Гулливердин сүйүүсү же Сыдыкбековдун анты

Түгөлбай Сыдыкбеков менен жубайы Асылгүл эженин өз ара мамилеси, өтө тереңге кеткен руханий тамыры жана бири-бирине күйө да, сүйө билгени – бул өзүнчө легенда десек аша чаппайбыз.

Биз, демейде, улуу инсан десе эле анын жасаган иштерин, аткарган кызматын, туулган жерин же алган сыйлыктарын эстей баштайт эмеспизби. Албетте, бул да маанилүү, бирок ошол улуу адамдардын адамдык нарк-насили, кишичилик сапаттары, ички турмушу, адамдык бейнеси же элеси өзүнчө чоң тема го.

Баарыбыз жатка билген, качан болсо тилибиздин учунда турган Касым Тыныстанов же Аалы Токомбаевди, Жусуп Абдрахманов же Баялы Исакеевди, Чыңгыз Айтматов же Алыкул Осмоновду эле алалычы. Биз алардын ички дүйнөсү, адамдык кайталангыс сапаттары тууралуу эмне билебиз? Билсек да өтө аз билебиз. Жазылган же оозеки айтылган аздыр-көптүр эскерүүлөрдү эсепке албаганда, алардын кыял-жоруктары, замандаштарына жасаган мамилеси, ички турмушу тууралуу жарытылуу маалыматтар дээрлик жок экен.

Экинчи бир маанилүү маселе, адам – бул тарых, доор деген нерсенин эң так жана эң даана күзгүсү эмеспи. Маселен, 19-кылымдагы европалык романтизм заманынын же же биздин эле кыргыз маданиятындагы «күмүш доордун» (60-70-жылдар) чыныгы жүзүн, портретин кантип аңдап-таанысак болот? Албетте, ошол доордо жашаган адамдардын кылык-жоругу, жүрүш-турушу, моралы, баалуулук системасы, күрөшү аркылуу. Ушул жагынан алып караганда атактуу жазуучу, кыргыз прозасынын чыныгы Гулливери – Түгөлбай Сыдыкбековдун адамдык бейнеси, кишичилик сапаттары, айрыкча үй-бүлө ичиндеги нарк-санаттары өткөн советтик доордун, керек болсо бир кездеги романтикалык мезгилдин кайталангыс күзгүсү сыяктуу туюлат.

Түгөлбай Сыдыкбеков

Түгөлбай Сыдыкбеков он эки роман, бир нече ыр китеп жазып, чыгармачылык жолунда баш-аягы 60ка жакын китеп чыгарыптыр. 85 жыл өмүр сүрүп, эгемен Кыргызстандын эң биринчи баатыры деген наамга жетип, эл атасы деген бейформал абройго ээ болуп жүрүп, дүйнөдөн өттү. Албетте, 85 жыл деген оңой өмүр эмес, бирок ошол жашка жетүү үчүн жаш кезинен эле кургак учук, башкача айтканда, туберкулез менен ооруп жүргөн Түкөбүз кандай аракетин жасап, кантип ошол жашка жетти?

Баса, Түкөбүздүн өзүнүн бир эскерүүсүндө жакын курдашы Алыкул Осмонов да өзү сыяктуу туберкулез менен ооруп, экөө жолуккан жерде бири-бирине арманын айтып, «мен биринчи кетем», «жок, мен сенден мурун тиги дүйнөгө кетем» деп муңдашып калышканын айтат. Бирок бактысы бар экен, Түгөлбай Сыдыкбеков 85 жыл өмүр сүрүп, 1997-жылы каза болду. Ошол эле турберкулез оору менен ооруган Алыкул Осмонов болгону 35 жыл жашап, 1950-жылы дүйнөдөн өттү. Эң кызыгы, Түгөлбай агадан «катуу оорудан кантип айыгып, кантип аман калдыңыз» деп сураганда, эки нерсенин четин чыгарганы бар. Биринчиси – илдеттен айыгууга жасаган абдан чоң аракети жана экинчиси – өмүрлүк жубайы Асылгүлдүн эмгеги экен. Ырас, Түкөбүз медиктердин ичинен бир гана профессор Абрам Львович Брудныйдын айткан – дегенин ар дайым сөзмө-сөз аткарганын эскерген жери бар. (Балким, ошол себептен чүрөктөй болгон кызы Динара нечен артынан көлөкөдөй ээрчип, бирок тике сөз айтканга даабаган кыргыз жигиттеринин бирине эмес, ошол профессордун уулу Аарон Абрамович Брудныйга – жашы улуу болгонуна карабай турмушка чыгып кеткен чыгаар?)

