Бал көмөкөй, куш уйку, барган жерин гүл кылган

Кыргыз эли өзүнүн актаңдай акындарына, улуу өнөрпоздоруна татыктуу наамды өздөрү эле ыйгарып алышчу. Айталы, Арстанбекти атынан айтпай «булбул», Токтогулду «торгой», Калмырза менен Калыкты «каражаак» дешчү. Кечээ эле арабыздан бөлүнгөн Эстебес Турсуналиевди да «эл ырчысы Эстебес» деп коюшар эле. Бал көмөкөй Эстекебиз барган жерин гүл кылган, төкмөлүк өнөрдүн төрүндөгү залкарларыбыздын биринен болчу. «Эчен жерден көз көрдү, эл тойбойт экен акынга» деп Ысмайыл айтмакчы, мындан аз жылдары мурда көлдүн Барскоон айлындагы Камчыбек аксакалдын үйүнөн эл ырчысы Эстебестин көпчүлүктү тамшандырган тамашасына күбө болгонум бар эле. Окурмандарыбызга Эстекебиздин ошондогу тамашасынан кеп салып берейин.

 

Эстебестин Шаршени

…Атайлап тигилген боз үйдүн төрү Эстекең келгенде ого бетер толуп, берекеси арта түшкөнсүдү. Жайланышып, чай ичкенден кийин Эстекең: – “Эми эңсегениңер мен болсом, “элден алып, элге айтып” дегендей эрмек болуп берейин. Баягы заман жок, биз өнөрпоздор эл-журт аралап чыга албай калдык. Келип-кетип жүргөн элди сагынат экенсиң” деп эки келбес Эстекең көөдөнүн жайып жиберип, комузун керегеге жөлөп коюп, кара сөзүн шайбырлата улуу кепке кирди. Кейипкерлерин дал өзүндөй туурап, ошолордун үнү менен сүйлөп, айрыкча Шаршенге келгенде, анын күзгүгө көрүнгөнүн, саат сатып алганын, анысы жүрбөгөн саат экен, кайра базарга барып улам колтугунан чыгарып сатып турганын, бирөө таанып калбасын деп тебетейин көзүнө баса кийип алгандагы кебете-кешпирин, акыры өтүккө алмаштырып, үйүнө келип бутуна кийип көрсө, кагаздан тигип койгон неме дар этип айрылып түшкөнүн бир укмуштай туурап айтып берди эле, кудай акы каткырык-күлкү үйгө батпай, түндүктөн бүркүлүп турду окшойт. Шаршендин жеңесин ээрчип барып, кара курсактын айынан куран окуган белгилүү сатирасы бар. Шакеңдин ошол тамашасын, өзүнүн түз окуучусу Турсун Карымшаковдун аткаруусунда өз көзүм менен көрүп, өз оозунан уккамын. Айтылуу Абдыашым Көбөгөновдун аткаруусунда да радиодон кулагым чалып калганы бар. Бирок, Эстебестин Шаршени туу чокудай бөлүнүп турат экен. Эстекең чөк түшкөндөй үңкүйүп, жетим Шаршендин кебетесине түшө калып, кашынып, аркасын тырмай албай алек болуп, баягы эт табакты улам өзүнө жылдыргансып, бир аткып оозуна салып жибергенсип, шаңкылдаган бийик үнүн Шаршендикиндей колдуратып, күлдүрөтүп, анын төл сөздөрүн бузбай, “калампуур”, “му-урч”, “аши-көк-аа” дейби, айтор алда немедей туурап атты. Кыйрап калдык күлкүдөн. Мен күлүп жатып чалкаман кетип, керегеге башымды уруп алдым. Ооруган жеримди сыйпалап, ыйлай албай же күлө албай Эстекеңди ыкшыйып тиктеп калсам, кыраакы киши байкап калган го, мага карап айтып жатат:

Айланайын жаш данек,
Анчалык болбо батперек,
Абайлап отур садага,
Анан деле баш керек.

