“Буулуккан булуттар” поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Атахан Кожогулов жана Жыпаргүл Арыкованын чыгармачылыгына арналат.

Кече 2017-жылдын 26-январда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Иш-чара саат 17.00дө башталат.

Кожогулов Атахан Бейшеналиевич 1970-жылы Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. Кесиби журналист. Көп жылдардан бери Коомдук теле-радиокорпорациясынын “Замана” студиясында эмгектенип келе жатат. Ырлары мезгилдүү басма сөздө 1987-жылдан бери жарык көрө баштаган. Алгачкы “Көз мончок” аталган китеби 1998-жылы басылып чыккан. Акындын 2003-жылы “Деңиз муң”, 2008-жылы “ Чач агарткан чакырым”, 2017-жылы “Тоо тумар”, “Беш өрүм” ырлар жана поэмалар жыйнактары окурмандардын колуна тийген.

А.Кожогуловдун ырлары өзүнүн элпек ыргактары жана терең лирикалуулугу менен өзгөчөлөнөт. Анын эл ичинде кеңири ырдалып жүргөн «Махабатым», «Көз мончок», «Коштошуу», «Бир тууган үй» сыяктуу жыйырмадан ашуун ырларына композитор, обончулар К.Эралиева, Ш.Дүйшеналиев, Т.Бектенов обон жаратышкан.

А.Кожогулов 1995-жылы Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Арыкова Жыпаргүл да Кочкор районунда төрөлүп чоңойгон. Кесиби журналист, КР Жогорку Кеңешинин аппаратында, Коомдук теле-радиоберүү корпорациясында жооптуу кызматтарда иштеген. Ал 2007-жылдан бери Мамлекеттик кызматтын 3- класстагы кеңешчиси. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук теле-радио берүү компаниясынын “Жылдын мыкты журналисти” сыйлыгын женип алган. Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси.

«Жан муза» (2010), «Тордолгон асман» (2013) китептеринин автору. Ал чыгармачылыгындагы мыкты ийгиликтери үчүн Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын ээси болгон. Ж.Арыкова ырларында тунук сүйүүнү, өмүрдү даңазалаган акын. Анын “Сүйүүм сага аманат”, “Биз экөөбүз”, “Ынагым”, “Мен сени кайрадан сүйгүм келди” жана башка жыйырмага жакын ырларына композитор, обончулар А.Бөдөшев, С.Бейшекеев, А.Карымов, Р.Аманова тарабынан обондор жаралып, эл ичинде ырдалып жүрөт.

Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.