“Экономика” сабагы эне тилде өтүлөт

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук программаны ишке ашырууда КЭУда бир катар олуттуу аракеттер жасалууда.

Биздин университетте иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү 2013-жылдын апрель айында башталган. Ректордун буйругу менен кызмат орду ачылган. 2016-жылдын октябрь айынан тартып университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын бөлүм иштейт. Ошондон бери бир катар керектүү документтер, ошондой эле тыштан келген жана сыртка чыгарылган иш кагаздарынын басымдуулары мамлекеттик тилге которулуп жатат. Айрым сабактар боюнча дарстар эне тилибизде өтүлүп, окуу китептери кыргыз тилинде даярдалууда. Андан сырткары, жогорку профессионалдык билим берүүнүн “Экономика” багытынын баардык адистиктери боюнча окуу каражаттары мамлекеттик тилге которулган.

Университеттин жамаатынын аракетинин негизинде дарстар эне тилинде өтүлүп, окуу китептерин, дипломдук иштерди жана диссертацияларды мамлекеттик тилде жазуу боюнча иш-аракеттер башталды. Мындай саамалыктар мындан ары карай дагы уланат.

Ошол эле учурда, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча алдыда дагы арбын иштер бар. Булардын негизгилерин төмөнкүлөр камтыйт:

  • Иш кагаздарын орусчадан кыргызчага которулуп койбостон, аларды мамлекеттик тилде даярдоого өтүү;
  • Окуу жайдын дубалдарына илинүүчү кулактандырууларды, куттуктоолорду ж.б. мамлекеттик тилде даярдоо, эгерде зарылчылыгы келип чыкса эки же үч тилде илүү;
  • Окумуштуулар жана окуу-усулдук кеңешмелерди, отурумдарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнү камсыз кылуу;
  • Мамлекеттик тилде сабактарды өткөрүүнү кыйла кеңейтүү жана акырындык менен мамлекеттик тилдин нугундагы тайпаларды ачуу;
  • Сабактардын жумушчу программаларын мамлекеттик тилде даярдоо,
  • Кыргызча окуу китептерин чыгаргандарга моралдык жана материалдык жактан көмөк көрсөтүүнү мындан ары карай дагы күчөтүү;
  • Мамлекеттик тилди өркүндөтүү кыргыз элинин рухий байлыгынын кеңейишине, тереңдешине, маанисинин артышына, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине түрткү боло тургандыгын студенттерге түшүндүрүүнү туура уюштуруу;
  • Ар бир кафедра өткөргөн иш чаралардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыздоо сыяктуу маселелер каралып, токтом кабыл алынды.

Бул иш чаранын андан ары чыңдалышы үчүн, студенттердин мамлекеттик тилге болгон мамилесин жогорулатуу боюнча “Кыргыз тили” курсу боюнча 2017-жылдын 11-апрелинде олимпиада өткөрүлдү. Жыйынтыгында, Жоошбаева Гүлдана 1-орунду, Манапова Гүлайым менен Касымбек кызы Махабат 2-орунду, Тажиева Нургиза менен Бактыбекова Айпери 3-орунду ээледи. Ал эми Хаитова Малика, Мадумарова Ширин, Нурадил кызы Асель, Жолборсбек кызы Нурзада, Тарасова Айжан Мактоо баракчасы менен сыйланышты.

Назира Жапаралиева, доцент,
Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы,
«Кыргыз тили», 25.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.