Айтматовдун алгачкы арзуусуна татыган

Насипа Анарбаева апа беш көкүл курагында ал кездеги студент, кийин дүйнөгө даңкы чыккан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун арзуусуна татыган экен. 90го жакындап калган байбиче андан бери жарым кылымдан ашык убакыт өтсө дагы бул сырын чоочун кишиге айткан эмес. Бизге да ал тууралуу айтып берүүгө далайга чейин көнбөй жүрдү. Акыры быйылкы жаз таасирин тийгиздиби же башка себеп болдубу, айтор, али чоочун көзгө белгисиз жан сырын айтып берди.

Бишкек шаарында жашаган Насипа Анарбаева апа 40 жыл агартуу тармагында иштегенден тышкары калың элге колунда оту бар эмчи-домчу катары таанылган. Ушул күнү, 90го жакын курагында да анын колунун табы тийген жериң мемиреп, күчүңө күч, демиңе дем кошула түшкөнүн туясың. Анын 5 кыз, 1 уул, 16 небере, 27 чөбөрөсү бар. Күйөөсү Ички иштер министрлигинде иштеген, Таластын тарсылдаган, курч, кайраттуу кулундарынын бири болгон. Насипа өзү жакшы жар, жакшы эне, жакшы мугалим болду. Бирок адамдын башынан нелер өтүп, нелер кетпейт…

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинин каарманы Алтынай “Менин алгачкы беш көкүл жаштык чагымдын биринчи жазы ушул болду бекен…” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Насипа апа да жаштыгын, өмүрүнүн алгачкы жазын эстеп, бизди бирде жашытып, бирде күлдүрүп, бирде таң калтырып олтурду. Анда анын аңгемесин угалы.

 

Беш көкүл курагында

… 1948-жыл эле. Ал учурда кыргыз кыздарын борборго окууга жибергенден ата-энелер тарткынчыктап турушчу окшойт. Айыл жергесинен борборго окуу жайга жөнөтөт десе, эсти чыгарган ар кандай сөздөрдү айтышчу. Ал эми 17 жашар Насипаны, татар кызын, ата-энеси эч нерсеге карабай эле борборго окууга жөнөтүштү. Педтехникумдун директору татар киши, таякесинин тааныштары болуп, кызды түз эле директордун үйүнө жиберишти. Насипа директордун үйүндө жашап, анын төрт жана эки жаштагы кыздарын багып жүрдү. Айрым сабактарды, ыр, дене тарбия, анан директор берчү тарых сабагын үйдөн эле окутуп коюшчу. Айылда өскөн кыз, Сокулуктун Шалта айылынан, шаардан да үй жумуштарынын баарын тыпылдатып жасайт. Зээндүү, сабагынан да тың. Эки жарым жылда окуусун бүтүп, Таласка мектепке иштегени кетти. Мектеп директорунун үйүнө жатты.

Бир күнү директор үй-бүлөсү менен “классташым” деген кишиникине конокко Насипаны кошо ээрчитип барат. Барса боз үй ичинде алоолонуп от жагылган. Кандайдыр тойго даярданып жатышкандай. “Тойго келген турбайбызбы” деп кудуңдап олтурган кызды бир убакта боз үйгө жалгыз калтырып, баары сыртка чыгып кетишет. Жалгыз эмне кыларын билбей олтурса, сельсовет кыргыз жигит келип:

– Бүгүнтөн баштап сен менин өмүрлүк жарым болосуң, – деп айтат. Насипа чочуп кетип:

– Жок, жок, менин сүйлөшкөн жигитим бар. Мен татармын, жигитимдин да апасы татар, мен сизге аял боло албайм, –деп чырылдап, анын сүрөтүн көрсөтөт.

Анда сельсовет:

– Насипа, мен сени ал жигитиңден да жакшы көрөм. Сени сыртыңдан акмалап жүрөм, мен сенсиз жашай албайм, сени кор кылбай, төбөмө көтөрүп багып алам, – дейт.

Кыз анын сөзүнө кулак салып да койбойт. Калбайм деп чырылдаган байкушту жигит эми коркута баштайт. Чөнтөгүнөн өз аты жазылган наганды сууруп чыгып:

– Мунун ичинде эки ок бар. Эгер ушул үйдөн чыгып кете турган болсоң, октун бири—сага, экинчиси—мага тиет, –дейт. –Качып кетип, жердин жети катарына кирсең да, таап алып атып салам.

