Баркы урпактары

Санжырасын сактаган, өсөр элдин белгиси,
Санжырасын таптаган, өнөр элдин белгиси.

Баркы уруусунун негизги бөлүгү Талас өрөөнүндө жана Аксы аймагында орун алган. Ынтымак менен биримдикти туу туткан Баркы алгач элине, андан бүтүн Талас чөлкөмүнө бийлик кылган.

Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элинин келип чыгышы, алардын бир атадан тарагандыгы тууралуу ар кайсы окумуштуулардын варианттары менен изилденип элге маалымдалып келет. Алардын арасында өздөрүнүн жетесинен тараган урпактардын гана тарыхын изилдеп, кичи журтунун санжырасын түзүп жүргөндөр да жок эмес.

Бул жолкуда тарыхты изилдеп, буга чейин жазылган кичи уруулар менен уруктардын санжыраларын бириктирип сүрүштүрүп, саруу уруусунун ичиндеги Тубайдан тараган Баркы уруусунан тарагандардын санжыра китеби жарык көрдү. Анда тарыхчылардын санжыраларындагы далилдер менен этнонимдик окшоштуктарды камтып, кыргыз тарыхындагы буга чейин жана азыркы күндө элдин оозуна алынган чыгаандарынын таржымакалы, Баркы атадан тараган урпактарынын кичи урууларынын Кыргызстанда жана чет өлкөдө жашаган аймактары камтылган. Бул китеп тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, буга чейин «Төөлөс», «Накай», «Кесек», «Келдей», «Тейит» аттуу илимий эмгектердин автору Жолдошев Нурбек жана «Кыргызайылкөмөк» акционердик корпорациясынын астында түзүлгөн жоопкерчилиги чектелген коомдун директору, КР «Ардактуу аксакалы» Назарбеков Темиралы тарабынан жарык көрдү. Китептеги тарыхый далилдерди кыргыздын санжырасын, уруу санжыраларын, Кыргыз тарыхын изилдеген тарыхчылардын эмгегине кайрылышкан. Баркы уруусунун санжырасын жазууда болсо Кенесариев Абдыкадырдын, Атамбеков Абдыжапардын, Калматов Көкчөнүн, Мамыралиев Нурбектин, Наркулов Жаӊыбайдын, Омуралиев Талантбектин, Салибаев Таланттын, Токтоналиев Атакандын, Туткучев Жумадилдин, Шатманов Эдилдин, Эгембердиев Керимбектин сандыра дептерлери жана авторлордун Аксы, Талас аймактарында жасаган илимий экспедицияларында топтогон тарыхый-этнографиялык материалдары колдонулган. Жыйынга Баркы уруусунун Байболунун урпагы, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев да катышып, өкүлчүлүктүн атынан китептин жарык көрүшүнө зор эмгетерин жумшаган Жолдошев Нурбекке, Назарбеков Темиралыга жана Атамбеков Абдыжапарга ыраазычылыккаттарын тапшырды.

Баркы уруусунун негизги бөлүгү Талас өрөөнүндө жана Аксы аймагында орун алган. Ынтымак менен биримдикти туу туткан Баркы алгач элине, андан бүтүн Талас чөлкөмүнө бийлик кылган. Ошол мезгилде арык каздырып, суу чыгарып, жерлерди өдөштүрүп, отурукташып калган. Ал жерлер мурунку Баркы-Арык айыл кеӊешинин аймагы(азыркы Өзгөрүш айыл аймагы). Санжырада Суусамыр-Талас-Тараз трассасынын боюнда күмбөзү орун алган Эгемберди датка, Кокон ордосунда аталык кылган Нүзүп миӊбашынын энеси Нарбү апа, жылкы кайтарып жүргөн жеринен хан көтөрүлгөн Шералы хандын чоӊ энеси Калича, өз энеси Умсунай, кайнатасы Токтоназар датка жана аялзатынан алгачкылардан болуп «датка» наамын алган Зыйнат датка да Баркы бийдин урпактары экендигин далилдер менен көрсөтүп турат.