Түгөлбай Сыдыкбеков жубайы менен

Түгөлбай Сыдыкбеков менен Асылгүл эженин өз ара мамилеси, өтө тереңге кеткен руханий тамыры жана бири-бирине күйө да, сүйө билгени – бул өзүнчө легенда десек аша чаппайбыз. Ошол легенданын эң жеткен чеги – Түкө өзүнөн мурун кеткен жары Асылгүлдүн бейитинин башында сөз сүйлөп, ошол сөзүндө: «Мен үчүн нике кайып деген нерсе ушу менен бүттү, Асылгүлдүн ордун эми эч ким баспайт, эми мен бу дүйнөдөн сыңар өтөм» деп ант берип ийгени болгон. Ошондо Түгөлбай аганын жанында турган жазуучу курбу-курдаштары «Кой Түкө, антип айтпаңыз, жашоо деген бүтпөйт, эми өзүңүздү ойлоңуз, бала-чаканы ойлоңуз» дегендей кылганда, «жок, эми мага нике жок, андан көрө Асылгүлдүн жанынан мага да орун калтыргыла, өлсөм Асыкенин жанына жатам» деп болбой койгон дешет.

Ошондон кийин Түгөлбай Сыдыкбеков агабыз дагы бир таң кала турган ишти жасаганын Байтик айылында жашаган аксакалдар азыр да аңыз кылып айтып келишет. Жары Асылгүл жерге берилгенден кийин, Түгөлбай ага бейиттин жанына атайын чатыр тиктирип, ошол чатырда туура кырк күн конуп-түнөп жүргөн экен. Баса, Түкөбүзгө жайы­-кышы дебей кымыз берип баккан Асылгүл эжебиздин теги атактуу манап Канайга барып такалып, ошол Канайдан тараган дагы бир манап Өзүбектин чебереси болуп, кадимки Байтик Баатырдын жакын туугандарынан болгон. Асылгүл эжебиздин бейити азыр да ошол Өзүбек манаптын бейитинин жанында турат.

Тилекке каршы, Түгөлбай Сыдыкбеков агабыздан Асылгүл эже тууралуу жазып калтырган эскермелери өтө аз сакталып калыптыр. Ушул жагынан биз, кийинки урпактар, журналист жана жазуучу Тенти Орокчиевге терең ыраазы болушубуз керек го, себеби ал кыргыз радиосунун алтын казынасына жазып калтырган маектеринде Сыдыкбековдун ички турмушу тууралуу бир катар баа жеткис материалдар жана маалыматтар бар. Ошол радиомаектердин биринде Түкөбүз өмүрлүк жары Асылгүл тууралуу эки маанилүү эскерүүсүн калтырган экен. Биринчиси – Асылгүл эженин акылмандыгы жана адамда жок сабырдуулугу тууралуу эскерме.

– Бир жолу, деп эскерет жазуучу, Ысык-Ата курортуна эс алганы барып, кайра Фрунзени карай келатканда жаныма бир жаш келин отурду. Жолдо келатканда сөздөн сөз чыгып отуруп, тигил жаш келин бара турган жери алыс экенин, бирок Фрунзеге кеч жетсе, кай жерге төнөрүн билбей турганын айтат. Оюнда эч жаман нерсе жок Түгөлбай ага жаш келинге боору ачып, жүрөгой биздин үйгө түнөп кет деп, азыркы Москва көчөсүндөгү эки кабат үйүнө ээрчите келет. Бул эмне деген келин, кайдан сени ээрчип жүрөт деп такыгандын ордуна, Асылгүл эже эч нерседен шек чыгарбай, жылуу-жумшак мамиле менен тосуп, эртеси келинди жолго узатат. Асылгүлдүн чыныгы асылзат экенин ошондо бир билгемин деп эскерген экен Түгөлбай Сыдыкбеков агабыз.