Кыздын буркурап ыйлаганына да, “жигитим бар” деп чырылдаганына да караган жок. Таң аткыча ыйлап атып, көзү шишип, таңга маал ал уктап кетет. Ойгонсо эле эшик жарык, айылдагылар кирип-чыгып, той шааниси башталып калган экен. Насипанын ата-энесинин да макулдугун алууга үлгүрүшүптүр. Ошентип, ак жоолук салып, ак көшөгө ичине киргизип коюшат. Татар келин жерге жатмак беле деп, таластык, кийин айтылуу акын Сатина Абдыкеримованын үйүндөгү керебетти алып келишет. Сатина Абдыкеримова баш болуп, келинди мактап, ырга салып, той-тамаша башталып кетет.

Бул сельсовет Анарбаев Асан оңой жигит эмес экен. Ата мекендик согуш бүткөндөн кийин да Германиянын өзүндө калып, мата чыгарчу фабриканы жетектеп туруптур. Жакшы иши үчүн жанагы өз аты жазылган наганды белекке алыптыр жогорку жетекчилерден. Орусча суудай сүйлөп, төрт класс билими болсо да окууда да, иште да атка камчы салдырбаган айылдын курч, кайраттуу жигиттеринен экен.

 

Алгачкы арзуусу

Бирок күйөөсү айылдын курч, кыйын жигиттеринен болгону менен Насипа андан мурун сүйлөшкөн жигитин унута албай койду. “Ал эмнеге мени издеп келбейт? Же ал мени анчалык деле жакшы көргөн эмес беле?” деген ойлор келет. Экөөнүн кантип таанышып калганын, бирге жүргөн күндөрүн эстеп, ал күндөргө жетүүнү самап жүрө берет.

Ошол кыялкеч кездер… Өң десе өңү, келишкен келбети бар. Менменсинген жигиттер бир кылчайып карабай өтүп кетпегидей. Педтехникумда окуган кыздар чогулуп, арык четинде экзаменге даярданып жатышкан. Шылдырап тунук суу агып, чөбү буралып турат. Өзү өзгөчө жакшы көргөн көйнөгүн кийип жүргөн. Ошол учурда бир жигит арыктын жээгинде бир ары өтүп, бир бери өтүп, кыздарды карай берет. Насипа да аны карап, биз жакка басып келсе деп эңсейт. Бирок жигит жакын келбей, бир далайга буйдалып туруп, кетип калса болобу! Насипанын ичи “тыз” эле дей түшөт. Кечинде гүлдүү жашыл көйнөкчөн кызды бир жигит чакырып жатат дешти. Сыртка чыкса, жанагы жигит турат. Ошентип, таанышып калышат. Насипа 17де, жигит 20 жашта. Кыздын татар экенин укканда, андан бетер кубанат. Анткени анын да апасы татар экен. Бул жигит – Скрябин атындагы айыл чарба институтунун студенти – Чыңгыз Айтматов эле.

“Кыздар менен кел, киного барабыз” деп чакырып, далай жолу кол кармашып киного барышчу. Анын келе жатканын терезеден көргөн кыздар:

–“Карасаң, сенин чоң мурун жигитиң келе жатат, Насипа. Бизди дагы киного чакырат. Бизге дагы балмуздак алып берет” деп так секирип, кубанып калышат. Бирок алардын Насипадан башка эч кимиси бул жигит келечекте атактуу адам болот деп ойлошкон эместир. Насипа ал жигиттин ички дүйнөсү бай, адептүү, сыпайы, атасы тууралуу айткандарынан улам ата кадырын билген адам экенин билет. Чыңгыздын апасы Нагима Хамзаевна менен таанышып, алардын үйүнө барып турат. Экөө жолукканда Чыңгыз анын колунан же чекесинен сүйөт. “Биз баш кошобуз, сен апама да жагып калыптырсың” дээр эле. Ортолорун жалаң жакшы сөз, жалындаган сезим, аруу дүйнө аралап кетчү.

