Абдыкадыров жана аккордеон

“Ай булактын кете албасам жанынан”

Рыспай жөнүндө сөз кылганыбызда, кыргыздын улуттук аспабына айланып калган аккордеон сөзсүз элестейт. Рыспайдын келбети, тулку бою да ыр менен, музыка менен, асынган аккордеону менен жуурулушуп калгандай көрүнөөр эле. Тим эле Рыспай менен аккордеон бири-бирин толуктап тургандай сезилчү. Ойногон варияциялары өзүнчө эле керемет го, чиркин! Чет өлкөлүк бир музыкант: “Бул кишинин жалгыз эле өзү тирүү оркестр турбайбы!” деп таңданганы да маалым. Ал эми ырдоо чеберчилигичи? Анысы да өзгөчө болчу. Доошуна далайлар тамшанган.

Ырас, Рыспайдай болсок деп аруу тилек кылган шакирттери арбын. Бирок, алардын арасынан, азырынча, “Рыспайды” көрө элекпиз. Көрсө, Рыспай бир гана жолу жаралган, ыр дүйнөсүндө шаңшый баарынан бийик учкан шумкар болгон тура. Албетте, анын шакирттерин андай бийиктикке жете албайсыңар деп кесе айтуудан алыспыз. Өзү айткандай, бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз эмгек болсо, балким…

Шакирттери демекчи, Абдыкадыровдун ар бир шакиртинин өзүнө таандык үнү, дарамети бар. Биз бул жолу радиодогу ырларын угуп гана таасирленип ырдап чыккан эмес, бир нече мезгил бою артынан ээрчип жүргөн, ал тургай, бир үйдө ата-баладай болуп бирге жашаган шакирти, Рыспай Абдыкадыров атындагы төш белгинин ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, аккордеон элдик инструмент номинациясынын жеңүүчүсү Эсеналы Кенжебаевди сөзгө тартканы атайы Токмок шаарына бардык.

 

Рыспайдан кайра качкысы келип…

– Эсеналы, Рыспайды түндүктөн Ошко издеп барган экенсиз. Биринчи жолу кезиктиргенде толкундануу пайда болду беле?

– Албетте! Бала кезимден бери бул кишини өзгөчө кумир тутчумун. Ырдаганын, кыймыл-аракетин туурап дегендей… Ал тургай, өзүм жашаган аймакта “экинчи Рыспай” аталып калгам. “Сен Рыспайга барышың керек”- деген сөздөр шыкак болдубу, бир күнү Ошту көздөй жөнөдүм. Ал кез – 1988-жылдын аяктап калган учуру эле.

Түз эле Рыспай агай иштеген Ош педагогиялык институнун музыкалык факультетине бардым. Сураштырсам, ал кишинин өзү сабакта экенин, өмүрлүк жары үстүңкү кабатта, аккордеондорду прокатка берген бөлмөдө отураарын айтышты. Анан эжекеге жолугуп, атайы түндүктөн келгенимди айтсам, кайра менден “Журналистсиңби?” деп сурады. Аңгыча, сырттан кирип келген агай да мен жөнүндө уккандан кийин эжекенин сөзүн кайталады. “Журналист эмесмин. Мен – сиздин талантыңызга суусап келген, ырларыңызды аткарып жүргөн, сизден үлгү алайын деген талапкермин,” – деп айттым.

Ошондо агай: “Кана, андай болсо, мынабу тизилип турган аккордеондордон каалаганыңды тандап алып туруп, ырдап берчи”, – деди текчеде катар-катар турган аккордеондорго кол жаңсап.

Мен жашыл түстүү “Восход” аккордеонун асындым да, агайдын ырларынан, анан өзүмдүн ырларымдан аткарып бердим. Жылуу кабыл алышты. Айрыкча, Давлет эже мактап: “Келбетиң дагы Рыспайга окшоп кетет экен” деди көңүлүмдү көтөрүп. Анан аларды ээрчип, үйүнө бардым. Ал күнү чыгармачылык жөнүндө башка сөз деле болгон жок.

