Алгачкы мектеп жана анын карлыгачтары

1927–жылы Н. Жайлообаев тарабынан ачылган мектеп Коргон–Төбө деп аталган дөңсөөдө Маман аттуу адамдын атканасына ачылган.

Элибиз эзелтен бери эле сабатсыз болгон деп айтуудан алысмын. Буга Орхон–Энесайдагы археологиялык казуулардагы жазмалар күбө. Ошондой болсо да Улуу Октябрь революциясынан кийин жалпы элдин сабатсыздыгын жоюу боюнча атайын токтом кабыл алынып ал жер жерлерде ишке ашырыла баштаган. “Башканы коюп Манасты айт” демекчи элибиздин сабатсыз болгонуна карабай айрыкча XIX кылымдан XX кылымдын орто ченине чейин Сагымбай, Саякбай баштаган Манасчылардын, Токтогул, Жеңижок, Барпыдай төкмөлөрдүн жаралышы бул көктөгү Теңирдин бизге берген белеги деп билем. Жазмабыз болбосо да ирээти менен бирин бири кайталабай күнү, түнү күпүлдөп Манас айтып, ыр нөшөрүн төгүп элибиздин басып өткөн жолун, анын тарыхын бизге жеткирген улуу инсандарга таазим этем. Эмесе биздин райондо октябрь революциясынан кийин кат сабатты жоюу боюнча кандай жумуштар аткарылган, мына ошолор жөнүндө азын оолак кеп кыла кетели.

Районубуздагы 46 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ичине камтыган, алардын билим ордосуна айланган райондук билим берүү бөлүмүнүн түзүлгөнүнө жана анын имаратынын курулганына үстүбүздөгү жылы 80 жыл толуп олтурат. Тактап айтканда бул имарат 1936–жылы ашар жолу менен бүткөрүлүп, Ала–Бука, Чаткал чөлкөмүндө жападан жалгыз көзгө басар 7 жылдык мектеп аталып, анда райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги кошо жайгашкан. Эгерде районубуздун билим берүү тармагынын тарыхына дагы тереңирээк сүңгүп кире турган болсок эртели, кеч мындан мурунураак калган аймактарда Ликбез (ликвидация без грамотности) башталгыч класстары ачылганы белгилүү. Алыстан келип окуган окуучулар үчүн жатак мектеби ушул мектептин базасында болгон. Алгачкы мектеп чийки кыш менен курулуп, дубалынын калыңдыгы анын босогосун аттаганда эле көзгө даана тартылат. Пайдубалы болсо таш менен урулганына карабастан ушул кезге дейре чөккөн эмес. Ага караганда жакында эле жаңы курулган бир мектептин пайдубалы жыл айланбай көчүп кетип канча чуу болгонун билемин. Болгону чатыры жаңыланып, каалга, терезелери алмаштырылып, актоо, сырдоо иштери аткарылган. Бир таң калыштуусу баскан сайын полдору ийилгени менен чириген эмес. Себеби, анын сыры полунан чатырына чейин ар кайсыл жеринде нымдуулукту соруп алуучу мору коюлган экен. Имараттын курулганына 80 жыл болсо да ал учурда райондук билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин билим ордосу аталып ага кызмат кылып келет.

Үстүбүбүздөгү тарых жана маданият жылында түрдүү тармакта иштеген көзү өткөн жана көзү тирүү инсандарыбыз жөнүндө, мейли алар кайсыл кызматты аркалабасын эл үчүн жасаган эмгегин эске алып гезит бетинен орун берүү биздин милдет. Эмесе райондук билим берүү тармагын жетектегендер жөнүндө азын оолак маалымат. Райондук билим берүү бөлүмү 1936–жылы уюшулганын биз жогоруда айтып өттүк. Ал 1963–жылга чейин Ала–Бука, Чаткал райондору биригип Ала–Бука району деп аталганы белгилүү. 1963–жылы Ала–Бука району ошол учурдагы Жаңы–Жол районуна бириктирилип, 1969–жылы кайрадан Ала–Бука району болуп бөлүнгөн. Ала–Бука райондук билим берүү бөлүмү уюшулгандан баштап, ушул кезге дейре 19 адам жетекчи кызматын аркалаптыр. Биринчи болуп бөлүмдү Исабек Маллаев 1936–1937–жылдары башкарса, белгилүү инсан Төрөгелди Балтагулов 1941–1942–жылдары башкарыптыр. Бөлүмдү узак мөөнөт башкаргандар Бекболот Исабаев 1974–1984 жылдар аралыгында, Добул Шабданов 1984–2003 жылдары, Сонунбек Акпаралиев 2003–2015 жылга чейин бөлүмдү жетектешип өздөрүнүн салымын кошушкан. Ар бир күн өткөн тарых демекчи бул инсандардын ысымдары райондук билим берүү бөлүмүндө кашкайта жазылып илинүү турат.

