Катага каршы “Кара тизме”

Ооба, көрнөк көйгөйү коомчулук көңүлүн өйүгөн талуу маселелердин бири. Ондогон жылдар аны кантип оңдоштун оңтоюн таппай келдик. Бирок, “акыл – жаштан” демекчи, өзүн улуттун уул-кызы санаган мекенчил жаштарыбыз бул маселеге кайдыгер карабай, колдон келген салымын кошуп келет. Анын бир мисалы катары Кыздархан Айтматова кызыбыздын аракетин айталы.

Ал “Манас” кино-театрында илинген берегидей афишаны колтелефонго тартып алып, анан театрдын администраторуна кайрылган. Администратор (ошон үчүн администратор да): “Биз ал үчүн жоопкер эмеспиз, анын бизге тиешеси жок, продюсерлердин өзүлөрү чыгарып келип илип коюшат” деп жооп узатат. Алардын айтуусуна караганда Бен Аффлек баш болгон актерлор менен продюсерлер кино атын эптеп кыргызчаламыш этип, караңгыда жашыруун келип илип кетет имиш. Кыскасы, биз айыптуу эмеспиз. Күнөө башкада!

 

Ошону менен Кыздархан ал сүрөттү Фейсбуктагы “Кара тизме” тобуна каттап, ара-чолодо убакыт таап, Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын адистерине кайрылат, “көрнөк-жарнактарды көзөмөлдөйсүздөрбү же оттоп отурасыздарбы?” маанисинде.

Андан ары Кыздархандын өзүнө кеп кезегин уланталы. “Урматтуу “Кара тизме” группасынын катышуучулары, мен буга чейинки жазган билдирмемде айтылып кеткен кино-афиша катачылыктарын оңдоо боюнча ой бөлүшүп кетейин дедим. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына барып жолугуп, алардын иш алып баруусу менен таанышып, акылдашып, кеңешип келдим. Алар иштеп жаткандары көрүнүп эле турат. Канчалаган жарнамалар мамлекеттик тилде чыга баштаганы ага далил. Жакшынакай белектерди алдым, бул менин мактанганым эмес, алардын кандай кичи пейил, мамлекеттик тил дегенде ичкен ашын таштай турган мыкты адамдар иштээрине өзүм күбө болуп келдим.

Биз өз Мамлекеттик тилибизди сыйлабасак, ким сыйлайт? Мамлекеттик тилибизди барктабасак ким барктайт? Келгиле, андан көрө ар бирибиз мамлекеттик тилибиздин өсүшүнө, өнүгүшүнө көмөктөшөлү! Кыргызстанда жашап жаткандан кийин, мамлекеттик тилибизди колдойлу деген сунуш! Кайдыгер болбойлу!

Бир жума ичинде мен айткан кино-афиша катачылыгы оңдолду. Ага далил катары эринбей “Манас” кинотеатрына барып сүрөткө да тартып алдым. Бул билдирмени жазып жатканымдын себеби: биз жөн эле “Кара тизмеге” арыздана бербей, кандай чаралар колдонулуп жатканын, жыйынтыгы кандай болгонун билгизип кетсекпи деген менин жеке оюм”.

Кийинки кезде социалдык тармактар коомдук пикир түзүүнүн курч каражатына айланды. Кыздархандай уул-кыздарыбыздын астейдил аракеттеринен майнап чыгып, кол жетпеген далай көйгөйлөр четинен чечилип жатат. Демек, Кыздархан сыяктуу бардык мекенчил жаштарыбыздын демилгесин колдоп, ыраазылык билдирмекчибиз.

Капар Токтошов, «Кыргыз тили», 21.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.