Эртеси балкондо турсам, агай жер жактан кыйкырып калды: “Эсен, менин плашым менен аккордеонду көтөрө түш. Ноокатка, тойго барабыз”, – деп. “Миң уккандан бир көргөн артык эмеспи”, залкар обончунун аккордеон ойногонун жанынан биринчи көрүшүм. Тим эле керемет ойнойт экен. Тойдо аккордоеондун клавишаларында чимирилте кол ойнотуп, үнүн безилдете авазын чыгарып, айлананы шаңга бөлөгөн, жүрөк кылын черткен ырларынан аткарып берди эле, аты да Рыспай турбайбы, заты да Рыспай турбайбы деген ой көөдөнүмдө уялады. Ошондогу бир чети таң калганымды, бир чети уялганымды айтпа! “Мен бул кишинин алдында бир эле байкуш турбаймынбы. Кечээ эмне үчүн ырдап бердим экен, кыйрата тургансып” – деп өзүмдү-өзүм жемелеп аттым ичимден. Кайра качып кетким келгеничи. Ошол түнү агайдын үйүндө таң аткыча бир уйкум келген жок. Ал тургай, агай менен эжеке эртең жумушка кеткенден кийин кат жазып туруп, ачкычты кошуналардын бирине таштайын да анан Фрунзени көздөй кете берейин деп чечим кабыл алып койдум, төшөктө ойдолоктоп жатып.

Ооба, чындап эле ошентмекмин. Бирок, агайдын жумушка жөнөөрүндө “бүгүн Болуш Мадазимовдун үйүнө конокко барабыз” деп алдын-ала эскертип койгону мени токтотуп калды. Болбосо…

Кечке жуук атактуу комузчунун үйүнө баргандан кийин “мейман жигит ырдасын” деген сунуш түшкөндө, мен тамагым ооруп жатканын шылтоолоп ырдабай койдум. Агай да менин сөзүмдү коштоп, “тамагы ооруп калыптыр” деп бул милдеттен “куткарып” калды. Көрсө, менин акыбалымды туюп, ичинен аяп жүргөн экен. Кайра үйгө келгенден кийин мени балконго ээрчитип чыкты да буларды айтты:

“Эсен, мен сени түшүнүп турам. Чындыгында, тамагың ооруган деле жок. Туурабы? Айбыгып атасың. Сенден сураныч: Тартынба. Ого бетер чымырканып аракет кыла бер. “Кара-Шоро” деген ырдын автору Мамат Оморов деген кишини билесиңби? Мен дагы ал кишинин алдына алгач барганымда сендей акыбалда калгам. Ушундай ийгиликке жөн эле жетип калган жерим жок. Тынымсыз изденүү, тынымсыз эмгек менен гана баарына жетсе болот. Кудай буюрса, кези келгенде сенин алдыңда да кимдир бирөөлөр сүрдөшөт. Ан үчүн бир пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек керек. Чындыгында, мен өзүм эңсеген бийиктикке дагы деле жете элекмин”.

 

Аккордеон жөнүндө…

– Рыспай далай жолу муңканта, сыздата кол ойноткон “Велтмейстер” моделиндеги аккордеонун сизге берген турбайбы…

– Бул аккордеон мен үчүн ыйык! Өзүмдү “сен” деп, улуу урматтуу устатымдын аккордеонун “сиз” дейм.

– Башка аккордеондордун корпусундагы “Велтмейстер” деген жазуулары темир тамгалардан чапталып турат. Мунуку бойок менен жазылыптыр го?!

– Мында деле темир тамгалар бар болчу. Бирден түшүп, жоголуп атып аз калганда аларды дагы бир отоло сыйрып таштап, агай өз колу менен бойоп жазып чыккан. Сүрөтчүлүк жагы да бар эле ал кишинин.

– Мындан башка кайсыл моделдеги аккордеондорду жактырчу?

-“Красный партизан”, “Восход”…

– Азыркы кезде кээ бир музыканттар “Рыспай жетпеген аккордеонго мен жеттим” деп мактанып жүрүшөт. Мунун канчалык чындыгы бар?