 

“Экөөбүз тоого качып кетели”

Ошол күндөрдү Насипа эми кыялында гана көрөт. “Мени неге издеп келбей койду?” деп астыртан таарынып жүрдү. Арадан беш жыл өттү. Бул убакта Чыңгыз Айтматов “Газетчи Дзюйо”, “Ашым”, “Ак жаан” аттуу алгачкы аңгемелерин жазган кези эле. Насипа болсо бир балалуу болуп, экинчиси боюнда. Бир күнү апасыныкына, Фрунзеге конокко келет, Жаш гвардия көчөсүндө кетип бараткан болот. Ошол жакта Жазуучулар үйү бар эле. Бир баласын жетелеп, экинчиси бойдо, мончого жөнөп бараткан Насипанын бир убакта буту шилтенбей, такыр баса албай калды. Анткени бет алдынан, Жазуучулар үйүнөн Чыңгыз Айтматов бир киши менен келе жаткан экен. Арадан өткөн жылдар заматта унутулуп, Насипанын жүрөгү элеп-желеп болуп, алгачкы сезими ээ-жаа бербей кетет. Жанындагы кишини бара бер дегендей ишарат кылып, Чыңгыз да токтоп калат. Арадан беш жылдан кийин экөө мына ушундайча жолугушат. Насипа баягыдан да сулуу болуп калган эле. Эки бети тарам-тарам, кудум кызыл алмадай. Ого бетер жаш сезими козголуп… Ортодо далай сөздөр айтылат. Насипаны ала качып кетишкенин кечирээк, бир жарым айдан кийин укканын, артынан Таласка барганын, түз эле райондук билим берүү мекемесинин башчысына болгон окуяны айткандан кийин, ал казак киши өзү да Насипаны жактырып жүргөнүн, бирок ага да буюрбай, сельсовет алып кеткенин, Насипанын ата-энеси макулдугун бергенин айтып, Чыңгызды алдап-соолап артка кетирип жибергенин айтат. “Көшөгөгө олтурбай “жигитим бар, мен татармын, анын апасы да татар, биз баш кошобуз деп жүргөнбүз” деп, бирок сенин атыңды айтпаптыр” дейт. РайОНО башчысы “Жакын жүрүп мен жетпегенден кийин, алыста жашап сен жетмек белең? Андан көрө кайра кайт” деп келген жагына кетирип жибергенин айтып берет.

“Турмушуңа ыраазысыңбы? Болбосо биз экөөбүз кетип калалы, мен сени тоого алып кетейин, ал жактан бизди эч ким таба албайт” деп чын сырын айтат жигит. Насипа шолоктоп ыйлап “Мен эки балам менен кайда барат элем? Эч жакка бара албайм. Турмушума ыраазы болбой каякка барам? Ыраазымын. Айылга аты белгилүү жигиттин жарымын. Жүрөгүмдүн тереңинде сенин ысмыңды сактап жүрөм. Сен өтө бийикке чыга турган жигитсиң. Мен сени менен сыймыктанып жүрөйүн” дейт. Экөө көпкө сырдашат да, коштошот. Аруу сезим аруу бойдон кала берет.

Чыңгыз Айтматов мурунку жубайы Керез Шамшыбаевага үйлөнгөндө Насипаны күйөөсү менен тоюна чакырат, эки уулдуу болгондо, Санжар жана Аскар төрөлгөндө да чакырат. Нагима апа дүйнөдөн өткөндө да чакырат.

Чыңгыз Айтматов Насипаны университеттен сырттан окууга жардам берет.

 

“Жигитиңди эстеп атасыңбы?”

Насипа Талас жергесинин айтылуу келиндеринен болду. Колунан баары келет. Кийим тигет, бүйрө, мугалим айымдар арасында сулуулук жагынан биринчи орунда. Баягыда Чыңгыздын сүрөтүн көрүп калган күйөөсү Насипанын үшкүрүнүп калганын укса эле, “Чыңгызыңды эстеп жатасыңбы?” демейи бар. Жаш кездерде кызганычтан уламбы, көзүн көгөртүп сабап коер эле. Бирок “кетем деп же элге жар салып чыкпай, көгөргөн жери чоң болсо чоң көз айнек, кичине болсо, кичине көз айнек кийип алып мектепке барчу. Кантсе да турмуштун өзүнүн мыйзамы бар эмеспи. Бара-бара баары өз-өз ордуна келди. Күйөөсү Ички иштер министрлигинде, колония-түрмөдө иштегендиктен, Кыргызстанды кыдырбаган, жашабаган жерлери калбады. Таласта жашашты, Нарында 6 жыл, Чаекте 4 жыл, Баткенде 3 жыл, Жалал-Абадда 4 жыл жашашты. Анан Бишкекте. Жалпысынан агартуу тармагында 40 жылдай иштеди. Күйөөсүнүн кесиптештери да Насипаны сыйлап келишет. Балдарынын баары билимдүү, кыргыз элине кызмат кылып жатышат.

