Талас телерадиокомпаниясынын башкы директору Эрмек Үмөтов: “Менин чыгармачылык чыйырымды Аман байке ачкан”

– Эрмек Асанович, мына буюрса коомчулугубуз 20-октябрда Токтогулов Аман агабыздан 70 жылдыгын белгиленгени отурат. Аман агабыз кыргыз адабияттында өчпөс изин катыргын, артында кылымдар өтсө да кыярбай, турган муңбай турган адабий мурастарын калтырган элибиздин чон таланттарынын бири эле. Акылы терең өзгөчө жан эле.1974–жылы Москва шаарында СССРдин Бүткүл Союздук жаштар уюмунун 17 съезди өткөрүлгөн эмеспи. Ошол кездеги Кыргызстандын алдыңкы лидер жаштары бул съездге делегат болуп катышышкан. Алардын ири алдында Аман агабыз да болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинин эң алдыңкы студенттеринин бири катары сиз да делегат болуп катышканыңызды билебиз. Ал кезде жаштарды эмгекке уюштурууда ВЛКСМдин ролу зор болучу. Мына ошол жаштардын чоң съездинде Аман байкебиз менен бирге болуп, акыл–кеңештерин угуп, таалимин алганыңызды өз оозуңуздан уккан элем. Мына ошолорго токтолуп, деги эле Аман агабыздын чыгармачылыгы, коомдук ишмерлиги туурасында айтып берсеңиз.

– Аман агабыз харизматик, телегейи тегиз, чыгармалык өнөрлёрду чогултуп бир уучуна кармаган, өзгөчө талант кудурети бар адамдардын бири эле. Кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар, салымы бар адам эле.

Акыл даремети болуп -толуп турган кырчындай курагында 1992–жылы 47 жашында бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Армансыз дүйнө болбойт деген ушул тура. Мен кээде Аман байкебиздин чыгармачылыгына сереп салып отуруп, котормолорун, адабий сындарын, поэзиясы окуп отуруп, Аман агабыз 47 жыл жашаса да, өзүнүн кыска чыгармачылык өмүрүндө 80 жашка тете адабий мурастарын калтырып кеткен экен деп ойлойм. Чынында кеп адабий мурастын көлөмүндө эмес, сапатында болот, маанисинде болот. Мааниси терең, түбөлүктүү улуу идеяларды өзүнө сиңирип турган, өзүнөн нур сыяктуу чачыратып чыгарып турган адабий мурастар гана түбөлүк өмүр сүрөт. Аман агабыздын поэзиясында мына ушундай касиет бар. Бул кишинин чыгармачылыгында өзүнчө бир пласттар жатат. Котормочулугун өзүнчө карасак болот, поэзиясын өзүнчө карасак болот, прозасын өзүнчө карасак болот. Чыгармачылыгында тунуп жаткан философиялык ой толгоолорду өзүнчө карап, иликтеп, илимий иштерди жаратса болот.

Буйрук экен өзүң айткандай 1974 жылы ВЛКСМдин 17 съездине делегат болуп катышып калдым. Кыргызстандын жаштарынан 54 делегат шайланган экен. Баарыбыз Москвага самолёт менен чогуу учтук Аман байке менен самолёттун ичинде таанышып калдым. Аман байке Ашыралиев Кемел экөөбү менин алдымда отуруп калышыптыр. Кемел Жакешович Ашыралиев ал кезде комсомолдун Нарын обкомунун биринчи катчысы болуп иштеп турган чагы экен. Мен жаш баламын. Самолёттун ичинен суусундуктар, шам–шут этип алууга тамак–аш берилет эмеспи. Аман аке мага көңүл буруп:

– Ой, айланайын, муну ич, муну же, Москвада болгон белен? –д еп баратты. Анан жай жерден болоорумду сурап калды. Таластан болоорумду айтсам – Өзүмдүн иним болот турбайсыңбы, – деп калды. Талас районунун Арал айылынан боломун, – десем, – Анда накта эле өзүмдүн иним болот экенсиң, – деп жарк этип күлүп койду. -Эми сен менин жанымдан чыкпай жүр. Москвага биринчи баратсаң, сени жоготуп албайлы, – деп күлүп тамашалап койду.