Бул санжыра китептин ачылышы менен Баркы уруусунун курултайы Ак-Дөбө айылынынн маданият үйүндө болуп, Аксы аймагынан жана Бишкек шаарында жашаган баркы уруусунун өкүлдөрү менен жергиликтүү «баркылардын» жана башка коноктордун катышуусунда өттү. Ийгилик кынтыксыз болбогон сыӊары китептин жетишкендиктери менен кошо кемчиликтери талкууланып, жалпы жыйынтык чыгарылды.

Баркынын Шанек баатырынын урпагы, Аксы аймагында жашаган, КР Президентинин Ардак грамотасынын, «Түрк дүйнөсүндө» төкмө акындар фестивалынын алтын медалынын ээси, КР Эл акыны Рахматулла Козукеев да өз туугандарына келип, конок болуп, туугандарынын курултайына катышып кетти. Кеп кезегинде, колуна комузун, жанына айтылуу төкмө Абдылда Нуралиевди алып, жалпы эл менен төкмө тилинде амандашты. Сөз арасында көргөн сыйын, элдин ынтымагын ширеткен ушундай алаканын тез-тез болуп туруусун каалап, туугандарынын ага кыл куйрук мингизгенин да кошумчалап кетти. Сөзүнүн акырында таластык баркы уругун кичи мекени Аксы аймагына барып конок болуп кетүүсүн так датасы менен айтып жамагын жыйынтыктады. Курултайдын акырында жалпы кыргыз журтчулугуна төмөндөгүдөй кайрылууну кабыл алышты:

Урматтуу мекендештер! Баарыбыздын ата жолубуз тээ алыстан. Ал ыйык да урматтуу да. Ошол жолдун түптөлүшүндө ата-бабалардын таман акы маӊдай тери, акыл көрөӊгөлөрү бар. Урпактарга деген акак тилектери бар. Ошонусу үчүн аталар тилеги ак — көөнөргүс мурас.

Ата-бабалар ошол жолду түздөөдө эӊ биринчи калкты ынтымакка, биримдикке чакырган. Биримдик болсо жол түбөлүктүү дешкен.

Ошондой акылман, көрөгөч баамчылдардын бири Баркы Ата болгон. Ал мезгилинде ушул райондун “Үрмарал», “Кара-Коюн” чөлкөмдөрүндө көчмөндөрдүн ар урууларын топтоп, жайгаштырып, жашоо шарттарын түзүүдө зор эмгек өтөгөн. Жарым ачтарына жардам берип, жардыларына кам көргөн. Басмырлап басынткандардан акыл өлчөө менен кеӊешке алып, калкты, эки жакты теӊ апаат болуудан сактаган.

Биримдиктин булагы, ынтымактын данакери болгон Баркы атаны эли-журту бий шайлашкан. Ал калыстыгы менен калктын кадырлоосуна татып, бүтүндөй Талас өрөөнүнүн эли-журтуна, бара-бара кыргыз элине даӊазалана берген. Ичкилик кыргыздарда да калыстыгы, чынчылдыгы, ынтымакты бийик туткандыгы, келечекти көрө билген кеменгерлиги үчүн бааланган.

