Манас Казакбаевдин “Класскому” азыр да актуалдуу

Башкы сүрөттө Манас Казакбаев. Осмон Уламсадыровдун жеке архивинен алынган фотосүрөт.

Манас Казакбаев – 60-жылдардын аягында адабиятка аралашкан муундун өкүлү. Бул кезде улут адабияты сапаттык жаңыланууну баштан кечирип, көркөм изденүүнүн иши жүрүшүп турган. М. Казакбаев алгач кыргыз окурмандарына акын катары таанылып, кийинчерээк кара сөзгө өтүп, бир топ аңгемелерди жарыялаган.

Алардын ичинен “Класском” аңгемеси – жазуучунун психологиялык кылдат деталдарга жөндөмдүү экенин көрсөткөн чыгарма. Таланттуу жазуучу капыс ажалга кабылбаганда дагы мыкты чыгармаларын жаратмак.

 

Өмүрдөн эрте көчкөн калемгердин табериги

1960-жылдардын аягында адабиятка келген муундун тагдыр-жолу бир чети кызыктуу, экинчи жагынан татаал, атүгүл кайгылуу болду. Тооруган ажал алардын бир тобун бул жашоодон эртелеп алып кетти. Манас Казакбаев, Табылды Муканов, Курбанбай Калдыбаев, Беганас Сартов, Аман Токтогулов, Турдалы Алыбаев…. Тизме ушинтип улана берет.

Мына ушул адабиятка бийик максат-мүдөө менен келген муундун арасындагы таланттуу акын жана прозачы Манас Казакбаевдин 25 жашында капыс ажалга кабылышы кандайынан келгенде да кайгылуу окуя. Кайриет, анын артында калган адабий мурасы авторунун атын өчүрбөй, адабият күйөрмандарынын эсинде сакталып, кези келгенде кепке алынып келатат.

Манас Казакбаев 1946-жылы Сузак районундагы Кыз-Көл айылында төрөлгөн. Көгарттын жайылган талаасынан тоого ыктай бергендеги бийик жон адырлар арасында анын балалыгы калган. Көңүлүнө тынчтык бербеген көркөм сөз ышкысы аны ошол кездеги башкалаа Фрунзедеги жападан-жалгыз кыргыз мамлекеттик университетине, жалаң “чымындуу” жаштар чогулчу филология факультетине алып келген. Бул жерде кыргыз, орус, дүйнөлүк адабияттын тарыхы менен теориясы окутулат, сөз өнөрүн аркалап келгендердин жөндөм-шыгы, чыгармачылык даремети сындан өтөт.

Манас Казакбаев. Осмон Уламсадыровдун архивинен алынган фотосүрөт.

“Жазуучу болом” дегендердин көбү өзүн тапканча убакыт билинбей өтүп, кыйласы сурөткер болбосо да көркөм сөз ышкыбозу катары калышат. Ошондой “электен” өтүп, жогорку билимге ээ болгондон кийинки кыргыз акын-жазуучуларынын дээрлик баарынын башына келчү тоскоолдуктар, шаардагы өп-чап турмуш, чиедей балдарды багуу милдети Манас аганын башына эртерэк түшкөн. Ошентип жумуш менен тиричилик түйшүгүнөн колу бошой калганда жазгандары кийин жупкадай жука китеп болуп авторунун көзү өткөн соң жарыкка чыкты. Бир тобу китеп болуп чыга элек. Антишке коомдук өзгөрүүлөр себепкер болду окшойт. Себеп дегенде заман оошуп, жагдай-шарт өзгөрүлүп, адабият тургай калкыбыз кашык-табагын таба албай калган кысталыш учур өтпөдүбү. Эми аз-аздан ал учур да артта калып, улуттук адабиятыбыздын мыкты үлгүлөрүнө, көөнөргүс баалуулуктарына кайрадан назар оодаруу зарылдыгы чыгууда.

Улут адабиятыбыздын айдыңында жаралган чакан эпикалык жанрдын мыкты үлгүлөрүнүн катарына Манас Казакбаевдин “Класском” аңгемеси кошулуп калганынын бир топ себеп-жагдайлары бар. Манас Казакбаев табиятынан көркөм сөзгө шыктуу, пенде дүйнөсүнүн ар кыл нюанстарын кылдат туйган лирик экенин, психологиялык деталдарды чебер кынаштыра алган кара сөз чебери экенин аңгемелеринде далилдей алды.

