Тил – улуттун байлыгы

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында Мамлекеттик тил бөлүмү түзүлгөн. Бөлүмдүн ишин КМТУнун мамлекеттик тил жана өнүгүү боюнча проректору жетектейт. Мындан сырткары, мамлекеттик тил боюнча башкы адис, электрондук-анимациялык китептерди даярдоо боюнча адис, иш кагаздарын мамлекеттик тилге которуу боюнча адистер эмгектенишет.

Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан жыл сайын мамлекеттик тилди окутуу, аны ишмердүүлүктүн бардык багыттарында кеңири колдонууну жогорулатуу жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча окуу жылы үчүн аткарылуучу иштердин планы иштелип чыгып, Окумуштуулар кеңешинде каралып, бекитилет жана бардык иш-чаралар планга ылайык ишке ашат.

Окуу жана типтүү программалар ректордун буйругу менен бүгүнкү күндө тиешелүү жооптуу түзүмдөр тарабынан мамлекеттик тилге которулуп, даярдалып жатат.

Азыркы мезгилде университетте иш кагаздарынын бардык түрлөрү мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат дегенден алыспыз. Бирок, акыркы эки жылдын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча көп жылыштар бар.

Университеттин Окумуштуулар кеңешинде каралуучу токтомдорбардык түзүмдөр тарабынан милдеттүү түрдө мамлекеттик жана орус тилинде даярдалат. Университеттин ишкердигине байланыштуу буйруктар эки тилде чыгат.Ар бир түзүмдүк бөлүмдүн Жобосумамлекеттик тилге которулган. Бирок, университеттин башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө отчёт жазуу толугу менен мамлекеттик тилге өтө элек. Буга себеп: AVN программасы орус тилинде болгондугуна байланыштуу, отчёттор да AVNге орус тилинде берилет.Кадрлар бөлүмү эки жылдан бери өздүк курам боюнча буйруктарды эки тилде жазып келген. Азыркы учурда буйруктар кыргыз тилинде чыгат. Университеттин түзүмдөрүндө өткөрүлгөн жыйындардын, отурумдардын протоколдору кыргыз тилинде жазылат. Ал эми университеттин ишкердигиндеги кат жазышуулар эки тилде жүргүзүлөт. Себеби: тез аранын ичинде орус тилдүү кызматкерлерди, профессордук-окутуучулар курамын ж.б. персоналды кыргыз тилинде иш кагаздарын туура жаздыруу бир топ убакытты талап кылат. Бирок университетте бул багытта иш алып баруу тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Учурда университетте Окумуштуулар кеңеши, коллегия, чогулуштар, конференция, семинарлар, жолугушуулар эки тилде өткөрүлөт.Окуу жайдын эки факультетинде бирден окуу тобуна мамлекеттик тилде сабак жүргүзүлөт.

Университеттин китепканасы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адабияттар менен толук камсыз кылынган десек болот. Ошондой эле, китепкана фондунун мамлекеттик тилдеги окуу китептери жана окуу-усулдук колдонмолорунун саны 200дөн ашык (электрондук түрдө).

КМТУнун окуу процессинде кыргыз тилинде окуй турган тайпаларды ачууга алдын-ала аракеттер көрүлүп, бул максатта тиешелүү багыттар, адистиктер, окуу тайпалары жана негизги сабактардын тизмеси аныкталды. Натыйжада КМТУнун энергетикалык, технологиялык факультеттериндеги айрым кафедраларда бардык окуу дисциплиналарын толук кыргыз тилинде окуй турган окуу тайпалары ачылып, сабактар кыргызча окутулуп, кыргыз тилиндеги окуу китептери, окуу куралдары жана усулдук көрсөтмөлөрү жазылып, окуу-усулдук комплекстери иштелип чыкты. Бирок, биздин техникалык окуу жай катары спецификалык өзгөчөлүгүбүздү эске алсак, бардык багыттарды толугу менен кыргыз тилинде окутууга али үлгүрө элекпиз. Ушуга байланыштуу ректордун “КМТУда кыргыз тилинде топ-агымдарын ачуу жөнүндө” буйругу чыгып, бул буйруктаКМТУнун бардык факультеттерине жана институттарына кыргыз тилинде окуй турган топ-агымдарын түзүүлөрү милдеттендирилген жана учурда бул маселени чечүү аракеттери көрүлүп жатат.