Насипа апа мугалимдигинен сырткары эмчи-домчулук касиети менен да калың элге белгилүү болду. Өзү 6 жашынан намазга жыгылып келет. Апасынын айтымчылык өнөрү болгон экен. Айтымчылык апасынан жукпаса дагы, колунда кандайдыр табы бардай, анча-мынчаны колунун табы менен, чөп-чар дарылар менен айыктырмай жайы бар. Кызы бой жетип баратканда бети-башына жара чыгып айласы куруганда, жаратканга жалынып-жалбарат. Ошол тушта түш көрсө, ак сакалдуу абышка келип, “кызыңды өзүң гана айыктыра аласың” деген аян берет. Апасынан дары чөптөр тууралуу сурап, аларды жасап, кызын айыктырып алат. Ошондон кийин мугалим болуп иштеп жүргөндө кесиптештеринин дартына даба таап, кош бойлууларга, перзент көрө албай жаткандарга алаканынын табын салып, жардам берип, анан бир айыл бүт дарты менен келе баштайт. Ошондон бери эле жардам сурагандарга жок дебей келатат.

 

“Биринчи мугалимдеги” Алтынай

Бирок кайда жүрбөсүн, күйөөсүнүн оту менен кирип, күлү менен чыкпасын, алгачкы арзуусу Чыңгыз Айтматовдун окурманы, күйөрманы бойдон калды. Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларын окуп чыкты. Айрыкча Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести жагат. Анткени андагы баш каармандар Дүйшөн менен Алтынайдын образдары өзүнө өзгөчө жакын. Ал Алтынайдан өзүнүн көркөм прототибин көрөт. Анткени анын кыз кездеги фамилиясы Сулайманова эле. Насипаны Чыңгыз “Алтынай” деп эркелетээр эле. Ал эми баш каармандын аты-жөнү Алтынай Сулайманова болуп жатпайбы! Чыгармадагы Алтынай “сексегей сары кыз” болсо, Насипа да ошондой сары кыз эмес беле. Чыгарманы окуган сайын “Кана эми, беш көкүл чачыңдан айланайыным, бери болчу маңдайыңан өбөйүн” деп Дүйшөн айтса, тээ алыс калган жаш кез, өзүнүн чекесинен өпкөн кырчын жигит Чыңгыз элестей берет. Алтынайды да повестте ала качып кетишет эмеспи. Бул да турмушта Насипаны ала качып кеткен жерине окшош. “Сен мени кечиргениң менен да, мен өзүмдү өмүр бою кечирбейм” деп айтылат повестте. Бул Насипанын өзүнө анын жомок дүйнөдөгү каарманы Дүйшөн айтып тургандай сезилет.

“Биринчи мугалим” повестинин аяк жагында: “Алтынай!- деп баягыдай, бирок андай да эмес, оюңда турган алда эмнени айтпай калып, өкүнгөндөй кыйкырды. Жүрөктүн түпкүрүнөн атырылып чыккан бул кыйкырык ушул күнгө чейин кулагымда угулуп тургансыйт” деп жазылган. Чыгарманын ушул жерин окуган сайын бул сөздөр өзүнө багышталып жаткандай сезе берет Насипа апа. Эх, турмуш! Бизди кайда гана алып барбаган! Атагы дүйнөнү таш жарган жазуучунун арзуусуна татыган күндөр кайда? Арзууңа татыган адам бу дүйнөдө жашап жүргөндө билинбейт экен. Ал эми көзү өттү дегенде, дүйнөң астын-үстүн болгондой сезилет турбайбы! Мына ушуларды Насипа апанын өз оозунан угуп, бир ыйлап, бир күлүп жаттык. Шайыр, тамашакөй, өзүнүн курагынан алда канча жаш көрүнгөн байбиче улуу жазуучунун алп дүйнөсүнүн бир үзүмүн ачкандай болду. Биз дагы бул байбичеге урматыбыз артты.

Айгүл Бакеева, «Политклиника», 03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.