Ошондон баштап съезд бүткөнчө Аман байкени этегинен кармап, жанынан чыкпай жүрдүм. Съездде Аман байке менен жанаша отуруп калдым. Алиге эсимде турат Кыргызстандан Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева деген аты элге белгилүү болуп калышкан балериналар съезге делегат болуп катышкан. Ошол кезде Аман байкенин болгону 28 жаштагы кези экен. Акылы, билими толуп, баралына келип турган чагы экен. Бизди Москванын айтылуу “Россия” жатаканасына жаткырышты. Аман байке Кемел Жакешович менен бир бёлмёдё жатышты. Мен алардын болмосуно жанаша болмодон орун алдым.Бош убак боло калганда эле Аман байке; — Эрмек, бизге кел,- деп мени жанына чыкырып алат. “Тигини алып келе кой, муну алып кел” деп жумшайт. Анын баарын илберинки аткарып,экообунун жанына отуруп, ооздорунан чыккан созун тыншайм. Аркы-берки сөздөрдөн кеп салып отурушуп, айланып эле элибиздин тарыхына, маданиятына, андан ары адабиятына,поэзиясына өтүп кетишет. Философиялык терминдерди колдонуп сүйлөшөт. Мен үчүн алардын сөзү өзгөчө бир акылгөйлүктүн юткс сыякт туюлат. Ал киши менин көзүмө баарын билген, ушунчалык билимдүү, акылман адамдай көрүндү. Азыр ойлосом Аман байке ошондо болгон толгону 28 жашта экен. Съездде 12 күн болдук. Ошол кезде абдан жакын жүрдүм Аман байке менен.5-6 күн съезд болот. Анан Москванын айланасындагы заводдорго, фабрикаларга алып барышат. Алардын колективдери менен жолугушулар болот. Чили өлкөсүнүн патриоту Луис Корвалан деген бар эмес беле. Ал менен жолугушуу болду. КПСС БКнын генералдын секретары Леонид Ильич Брежнев менен жолугушуу болду. Эми анда комсомолдун кадыр баркы жогору эле.

– Аман байке менен кийин чыгармачылык байланышта болдуңузбу?

– Съездден кийин Аман байке менен азыраак байланышып калдым. Ошол кезде Аман байке “Кыргызстан маданияты” гезитинин редакторунун орун басары болуп иштеп турган кези эле. Мен да чыгармачылыкка азыраак аралашып жүргөм.

Ой, жазгандарыңды алып келчи окуйунчу?.. деп калды. Аңгемелеримди алып барсам окуп көрүп, кемчиликтерин белгилеп, кеңештерин берди. Анан эки аңгемемди “Кыргызстан маданиятына” биринчи жолу басып берген ошол Аман байке болду. ”Кыргызстан маданияты” гезити анда бүт адабиятты, маданияты камтыган эң бир окудуу гезит эле. Адабият, маданият чөйрөдө аралашып жүргөндө ошол гезитти тытып окушчу. Андай гезит азыр жок. Аман байкенин ошол жардамы менин кийинки чыгармачылыгыма чоң демөөр болду.

Эрмек сен өтө көп окгун.. Окубай эле мен мыктымын деп көкүрөгүңдү урба. Жазуунун да өзүнчө техникасы болот,- деп кеңе5шин айта турган. Окуп чыкчы деп бир китебин да берген эле. Ошол китебин окуп жүрдүм. Кийин кайра кайтарып бере алганым жок. Окууду бүткөндөн кийин да Аман байке менен бир ирет жолугушуп калдым. Ал кезде Фрунзеге элеттен барган жаштар туташ эле орустардын үйлөрүндө, кепелеринде ижарада жашашчу эмес беле. Фрунзенин Мичурин көчөсүндө оңчой караколдуктар ижарада турушчу. Сардалы Курманалиев бар эле, Жорон аке бар эле. Кийин прокурор болуп иштеп жүрдү. Жорон байкенин квартирасына менин квартирам жакын эле. Аман байке жубайы Сейил жеңени ээрчитип ошол Жорон байкеникине бир эки ирет мейманчылап келип калды. Мен инилик кызматымды кылып, мейман тозуштум да. Ошол жерден да Аман байке сөз арасында Москвада комсомолдун съездинде бирге болгонубузду айтып, жагымдуу юмордуу сөздөрүнөн келтирип, кеби менен баарыбыздын черибизди жазып күлдүрүп отурду.