 

Дымактуулардын айылы

Ошол 60-жылдардын аягында ал өзү баштаган Орто-Сайдагы “адабий айылда” отуруп жазган “Класском” аңгемеси алгач “Кыргызстан пионери” гезитинде жарыяланган. Балдар гезитинин башкы редактору ал кезде атпай журтубузга таанымал кашкөй сынчы Камбаралы Бобулов болчу. Пионерлердин гезитине чыккан аңгеме кийин автордун жыйнагына кирип, мындан төрт жыл илгери “Жаңы Ала-Тоо” журналына Алым Токтомушевдин баш сөзү менен кайра басылды.

Жазуучу Чоюн Өмуралиев – 60-жылдардын аягында адабий процесске ыкчам аралашып кеткен ушул муундун жашоо-турмушун “ичтен” билген инсан.

– 60-жылдардын башында кыргыз адабиятына жоон топ акындар келбедиби. Рамис Рыскулов, Омор Султанов баштап, бул бир муун. Анан буларды улаган экинчи “ини муун” келген. Ошонун ичинде ушу Манас Казакбаев, Роза Мукашева, Табылды Муканов, Алым Токтомушев, Роза Карагулова, Беганас Сартов – булар өзүнчө бир муун.

Мен Манас Казакбаевди акын катары билет элем. Турмушта басмырт жүргөн, көп ачыла бербеген, өзүнүн сырдуу дүйнөсү бар жигит болчу. Ал кезде акындардын баары эркин формада “ак ыр” деп ушул жакка жапырт ат коюп кирген кез эле. А бирок Манас баягы эле салттуу ырларды жазчу. Анан ошол форманы бир топ жаңыртып ийген. Бардык жагынан алганда, мунун поэзиясы өз мезгили үчүн кыйла жаңы эле. Бирок бир нерсе – ошол кезде биз, окурмандар, жаңы поэзия деп эркин ырчыларды, ак ырчыларды көбүрөөк эш тутуп, ошол салттуу формада жазган акындарга учурунда көп маани бербей калганбыз. Алардын арасында Тургунбай Эргешов, Манас Казакбаев, дагы ушундай акындар бар эле. Мына эми кийинки мезгил аралыгынан карап отурсак, шыңгыраган таза жан дүйнөлөрү менен келген кайталангыс акындар экен. Мына ошондой акындардын бири болчу Манас Казакбаев.

Анан ал кезде турмуштун оорчулугу бар эле. Айылдан шаарга келгендер батирде жашачу. Турмуштун кыйынчылыгын көп эле тартышкан. Ошол кезде Манас Казакбаев, Беганас Сартов, Аман Токтогуловдор кичине кепе там салып алышкан. Ал жерди “Нахаловка” деп коюшчу. Ошондой жерде турчу. Турмушта өз дүйнөсү менен жүргөндөй көрүнчү. Кийин анын кайгылуу өлүмгө туш келгенин көрүп баарыбыз эле таң калдык. Биз үчүн акылга сыйбаган иш болду. Манас өз мезгилиндеги кайталангыс акындардан болчу. Муну көтөрүш керек.

Ошол 60-жылдардын ортосунда келген акындарын бир даары өтүп кетти. Буларга адабият деген ыйык нерсе эле. Жазуучулар союзуна өтпөй калуу жеке трагедия катары кабыл алынчу. Ушундай бир өзгөчөлүү муун өтүп кетти. Алар тууралуу айтыш керек. Арасында Манас бар эле. Азыр ошол муундун ичинен Роза Мукашева жазбай кетти. Сагын Акматбеков өзүн сактап калды. Анан Асан Жакшылыков, Анатай Өмүрканов иштеп атышат. Калгандарынын баары эле өтүп кетти. Укмуш бир чоң таланттар эле.

 

“Эмдигиче болсоңор эмнени айтмак элеңер?!”