Университетте тил саясатынын негизги багыты – мамлекеттик тилди техникалык университетинин бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга, университетте техникалык багытта окуп жаткан бардык этностордун мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүү, өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Мамлекеттик тилди Кыргызтест түзүмүнө ылайык окутуу, окуу программаларын кайрадан иштеп чыгуу жаатында университеттин Мамлекеттик тил борбору жана “Кыргыз тили” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан алгылыктуу иштер жасалууда. Кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча программалар, окуу-усулдук комплекстер кайрадан иштелип чыгууда. Ошондой эле, университетте мамлекеттик тилде өтүлгөн сабактарды окуу китептери менен камсыз болушун көзөмөлдөө иштери жана кыргыз тилинде окуу куралдарын, усулдук колдонмолорун чыгаруу иштери жүрүп турат.

Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча университетте көп иштер жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун адистери тарабынан “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү”колдонмосу түзүлүп, азыркы учурда рецензиялоо, редакциялоо стадиясында.

2017-жылдын январь айынан тартып университет боюнча кыргыз тилине которулган техникалык терминдердин маалымат базасын түзүүнүн үстүндө иш башталган. Азыркы учурда материал топтолуп жатат.

Ал эми студенттерди адептүүлүккө, маданияттуулукка үндөш үчүн учурда ар кандай иш-чаралар менен бирге ыйман, адеп жана маданият жөнүндө университетте ар түрдүү такталарды, стенддерди жайгаштырууга көңүл бурулууда.Студенттердин ички дүйнөсүн, жүрүм-турумун жакшыртуу максатында Мамлекеттик тил борбору жана Кыргыз тил кафедрасы тарабынан төмөнкү жаңы стенддер даярдалган: “Тил – улуттун байлыгы”, “Улут болсом- тилим менен улутмун”, “Мекеним – Кыргызстан”, “Кыргыз элинин каада-салттары жана буюмдары”, ”Кыргызстан – ажайып кооздуктун мекени”, ”Кыргыз элинин тарыхый инсандары”, “Кыргыз элинин кылымдан-кылымга сактап келген асыл мурастары” ж.б.

2017-18-окуу жылынан баштап мамлекеттик тилде окутуунун толук циклин жүргүзгөн бөлүмдөрдү ачуу боюнча ректордун буйругун (23.01.2017-ж., №16) аткаруу үчүн бүгүнкү күндө кызуу даярдыктар тиешелүү жооптуу түзүмдөр тарабынан жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук Программасындагы каралган иш-чараларды аткаруу максатында И.Раззаков атындагы КМТУда 2019-жылга чейин “Кыргыз тили жана адабияты”, Кыргызстан тарыхы” жана “Кыргызстан географиясы” дисциплиналары боюнча тестирлөөнүн негизинде мамлекеттик комплекстүү аттестацияны киргизүүгө учурда даярдыктар көрүлүп жатат, тактап айтканда, комплекстүү тестирлөөнүн суроолору тийиштүү кафедралар тарабынан иштелүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги 2017-жылдын январь айында ушул маселеге байланыштуу ЖОЖдордун ректорлоруна, проректорлоруна жана мамлекеттик тил боюнча адистерине жыйын өткөрдү. Жыйында ЖОЖдорго комплекстүү аттестацияны киргизүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү.

Б.Төрөбеков,
И.Раззаков атындагы КТУнун
Өнүгүү жана мамлекеттик тилбоюнча проректор
,
“Кыргыз тили”, 06.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.