Андан кийин мен, чыны, Аман байке менен байланыша алганым жок. Себеби ал киши мамлекеттик коопсуздук кызматына КГБга иштеп кетти. КГБга 17 жылдык өмүрүн арнады.

– Аман байкебиздин Кыргызстандын КГБсындагы ишмердиги туурасында уккан билгендериңиз барбы?

– Аман байке улуу менен улуудай, кичүү менен кичүүдөй жадырап жайнап сүйлөшкөнү менен ички сырын чыгарбаган мырза адам болучу. Андыктан өзүнүн КГБдагы ишмердиги туурасында кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирди жарымында төгүлүп чачыла кеп салып бергенин кезиктире алганым жок. КГБны ал убакта мамлекеттик элиталык подразделениеси катары санашчу. Ага билимдүү, ак ниет адамдарды, сыртынан көптөгөн алдын ала текшерүүлөрдөн кийин кабыл алышчу. КГБ компартиянын эн ишенимдүү таянычы саналчу. Эгерде КГБ бир нерсе деп айтса аны компартиянын жетекчилиги толук ишенимдүү булак катары кабыл алуучу. Андыктан ал жерде кызматкерлер сыртынан тандалып, анан барып ишке чакыртылып алынган. Ал жерде да Аман байкебиз өтө жемиштүү иштеген. Аман байкебиз, мен жогоруда айткандай, зымпыйган, сырын эч кимге айтпаган адам болуучу. Кыскасы накта чекисттик касиет тубаса түрүндө Аман байкенин мүнөзүндө бар эле.

Мен ал кезде жаш элем. Андыктан Аман байке менен жолдоштук мамиледе жүрө алган жокмун. Бирок Аман байке менен жакын жүргөн адамдардан, эл ичинде айтылып жүргөн кеп сөздөр туурасында бүгүн айтып коюшм зарыл деп эсептем. Ал кезде дщйнө социалисттик жана капиталисттик деп эки лагерге бөлүнүп тирешип турган.

КГБнын милдети мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугун камсыздоо үчүн, алуу үчүн жашыруун иликтөө, аңдуу иштерин жүргүзүү болгон да. Андыктан КГБ маданият, илим чөйрөсүнүн кызматкерлери кандай ойлонушат, чыгармачылыгын кандай нукта алып барып жатышат, чет өлкөлөргө чыкканда өздөрүн кандай алып жүрүшөт, ошол жакта калып калуу ниети жокпу деген сыяктуу маселелердин баарына алдырдадан көз салып, көзөмөлгө алып турган. Союзда коммунисттик идеологиядан башкача ойлонуп жатат деп саналган бир катар акын, жазуучулар, маданият ишмерлери, илимпоздор диссидент катары кысымга алынып, түрмөгө камалган жагдайлар көп эле болуп жаткан.