– Бириники да туура эмес. Рыспай агай суктанып, айтып жүргөн аккордеонду азырынча биринен да көрө элекмин. Ал аккордеон – Италия өндүрүшүнөн чыккан “Скандали” деген аккордеон болчу.

– Башка обончулар сахнага чыкканда 11 регистирлүү “Велтмейстер” аккордеону менен ырдап жүргөн убакта, Рыспай Абдыкадыров Ленинграддын “Красный партизан” фабрикасынан чыккан 5 эле региситрлүү “Восход” аккордеонун көбүрөөк колдончуу экен го?..

– Туура айтасыз. Бир жолу Ошто концерти болоор алдында мени окуу жайдын корпусуна жиберди, 123- текчедеги аккордеонду алып келип бер деп. Бул текчеде эски “Восход” туруптур. Аны көтөрүп алып, концерт боло турган жайга жеткенге чейин кыжаалаттанып барганымды айтпа! Ойногонго жеңил, үндөрү кооз “Велтмейстер”, “Роялстандард” аккордеондору турганда, эскилиги жеткен “Восходду” тандаганы эмнеси деп таң калгам. Бирок, ушул эски аккордеондон таң калаарлык кооз музыка чыгарып, заматта угармандарын жипсиз жетелеп алганын көргөнүмдө, анын талантына дагы бир жолу ынандым. Ал тургай, бузук аккордеондон да сонун үн чыгарып жиберчү. Кээ бир аккордеондордун бир клавишасы басылган бойдон кайра көтөрүлбөй калса, башка клавишаларында кол ойнотконун токтотпостон бир манжасы менен бузук клавишаны учунан илип көтөрүп оңдоп койоор эле.

 

Булактагы музыка

Жогоруда Рыспай Абдыкадыров баалаган аккордеондордон кабардар болдук. Ал эми жактырбаган аккордеону да болду бекен? Бул тууралуу обончунун шакирти бизге буларды айтып берди:

– Давлет эже чет өлкөгө бир иштер менен барып, кайра кайтканда агайга жап-жаңы аккордеон ала келиптир. Түсү кап-кара болчу. Негедир ал аккордеонду агай жактырган жок. Мен кармалап, бир музыка ойноп көрүп: “Жакшы аккордеон турбайбы” дедим эле, агай: “Сенин “сулухуң” ачыла элек турбайбы, ачыш керек экен” деп койду. Ошол кайсыл моделдеги аккордеон эле? Айтпай эле койоюн. Айтсам, өзүнүн ошондой моделдеги аккордеонун жер-сууга тийгизбей мактап жүргөн айрым сахналаштарым капа болуп калышы, өзүнүн аккордеонунан ирээнжип калышы ыктымал.

Музыкалык угууңду ачыш керек дегенин айтпадымбы. Эми ушуга улай бир окуяга токтолоюн. Күндөрдүн биринде эс алганы тоого чыккан элек. Караңгы кирип калган маалда өр тараптан түшүп келатсак, аңгыча, Рыспай агай:

– Эсен, тыңшачы… бир нерсе угуп атасыңбы? – деди, тык токтой калып.

– Ооба, бир үн чыгып жаткансыйт, – дедим мен.

– Дагы тыңша. Бир эмес, эки үн чыгып жатат.

Анан чыракты жандырган бойдон өтө акырын чыккан үн тарапка кайрылып барып, аны аныктадык. Көрсө, булактын суусунан түшкөн чоргонун астындагы айлампада бир консерванын кадагы тегеренип аткан экен. Чоргодон түшкөн суудан бир сонун үн чыгып, үстүнөн суу тийгенде кадактан дагы бир керемет дабыш чыгып, “кыңгырт” эткен үн кадак тегеренип кетип кайра ордуна келгичекти жаңырып, кайра уланып жатыптыр.

Аны бир азга карып турган соң, Рыспай агай мага минтип айтты:

– Көрдүңбү, кандай керемет! Ушундай табигый үндү музыкант жүрөгү менен кабылдаш керек…

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
“Майдан.kg”
, 03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.