Байдылда Сарногоев: “Түшүмө тоо, Ош базар кирет. Анан эшекке арак ичирип…”

Редакциядан: Кыргыз поэзиясынын классиги, Кыргыз эл акыны, атактуу Байдылда Сарногоев 70 жашка чыкканда, буту баспай, үйүнөн чыкпай калган кезинде акын агабыз менен агездеги “Агым” гезитинин кызматкери, журналист, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова аңгемелешкен экен. Бул акын агабыздын акыркы маектеринин бири десек болот. Бүгүн Байдыкебиздин ошол 2002-жылдын 18-январындагы “Агым” гезитине жарыяланган маегин кандай болсо, так ошондой, айткандарынын бирине да кол тийгизбей, атактуу акынды эскерүү иретинде «Чагылгандын» окурмандарына тартуулап олтурабыз. Байдыкенин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Ал эми арабыздан кеткенине 13 жылдын жүзү болду. Жаткан жери жайлуу болуп, жаны жанатта болсун дейли…

Байдылда агай, 60 жашыңызда ашуудан отчет бердиңиз эле, эми 70 жаш деген кандай болот экен?

– Жаштын жаманы жок. Жашай берсе баары эле жакшы. 60 өзүнчө кетти, 50дө жаш экем. Аны айтпай эле коеюнчу. Бу 70 дегениң абдан көп, бийик ашуу экен, 60ка караганда. Ооруп жатканыма 10 жыл болду. Күн бүркөлсө мен да кошо бүркөлүп, кээде жатып калып, кээде туруп, кыйналып жүрөм. Былтыртан бери “талаага” чыкпай калдым. Инсульт жаман тура, билинбей жыгылат экенсиң. Доктурлар жаныңда киши болбосо жалгыз жүрбө деп эскерткенинен кемпирим, кээде балдарым дайым жанымда. Бирок тобокелге салбайын деп эшикке чыкпай, үйдө эле жатам. Эми бу да Кудайдын кылганы, айла жок, баарын көтөрүп келатам.

Төшөктө жатканы ыр жаздыңызбы?

– Жок, жазган жокмун. Он жылдан ашып кетти, анда социализм учуру эле да, анан бир күнү көчөгө чыксам капитализм деп калышыптыр. Бир күнү кыялданып, ыр жазайын десем башыма бирдемелер келди. Анан “Асмандагы улуулук” деп ыр жаздым төрт куплет. Жылдыз сага бир куплетин окуп берейин.

Бул ааламда ким улуу?
Болмок эмес миң улуу,
Жандуу, жансыз баарына,
Жарык чачкан дайыма
Жалгыз гана Күн улуу!
– деп. Адамдан улук чыкпайт, ааламда Күн улук деп ой чаптырып жазгам.

Ыр жазган кара жумуштан да кыйын дейт, же буга сиз макул эмессизби?

– Ыр жазуунун өзү түшүнгөн кишиге оор. Чыгармачыл адамдарды чымыны бар деп коет эмеспи, ал чымын да кашка чымын, сокур чымын ж.б. деп эки-үчкө бөлүнүп кетет. Анан мага да кезек-кезек ошо чымындар келип калат. Билбейм, башкалар кандай жазат, мага илхам, ыклас келгенде, керек болсо туалетте отурсам башыма келе калат да, анан “кемпир эле, кемпир, кагаз, ручкени бер, унутуп калбайын, жаза калайын” дейм. (Ушу жерден Байдылда агай экөөбүзгө чай куюп олтурган Зина эже сөзгө аралашып: “Абышка, койсоңчу, ушунун баары гезитке кетет, туалет-муалетиңди айтпай эле сүйлөчү?” деп калды.) Жок, кемпир, туурасын айтышым керек да. Кемпирим калем, кагазымды алып жетип келет, анча-мынча чиймелей коем, анан келип үстөлүмө отуруп оңдоп-түзөйм.

“Жамбаш сынса да ашказан сынбайт” деп айтканыңыз бар экен?

– Кээде ошентип тийише беришет, а балким айткандырмын. Жамбаш сынса бу сөөк да, айыгат, ашказан кабырылып калса жаман болот деп:

Аракка биздин ашказан,
Алынып калган капкачан.
Жарай берет калганы,
Жарымын кесип таштасаң. Анан сөздөн сөз чыгып айтып койсом, эл арасына тарап кеткен тура.

Артыңызда көч улап келаткан акындардан кимди баалайсыз?

