Түркиядагы этникалык кыргыздар күйөө баланы 3 күн коноктошот

Маалыматтарга караганда, Түркияда божомол менен 10000 ге жакын кыргыз жашайт. Алардын көп бөлүгү Ванда, Улуу Памирде, калган бөлүгү Кония, Стамбул, Анкарадан орун алышкан. Ал эми ушул аймакта жайгашкан этникалык кыргыздар каада-салттарын, үрп-адаттарын, тилин сактап калышканбы? Аларда кайсыл салттар маанилүү? Түрк маданиятынын кайсы жактарын кабыл алышкан? Ушул суроолорго бул макаланын алкагында жооп издесек.

Алгач алардын тарыхына кайрыла турган болсок, 1979-жылы Совет бийлиги басып алгандан кийин кыргыздардын бир бөлүгү Афганистандын Памир тоолоруна барып жашaшат. Ошол кезде алардын башчысы Рахман Куту аксакалдар кеңешин топтойт. Кыргыздар тирүү калуу үчүн чечим кабыл алышып, алардын бир тобу коңшу өлкө Пакистанга кетишет.Тоолордо жашап көнгөн кыргыздар Пакистандын ысык климатына көнө албай, жада калса ал жакта 450 киши көз жумат. Ошол себептен алар Түркияга кеткенди чечишет. Пакистандагы Түрк элчилигинден жардам сурашып, 1982-жылы Кенен Эрвендин жардамы менен Түркияга келишет. Кыргыздарды Малатия жана Вандын ар кандай жерлерине таратат. Вандагы Алтындере (Altındere) айылы кыргыздын каалоосу менен Улуу Памир болуп өзгөрөт.

Ал эми Түркиялык кыргыздардын каада-салттары, үрп-адаттары, тили жөнүндө өзүңчө сөз кылууга болот. Улуу Памир айылында чоңойгон Нарун Жолдош этникалык кыргыздар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди: “Биз өз маданиятыбызды сактап калуу үчүн атайын ачылган ” Памир Маданият Үйрөтүү бирикмеси” чектелген шартта болсо да өз салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды сактап, башка улуттарга таанытканга аракет кылабыз.

Ошондой эле, ар жылы июнда Улуу Памир Кыргыз маданияты жөнүндө иш чара өткөрүлүп, анда Манас дастанын окуп, кол өнөрүн көрсөтүп, салттуу кийимдерди кийип өз маданиятыбызды башка элдерге көрсөтөбүз . Ошону менен бирге биздин маанилүү салттардан, ата оюнубуз болгон Улак тартыш оюнун бат-бат өткөрүп турабыз. Кол өнөрчүлүгүн да жаштарга үйрөткөнгө аракеттенебиз. Биздин кыштакта жашаган айыл тургундары, айыл чарба жана малчылык менен күн көрүшөт”.

Ошону менен бирге Стамбулда жашаган Жейда Асялы кыргыз тойлору кызык маалыматтарды айтып берди.

“Биздин тойлордо бизге түрктөрдөн келген тойдун алдында кыздын үйдө Кына жагуу кечеси өткөрүлөт. Анда кыздын курбулары келишип келинге жана өздөрүнүн колдоруна кына коюшат. Ал эми күйөө бала бойдоктук менен коштошуу кечесин достору менен чогуу өткөрөт. Андан кийин элди тойканага чакырып үлпөт тоюн өткөрөбүз. Той бүткөндөн кийин Манас айтып, күйөө баланы кыздын үйүнө алып барып, ар түрдүү тармактарды жасап, ага акча берип, 3 күн конок кылышат. Күйөө бала 1 ай же 1жумадан кийин келип кызды көчүрүп кетет.

Биздин кыргыздар бир той өткөрүү үчүн 5000 доллар тегерегинде акча каражатын сарпташат.

Ал эми тилибизге келсек, албетте биз бул жерде түрк тилинде окуганыбыз үчүн алардын тили бизге өз таасирин тийгизген. Бирок биз колдон келишинче кыргыз тилинде сүйлөгөнгө, тилибизди жоготпогонго арекет кылабыз. Ал эми жай мезгилинде биз Ванда Улуу Памирде эс алууга барып турабыз. Ал жакта өткөрүлгөн ар кандай иш чараларга катышып, кыргыздын улуттук кийимин кийип алып, биздин айылда жашаган башка улуттарга өз маданиятыбызды таанытабыз”.

ГулнораТожихонова, «Кабар» МА, 05.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.