Кыргызстанда да андай аракеттер болгон. Мына ошондой кырдаалдарда Аман байке жазуучу, сынчы, акын жана чекист катары кыргыздын бир катар чыгаан уулдарын капсалаңдан коргоп калганы айтылып жүрөт. Эрнис Турусунов деген чоң кыргыз эл акыны бар эмес беле. Ал кишинин да көзү өтүп кетти. Мына ошол адамдын чыгармачылыгынан идеологиялык кынтык издешип, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине жазышкандар болгон. Ошондо Аман байке “Мына мен сынчымын, андай эмес мындай” деп айтып, чоң акыныбызды чоң капсалаңдан коргоп калганын айтып жүрүшөт. Аттокуров деген чоң тарыхчы окумуштуу бар эле. Сапарбек Закиров деген адабиятчы окумуштуу бар эле, элибиздин санжырасы боюнча кийин чоң эмгектерди жазып чыгарбадыбы. Ушул адамдардан кыргыз элибиздин тарыхы, этнографиясы боюнча жазган эмгектеринен саясый каталарды издешкен учурлар болгон. Анда да Аман байке адабиятты, тарыхты туура, кылдат талдай, билгенин пайдаланып, бул адамдардын жазган эмгектеринде коммунисттик идеологияга каршы келе турган ой пикирлердин такыр жоктугун аргументтер менен далилдеп, бекемдеп Кыргызстан КП БКсына кат жазып, аларды коргоп калгандыгын белгилеп жүрүшөт.

Токсонунчу жылдарга жакын Кыргызстандын КГБсынын башына Рябокон деген адам келгенден кийин республиканын чыгармачылык чөйрөсүнөн “диссиденттерди” издөө күчөгөн. Ошол жылдары Аман байкеге бир тооп оорчулук түшкөн экен. Дүйнөлүк улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун адабияттагы ишмерлиги туурасында Кыргызстанда эле эмес, Союздук деңгээлде терс көз караштагы сөздөр жүрө баштаган. Эл ичинде айтылып жүргөн кепке караганда Фрунзеден Москвага учарда аэропортко бараткан жолдо ал кишинин автоунаасын кырсыкка учуратуу провакациясы уюштурулмак экен. Ошону Аман байке билип калып, эптеп жолун таап Чыкеме шашылыш байланышып, башка жолго салып Алма-Атага чыгарып жиберген дешет. Алма-Атадан Чыкем Москвага аман-эсен учуп кеткен экен.

“Калк айтса-калп айпайт” дегендей мунун баары эл ичинде айтылып жүргөн кеп. Эгерде ошол учурда Кыргызстандын КГБсындагы Аман байкенин кызмат ордунда кыргыз адабияты менен түшүнүгү жок, түркөй бирөө иштеп калаганында жогорудагы адамдарыбыз, Чыкеме чейин, запкы көрүп калышы мүмкүн болгон.

Учурунда “Каттани” аталган Өмүрбек Субаналиев Ысык Көл өрөөнүндө иштеп турган учурунда облустун бийлик өкүлдөрү менен каршылашып, СНБнын убактылуу камалуучу жайына жатып калган жагдай элдин эсиңдедир. Ал кезде Аман байке КГБдан иштен бошонуп Кыргыз Республикасынын ВААПын жетектеп калган учуру болуш керек. Өмүрбек Субаналиев өрөөнгө белгилүү партиялык ишмер Сакен Нурманбетовдун күйөө баласы эле да. Анан Сакен аке айылдаш иниси Аманга барып күйөө баласынын курчтугунан ак жеринен камалып жатканын айтып түшүндүрүп. “Бул сенин гана колуңдан келет, эмне кылсаң да куткарып бер” десе керек. Аман байке кадырын салып, тергөөнү туура жүргүздүртүп, Өмүрбек Субаналиевдин үстүнөн уюштурган күнөөлөрдүн негизсиздигин аныктатып, аны абактан бошотууга таасирин тийгизгендигин Өмүрбекке жакын жүргөн адамдардын оозунан коомчулуктун көзүнчө укканбыз. Аман байкенин мына ушундай актык үчүн күрөшкөн, керек болсо өз башын тобокелге салган жагдайлардан качпай иштеген чыныгы азаматтыгы, патироттуулугу жөнүндө коп айтылбай келет. Бүгүн ошону атайын айтып койгум келди.

– Аман байкенин чыгармачылыгынан сизди өзгөчө таасирленткени кайсы?

