Бишкекте Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли алгачкы жолу сөзү жок көрсөтүлөт

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун кеңири белгилүү “Саманчынын жолу” спектаклин Россиянын режиссеру Евгения Акс көрүүчүлөргө сөзү жок тартуулайт.

Хореграф Мария Попованын айтымында, алар өзгөчө эмгекти Бишкектин көрүүчүлөрүнө тартуулоо максатында атайын Москвадан келишкен. “Театр жашоосуна жаңы агымды киргизүү үчүн жаңы тилди колдонуу бизге абдан кызыктуу болду. Окуя сөзү жок баяндалып, негизинде бизге белгилүү Ч.Айтматовдун повести экендигине карабастан иш пластика менен аткарылат. Биз аны көрөрмандарга текст колдонбой жеткирүүгө аракет кылдык. Артисттер өздөрүнүн ийкемдүүлүгү менен болуп жаткан окуяны чагылдырышат”, – деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, М.Попова иш оңой эмес, актерлор үчүн адаттан тышкары болгондугун белгиледи. “Ар кандай өзгөчө тилди колдонуу дайыма оор, себеби бардыгы салттуу нерселерге көнүп калышкан. Мындан тышкары, музыка абдан ар түрдүү жанрда жана өзүнө этникалык мотивдер менен европалык ноталарды камтыйт. Россиялык видеографик менен иштедик. Биз графикалык тилди колдонуп иштейбиз”,- деди ал.

Мындан тышкары, хореограф сөзү жок жанрдын тандалышы автордун проза жанрынын формасына байланыштуу экендигин белгиледи. “Чыңгыз Айтматовдун адабий тили абдан жандуу жана ийкемдүү. Эгерде тил супсак болсо, анда спектакль көрүүчүлөргө кызыксыз болуп калат”, -деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде спектаклдин режиссеру Евгения Акс пластикалык эмгек Россия жана Кыргызстандын 30 актеру менен түзүлгөнүн белгилеп өттү.

“Жергиликтүү орус театры үчүн мындай иш – алгачкы тажрыйба. Повесть ийкемдүү тил менен жазылганын белгилей кетүү керек. Окуп жатып автор кандай салыштырууларды, түстөрдү келтирип, чыгармада кандай заттарды сүрөттөгөнүн элестетем. Бардыгы ийкемдүүлүккө ээ”, – деди Е.Акс.

Ошондой эле, ал спектаклди Россиядагы француз фестивалында көрсөтүү пландалып жатканын кошумчалады.

Бишкекте спектаклдин бет ачары 18-мартта болот.

“Кабар” КУМА, 10.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.