Кыргыз тилиндеги ресурс

Би-Би-Си академиясы журналистика жана тил үйрөтүүгө арналган маалымат ресурсун кыргыз тилинде акысыз чыгара баштады.

Би-Би-Си Академиясынын кыргыз тилиндеги биринчи жаңы ийкемдүү баракчасы http://www.bbc.co.uk/academy/beta/ky/ Би-Би-Синин журналисттик өнүккөн тажрыйбасына арналды. Анын ичинде редакциялык эрежелер, кыргыз тилин колдонуу, журналисттик чеберчилик ыкмалары жазылган. Ошондой эле анда Би-Би-Сидеги жана дүйнөдөгү кыргыз тилдүү журналисттерге башка баалуу маалыматтар бар.

Кыргыз тилдүү журналисттерге котормолорду жасоо жана  нукура кыргыз жана сырттан кирген сөздөрдү ыктуу пайдалануу боюнча баалуу кеңештер сунушталат. Бул жаңы интернет баракча үч негизги категориядан турат: тил үйрөтүү, көндүмдөр жана стандарттар.

Кыргыз тилиндеги жаңы колдонмо Би-Би-Си Академиясынын 23 тилдеги эл аралык сайтынын бир бөлүгү болуп саналат.

Лала Наджафова,
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын улук публицисти

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.