Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

Мекемеде министрдин 3 орун басары, 1 статс-катчы жана министриктин 6 башкармалыгы, 2 сектору, 14 бөлүмү бар. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана министрлик-ведомстволор менен кат алышуусунун басымдуу бөлүгү расмий тилде экендиги көрүнүп турат. Мисалы: КР Өкмөтүнөн 2016-жылы 218 кат келсе, анын 206сы расмий тилде болгон. Келген 10 тапшырманын бардыгы расмий тилде. Ал эми башка министрлик-ведомстволордон келген 790 каттын 72си гана мамлекеттик тилде, башкача айтканда 90,9 пайызы расмий тилде келет дегенди билдирет. Ал эми кеткен каттардын 11,4 пайызы мамлекеттик тилде (679 каттын 78и).

Мекеменин ичиндеги жазуу-сызууларды алсак, эшик сыртындагы тактачалардын басымдуу бөлүгү расмий тилде, иш бөлмөлөрүндөгү маалыматтар, жарыялар расмий тилде илинип турат. Министрликтин mlsp.gov.kg сайты учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткандыгы айкын болду. Мекемеде мамлекеттик тил боюнча адис эмес, котормочу бар.

Министрликтин жалпы бөлүмүнөн 2017-жылдын башынан бери катталган каттарды карап чыгып, төмөндөгүдөй маалыматка ээ болдук:

№1 көктөмө – Жетекчилик: 57 каттын бардыгы расмий тилде.

№2 көктөмө – Мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмү. 42 каттын 6сы мамлекеттик тилде

№3 көктөмө – Үй бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгы: бардыгы 82 кат, 8и мамлекеттик тилде

№4 көктөмө – Маалыматтык технологиялар бөлүмү: 11 каттын бардыгы расмий тилде.

№5 көктөмө – Гуманитардык жардам боюнча сектор: 46 кат, бардыгы расмий тилде.

№6 көктөмө – ДМЧАларга жана улгайган адамдарга социалдык кызматты өнүктүрүү башкармалыгы: 71 каттын үчөө мамлекеттик тилде.

№7 көктөмө – Бюджеттик пландаштыруу жана финансылоо башкармалыгы: 43 каттын бирөө мамлекеттик тилде.

№8 көктөмө – Эл аралык кызматташтык бөлүмү: 50 кат болсо, бардыгы расмий тилде.

№9 көктөмө – Кадр бөлүмү: 46 каттын 45и расмий тилде.

№10 көктөмө – Социалдык саясатты иштеп чыгуу оюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмү: 28 каатын баарысы расмий тилде.

№11 көктөмө – Документтерди камсыз кылуу жана администрациялык колдоо бөлүмү: 14 кат 100 пайыз расмий тилде.

№13 көктөмө – Социалдык камсыздоо департаменти: 18 каттын 5өө мамлекеттик тилде.

№15 көктөмө – Ички аудит бөлүмү: 5 кат, бардыгы расмий тилде.

№16 көктөмө – Гендер маселеси боюнча бөлүм: 20 каттын арасында мамлекеттик тилде жазылганы жок.

№17 көктөмө –Эмгек башкармалыгы: 39 каттын 31и расмий тилде

№18 көктөмө – Иш менен камсыздоо башкармалыгы: 18 каттын бардыгы расмий тилде.

Каттардын жалпы пайыздык көрсөткүчүн карасак мамлекеттик тилде жазылганы 5.7% пайызды гана түзөт.

Ал эми ички буйрук, тескемелер мамлекетик жана расмий тилдерде бирдей жүргүзүлөт. Кызматкерлердин кызматтык каттары 90 пайызы расмий тилде.

Министрдин жана стат катчынын резолюциялары мамлекеттик тилде, ал эми Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Б.Курамаев жана Гуманитардык жардам боюнча сектордун башчысы Коңурбаев тапшырмаларды расмий тилде берет.

Социалдык камсыздоо департаментине караштуу 4 бөлүм бар. Алардын жумалык отчеттору мамлекеттик тилде, ал эми айлык жана жылдык отчеттору расмий тилде жазылат. Себеби КР Өкмөтүнө жиберилген айлык жана жылдык отчеттор расмий тилде талап кылынат.

Социалдык камсыздоо департаментине караштуу администрациялык жана уюштуруу иштери бөлүмүнүнө мекеме-уюмдардан 65 кат келип түшсө, анын 15и мамлекеттик тилде келген.

