Быштак

Пайдасы жана курамы

Быштак – бул пайдалуу касиеттери күчөтүлгөн, а пайдасыз жактары жоготулган сүт. Андыктан, ал – жаш балдардын, карылардын, оорулуулардын организми үчүн эң пайдалуу азык. Ал булчуңдар жана сөөктөр үчүн “курулуш материалы” болуп саналат, боордун иштөөсүн, зат алмашууну жакшыртат, ошондой эле нерв системасын бекемдейт. Адистердин эсеби боюнча, ар бир адам бир жылдын ичинде 10 кг быштак жеп туруусу керек.

Энергетикалык баалуулугу: 100 грамм быштакта 90дон 230га чейинки ккал (майлуулугуна жараша). Быштак А, Е, Р, В2, В6, В12 витаминдерине, кальций туздарына, темир, натрий, магний, фтор, цинк, фосфорго бай. Ошондуктан, ал организмге жакшы сиңет. Кош бойлуу аялдар жана эмчек эмизген энелер үчүн быштак кальцийдин жана башка микроэлементтердин булагы болуп саналат. Аны балага да 5-7 айлыгынан баштап берүүгө болот.

 

Үй шартында жасоо

1-ыкма: Мискейге сүттү куюп, жылуу жерге бир сутка коюп коюңуз. Андан соң отко коюп, дээрлик кайнаганга чейин ысытыңыз да, бир нече кабат марля аркылуу сузуңуз. Марлянын оозун бууп, илип коюңуз. Астына коюлган марляга суусу толук сырыгып түшсүн. Сары суусун диеталык суусундук катары колдонсо болот. 3 литр сүттөн 300 граммдай быштак, 2 литрдей сары суу алынууга тийиш. Үйдө жасалган быштак дүкөндө сатылган быштакка караганда пайдалуу жана майлуу болот.

2-ыкма: Сүттү бышырып, 32-33 градуска чейин муздатасыз да, бир аз айран кошуп уютуп, жылуу жерге бир сутка коюп коёсуз. Пайда болгон айранды мискейи менен суу куюлган чоң мискейдин ичине саласыз. Тынымсыз аралаштыруу менен жай отто 35-40 градуска чейин ысытасыз. Натыйжада, айран быштакка айланат. Быштагын сузгуч менен сузуп, сары суусунан бөлүп аласыз.

 

Сактоо

Эсиңизде болсун, быштак тез бузулат. Анын негизги душманы – аба. Быштакты капкагы жабык эмаль же айнек идишке салып, муздаткычта сактаңыз. 0-8°С температурада эки күндөн ашык сакталбоого тийиш. Аны тоңдуруп сактоого да болот. Минус 35°С температурадан минус 18°Сге чейинки температурада быштак алты айга чейин бузулбай сакталат.

https://www.super.kg/ сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.