Өзгөн ашы (палоосу)

Керектелуучу азыктар:

200 гр. куйрук май, 1 кг. майлуу кой эти, 1 кг. сабиз, 1 кг. өзгөн күрүчү, 2 баш пияз, 1,5 литр суу, зире, туз.

 

Жасалуу ыкмасы:

Баарынан маанилүүсү, өзгөн күрүчүн базарда тандай билүү. Эгерде Бишкекте болсоңуз, өзгөндун күрүчүн тандап алуу бир аз татаал. Анткени көбү алдаганга аракет кылышат. Тааныштарыңыз бар болсо, күрүчтү өз мекенинен эле алдырткан оң. Бирок базардан тандайм десеңиз, күрүчтү алаканга салып, жакшылап экинчи алакан менен катуу сүрүп көрүңүз. Колуңузду ачканда, боёгу көп чыкпаган жана талкаланбаган болсо, күрүч мыкты! Ошондой эле, күрүчтү бир данегин тишиңиз менен сындырып көрүңүз, эгерде оңой сынса, жакшы аш чыкпайт!

Отту жагып, казанды асып, ал ысыганда, төрт бурчтуу кесилген куйрук майын саласыз. Ал толук эригенден кийин эт менен пиязды кууруйсуз. Артынан сабиз, эгерде базарда таба алсаңыз, сары сабиз менен өзгөн ашы даамдуу болот. Сабиз куурулгандан кийин сууну куясыз. Кайнап чыккандан жарым сааттай өткөн соң, ага чейин чыланган күрүчтү саласыз. Байкаңыз, эгерде күрүчтү жылуу сууга чыласаңыз, азыраак демдейсиз. Эгерде муздак сууга чыласаңыз, көпкө кармоого туура келет. Күрүчтү чылардан мурун ташын караганды унутпаңыз. Кайнаган сууга салынгандан кийин күрүчтү аралаштыра берген болбойт, суусу толугу менен тартылгандан кийин, табитинизге жараша сарымсакты да бүтүн кошо демдегенге болот. Аштын үстүн табак менен жаап, кийин капкагын бекемдеп, жарым сааттай отун ичкертесиз.

https://www.super.kg/ сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.