Бишкектин түштүк жагындагы Орто-Сай “адабий айылын” арадан кыйла жылдар өткөндөн кийин Алым Токтомушев эскерди, баш калаада кенен үйү жок кыргыз интеллигенциясынын ошол чакан айылында жазылган “Класском” аңгемесине да эң бийик бааны дүйнөлүк адабиятты мыкты билген агабыз өзү берди. Алым Токтомушев минтип жазган:

“Ошол “мен”, “мендердин ичинде Манас бар эле. Эсимен өчпөсө, ал жерге Манас биринчи конгон. Анан калган филфакты ээрчитип келген. Ошондой жан эле: отунду да, катынды да баарынан мурда алды. Баарынан мурда балалуу-чакалуу болду. Баарынан мурда 25 жашында өлдү. Негедир табышмактуу өлүм тапты. “Мен”, “мендердин” бир даарын артынан ээрчите кетти: досторубуз – Беганас Сартовду 33 жашында, Табылды Муканов менен Тургунбай Эргешовду 35 жашында, Камбаралы Ботояровду 45, Аман Токтогуловду 48 жашында. О, айраңдар, кайрандар! Эмдигиче болсоңор эмнени айтмак элеңер?!”

Алым Токтомушевдин күйгөнүнчө бар. Бир убакта адабиятка бийик дымак менен баш баккандардын көбү жаштайында жайрап, алардын чыгармачылыгы тууралуу минтип өткөн чак аркылуу кеп кылып калбадыкпы. Адабий журналга, андан “РухЭш” сайтына, социалдык тармакка кенен жайылган “Класском” аңгемесинин “экинчи өмүрү” ошентип жаңы кылымда башталды. Чыныгы адабият өзүнө жолду ушинтип маалы келгенде таап алат экен. Муну Манас Казакбаевдин “Класском” аңгемесинин таржымалы деле ырастап бере алат. “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин баамында, “Класскомдо” азыркы замандагы эле мансапкордун, бийлик дегенде жантыгынан жата калчу аткаминердин образы кемелине келтире сүрөттөлгөн.

– Кыргыз адабиятынан үлгү болор чыгармаларды изилдеп, тандай келгенде мындай аңгемелер өтө сейрек учурайт. “Класском” аңгемесин “РухЭш” сайтына жарыялаганда автордун чеберчилигине таң бергем. Сөз менен иштөөсү, чыгарманын концепциясы, финалдык чечилиш –баары кызык. Жолой класскомдуктан түшүп калат, айыбы ачылып калат. “Тигиге алма бердим, буга муну бердим” деген “эсеп-кысап дептери” агайдын колуна түшүп, баары ачыкка чыгып калып атпайбы. Бала шылкыйып мектептен чыгып баратып: “Эмне кылыш керек?” деген суроого кабылат. Ошол Жолойлордун заманы азыр деле бар. Чыгарманын өлбөс-өчпөстүгү – кийинкилерге суроо таштап коюшунда.

 

Алманын артына жашынган бийлик

Аңгемедеги негизги идея бир гана ойго – болочок класскомдун -“башкарманын”, көпчүлүктү амал менен бийлечү кыйды аткаминердин аракет-кыймылына бурулган. Үч жыл катары менен классташтарын башкарып келген Жолойдун төртүнчү ирет бийликке келиши тоскоолдукка кабылды. Мугалими бул ирет жалгыз Жолой эмес, мыкты окуган башка балдарды кошуп, шайлоону азыркы тил менен айтканда “альтернативдик” негизде өткөрүүнү чечет.

“Азыр силер көрсөткөн эки-үч окуучуну “ушулар класском болууга көпчүлүк тарабынан сунуш кылынды” деп тизмеге жазалы. Бир-эки жума өткөндөн кийин атайын ушул маселе боюнча класстык чогулуш чакырып, шайлайбыз. Ал мындайча болот: ар кимиң өз алдыңарча алакандай кагазга класскомдукка көрсөтүлгөн окуучунун бирөөнүн фамилиясын жазасыңар да, аны бүктөп, мен отурган столдун алдына алып келесиңер. Анан бардыгыңардын көз алдыңарда иш чечилет. Кимде-ким жашыруун добушка көп ээ болсо, ал – класском”.

