«РухЭш» сайты чыгармачылык таймашка чыгууну каалагандарга адабий конкурс жарыялады

ЖОБО

Кыргыз адабиятынын казынасын байытуу максатында котормо жанрында эмгектенген калемгерлер үчүн конкурс жарыялайбыз. Арийне, учур адабиятында котормо жанрына көңүл бурулбай келаткандыгын эске алдык. Аныгында: дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү тажрыйбасын өздөштүрүү салты эгемендик жылдарынан бери калып келди, андыктан ушул багытта чыгармачылык таймашка чыгууну каалаган калемгерлер, камынгыла!

Жалпы байге фондубуз – 100 000 (жүз миң) сом.

1-орундун жеңүүчүсү деп табылган үч адамга 15 миң сомдон – жалпы 45 миң сом.

2-орундун жеңүүчүсү деп табылган үч адамга 10 миң сомдон – жалпы 30 миң сом.

3-орундун жеңүүчүсү деп табылган үч адамга 7 миң сомдон – жалпы 21 миң сом.

Жалпысынан тогуз калемгерге байге тапшырылат жана айрым котормочуларга атайы кызыктыруучу сыйлыктар каралат. Агер, бул саамалыкты колдоону каалаган демөөрчүлөр чыгар болсо, байге фондубуздун көлөмүн дагы жогорулатабыз. Азырынча чыгармачылык атаандаштык үчүн жүз миң сом байге фондубуз менен демилгени ишке ашырууну ылайык таптык…

Конкурстун талаптары жана шарттары:

1) Буга чейин кыргыз тилине которулбаган жана эч жерде жарыяланбаган гана аңгемелер, новеллалар кабыл алынат. Чыгарма көлөмү 10 барактан ашпоого тийиш (А\4 форматында Arial-12 тамгалары менен).

2) Калыстар курамы конкурска келип түшкөн чыгармалардын котормодогу көркөмдүк сапатына жана чеберчилигине көңүл бурат.

3) Ар бир калемгер үчтөн аңгеме (же новелла) менен да катыша алат жана үч котормосу тең мыкты деп табылса, байгелүү орундарды жеңүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

4) Конкурстун уюштуруу тобу жана калыстар курамы чыгармалардын түпнускадан которулганын эске алат.

P.S. Негизинен кыргыз адабиятынын тарыхында буга чейин которулуп келген чыгармалардын дээрлик көпчүлүгү орус тили аркылуу гана которулуп келген болсо, учурдагы шартка ылайык: англис, жапон, француз, кытай, түрк, немис ж.б. ж.б… дүйнө элдеринин чыгармалары кыргыз тилине түпнускадан жетүүсүн каалайбыз. Маселен, кайсы бир дүйнөлүк жазуучунун чыгармасы орус тили аркылуу которулган болсо, ал эмгек биздин адабий конкурстун Жобосуна ылайык келбейт. Андыктан англис, жапон, француз, түрк же араб тилдүү ж.б… жазуучунун чыгармасы сөзсүз түрдө түпнускадан которулганына көңүл бурулат. Бул албетте, орус тилинен которулган эмгектер Жобонун шартына ылайык келбейт дегенди билдирбейт. Тек, орус тилдүү жазуучулардын чыгармаларын орус тилинен которгон эмгектер кабыл алына берет.

Эскертүү: Конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин котормочулар менен калыстар курамындагы адамдардын эч биринин аты-жөндөрү коомчулукка жарыяланбайт жана конкурска катышкан калемгерлердин эмгектери номер түрүндө гана жарыяланат. О.э. бул сынакка катышууну каалаган котормочулардын жаш курагына чектөө коюлбайт.

Конкурстук материалдар Жобо жарыяланган күндөн тартып ушул жылдын 29-августуна чейин кабыл алынат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи билим майрамына карата 1-сентябрь күнү ЭлТР теле каналы жана «Санжыра» радиосунун түз эфиринде жарыяланат. Калыстар курамы менен адабий конкурстун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары ошол күнү гана жамы журтка маалым болот.

Биздин электрондук дарек: oljobai.shakir@mail.ru

Бул дарекке өз эмгегиңизди жөнөтүүдө ар бир котормочу чыгарманын темасынын алдына сөзсүз түрдө «Конкурска» деп белгилеп коюуңуздарды өтүнөбүз!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.