Жетекчилиги кылымдарга үлгү болуп калчу инсан…

Кыргыздын атын алыска, даңкын далайга чыгарган инсандарыбыз аз эмес. Алардын бири Кыргызстандын тарыхында, маданияттын басып өткөн жолунда ташка тамга баскандай өз изин калтырган Күлүйпа Кондучалова менен маек куруу бактысы мага да туш болгон эле. Кезинде кыргыз маданиятын жандантып, көтөргөн Кыргыз ССРнин биринчи тышкы иштер министри жана Маданият министри Күлүйпа Кондучалованы – «Тянь-Шандын темир айымы» дешчү. Кыргызстандагы профессионалдык искусствонун гүлдөшү анын ысымы менен байланыштуу. Анткени, Күлүйпа Кондучалованын мезгилинде маданияттын биринчи карлыгачтары учуп чыкты. Кинематографияда да бир топ жакшы ийгиликтер жаралды. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Күлүйпа Кондучаловага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наам ыйгарып, «Ак Шумкар» төш белгисин таккан эле, эмесе чыган инсандын көзү тирүүсүндө бизге берген маегине көз чаптырыӊыздар… Кыргыздын сыймыктуу инасанынын арабыздан кеткенине 4 жылга чамалап калды.

Өмүр жолу: 1920-жылы Күлүйпа Кондучалова Чүй областынын Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында, кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Айылдык мектепте, андан кийин Фрунзедеги педагогикалык окуу жайында окуган. 1938-жылы окууну бүтүп, Куланактагы толук эмес орто окуу мектебинде эки жылга жакын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1940-жылы Кыргызстан ЛКСМ Тянь-Шань облкомунун лектору болуп эмгектенет… 1958-жылы К.К. Кондучалова Кыргызстандын маданият министри дайындалып, бул кызматта 22 жыл иштеди. Улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп, ошол убактагы жаш таланттардын (Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Болот Миңжылкиев, Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев ж.б.) көбүнүн жылдызын жандырган.

Сыйлыктары: Кондучалова — I и III даражадагы«Манас» орденинин ковалери, Ленин орденинин ээси, Эмгек Кызыл Туу ордени, «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Эмгектеги кайраттуулугу үчүн», жана «1941-45-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы кайраттуулук эмгеги үчүн» медалдары менен сыйланган.

 

Күлүйпа Кондучалова: «Ата-энем жетимчиликти башынан өткөргөн экен»

– Ата-энем Кондучал менен Токсумак бизге башкача мамиле жасашаар эле. Анткени, экөө тең жетимчиликти баштарынан өткөргөндүктөн, бизди эч нерседен кем кылбаганга аракет кылышчу. Боз үйдөн жаңы тамга көчүп киргенибизди бүдөмүк билем. Менин оюмча 1924-жылдар болсо керек. Үйдө орус меш бар болчу. Ага нан бышырбасак да, суук боло калганда жанына барып жылынчубуз.

 

“Үстү саман менен жабылган мектеп”

– Бейтааныш адамдар ар бир үйгө баш багып, элдин сабатсыздыгын жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аял-эркек, улан-кыздардын жашынын өтүп кеткенине карабай, окута башташты. 1928-жылы Кара-Жыгач айылында мектеп ачылды. Алгач, үстү саман менен жабылган, эки бөлмөлүү жер төлөдө окудук. Классыбызда узун кара стол, отургучтар, анан дубалда доска бар. Ары жакта меш бар эле, суук болгондо үйдөн отун, тезектерди алып келип жагып, жылынып алчубуз.

 

“Айылдын эли үчүн чоң жаңылык болду”

– Кийин-кийин, октябрга жакын биздин айылга чыныгы мектеп курушту. Мектептин ачылышы биздин айылдын эли үчүн чоң жаңылык болду. Жаңы салынган мектепке жакынкы үч айылдан балдар келип, бардыгы 40 окуучу, 3 мугалим болду. Менин атам да менин билим алышымды каалап, мектепке алып барды. 1932-жылы төрт жылдык башталгыч классын бүтүрдүм.

 

«Мен тамга тааныган мектептин бир жак башы дүкөн болуп калды»

– Менин биринчи тамга таанып, билим алган мектебимдин имараты азыр да элге өз кызматын кылып келет. Тактап айтканда, мен окуган мектептин бир жак башы дүкөн, экинчи тарабы компьютердик-клуб болуп калды. Өкүнүчтүүсү, азыркы балдардын чоң ата-чоң энелери ошол жерден (комп. клуб) билим алып, элге таанылганын биле беришпейт.

 

“Бүбүсарага караганда Сайра Кийизбаева ачык эле..”

