Кыргызстандын калкы боюнча кызыктуу 10 факт

  1. Кыргызстандагы калктын саны

Бүгүнкү күндө 6 млн 19 миң 500гө жетип, дүйнөдө 111-орунду ээлейт.

 

  1. Улуттук курам

Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Улуттар аралык ынтымакты жана алаканы бекемдөө максатында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат.

 

  1. Калктын жаш курагы

Кыргызстанда жаш курак боюнча эмгекке жарамдуу калктын саны басымдуураак кылат. Алсак, 16 жашка чейинкилер – 2 007 897, эмгекке жарамдуу калктын саны – 3 585 721, эмгек курагынан өткөн калктын саны – 425 862.

 

  1. Калктын жыштыгы

Өлкөнүн жалпы аянтын бөлгөндө 1 чарчы метр жерге 12,5 киши туура келет. Калк абдан жыш жайгашкан аймак – Ош облусу. Анда 1 чарчы метр жерге 150 киши туура келет, эң аз Нарында – 1 чарчы метрге 5 киши.

 

  1. Калктын жашоо деңгээли

Акыркы сатистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жашагандардын 32%ы жакырчылыкта күн кечирет. Аймактар боюнча Жалал-Абад облусу эң артта (40,1%), ал эми Таласта жакырчылыктын деңгээли салыштырмалуу төмөн (21%).

 

  1. Калктын демографиясы

2016-жылы 162 329 ымыркай төрөлүп, 38 516 адам көз жумган. Калктын саны орточо бир жылда 123 миң кишиге көбөйүп турат.

Кыргызстанда саат сайын 18-19 бала төрөлүп (бир күндө – 452), 4-5 адам көз жумат (бир күндө – 107).

 

  1. Эң узак жашагандар

Кыргызстанда кылым карыткан 280 карыя бар. Алардын эң улуусу паспорту боюнча 132 жашта. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын жашоочусу Айша Атабаева. Анын 4 уулу, 2 кызы, 27 небереси, 62 чөбөрөсү жана 15 кыбырасы бар.

 

  1. Эң узун кыргыз

Кыргызстанда эң узун бойлуу адам – Жеңишбек Райымбаев болуп калды. Ал 1979-жылы Нарында жарык дүйнөгө келген. 2 метр 32 сантиметр бою менен планетадагы эң узун кишилердин катарын толуктаган. Тилекке каршы, Ж.Райымбаев 2015-жылы 1-июнда бул дүйнө менен кош айтышкан.

 

  1. Кыргызстандын эли жана дүйнө

Кыргыз элин «Манас» эпосу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, өзгөчө бийчи Атай Өмүрзаков сыяктуу таланттары менен дүйнө элинин ажырагыс бир бүтүндүгү деп кароого болот.

 

  1. Кыргыз элинин өзгөчөлүктөрү

Башка элдерден айырмалап турган нерсе бул – улуттун тил. Дүйнө элдеринин кайсы тили болбосун кыргыздар таптак сүйлөй алат. Мындай уникалдуу өзгөчөлүк башка элдерде кездешпейт. Аны менен катар кыргыз эли төкмөлүк өнөрү менен да сыймыктанса болот.

«Саресеп», 21.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.