– Бир топ эле акындар бар, бирок акындын акыны бар да. Шайлообекти абдан жакшы көрөм, өзү чоң акын. Азамат, менин купулума толот. Айылдын турмушун да, шаардын турмушун да жакшы билет, катыра жазат. Жанагы Хасан Каскадроп деген да мыкты чыга баштады. (Ред. Хасан Каскадроп деген “Агымдагы” Шайлообек Дүйшеевдин псевдоними катары гезит жабылганга чейин “жашап” келген). Советбек Урмамбетовдун баласы бар Кыялбек деген, а да түзүк. Анатай Өмүрканов да дурус.

Таластын Шумкар-Уя деген чокусуна сизди бир бөтөлкө арак таштап кеткен деп уккам, ошону барып бир көрдүңүзбү?

– Жо-ок, ал Шумкар Уяда калган эмес, ал тээ-тиги андан да бийик чоку бар, Арчалуу-Төр деген. Кийик уулап барганбыз, менин жанымда жүргөн жолдоштор арак салып алыптыр. “Байдыке, ич” дейт. Анан оозунан ооз тийип, ошол бойдон бөтөлкө калып калган. Кийин караган да, барган да эмесмин. “Көрүп келсем арманым жок” дегенди менин сөзүм кылып башкалар чыгарса керек. Ал арак эмгиче болбой калды го, жарылып калды го байкушум, күкүм болуп кетти го кургурум. Ошол чокуга арак таштаганда 26-27 жаштарда болсом керек.

“Байдылданын батальону” деген “бандаңыз” бар эмес беле, ошону ким уюштурган?

– “Байдылданын батальону” десең болот, “банда” десең болбойт, анда хулигандык болуп калат. Мынабул “Сейил” ресторанына көп барчумун. Мен эле эмес, Ысмайыл Борончиев, Махмуд деген чал, дагы бир топ артисттер ошол жерде жүрчү. Асек Жумабаев бар. Мен тияк-биякты айтып тамашалайм, анда кадимкидей сүйлөйм, басам, азыр таза болбой калбадамыбы. Анан балдар мага ыктап кетишти. “Байдылданын батальону” деп коюшчу, “Байдылданын Таш-Коргону” деп коюшчу “Сейил” ресторанын.

Байдылданын Таш-Коргон,
Байдылда өзү ат койгон.
Байдылда өлөт бир күнү,
Таш-Коргон калат таш бойдон,
Таш-Коргон калат жаш бойдон…
“Батальончулар” менен аралаш ушул ырды жазгам. Пиво, вино иччүбүз.

Жеңе менен кантип тааныштыңыз эле?

– Бу карындаш жөнүндө адегенде сыртынан уккам. “Ушундай бир кыз бар, ага периштенин өзү жетпесе, эч ким ага жете албайт” деп. А мен чоң Маскөөдөн бүтүп келгем. (Ред. Байдылда Сарногоев Москвадагы Максим Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүргөн), атаңгөрү күпүлдөп жүргөн кезим, таластыкмын, өпкө чоң. Кыз тандап жүрөсүң, боюм узун, мурун барбайган, сары жигитмин, балакетти сулуумунбу? “Кайын-журтум” деп коем, Зина окуган Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун. А жерге барганда жүгүнүп коем, ушу кезге чейин жүгүнүп, а-та десең, ыймандуумун да. Эркек мугалимдери кайнагамдай, аял мугалимдери кайнежемдей, кыздары балдыздарымдай көрүнөт. Асипова Зинага таанышам деп бардым, бу карындашым супсулуу, мен шустрыймын, тияк-биягына чыгып тийишем. Ошентип бу карындаш мага жагып калды. Жакканын айталбай шылтоолоп “Карындаш, “мени иттен чыгарып кой” дедим, 2-кабатта жашачу. Мени менен кошо жөнөдү. Жарым жыл сүйлөштүк. Мага буюрган экен, мен алдым.

Байбичеңизди алигиче карындаш дейсизби?

– Алганга чейин айттым, кийин “кемпирим, Зина, Зинакан” деп коем. И, дагы айта кетейин, адегенде экөөбүз эл-жерибизди сураштырдык. Мен Таластын башынан, Шумкар-Уя жактан экем, бу карындаш Көлдүн башынан, Талды-Суу деген жеринен экен. Уруусу–бугу, мен-кушчу.

Жаш кезиңизде кыздарга көп бардыңызбы? Кемпириңиз кызганчу беле?

– Бу карындашты алгыча бир топ кыздар болгон. Маскөөдө 5 жыл окудум. Беш жыл жок дегенде экиден кызга барсам да, орустун кыздары он болуп кеткендир. Үйлөнгөндн кийин тескери баскан жокмун.

Кемпириңизди урган күндөрүңүз болдубу?

– Жок, кемпирге кол көтөргөн кайдан. Башынан эле мүнөзүм ушундай, кемпириме катуу айткан эмесмин. Сиз, биз дешип сыйлашабыз.

Жазуучулар союзунан келип атышабы? Чоңдордончу?

– Ат тезегин кургатпай келип турушат. Н. Алымбеков, М. Ааматов, С. Эралиев, М. Абылкасымова, Ө. Даникеев жана башкалар. Атамбаев литфондунан жардам берип турат. Чоңдордон баягүнү А. Карыпкулов, А. Бөрүбаев, С. Урманаев келди. Н. Касиев министр кезинен бери эле атайын келет. Сары-Челектин сүрөтү тартылган картина, залда илинип турат. Ат-Башылык жигит экен, менин атам да тааныбаган. Сиздин ырыңызды жакшы көрөм дейт. Ошко кеткени көрө элекмин. Тунгуч президентибиз үч жыл мурун чакыртыптыр. К. Иманалиев келип кемпирим экөөбүздү үйдөн алып кеткен. Абдан жакшы кабыл алды, аркы-теркини сурады. 70ке качан чыгасыз дегенинен, бир топ бар дедим. Кабарлашып турабыз деген, анан менин “Калайык калкка кайрылуу” деген ырымды жакшы билет экен. Таластык жигит Болот Шерниязов аябай жардам берет, менин спонсорум. Көп келет үйгө, депутат болгону колу бошобой, анда-санда келип калды. Таласта менин музейимди ачтырыптыр Боке. Баарына рахмат!

Ыр-аке аталган Рамис келеби?

– Кээде келип калат, мен түшүнбөгөн сүрөттөрдү көтөрүп алып, менин мээм так Рамистин сүрөтүндөй болуп жатса, “момундай сонун” дейт, мен “түшүнбөйм” дейм. Сүйлөшүп, чай ичип кетет.

Жердешиңиз Чынгыз Айтматов менен мамилеңиз кандай?

– Жазуучулар менен кандай болсо, ошондой эле. Жеке мамилем жок. Келип, ал-ахвал сурап, телефон деле чалбайт. Бир жолу жазуучулар союзунан түшкө маал коридорго чыгып, чылым чегип турсам, төмөн жактан дүк-дүк деп дүңкүлдөгөн киши келатат. Карасам – Чыңгыз. Мага келип, экөөбүз учурашкан соң, “Ии, чычкан аңдыган мышыктай болуп турасың?” деди. Мен да: “Ии, төмөн жактан бир килейген келемиш чычкандын дабышын угуп, баса калайын деп күтүп турдум эле, сен белең?” десем, “ак, тукумуң өскүр, кыйынсың ээ” деп күлүп, ары басып кетти. Жашыбыз тең чамал да.

70 жылдык өмүрүңүзгө өкүнбөйсүзбү?

– Өкүнбөйм, баары орду менен кеткендей болду. Бирок мен Мидин, Райкандын кешигин ичип, кичине аксап калдым, жинди суунун жинине тийип. Болбосо жакшы, кемпирим үч уул, эки кыз төрөп берди. Баястан, Бахтияр, Бакай, Гүлсара, Карлыгач деген уул-кыздарым, Дилбарка деген неберем бар. Улуу кызым Гүлсара Италияда, ошол жакка турмушка чыккан, жылына бир келип кетет. Карлыгачым болсо келип тырмактарымды, сакал-мурутумду алып берет.

Азыр 100 граммга кандайсыз?

– Кымыз да ичпейм ачкыл деп. Айран, кефир, минерал сууларын жакшы көрөм. Кээде пиво ичким келет, анан кемпириме айтайын деп, кой дейм.

Жашоонун маңызы эмнеде деп ойлойсуз?

– Ар ким ар түрдүүчө түшүнөт. Маңызы эле ошо, адамча жашап жүрүү. Баягы Кудай бергенин кайра өзү алат дейт го, ак эмгегиң менен тапканды бала-чакаң менен тең бөлүшүп, тирүүчүлүктө досторду, туугандарды, үй-бүлөнү сыйлап өткөнгө не жетсин. Жаш кез, мас кез, өтөт экен. Эми кемпирдин көзүн карап олтуруп калдым. Ыраазымын. Мени жакшы багып жатат. Түйшүгүм көп, “аркамды тырма, суу бер, чай бер, светти күйгүз, форточканы ач, китепти алпер” деп жумшай берем, ым дебей аткарат. 44 жыл бирге өмүр сүрүп келатабыз.