– Чыгармачылыктагы кыздардан Бүбүсара Бейшеналиева жана Сайра Кийизбаевалар менен жакын мамиледе болуп, сырыбызды бири-бирибизден жашырчу эмеспиз. Бүбүсара… Эң күчтүү, акылдуу жана улуу актриса. Бир жолу ага: «Бүбүсара, артисттердин жарымы ушу сендей болсо, мен көп ойлонбойт элем» — деп айтып күлүп калчу элем. Өзүнүн жеке маселеси менен менин кабинетимдин эшигин бир да жолу ачпады. Сырын ичине катып, ооруганын да мага айтчу эмес. Катуу ооруп калганын, доктурлардан укчумун. Ал эми Сайра Кийизбаева ага караганда ачык эле.

 

Бексултан Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу: «Жети өмүрүн жерге киргизе жемелегенин көргөн эмесмин…»

– Кондучалова маданиятты оңой доордо жетектеген эмес. Бирок, ошондой кыйын шартта бийликтин каарынан акылы менен айла-амал таап, таланттуу чыгарма жаралса, анын кендирин кезбей, иш жүргүзө бергендиги үчүн Кондучалова «Кондучалова» деген легендага тете атакка жеткен. Күлүйпа эженин министрлик талабы, үлгүлүү жүрүм-туруму, ой-пикирлеринин орундуулугу, чыгармачыл адамдарды эркин кармап, кагып силкпеген сабырдуулугу калыстыкка жол ачкан деген ойдомун. Эженин жетекчи катары дагы бир үлгү болорлук сапаты: эч качан эч кимди көкөлөтө мактачу эмес, ошондой эле жети өмүрүн жерге киргизе жемелегенин укан эмесмин.

 

Ирина Оролбаева кызы: «Атам Токмоктогу балдар үйүндө чоңоюптур»

– Атамдын бир туугандары жок, Токмоктогу балдар үйүндө чоңоюптур. Атам абдан сулуу, билимдүү жана шайыр адам болчу. Финансы техникумун бүтүрүп, Жалал-Абадда иштеп жүргөн кезинде апам менен таанышып калышыптыр. Атамдын биринчи аялы каза болуп калыптыр. Андан Диас аттуу бир баласы бар. Биз аны Дима дейбиз. Экөө үйлөнгөндөн бир жылдан кийин Гүл-Жамал аттуу кыздуу болушат. Биздин үйдө аттарыбыз орусчага ыктап кетет. Мен төрөлгөндө атам атымды Ирина деп коюптур. Үйдөн конок үзүлчү эмес. Биринчи «особнякта» жашап, андан кийин азыркы Эркиндик бульварындагы үйгө көчүп келгенбиз.

 

“Туура эмес диагноздун айынан каза тапты”

– 1961-жылы атам катуу ооруп, тура эмес коюлган диагноздун айынан каза болду. Ошондо атам болгону 50 жашта эле. 40 жаштагы апам 3 баласы менен жесир калды. Атам өлгөндөн кийин үй-жумуштарын таенем кылып, апам кыям жасаганда эле ашканага кирчү. Кыям боюнча алдына киши салдырчу эмес, бирок апамдын тамакты мыкты жасаарына эч ким ишенбейт. Апамдын кыялын таятама окшоштурушат, бирок апасынын кыялынан да алса керек деп ойлойм. Атам менен апам элдердей болуп эле бизди конокко ээрчитип алышчу. Бирок, коноктор кирген үйгө кирбей, башка бөлмөдө отурчубуз. Үйгө да коноктор келип калганда, бир нерсе сурамак түгүл, алардын үстүнө кирчү да эмеспиз.

 

“ Бейшеналиева, Кийизбаевалар апамдын жакын курбулары эле”

– Эң жакын курбулары Сайра Кийизбаева, Тилен Тургунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Гүлүм Малабаева, Сагын Шералиева, Күлжаке Усубалиева, Анна Тихоновна Юматова эжелер болгон. Кызыгы, жаш жагынан кичүү курбулары Күлүйпа Кондучаловнаны эже дешкен. Мисалы Бүбүсара эже апамды бир да жолу «сен» деп айткан эмес. Курбулары менен дайыма курортторго барып эс алып келишчү. Бир жолу, апам курорттон жаңы эле келип, Сайра эже менен жарым сааттан ашык телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын көрүп, «Бир ай курортто чогуу жүрүп, сөзүңөр бүтө элекпи?» — деп күлдүм эле. Чыгармачылыктын мурдагы муундары апамды «эне» дешет. Апам азыркыга чейин өзүнөн кийин келген Кыргызстандын бардык маданият министрлери Д. Назарматов, Ж. Нусупова, М. Баялинов, А. Стамов, А. Токтосартовдор менен жакшы мамиледе.

Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева, «Чагылган», 11.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.