Ак илбирстен мекен талашкан кабыландар

Жогорудагы сүрөттө Aк илбирстер менен кабыландар төрт миң метр бийиктикте, бир аймакты байырлап жашап жатканы тартылган.

Жартылыш коргоочулар Кытайдын Тибет аймагынан тартылган ак илбирс менен бул тукумдагы башка жер шартына ылайыкташып жашаган кабыландар аралашып жүргөнү чагылдырган сүрөттү жана тасманы көргөндөн кийин тынчсызданууларын билдирип чыгышты.

Климат жылуу болуп, негизинен төмөнүрөөк аймактардагы токойлуу жерлерди байырлаган кабыландар бийик тоолорго чыгып ак илбирс менен бир аймакта байырлап калуусунан иликтөөчүлөр кооптонуп жатышат. Непалда өткөн ак илбирстер боюнча жыйында так ушул маселе каралды.

Кытайдын Цинхай провинциясындагы улуттук паркта тартылган сүрөт жана тасмада ак илбирстер менен кабыландар төрт миң метр бийиктикте, бир аймакты байырлап жашап жатканы тартылган.

Кабыландар глобалдык жылуулуктан улам жогору карай жылып, Азиянын айрым бийик тоолуу аймактарын ээлеп баратышат.

Кабыландар глобалдык жылуулуктан улам жогору карай жылып, Азиянын айрым бийик тоолуу аймактарын ээлеп баратышат. Мындай абалдан улам ак илбирстер байырлаган аймактар кыскарып, жан багууда атаандаштык жаралып, алардын тукуму кыскарып, жок болуп кетүү коркунучу пайда болду.

Изилдөөчүлөр Непалда дагы ак илбирстер байырлаган бийик жерлерге кабыландар аралаша баштаган учурларына күбө болушканын айтып жатышат.

Ак илбирстер деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метр бийиктикке чейинки аймактарда жашашат.

Ак илбирстер жер шарынан тукуму кыскарып, жоголуп бараткан жапайы жаныбарлардын бири. Алар деңиз деңгээлинен бир нече миң метр бийиктиктеги Гималай жана Тибеттин бийик-аска-зоолорун байырлашып, жалпысы 12 өлкөнүн аймагында бар.

Анын ичинде Кыргызстанда да ак илбирстердин саны 280-300 деп айтылып жүрөт.

Климат жылуу болуп, негизинен төмөнүрөөк аймактардагы токойлуу жерлерди байырлаган кабыландар бийик тоолорго чыгып ак илбирс менен бир аймакта байырлап калуусунан иликтөөчүлөр кооптонуп жатышат.

«Азыркы учурда Кыргызстандагы ак илбирстер 280 ден 300гө чейин деген расмий маалыматтар бар. Ѳткөн кылымдын 70-80-жылдарында ак илбирстер өлкөнүн тоолуу аймактарынын бир топ жеринде кездешкен. Бирок соңку жылдары саны кыскарып, байырлаган аймактары Нарын, Ысык-Көл, соңку маалымат боюнча Алай тарапта ак илбирстер кездешет»,-дейт Эл аралык “Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо” программасынын катчылыгынын башчысы Кыял Алыгулова.

Анын айтымында учурда Кыргызстанды байырлаган ак илбирстердин саны кыскарып же көбөйүп кеткени тууралуу так сандарды айтуу кыйын. Бирок браконьерлер аткан учурлар бар экенин эске алганда, ак илбирстер санын көбөйдү деп айтууга да болбойт.

Ак илбирстер деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метр бийиктикке чейинки аймактарда жашашат. Браконьерлерди көп кызыктырган бул жарткыч жаныбардын териси абдан баалуу эсептелет.

Соңку иликтөөлөргө караганда 2008-жылдан бери дүйнө жүзүндө 221ден 450гө чейинки ак илбирстер адамдын колу менен өлтүрүлгөн. Браконьерчиликтин 90 пайызы беш өлкөгө таандык – Кытай, Монголия, Пакистан, Индия жана Тажикистан.

Айбек Абдылдаев, “Би-Би-Си Кыргыз кызматы”, 20.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.