 

Булар биринчилерден болушкан

Совет бийлиги орногондон кийин азыркы Т. Балтагулов айыл аймагында биринчи мектеп Ликбез 1925–1926–жылдарда уюшулган. Ликбезде А. Балтагулов, К. Бектемировдор сабак беришкен. Ал эми 1927–жылы Н. Жайлообаев тарабынан ачылган мектеп Коргон–Төбө деп аталган дөңсөөдө Маман аттуу адамдын атканасына ачылган. 1927–жылга чейин башка жерлерде элдин сабатын жоюучу мекемелер болгон, бирок атайын лицензия берилип мамлекеттик мектеп макамын алган бирден бир Кош–Алмурут жети жылдык мектеби болгон. Улуу Ата–Мекендик согуш мезгилинде мектептин директору болуп Булбул Балтагулова иштеги. Учурда бул мектеп Т. Балтагулов айыл аймагына карайт. Өрүктү айыл аймагына караштуу Чолок–Туума айылындагы Эшпай казынын имаратына сабатсыздыкты жоюу боюнча окуу иши башталып сабактар араб арибин үйрөтүү жана окутуу боюнча жүргүзүлгөн. Алгачкы мугалимдер Н. Жайлообаев жана Н. Субанова болушкан. Ал эми Сары–Талаа айылында 1936–жылы башталгыч мектеп ачылып, 1955–жылы Буденный атындагы 7 жылдык, 1959–жылы Сары–Талаа 8 жылдык жана 1973–жылы Сары–Талаа орто мектебине айландырылган. 1992–жылы №4 А. Акпаралиев атындагы орто мектеп деп өзгөртүлдү. 2002–жылы айылда эки кабаттуу типтүү мектеп курулуп пайдаланууга берилген. Мектептин алгачкы агартуучулары болуп Ш. Салихова, С. Эсенбаев, Н. Жээнкулов, К. Эгембердиев жана А. Жамалдиновдорду атасы болот. Райондо биринчилерден болуп социализм колхозунда (азыркы Достук айылында) башталгыч мектеп ачылып, анын негиздөөчүсү Т. Касымов болуп 25 окуучу билим алган. Бул мезгил 1929–жыл эле. Бул мектепте биринчи мугалим Т. Казакова болгон. Бул мектеп кийин Ж. Бөкөнбаев наамын алып К. Буназаров көп жылдар директордук кызматты аркалаган. Ошондой эле алгачкы мектептер азыркы Ак–Там, Ак–Коргон, 1–Май, Көк–Таш айыл аймактарында ачылганын айта кетүү керек. Гезит бети чектелүү болгондуктан баарын жайгаштырууга мүмкүн болбоду. Ошондой болсо да эң алгачкы агартуучулардын ысымдары райондук билим берүү бөлүмүнүн архивинде күнү бүгүнкүдөй сакталуу. Кандай болгон учурда да чыйыр салып биринчи болуу бактысына туш келген аталарыбыздын, апаларыбыздын эмгектери эч качан өчпөйт. Ошол кездеги инсандарыбыздын кат сабатын жоюу үчүн канчалаган эмгек жумшалганы айтпаса деле түшүнүктүү.

 

Аксы чөлкөмүнүн “Дүйшөнү”

Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинде Дүйшөндүн образы биздин Назармат Жайлообаев абабызда бар экени кандай сыймыктуу. Мисалы Назармат абабыздын жер, жерлерде биринчи мектептерди ачканы, жайлоодо балдарды (ал убакта улуу, кичүүсү аралаш окуган) окутканы, ал кездеги карама каршылыктарды, абабыздын өмүр жолун тизмектеп жазса бир китеп болчудай. 1917–1918–жылы Кокондо жаңы ачылган 10 айлык мугалимдер курсун бүтүп, ошол эле жылдын 17–ноябрынан Өрүктү–Сайда мектеп ачып, бир жагынан басмачылар күчөп, экинчи жагынан оор шартта элдин сабатсыздыгын жоюу оңойго турбайт.

Бир эле билим берүүдө эмес, баардык тармактарда биринчи болуу кандай кыйын. Бирок, ошол биринчи болуу бактысына туш келгендердин өзүнүн кат сабаты жоюлмайын кайдан биринчи болмокчу. Ал Аксы чөлкөмүндө жападан жалгыз билимдүү адам болуп ал кездеги Кызыл–Жар районунун билим берүү бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалаган. Кызыл–Жар районуна караштуу Чаткал, Ала–Бука, Караван, Жаңы–Жол, Таш-Көмүр аймактарында жаңы мектептерди ачып, сабатсыздыкты жоюу боюнча эмгек сиңиргени, ал кишинин тарыхты, санжыраны жакшы билгендиги, профессор К. Карасаев менен ымалашта болгону бизге жакшы маалым. Анын агартуу тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги туура бааланып “Эмгек кызыл туу”, “Кызыл жылдыз”, “Ленин” ордендери менен сыйланган. Мындан тышкары “Кыргыз Республикасынын мектептерине эмгек сиңирген мугалими”, — “Эл агартуунун отличниги”, — наамына татыган. Ал 1983–жылы 85 жаш курагында Баймак айлында дүйнөдөн кайткан. Аксы чөлкөмүнүн “Дүйшөнү” Назармат абабыздын ысымын өзү туулуп өскөн айлындагы орто мектеп алып жүрөт. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө өзүнчө сөз болоор.

Абас Кабай, «Айыл Акыйкаты» (Аймак пресс), 25.02.2016–ж.

Соц тармактар:

Пикир калтыруу