Өлүмдөн коркосузбу?

– Коркпойм, кереги жок коркуп. Өлөсүң да акыры. Мурун атеист болчумун, 10 жылдан бери эле кадимкидей мусулман болуп калдым. Атам молдо киши болчу. Куран окуп жүрөм, орозо кармаган жокмун.

44 жыл ичинде жеңени таарынткан күндөр болдубу?

– О, кокуй болбой анан… Мен да таарынгам, бу да таарынган күндөр болду. Тааарынганда эркелетип, чекесинен өөп, ыр окуп берип жазчумун. Жеңең өзү ак көңүл, кичине эле чыртыйчу. Белек берчүмүн, атыр, жоолук, гүл дегендей. Үйлөнгөн соң агай деп жүрдү көпкө чейин, ансайын мен агай болуп мурчуюп калам, дегеле болбой. Кээде тамашалап, “өбүшүп бүттүк дебесең, оозуңду тосчу дагы бир?” деп коем.

Ушул учурда мен бизге чай куюп олтурган Зина эжеге кайрылдым:

Эже, агайды мурду барбайган, сары жигит экен деп чанбай тийдиңиз беле? Өкүнбөйсүзбү?

– Эмнеге өкүнөм, анда Байдылда болуп атагы укмуш эле. Кыздардын баары бир көрүп сүйлөшкөнгө ашык, турмушка чыкканга ынтызар болушчу. Акын деген кандай эле анда. Үч-төрт ай сүйлөштүк, агай деп жүрдүм, агай деген боюнча азыркыга чейин атынан айтпайм “абышка, чал, атаңар” деп коем. Кайнатамдын атын айта берем, себеби Сарногоева деп абышкамдын фмилиясына өтүп алгам, а бу кишиникин негедир такыр айталбайм. Эл күлүп калат, ыймандуусуң деп. Чыгармачыл кишинин мүнөзү татаал болот. Бир карасаң жаш бала, бир карасаң такыр бөлөк. Кээ бир убакта кыялын түшүнбөй казан-аяк кагыша кеткен күндөр болду. Болбосо бу киши ак көңүл, ичип келгенде урушканды да билчү эмес, чарбачылык менен иши жок, үй турмушуна кийлигишкен маайдачыл эркектерден эмес. Тамак тандабайт, курсагы тойсо болду. Үй-тиричилиги менен да иши жок. Таап келип берет, эмне кылып атканыңды сурачу эмес.

Кызганып, урушкан жоксузбу?

– Жок, кээде кеч келип калчу. Бирок кайда бардың, эмне кылып жүрдүң деп сурачу эмесмин. Чын айттыбы, калп айттыбы–кээде жүргөн, барган жерин айтып берчү.

Байдылда агай, кайсыл мезгилди жакшы көрөсүз?

– Мага баары бирдей көрүнөт. Жаш кезде жазды жакшы көрчүмүн. Ар бир мезгилдин өзүнчө касиети бар. Жаш кезимде көп чуркачумун, тоолорго көп чыкчумун. Мен чыкпаган чокулар аз эле калды Таласта. Кээде бутум соо болсо Жомолонгума чокусуна чыксам деп кыялданам. Хан-Теңри мага чепуха, жапыз деп коем жаман арыма.

Спорттун кайсы түрүнө кызыкчу элеңиз?

– Кызыкпадым, бирок бильиярдды жакшы ойночумун. Жазуучулардан Самансур Бөлөкбаев, Саткын Сасыкбаев менен күндөп-түндөп бильярд ойночубуз. Мелдешип, козу, акча сайышып.

Аракчы?

– Оо, ал само собой да, сайбасак деле алдыбызда турчу койкоюп. Азыр бильярд ойногонду аябай сагындым. Каңырыгым түтөйт, кайра басылат. Комуз чертчүмүн, колум калтырап, аны да чертпей калдым. Жаш кезди, курбуларды, эшикке чыгып басканды, Таш-Коргонумду сагынам, атаң гөрү! Ош базарын көрбөгөнүмө он жылдан ашып кетти…

Мидин менен качан тааныштыңыз эле?