– Мен поэзиясы да, позасын да, котормосун берилип, канаттануу менен окуйм. Чыкемдин “Кыямат” романы кара сөздөгү поэзия. Философиялык мааниси өтрө терең. Ошону которууга батыныштын өзү чоң эрдик. Ошону Ашым Жакыпбеков орусчадан кыргыз тилине которуп жатып бир бөлүмүн которууга Аман байкенин тарткан эмеспи. “Кыяматты” которууга адабиятта Чыкемдей даярдыгы бар, жашоо жөнүндө Чыкемдин деңгээлинде ой жүгүртө алган адам гана батынмак.

“Кыяматтын” кыргызча котормосу туурасында Чыкемдин “Мен “Кыямат” романымды Ашым Жакыпбеков менен аман Токтогуловдун кыргызча котормосун окуп чыгып, романдын орусча жазылганан да мыкты которушканын көрүп таң калдым, деп ММКлардыгы маектешүүлөрдө айтканы бар.

 

Котормочулук деген бул чоң адабий даярдыкты талап кыла турган кесип

Аман байке Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” повестин кыргызча которуп жарыкка чыгарганда, бул китеп бир айга жетип жетпеген убакыттын ичинде окурмандар тарабынан китеп дүкөндөрүнөн таланып кеткен. 50 миң тираж менен басылып чыккан китепти издеп таппай калышкан. “Менин Дагстаным” авар тилинен орусча которулган, андан кыргызча которулуп отурат да. Расул Гамзатов өзүнүн белгилүү чыгармасынын кыргыз тилинде түп нускасындагыдай деңгээлде которулганын угуп, таң калып, Москвада өткөн котормочулардын жыйынында трибунага чыгып Аман байкени жанына чакырып алып. “Мына “Менин Дагстанымды” өз эне тилинде эң сонун сүйлөткөн эң жаш котормочу Аман Токтогулов, деп жыйындын катышуучуларына тааныштырып, көкүрөгүнө сыга кучактаган экен. Эки күн жанынан чыгарбай алып жүрүптүр, Москвада Мына, эмне деген баа!

 

Аман байкебиз элетте төрөлгөн, элетте тарбияланган

Элет деген эмне? Бул аскарланган тоолор, анын кылда чокусундагы миңдеген кылымдардан бери жаткан мөңгүлөрдөн тарамданып башталган, шурудай чууруп ылдый коюлган суулар. Өзөн өзөндөн куюлуп отуруп биригип дарыяга айланган сууларыбыз, анан жерибизге жайылып, сугарып, элибизге берекесин тартуулап, Ата Журтубузду көрккө бөлөп кулпунтуп жатпайбы.

Аман байкебиз элеттин жаратылышынын тазалыгын бала кезинен дилине сиңирип, азыктанып чоңоюп өскөн. Деги эле кыргыздын руханий жан дүйнөсүн өзүнүн чыгармачылыгы менен байыткан чоң инсандарыбыздын баары – элеттин кулундары. Алардын чыгармачылык угуту элеттин таза мөңгүлөрүнөн, көк кашка сууларынан, айдарым талааларынан башталат. Ошолордун ири өкүлү Аман Токтогулов.

Аман акенин экинчи өмүрү уланып, элинин дилинде, жашап жатат. Пушкиндин бир эле ырындагы философиялык ойлорду талдап, илимдин кандидаттары, докторлору чыккан. Аман байкебиздин котормосун, поэзиясын, прозасын талдап, ошол боюнча илимий эмгектерди жаратуу милдетин алдында турат. Биздин жаш филолог окумуштууларыбыз ушул жагын колго алышса дээр элем

Аман байкебиздин бир тууган агасы Эсен байкебиз да чоң чыгармачылык жөндөмү бар адам. Бир тууган иниси Түгөлбай Токтогулович Казаков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Белгилүү композитор, журналист, акындыгы да бар. Аман байкенин аткарбай калган ишин мына ушул Түкөм аткарып жатат. Ырларына обон чыгарып, китептерин басмадан чыгарууда. Аман байкебиз узак өмүрүн чыгармачылыгында калтырып кетти. Бул анын түбөлүктүү өмүрү болмокчу.

Нуржигит Сейдалиев, «Талас турмушу» (Аймак пресс), 22-30.09. 2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий