КР эмгек синирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев: «Турмуштун тарбиясы менен толуп, мезгилдин мерчеми менен ийленип келем…»

Азамат, жакында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болдуңуз, куттуктайбыз! Сыйлыктын сыймыгын сезип жатасызбы?

– Адамга бакыт алып келе турган жол – бул талбай жасаган эмгек жана мээнет. Албетте, сыйлык адамга дем болот, сүрөөн болот. Кубандым. Устатым Замирбек Үсөнбаев да бул наамды 32 жашында алыптыр. Бул өнөрдүн аркасында кыргыздын дөөлөтү эсептелген залкар инсандардан тарбия алып, мыкты адамдар менен насиптеш болдум. Эсимде, 2001- жылы Садык Шер- Нияз агабыз “Айтыш” коомдук фондун негиздеп жаткан учур экен. Тарых музейинде алгачкы жолу айтышка чыктым. 60ка чукулдап калган ак сакал адам менен ырдаштым. Колумда Ысык- Көлдүн Темир айылында жашаган, Карамолдо, Алымкул баштаган 20- кылымдагы залкарлардын комузун чапкан Жансерке аттуу устанын комузу бар эле, бир учурда Ашыраалы ата жанында отурган Тууганбай атага карап “Туке, тетиги комузду карасаң” дегендей ишарат кылып, сүйлөшө калышты да, дароо эле мени чакырып, жайымды сурады. “Комуз таятамдан калган, өзүм Абдылашымдын шакирти болом” деп айтып жибердим, себеби 1997- жылы 8- 9- класс учурумда Ашыраалы, Тууганбай ата, манасчылар Уркаш ава, Каба Атабеков, Шаабай Азизов, залкар талант Орозбек Кутманалиев ж.б. улуу адамдар менен учурашып ырдагам. Ашыраалы ата “Айтыш” коому түзүлүп жатат, ошол жакка кел” деди, түз эле бардым. Быйыл фонддун уюшулганына 16 жыл болду, бир топ ийгиликтерим, кубанган учурларым, байге алып бакытка балкыган мезгилдер ушул жакта коштолду.

Атаандаш канчалык күчтүү болсо, ошого жараша шыктанып, эргип айтышарын укканым бар. Казак- кыргыз акындарынан кимиси менен айтышуудан ырахат аласыз?

– Дээрлик, айтышка аралашканыма быйыл 15 жыл болуптур. Кыргыз акындарынын баары менен айтыштым, айрымдары менен 5- 6 ирет кездештик. Жаш кезде ар бир акын менин жолумдун ачык болушуна шарт түзүп берди. Мисалы ыраматылык Майра жеңе менен бир топ жолу айтышка чыктым. Ал кишинин энелик мээрими, аялдык аруулугу, назиктиги айтышына аралашып, тамаша айтса чексиз кубанып, мамлекеттин, улуттун көйгөйүн айтса көкүрөктү ыйлатаар эле. Абдылда, Амантай, Жеңишбек, Элмирбек агаларым менен айтышкан ар бир учур бакыт. Айтышка байге алам деп эмес, ошол мыктылардын катарына кошулам, элдин батасын алам деп чыкчу элем, жаратканым эмгегиме жараша байгеден да куру калтырган жок. Аалы экөөбүз болсо курдаш өстүк. Ээрчишип барбаган, ырдабаган жерибиз калбады. Айтыш болобу, концерт болобу, мамлекеттик салтанат болобу, көкбөрү, ат чабыш, той- топурга чейин экөөбүз жандашып ырдадык. Казак акындарынын да бир тобу менен айтыштым. Бир тобу менен сый- урмат мамиледебиз. Казактын Айбеги (Калиев), Балгынбеги (Имаш уулу), Мухтары (Ниязов) эмне деген керемет акындар?! Кайсыл жерде, кандай шартта, айтыш же салтанат болбосун, ырдаша келсең бир бакыт. Андан тышкары Жандарбек, Нурмат, Жаркынбек деген мыктылар менен да айтыштым. Ар бир акын чексиз дүйнө, ким менен болбосун айтышка чыксам кубанып, ырахат алам.

– Төкмө акындарды жалпы журт “жандуу энциклопедия” деп коюшат. Сөздөн гүл төшөп, адамдын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирүү үчүн сөз байлыгыңызды кантип толтурасыз?

Эл – казына, эл – түгөнбөс, көөнөрбөс, кыярбас байлык. Биз ырдаган ырдын, сөздүн баары элде жатат, биз элден алып элге беребиз. Ашыраалы, Тууганбай атаны ээрчип, Эстебес атадан бата алдым, заманыбыздын залкар адамы Замирбек аганын таалимин үйрөндүм. Кыргыз Эл баатыры Төлөгөн Касымбеков атабыз үйүнө чакырып көп ырдатты, тарыхты, санжыраны айтып берди. Искусство институтунда окуп жүргөндө Гимндин авторлорунун бири, Эл артисти, залкар композитор Насыр Давлесов сабак берди. Ал киши дирижерлуктан тышкары, “Осмонкул мындай эле, Токтонаалы менен Ысмайыл минтип ырдаган” деп, 20- кылымдагы акындардын бир тобун төгүлүп айтып берер эле. Жаш күнүмдөн бери эле адабият болобу, маданият болобу, кайсыл тармактын ээси болбосун ар биринин залкарларын жандадым. Кыргызстанда Алайкууга, Чаткалга эле бара элекмин, калган жердин баарын кыдырдым. Өмүрдүн өзү казына, жашоонун өзү байлык экен, турмуштун тарбиясы менен толуп, мезгилдин мерчеми менен ийленип келе жатам.