Колумду желкемен ала элек элем, ошол бойдон кайра куладым. Эстекең Осмонкул, Шаршен, Шекербек, Райкан ж.б. залкарлардын керемет кеп сөздөрүн, эч бөксөртпөй, сыр аякка куюлган калыбында, бир тамчысын коротпой сунуп олтурду. Кашыктап жыйнаган сөздүн гүлдөрүн, чөмүчтөп сузуп ортого таштап жатты кайран киши. Жол жүрүп чарчашканбы, же күлкүдөн чарчаштыбы андагы олтургандардын көпчүлүгү конок үйгө өтүшүп, уктап калышты окшойт, төрт эле киши калдык. Эстекең мандаш урунган калыбынан жазбай, ошол төртөөбүздүн көңүлүбүз үчүн күүсүнө келген күлүктөй кара сөзүн төгүп отуруп, түн ортосун оодарып жиберди. Бир күндө Көлдөн өтүп Чүйгө, андан айланып көлдүн тескейине өтүп келгенине, жетимиштин ортосун желкелеп койгонуна карбастан, кашындагы төртөөбүзгө жаңы кызыган жоргодой көшүлө сүйлөп олтурган Эстекеңдин касиетине таң калып олтурдум. Азыр ойлосом, ошол Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдан бери келе жаткан өнөрүм элдики деген улуу салттын эң акыркы улантуучулардын бири экен, асыл Эстекең. Конок каадасын кылып сыртка чыктык. Дулдул Эстекеге айла жок экен, чаалыкканы байкалбайт. Көңүлү көтөрүңкү. Боз үйдөн чыга калып эле, толуп турган айды карап айтып жатат: – “Бир уйгур өзү дыйкан экен, ушундай айдын жарыгында таруу сугармакчы болуп, анан ушул жерден таап аламын деп айга туштап кийимин чечип салып, дырдай жылаңач сугатка киришпейби. Анан ай жылып кетип, кийимин таппай калып айтып турганы”…Жарыктык Эстеке өзү сугарчудай болуп, бир көзүн жумуп, айды бир карап, жерди бир карап айта баштаганда эле күлкүдөн күбүлүп түштүк. Эстекенин өзүндөй уйгурча айта ала турган эмесмин, мааниси болжол менен “Мен го Маанаке, Маанаке болсом мурутум канаке” дегенге жакын эле. Эртең менен турсам Эстекең эки-үч кишинин ортосунда, сүйлөп отуруптур. Учурашып тыңшап калдым: – Осмонкулду көп ээрчип калбадымбы, – деп жатыптыр Эстеке.

 

Осмонкулдай болобу

Алыкем Таластан алып келип Осокеме тапшырган. Бул эми менин багымдан го. Осокем сүйлөгөндөн көрө, ырдаганым жакшы эмеспи деп төгүлүп эле олтурчу. “А” деп баштаса, айтчу оюн “а” менен бүтүрчү:

А… амансыңбы агайын,
Амандашып алайын,
Аркыратып жоргомду
Аябай жолго салайын,
Аламүдүн суусундай,
Атырылып агайын,
– деп эле кете берчү. Кийин ойлосом, Осокең бизди куштай эле таптаган экен. Көкүрөк болмоюн өнөрпоз боло албайсыңар, укканыңарды учурбай түйүп алгыла дечү. Мени айтасыңар, эс тутум деп ошол кишиникин айтса жарашаар. Бир жолу Токмоктун үстүндөгү дунгандарга барганда, 60 дунгандын аты-жөнүн эки-үч сыйра окутуп жаттап алып, бир жаңылбай ырдап кеткени бар эмеспи.

 

Шекербектин шекер кеп

Эстеке, эртең мененки чай үстүндөгү тамашасын Шекербектен баштады. Айтымында Шекербек райондон ШМКны бүтүрүп айылына барганда кууланып, молдонун окуусун окуп келдим деп коюптур. Анысын чын көргөн айыл аксакалдары өздөрүнө ыйман шайлап алышыптыр, күйдүргү Шекеңди. Ара-чолодо беркиден да сого коюп жүрсө керек. Бир күнү Шекербек намазга жыгылмакчы болуп эңкейгенде койнундагы жарымы ичилген, оозуна тыгын тыгылган бөтөлкөсү култ этип ыргып барып, чалдардын алдына түшүптүр. Алар ташбараңга алып кубалаганда эми бул айылга батпасын билип, эптеп үйүнөн комузун алганга үлгүрүп, аркы Маймактан поюзга жармашып Пишкекке жетип алып, түз эле филармонияга келип кирген экен. – “Ошол кишилер кызык экен, өзүм жыргатып деле куран билбейм, анан ШМКдан үйрөнгөн трактор, комбайндын тетиктерин аралаштыра айта берсем “бу бала башкача окуйт экен, билимдүү да” деп турушаар эле,” – деп айтчу Шекербек. Ошондогу Шекеңдин куран намазы деп Эстекең эки колун тизесине таштап коюп, көздөрүн ачып – жумуп, курандын кыраатына салып, жанагы, аккумулятор, карбюратор, клапан, ремен дегендерди бир укмуштай созуп, окуп кирди эле, үйдө олтургандар боорубузду басып бурч-бурчка кыйрап калдык. Биз ырчы комузчу катары билген Шекербектин кылбаганы жок экен, Эстекең айтып олтурса. Ошондо жалаң Шекеңдин тамашасына тамшантып отуруп эт бышырды Эстекең.

