“Ыр дайра” поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Нурлан Калыбеков менен Рысбай Исаковдун чыгармачылыгына арналат.

Кече 2017-жылдын 17-ноябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Иш-чара саат 17.00дө башталат.

Нурлан Калыбеков республикалык жаштардын “Нурборбор” чыгармачылык бирикмесини жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты жана Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктарынын ээси. Ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган.

Н.Калыбековдун “Нур дүйнө” (1995-ж.), Ырлар жана поэма (1999-ж.), “Теңиринсан”( 2004-ж.), “Күнэл” ( 2007-ж. жамааттык жыйнак), “Сыр жарык” (2010-ж.), “Дервиш миров”( 2002-ж.), “Азия, все мы твои дети” (2000-ж. жамааттык жыйнак) китептери жарык көргөн. Ошондой эле Н.Калыбеков Мукагали Макатаевдин “Үч бакытым” (2000-ж.) жана Магжан Жумабаевдин “Теңир от” (2002-ж.) китептерин кыргызчага которгон.

Рысбай Исаков кыргыз элине таанымал манасчы жана акын. Ал республикалык жана эл аралык бир нече фестивалдардын жана сынактардын байгелүү орундарын жеңип алган. Атайын сурамжылоонун жыйынтыгында “Эң мыкты манасчы” наамына жеткен жана КР маданиятынын мыкты кызматкери. “Назар кайып” (2004-ж.), “Ырчыныны ыйы” (2009-ж.) деген чыгармалардын автору.

Р.Исаков 2014-жылы Кытайда өткөн биринчи эл аралык манасчылар мелдешинде биричи орунду жеңип алган. 2015-жылы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын “Искусство жана маданиятка кошкон салымы үчүн” төш белгисине ээ болгон.

Кеченин жүрүшүндө акындар ырларын окуп беришет жана алардын сөзүнө жазылган обондуу ырлар ырдалат.

Иш чараны белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.