Ар бир адам бактылуу болууга акылуу. Бактылуулуктун формуласын айта аласызбы?

– Улуулар айтып калат эмеспи “бакыт жолу оор” деп. Андыктан, бакыт жеңил жолдо жатпаганы маалым. Бакыт өзү эмне, кандай негиздерден турат? Бирөөнө беш коюң болсо бакыт, бирөө басып жүргөнүнө маашырланат, дагы бири байлыгына чиренет. Бирок мамлекеттин, улуттун ишин аркаласаң жана ал иштен элге пайда алып келсең, мына ошол чексиз бакыт болсо керек деп ойлойм.

Турмуш дегенге кандай аныктама бересиз?

Турмуш бир чекиттен бир чекитке чейин чийиле турган сызык, бирок ошол экинчи чекит кайсыл жерде экенин бир да адам билбейт. Биз ошол сызыкты түз чиебизби, же аң- дөңдү аралап кыйшык кетебизби, ал биздин колдо. Жараткан акыл- эс, жөндөм, өнөр, кесип менен ошол мүмкүнчүлүктү берген экен. Жашоонун негизги эрежелери бар, ата- эненин кадырына жетүү, үй- бүлө күтүү, ата- эне болуу. Бул баалуулуктар дүйнө жүзүндөгү адамзатка тиешелүү болсо керек. Биз жашоодогу максатыбызды ой жүгүртө баштаган учурдан тарта аныктап алышыбыз абзел, кара курсакты тойгузуш үчүн жашайбызбы же журтка жарыгыңды тийгизип, физикалык күч- кубат алып туруш үчүн тамак жейбизби. Кыргызда жакшы кеп бар: “Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаппайт”. Максаты жок адамдарды көрүп абдан таң калам. Андай адамдар өзүнө, өзүнүн турмушуна эле эмес, бүтүндөй мамлекетке зыян алып келет экен.

Төкмө акынды колдоп, жанында жандооч болгон жан шериги тууралуу да окурмандар билгиси келет…

Кыргызда “аял жакшы, эр жакшы” деген сөз бар эмеспи, дыйкандан баштап падышыга чейин куту – бул жубайы. Келинчегимдин аты Жайнагүл. Кара- Балтанын кызы. Улуттук консерваториянын комуз менен ырдоо бөлүмүн Сапар Исмаилов деген залкар агайдан окуган. Абдан таланттуу адам, мыкты үнү бар. Учурда балдар менен отуруп, менин жакамды агартып жаткан учуру. Үч бала төрөп берди. Арашан айылында турабыз. Кайын эненин камырына ийленип, батасын алып жаткан учуру.

Баланын бутуна кирген тикен, эненин жүрөгүнө кирет экен. Сүйүнсөң кошо сүйүнүп, кайгырсаң кошо кайгырган ата- энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу айтсаңыз?

– Ата- энеме чексиз ыраазымын. 7 жаштагы баланын шыгын ата- эненин мээрими гана байкай алат экен. Апам түн уйкусун бузуп, ак сүтүн эмизди. Атам акыл айтып, тирек болду. Эң негизгиси, колума комуз карматып улуу жолго салды, өмүрүмө өбөлгө болду. Апамдын аты Гүлмира. Ысык- Көлдүн кызы. Турмуштун кыйынчылыгын, азап- тозогун бир топ тартты. Себеби, атам Афган согушунун ардагери эле, оорунун айынан бир топ жыл төшөктө жатты. Атам Таалай жогорку окуу жайды окубаса дагы акылы зирек адам болгон экен. 2010- жылы каза болду. Турмушта канча дос күттүм, зоболосу бийик адамдар менен тааныштым, эл башкаргандар менен катарлаш жүрдүм бирок атамдын акылына, атамдын кайратына муктаж болгондо көкүрөгүм зарлап, көзүмө жаш келет. Атам бул жашоонун жакшылыгын аз көрүп калды. Жараткан ага бейиштен орун берсе экен деп тилейм. Учурда апам менен чогуу турабыз.

– Маегибиздин соңунда, эркин сөз…

– Башыңа калпак кийип алсаң эле кыргыз болуп калбайсың. 21- кылымда кыргыз болуунун жаңы формаларын иштеп чыгуу керек деп ойлойм. Кыргыз бул мезгилге чейин улуу нерселерди жаратты: бул – “Манас” эпосу, боз үй, калпак, улуттук аспаптар ж.б. Биз болгону бар нерсени сактап турушубуз керек. Албетте, улуу мурастын кароолчусу эле болуп калбай, биз дагы улуу иштерди жасашыбыз керек. Технологияны өздөштүрүп, дүйнөнү дүңгүрөтүшүбүз керек. Келечекке интеллектуалдык жол менен барышыбыз абзел.

Жылдыз Бороева, «Кыргыз тили», 25.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.