрель –  Микаэль Агрикол күнү

Жыл сайын  финндер жана дүйнөдөгү финн тилин жакшы көргөндөр Микаель Агрикол күнүн же Финн тили күнүн активдүү белгилешет.

 

20-апрель – Кытай тили күнү

Кытай тили күнү БУУнун расмий тилдери сыяктуу эле 2010-жылы уюмдаштырылган. Бул сунуш коомчулук менен байланыш боюнча уюмдун департаменти тарабынан киргизилген.

 

23-апрель – Англис тили күнү

Биринчи жолу Англис тили күнү БУУнун башка расмий тилдери сыяктуу эле 2010-жылы өзгөчө дата катары бекитилген.

 

15-май – Осетин тили күнү

Бүгүнкү күндө Түштүк Осетияда бул жаңы майрамды өзгөчө шаң менен белгилешет.

 

6-июнь – Пушкин күнү

2011-жылы Россия Федерациясынын Президенти тарабынан жыл сайын белгиленүүчү тил күнү Жарлык менен бекитилген.

 

1-август – Азербайжан тили күнү

Азербайжандыктар Россия падышалыгынын курамына кирген учурда араб алфавитин колдонушкан.

 

31-август – Лимба Ноастре күнү

Жай күнүнүн акыркы күнү Молдова салттуу жана өзүнчө уникалдуу майрам Лимба Ноастре – Улуттук тил күнүн белгилешет. “Лимба Ноастре” – “биздин тил” же “ эне тил” дегенди түшүндүрөт.

 

22-сентябрь – Казакстан тилдер күнү

Президенттин Жарлыгынын негизинде Казакстан республикасында 22-сентябрь  – Казакстан элдеринин тилдер күнү деп жарыяланган.

 

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү

1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган.

 

26-сентябрь – Европалык тилдер күнү

2001-жылдан бери жыл сайын 26-сентябрда Европа тилдер күнү белгиленип келет.

 

9-октябрь – Корей алфавит күнү

Түштүк Кореяда корей алфавитин жарыялоо күнү катары 9-октябрда белгиленет. Корей тилинин алфавити Хангль деп аталат.

 

12 – октябрь – испан тили күнү

2010-жылдан бери белгиленет.

 

9-ноябрь – Украин тили күнү

Бул майрам Украинанын Президенти Леонид Кучманын Жарлыгы менен 1997-жылы бекитилген жана  жыл сайын белгиленет.

 

18-декабрь – араб тили күнү

Бул тил дагы БУУ тарабынан жарыяланып, 2010-жылдан бери белгиленет.

Даярдаган Аида Ишеналиева, «Кыргыз тили», 21.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.