– Мидинди “байке” дечүмүн. Ал мени “иним” деп койчу. Таластан 1948-жылы келдим. №5те окудум, анан Жазуучулар союзуна барчумун. Чоңу Аалы Токомбаев эле. Мидикем мени өзү таап алды “ай бала?” деп эле. “Ким болосуз?” десм, “Мидин Алыбаев дегенди уккан белең?” дейт, угуп жүргөм да. “Ооба” десем, “андай болсо мындай чыгып келбейлиби?” дейт. Ошентип жүрүп кийин Райкан менен жолуктурду. Экөөнө көп эле арак алып бердим, арак куюп эле отурчумун, кызыгандан кийин: “Эй, Райкан, биз өлүп кетсек баланчанын атынан, түкүнчөнүн атынан” деп мектеп, көчөнүн баарын коюп атат, биздин атыбыз коюлар бекен?” десе, Ракем колдурган үнү менен: “О, Мидин, буюрганы болор, койсо коюлар, мынабу ичкен бөтөлкөлөрүбүзгө биздин атыбызды коюп койсо кана!” десе, каткырып күлөбүз. Анда Мидин: “Жок менин атымды бир арак заводго коюп койсо” дейт. Мидин өкүл ата, өкүл энебиз болчу, өзүбүз эле коюп койгонбуз.

Байдылда агай, өзүңүздүн жоруктарыңыздан бирди айтып бербейсизби?

– Москвадан 3-курсту аяктап, Таласка Абдрасул деген байкемдин үйүнө бардым. Ал кой бакчу. Барсам, “иним келиптир” деп коюн көтөрүп чаап союп салды. Мен болсо кычырайм, клеш шым, жылтыраган жыландын терисиндей туфли, жакасы упузун мода көйнөк. Ат минип алып ары-бери бастырам. Бир күнү айтып калды: “Ай сен колоктоп эле жүрө бересиңби? Күз бат эле келет, мен болсо такай койдомун, үйдө отун жок, балдар жаш, отун апкелип берип кетсең боло? Мынабу эшекке минсең, отунга барчу жолду өзү билет” деп. “Макул” деп эшекти токуп минип, отунга жөнөдүм. Бир куржунду берип койду. Отун алчумун деп Арчалуу-Төргө бардык. Эшекти байлап, куржунду ачсам, ичинде жарты көмөч нан, бир жилик эт, бир бөтөлкө арак жүрөт. Токойдон ичсин десе керек. Кудай мындай бербеспи деп ичимден кымыңдайм. 200 граммдык грузовой стакан да салып коюптур. “Бисимилла!” деп арчаларды булкуп-жулкуп кичине чогултуп коюп эми ичейин деп этти туурап, нан менен жеп, тиги шумкарды стаканга куюп соктум, суусап калган экем. Башым эңги-деңги болуп жыргап, жамбаштап жаттым.

Көзүм илинип кетиптир. Тура калсам эшек байлануу, эс алып калыпмын. Кой, кеч кирелекте отунду алып үйгө жөнөйүн деп, отунду аябай алыпмын. Ичте арак бар да. Эшектин төрт шыйрагы, анан кулагы эле көрүнүп калды. Аябай жүктөпмүн. Шумкардан дагы 100дү бастым. Эшек “кок-кок” деп атып эле бир маалда жатып калды. Көрсө, оор жүктөп коюпмун. Эмне кылсам деп ойлонуп туруп, “кой, арактын касиетин көрөйүн” деп оозуна калганын куюп жибердим. Бир топко какап-чакады. Анан капырай сага жалган, мага чын, ордунан отун-мотуну менен тура калды. Айдап жолго чыктым. Бир маалда эшек “ырдай” баштады. Мен эшектин тилин билбейм да, иши кылып жолду ката арманын төгүп, жалаң муңдуу ырларды ырдап жүрүп олтурду. Башынан өткөндөрүн жамактап жатты окшойт. Укмуш эми, ыйлагың келет, угуп баратам, перевод гана жок. Отунду көрүп агам: “Ушунча да жүктөйсүңбү, эшекке убал эмеспи” деп сүйлөнүп алды.

Түшүңүзгө нелер кирет?

– Түш деле көрбөйм, анда-санда гана кире калат. Түшүмдө кээде энем, кээде атам менен жолугуп калам, тиги дүйнөдөн. Кээде Ош базарында жүрөм, бир убакта мага арак сунушат, “ичпейм” деп качам. Анан ат кирет, суулар кирет, тоолор кирет, жаш кезимди көрөм. Түш деген ар кандай эми, бирок жаткандан жаман тажадым…

Маектешкен Жылдыз МУСАБЕКОВА, “Чагылган”, 01.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.