Биримдик, ынтымак — эркин жашоонун булагы, бейкутчулуктун шам чырагы, келечектин тиреги, өмүр ырахаты деп келген Баркы атанын осуяттары бүгүнкү күндө да өз ордунда! Албетте эли-журтубуз ак тилегинен ушул багытта. Эгемендүүлүккө ээ болгон чейрек кылым ичинде жетишкен ийгилигибиз арбын. Жаӊы доордун ачкычын табуу оӊойго турбаса да, табылгабыз жетишээрлик. Ашуулардан тайгылбай өтүп келебиз. Анткен менен узак жолубузда тоскоолдуктар көп болду. Аны биз жарышганыбыз менен калыс тарых жашырбайт. Урпактарга жеткирет. Башыбыздан эмнелер гана өткөн жок. Бул көп жоготууларга, бөгөттөргө алып келди. Буга эӊ биринчи себеп ынтымак менен биримдиктин ыдырашынан болгонун жашырбашыбыз керек. Бизге башка жактан кол салуулар болгон жок. Бүлүндүргүчтөр келген жок. Түшүнүп-түшүнбөгөн айрым демократтардын, ичи тар көралбастардын, өз көмөчүнө күл тарткан өзүмчүлдөрдүн, калктын келечеги менен кумар ойногондордун, элдин мүлкүн басып алып байыган жегичтердин, даража талашкан кемдердин, ушактан башы чыга албаган алсыздардын, бири-бирине кайраган жемкорлордун кошо таасири тийип жаткандай. Болбосо “Кыргыз” деген бир атадан тараган боордоштор ыпластыкка, кара санатайлыкка, көрпенделикке бармак эмес да. Биз ушул жагыбыздан аксап, али телчиге албай жатканыбызды танбаганыбыз абзел. Көрө албастык бул ооруу. Ынтымак менен биримдиктен тайышы келечегибиздин үзүл-кесилдиги. Ырыс, куттан ажыроо, сый-сыпаттын тайышы. Калысы көп болсо калк ырысы. Калк биримдигин сактап, Теӊирден келген шыпаа-ширектир. Аны булгаш ата безерлик — бузукулук деп келишкен аталар. Ага баа беришип, тооп кылышкан. Күн кечиришкен.

Бирок, ушул касиеттүү даана айтылган акыл-насааттар бүгүнкү күндө бизде кандай абалда, оорду барбы?

Албетте оорду бар, бирок маӊызы жок. Себеби, бизде аны “Оӊ-Солго”, “Түндүк-Түштүккө”, “өзөн-өзөнгө”, “уруу-урууга” бөлүнүүдөн кирдүү ойлор пайда болууда. Бири-бирине бут тосуулар, ишенбөөчүлүк, тукуруулар, жок жерден жалаа жабуулар, калкты тоноодон байыган куу чирендер келечегибизге кедергисин тийгизүүдө. Ушундай бөлүнүп жарылуудан улам биримдигибиз ооз учунан айтылганы менен негизи бүдөмүк. Тарых күүсүндөгү өткөн ата-бабалардын, аларга тете Баркы атанын “Ынтымак, биримдик” жолундагы калтырган көөнөргүс осуяттарын тереӊден түшүнүп, аны урпактарга жеткирүү менен эркин заманыбыздын — мамлекетибиздин келечегине дем болгонубуз зарыл.

Ал үчүн:

— Эӊ башкысы бөлүнүп жарылууларга жол бербөө үчүн кам көрүшүбүз керек.

— Калк ичиндеги айрым тескери ойлууларга, текеберлерге, бөөдө сөздүүлөргө, мыйзамсыз жыйындарды өткөрүп, калкка тынчтык бербегендерге жол бербөөгө.

— Аталардын калтырган осуяттарын жаштарга өз маанисинде жеткирүү үчүн ар тараптуу тарбия иштерин жүргүзүүгө.

— Кандай гана чиеленген маселе болбосун биримдикте, ынтымакта чечүүгө салымдарыбызды кошууга.

— Мамлекетибиздин гүлдөп өсүшү үчүн ынтымакты, биримдикти, бири-бирибизге туура түшүндүрүүлөрдү, калктын тынчтыгын сактоого бардык күч аракетибизди жумшоого бүтүндөй кыргыз журтчулугун чакырабыз!

Кайрылуу Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында Кыргызстандын аймактарынан келген өкүлдөрү катышкан жыйынында кабыл алынды.

Б.Чукотаев, «Айыл жарчысы» (Аймакпресс), № 4, 15.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.