Экинчи бир эстен кеткис эпизод мындай болуптур. Бир жолу Асылгүл эжебиздин жакын эле туугандарынын бири каза болот. Эжебиздин төркүндөрүнө көз көрсөтүшкө туура келет. Бирок жазып аткан китебинин кызыгына кирип калган Түгөлбай ага азыр эле бүтө салам деп отуруп, баягы иш таптакыр эсинен чыгып кетет. Ошондо Асылгүл эже эшикти бир гана жолу кыңырайта ачып, бирок кайра экинчи тынчын алган эмес экен. Таарынган-таарынбаганын да эч бир билгизбептир. Бирок ошондон көп жылдан кийин Түкөнүн өзүнүн жакын тууганы каза табат. Ага барышка жаңы камданып атканда, жазуучу дагы бир нерсени карай койоюн деп, ошол бойдон баарын унутуп, күн кечине айланат. Ошондо гана Асылгүл эже «мен баягында сага бекер эле таарыныпмын – сенде эки эмес, бир эле жүз бар тура» деп илгерки таарынчынын четин чыгарган экен. «Асылгүлдүн асылдыгын ошондо да бир билдим» деп эскерет Түгөлбай Сыдыкбеков агабыз.

Асылгүл эжеден кийин «Биздин замандын кишилеринин» автору чынында эч качан «төшөк жаңыртайын» деп ойлогон эмес. Улгайган чагында жалгыз калган Түгөлбай агага жердеши жана сырдашы Абдулхай Алдашев баштаган бир топ курбу-курдаштары бир эмес, бир нече жолу келип, картайганда кыйналасыз, эшиктен тосуп, этегиңизди жаба турган байбиче караштыралы дегенде, жазуучу «Асылгүл деген бу дүйнөдө мен үчүн бирөө гана, анын ордун эч ким баспайт» деп кайра жолго салган экен.

Түгөлбай ага 1997 – жылы кайтыш болду. Албетте, улуу жазуучуну акыркы жайына узатуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ошондо жазуучунун үй-бүлөсү Түгөлбай аганын акыркы каалоосу – сөөгүн Асылгүл эжебиздин жанына койгула деген керээзи болгону айтылды. Бирок мамлекеттик комиссия коомчулуктун пикиринен чочуп, ары кетип, бери кетип отуруп, жазуучуну Байтик айылына эмес, мамлекеттик Ала-Арча көрүстөнүнө коюуну чечет. Ошентип, Түгөлбай Сыдыкбеков өмүр бою ыйыктын ыйыгы катары туткан өмүрлүк жары Асылгүлдүн эмес, башка адамдардын жанына жатат…

Ооба, ошентип Түгөлбай ага менен Асылгүл эже эки башка жерге коюлду. Кара сөздүн Гулливери өзүнүн жандан артык көргөн айымы Мэринин (Мэри Бертон – Гулливер алптын келинчеги) жанына жатканга буйрук болбоптур. Тагдырдын жазганы, кудайдын буйругу деген ошо болсо керек го. Бирок«жалган дүйнө» эле эмес, «чын дүйнө» да деген бар экени туура болсо, анда ал экөө ошол жактан бири-бирин таап, кайрадан экөө баягы жаңы таанышкан кездегидей кол кармашып жетелешип, кайрадан чогуу жүрүшкөн чыгаар…

Түгөлбай Сыдыкбековдуни үй-бүлөлүк архивинен алынган сүрөттөрдү бул жерден көрсөңүз болот.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 25.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.