Жалпылап айтканда, министрликтин мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздары 22,2 пайызды гана түзөт. Ошол эле учурда, жогоруда белгиленип өткөндөй министрдин, стат-катчынын мамлекеттик тилде берилген тапшырмалары, мамлекеттик тилде жазылган сабаттуу буйрук, тескемелер, жума сайын өтүүчү кеңешмелерди мамлекеттик тилде даярдалышы мекеменин мамлекеттик тилге анчалык кайдыгер эместигин далилдейт.

 

Юстиция министрлиги

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Юстиция министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы менен жеринде таанышып чыкты.

Министрликте мамлекеттик тил боюнча туруктуу иштөөчү комиссия түзүлгөн. Ал бекиген иш планы боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. 2016-жылы министрликке келип түшкөн документтердин жалпы саны 35201 болгон, анын ичинен мамлекеттик тилде келип түшкөн документтердин жалпы саны 1030, ал эми расмий тилде келип түшкөн документтердин жалпы саны 34171. Ошондой эле, чыгыш документтердин жалпы саны 16248. Алардын ичинен мамлекеттик тилде чыгыш документтердин саны 1080, ал эми расмий тилдеги чыгыш документтердин саны 15168. Демек, келген документтердин 2,9 пайызы, ал эми чыккан документтердин 6,6 пайызы гана мамлекеттик тилде болгон. Ал эми ички буйруктардын бардыгы мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мекемеде Президент жана Өкмөт аппараттары, министрлик-ведомстволор менен кат алышуусунун басымдуу бөлүгү расмий тилде экендиги айкын болду.

Мекеменин ичиндеги жазуу-сызууларды алсак, эшик сыртындагы тактачалар 2 тилде, маалыматтар 2 тилде жазылганы менен, иш бөлмөлөрүндөгү маалыматтардын дээрлик көпчүлүгү расмий тилде илинип турат. Министрликтин minjust.gov.kg сайты мамлекеттик жана расмий тилде бирдей иштеп, маалыматтар эки тилде тең жеткиликтүү жайгаштырылган. Мекемеде мамлекеттик тил боюнча адис бар.

Мамлекеттик соттук экспертиза борборунда жалпы иш кагаздарынын 20 пайызы гана мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Атап айтсак, кат алышуулар, эксперттик корутундулар (кыргызча жазган эксперттер бар экендигине карабастан) көбүнчө расмий тилде, ал эми ички буйруктар 100 пайыз расмий тилде. Документтер тиркелген көктөмөлөрдүн сырттары жалаң расмий тилде жазылган.

Борбордук күрөө каттоо кеңсесинде 2017-жылдын январь айында кирген-чыккан 93 документтин арасынан 1 гана документ мамлекеттик тилде болгон. Ал эми ички буйруктары мамлекеттик тилде жүрөт. Жарандардын кайрылуу учурундагы толтуруучу бланкалар расмий тилде берилип, расмий тилде толтурулат. Бул көрүнүштү мекеменин кызматкерлери кайрылган жарандардын мамлекеттик тилдеги бланкаларды талап кылуу демилгеси жок экендигине байланыштырышты. Мекемеде мамлекеттик тил боюнча адис жок.

Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү расмий тилде. Кызматкерлердин кызматтык каттары бир гана расмий тилде жазылат. Ал эми юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо боюнча чыгарылган буйруктардын 61,3 пайызы мамлекеттик тилде. Мамлекеттик тилде жол-жоболоштурган иш кагаздарынан сабатсыз жазылган көрүнүштөрдү көп кезиктирүүгө болот. Мекемеде мамлекеттик тил боюнча адис жок.

Жалпылап айтканда, текшерилген 4 мекеме боюнча мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздары 23,7 пайызды гана түзөт.

Жогорудагы эки министрликке, аларга караштуу түзүмдөрдө мамлекеттик тилде иш жүргүзүүнүн абалы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча максаттуу иш-аракеттерди көрүү, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 151-б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” аткаруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, мамлекеттик тил боюнча туруктуу иштөөчү комиссиясынын 2017-жылга Иш планынын долбоорун, министрликке келип түшкөн иш кагаздарына мамлекеттик тилдин жүрүшү жаатында жылдык анализин жана анын укуктук актыларынын жана туруктуу иштөөчү комиссияларынын иш кагаздарынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамга ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн жыйынтыгын карап чыгып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга билдирип турууну, иш жыйындардын катчыларына ар дайым протоколдорду мамлекеттик тилде жүргүзүүсү, мамлекеттик тил боюнча туруктуу иштөөчү комиссиясынын 2017-жылга Иш планын бекитүү сунушталды.

Аида Ишеналиева, бөлүм башчы,
М.Абдыжапар уулу, жетектөөчү адис,
С.Толукбаева, адис.

«Кыргыз тили», 25.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.