 

Назарбаев чакырганда

Эт желгенче жай сөзүнөн сүйлөп олтурду. Ушул Чолпон Атада Акаев, Назарбаев, Каримов катышкан саммит болуп калды дейт Эстеке. “Назарбаев эки-үч күн эрте келип, мени алдырып алды. Нуракеңдин өзү дагы домбураны дүмбүрлөтө чертип, үн кошо коймою бар. Каримов саммит болоор күнү келди. Эс алуу маалында Токтогул менен Молдо Тойчунун тамашасын айтып берсем, катуу ыраазы болгон. Саммит тараганда Назарбаев мени кетирбей, баш-аягы он эки күн ушул Чолпон Атада чогуу болдук. Мен дагы болгон өнөрүмдү ортого таштап, ошол казактардын өздөрү унуткан акындарынан бери айтып берсем Назарбаев: “Эстебес ага, Сиздин башыңыз комьпютер экен гой. Болгон шартыңызды түздүрүп берейин казактын бүт облусун кыдырып, өнөр көрсөтүп кетиңиз” деген эле. Мен аларга кененирээк бара албай жүрбөйүмбү. “Казакстандын халк акыны” деген наамын казактардын өздөрүнөн мурда мага беришпедиби. Меники №1. Эмдиги жылы 75ке чыгам. Ошонун кырында казак туугандарга барып келсемби деп жүрөмүн”… Аттиң, десеңчи, Эстеке тилегине жетпей калды. Көзү тирүү болуп казакка барса, апыраңдаган, өнөр сыйлаган журт төбөсүнө кетээри турган иш эле.

…Тамашанын жаагын айрыган Эстекең келгенден бери колу тие элек комузун алып, ырчы күүсүн узакка кайрып, эки жагын айланта карап алып, чалкалай түшүп кадимки керемет үнү менен ырга кирди. Айтып жүрүшкөндөй сахнада ырдаганы менен боз үйдө, элдин арасында ырдаган ырдаган ырынын айырмасы асман менен жердей экен. Улам кызып, комузун анда-санда бир кагып коюп, бар кубатын үнүнө, ырына салып, өбөктөй түшүп төгүлдү дейсиң. Атаңдын көрү…Диктофон болуп жазчу болсоң ошондо жазсаң, экранга тартчу болсоң ошондо тартсаң. Эмне деген гана маданий мурас болуп калаар эле. Өзүмдүн акма кулактыгыма арман кылып шыпшынган элдин арасында, шылкыйып гана олтурдум го, көз алдымда агып жаткан сөз дайрасынан кур дегенде бир кочуш жутуп алалбай…Ыраазы болгон көпчүлүктүн алкышын айтып бере албасмын.

Ошондон көп узабай залкар талант, Эл ырчысы Эстебес дүйнөдөн өтүп кетти. Аны менен кошо кыргыз ооз эки көркөм дөөлөтүнүн бүтүндөй бир доору көчүп түштү окшойт. Эл болгондон кийин, Токтогул айтмакчы, күндүк, түштүк, ырчылар чыга берээр. Бирок, манасчы, төкмө, ырчы, комузчу, чечен, куудул, тубаса актер өңдүү ар бири нар көтөргүс улуу өнөрлөрдү алмадай башына батырып, асырап жүргөн Эстекенин эс тутум феномени, өзүнө гана таандык өнөр касиети эми кайталанаар бекен? Ким билет, аттиң…Кылымда барып бир келчү киши эмес беле…

 

КАЙРАН ЗАЛКАР
(Эстебес Турсуналиевге)

Күлүктү да бута атымга чаппаган,
Күйүктүрбө төкмө акынды сахнадан,
Экран да ачып бербейт аларды,
Эске салып чобур атты баспаган.

Ээ жаа бербей, жорго сымал көшүлгөн,
Эстебести көрдүң беле боз үйдөн,
Тамашасы өпкө-бооруң эзилтип,
Талаалаган жаш куюлчу көзүңдөн.

Калык өңдүү калкылдачу жарыктык,
Осмонкулдай орошондоп төкчү эле,
Саякбайдай «Манас» айтып күпүлдөп,
Сан миң колго аралашып кетчү эле.

Эки келбес кереметин туйчусуң,
Эчендерге салам айтып турчусуң.
Шаршен болуп шайырланып алганда
Шам киргенде барып эсиң жыйчусуң.

«Күйгөндөрүн» күйгүзө ырдап Атайдын,
Шекербектин шекер кебин сүйлөчү,
Күү черткенде улам бирин сыздатып,
Күндүн батып, чыкканын да билбечү.

Асылбек деп, Бектемир деп безилдеп,
Аларды айтпай аш-тамагын ичалбай,
Барбалактап басып-туруп жалынчу,
Баштап алган Алыкесин бүталбай.

Асылдарды аргымактай чубатчу,
Ар кимисин көз алдыңан өткөрүп,
Токтосуну эске түшсө толгонуп,
Толуп туруп, калаар эле бөксөрүп.

Ар өзөндөн дайра болуп куралып
Агып барып кумга сиңген Нарындай,
Алп өнөрдүн акыркы бир залкары,
Арабыздан калды бүгүн табылбай.

Эчен сөзүн эңип жерден алмакмын,
Ээ арман ай, жолукканда эртерээк,
Кана жутуп кала албадым кебинен,
Качан болсо менин бактым келтерээк.

Темирбек Алымбеков

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.