Мына ушундан кийин Жолойдун журуш-турушу өзгөрөт. Сабагын мыкты окуп, сабакта “мен, агай, мен” деп колун көтөргөнү көтөргөн. Классташтары менен мамилени чыңдаш учүн атайын дептер ачып, ага “Арифметика” деген шарттуу ат коюп, шайлоого тымызын даярдык иштерин баштайт. Сабакка келатканда үйдөгү апорт алмалардан толтура салып алат, аны классташтарына таратат.

“- Биздин алмабыз быйыл да жакшы байлады. Шактары ийилип, жерге тийип турат. Курт деген түшкөн жок. Атам аларды этияттык менен үзүп алып, кышка сактайбыз деп атат. Мен кышында да алма алып келип жеймин. – Анан сурагандардын көңүлүн калтырбай бирден бере баштайт.”

Аңгемеде кичинекей, болгондо да төртүнчү класс окуучусунун кандай амал-арга менен бийликке жеткени, класстагы балдардын үстүнөн “чоң” болгондон кийинки кескин өзгөрүшү, соңунда жашырын амалы билинип калып “кызматтан түшүп” калышы – мунун баары кылдат психологиялык деталдардын жардамы менен ынанымдуу берилет. Окурмандын көз алдында чыгармада сүрөттөлгөн балдар турмушу кадимки эле чоңдордун көшөгө артындагы “саясий оюндарын” эске салып иет. Жазуучунун чеберчилиги – ушул жөнөкөй турмуштук көрүнүштөн үлкөн идеяны, жекеликтен жалпылык философиясын алып чыкканында.

Манас Казакбаев менен чогуу окуган классташтарынын айтуусунда, ал сабакты мыкты окуган, адабиятка кичинесинен эле кызыккан. Анын айылдашы Тажибай Күчүкбаев ал бала кезинде эле адабий китептерди калтырбай окуган зээндүү бала болгонун эскерет.

– Атасы Казакбай аке партиялык кызматкер эле. Апасы Бообек эже колхозчу болчу. Колхоздо иштеп жүргөн кезинде көп жомокторду айтат эле. Ошолордон таалим алганбы – муну мен биле албайм. Өзү жашынан эле адабиятка кызыгып, сүрөт тартып, чыгармачылыкка көңүлдү көбүрөөк бурат эле. Окууну бүтүп келгенде эле ыр жаза баштаган. Китеби чыга турган убакта өмүрү кыска экен, өтүп кетти. Болбосо эмгиче канча китептери чыгат эле. Тамсилдери чыгат эле, тамсил жазчу. Каза болгондон кийин кичинекей китеби чыккан. Ошол китебин мен үйгө алып келип окугам. Кийин жоготуп ийдим, бирөө уурдап кетиптир. Абдан кызыктуу эле. Айылда эми аны эстейбиз, чогулуп отурган жерде кеп кылабыз. Манас жөнүндө сөз айтылат, кылык-жоруктары айтылат. Чыгармаларын окугандар чыгармасын айтышат.

Кыргыз совет адабиятынын “алтын доору” эсептелген 60-жылдардын элеси алыста калып баратат. Социализм заманында калем кармагандын баки-жогун чектеп, жазгандарын кадалып текшерип турчу “цензура” жоюлуп, толук дегидей чыгармачылык эркиндик келди. Жазуучулук, китеп чыгаруу баштагыдай саналуу гана калемгерлердин энчисиндеги иштен калып, басма иши болуп көрбөгөндөй арбыды. Бир өкүнткөн жагдай – башта окуганга караганда укканды жакшы көргөн калктын суйдаң окурманы маалымат каражаттары көбөйгөн чакта абдан эле азайып кеткени. А бирок улут адабиятыбыздын мыкты үлгүлөрүн, чакан эпикалык жанрдын мезгил сынына бой бербес классикалык чыгармаларын окуп, билип коюш билимдүү калктын айныксыз милдети болуш керек. Манас Казакбаевдин “Класском” аңгемесинин кайрылып келиши ушуну ырастайт. Аңгемеде сүрөттөлгөн заман унутта калганы менен, автор алдыга жайган идеянын өңү өчпөй, маани-мазмунун жоготпой келатат.

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 29.01.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.