Жыргаткан казак сага катын бербейт, / Жыгылып жаткан кезде жыланыңыз…

1993 — жылы Бишкекте, кеч күздө кыргыз-казак айтышы өттү. Айтыш үч күнгө созулуп, үчүнчү күнү элдин санын көбөйтүш үчүн солдаттарды отургузуп койгон экенбиз, кадимки Сүйүнбайдын чөбүрөсү, ал кезде 26 жаштагы Эрмек Жуматаев деген казактын жаш акыны ошону согуп жатат:

Сүйүнбай атам келгенде,
Кыз берип кыргыз сыйлаган,
Эми, Эрмек уулу келгенде,
Солдатын кыргыз жыйнаган,
Санаамда сырын табалбай,
Сабыркап жаным кыйналам.

Анан калса «байлап кетчүдөй» болуп солдаттарыбыз филармониянын алды-артын бербей отуруп алышыптыр. Дегеле ошол айтышта казак акындары «камдуу» келишкенби үстөмөндөтө ырдап, биздин Ашыраалы, Тууганбай, Орозбек өңдүү аттын кашкасындай таанымал акындарыбыздын шаштысын алып турушту. Элена Абдыкалыкова деген болугунан келип болукшуп турган казактын «сууруп салма» кызына биздин улуу-кичүү төкмөлөрүбүздүн кез-келгени эле жүрөктөрүн «сууруп» чаап жатып калышты эле делбиреген Элена секин гана:

Ашыкем аялдыкка алам деди,
Орозбек калгың мында багам деди.
Конокту жөнү менен сыйлай албас,
Кыргыздар дастүрлөрүң жаманбы эди
,- деген бир ооз ыры менен анда олтурган жалпыбызды жайлап түшкөн. Ал кезде жаңы чыгып келаткан Абдылда Нуралиев да «өппөй кантип калайын» деп өрөпкүп жөнөгөндө:

Казак кызын өпкөндү не кыласың,
Кыргыздар ээ болгула кыздарыңа
,- деп демибизди сууткан болчу. Айтыш кызыганда биздин Ашыкебиз «казактан аял алчумун» деп эле маселени кабыргасынан коюп калбаспы…Жарыктык киши тимеле өткөрүп койгонсуп доолап жатып алганда Эсенгул Жакыпбеков деген казак акынынын Ашкебизге берген каймана жообуна кийин далайларыбыз күлүп да, күйүп да жүрбөдүкпү. Түгөнгүр Эсенгулдун түрмөгүнөн бир шиңгил келтирейин:

Ашыке,
Каскырдай тишиңизди кайрадыңыз,
Казактан катын бер деп сайрадыңыз,
Казак сага каадалуу катын бербейт,
Калган кезде түгөнүп айраныңыз.

Алтымыштын ар жагы курагыңыз,
Айлантып аял жагын сурадыңыз,
Жыргаткан казак сага катын бербейт,
Жыгылып жаткан кезде жыланыңыз…

Казактын ушул Эсенгул акынына чоңколуктан Тууганбай түттү окшойт ошол айтышта. Анын сөзүнө жараша:

Тууганбай чындап асылса,
Тура албай калба катарга,
Убайды үйүп башыңа,
Уктабай калба жатарда,
Түбүң деги казакпы ?..
Түшүнбөй турам өзүңө,
Түспөлүң окшош татарга
… деди эле. Эсенгул акын чыны менен эжигейдей сары неме экен. Таамай жоопко тамшана кол чапсак дагы, бир даарыбыз омоктуу неме экен «оодарып» кетпегей эле деп турдук. Биздин Орозбек Кутманалиевдин төкмөлүк өнөрүн ошондо көрүп «оозум ачылган» жайы бар. Кайран киши киного тартылып, артисттик жагына алаксып кетпегенде төкмөлүк өнөрдүн төрүндө болмок экен. Ошол айтыш тууралу ал кездеги «Бишкек шамы» газетасына жазган («Тууганбай чындап асылса, тура албай калба катарга» «Бишкек шамы» октябрь. 1993-ж) макаламда Орозбек төкмөбүзгө арнап төмөнкүдөй жазган экемин:

Акын экен Орозбек,
Айтышта даана көрүндү,
Ак жаандай ыр менен,
Ачып койду көңүлдү,
Казактан келген балдарды,
Катары менен сынады,
Камчыдай тийген сөздөргө,
Калыңдыгынан чыдады.
Орозбек кайда жүргөн деп,
Ошондо түштүк арманга,
Осмонкул болмок экенсиз,
Орозкул болбой калганда.

Айтыш жүрүп жатканда кадимки Эстекебиз филармонияны көркүнө чыгарып «бакжайып» басып жүрдү. Эмнегедир айтышка түшкөн жок. Көпчүлүгүбүздүн качан чыгат деген үмүтүбүз акталбай арманда калганбыз. Күйгөнүмдөн ошол макаламда ал кишини да «шилтей» кетиптирмин.

Акындыгың билчүбүз,
Атпай кыргыз сүйчүбүз,
Айтышка түшсө Эстеке,
Алдырбайт деп жүрчүбүз.

Капырай,
Калк алдында айтыштан,
Качтыңызбы Эстеке?!
Каргадай казак балдардан
Шаштыңызбы Эстеке?!

Эми,
Чоңдору келсе казактын,
Эстекем, чоочубай жолун тособу,
Же, айлына кире качабы?
Айта албай турам ошону.

Азыр ойлосом кыргыз-казактын «баш» акыны эмесминби дегенсип баа-баркын карманса керек Эстекебиз. Айтыштын көркүн сөз башында учкай айтканымдай Эрмек Жуматаев ачып турду. Жаштык, курчтук, таман алдынан сөз тапкычтыгы менен биздин Эл акындарыбызды «ээрден» эңип кетчүдөй кудуретин байката алган эле. Ошол макаламда:

Эгейден келген Эрмегим,
Элимден сендей көрбөдүм.
Эң түшүнгөн кишиге,
Эч кимге байге бербедиң.
Табылдыны талкалап,
Тууганбайды тушадың.
Оң келгенди оңдурбас,
Оозуңда экен бычагың.
Эттей туурап жеймин деп,
Орозбек кылды кусурду.
Тууралып өзү калаарда,
Тура качып кутулду.
Эрмек сага дабаа жок,
Элесең сөзүң куюндай.
Эки элге кайра келгенби,
Эртеги өткөн Сүйүнбай…
деп жаздым эле.

Ал айтышта баш байге «Ак боз» атты Тууганбай ырчыбыз татыктуу алып, филорманиянын сахнасында жетелеп турду. Эрмек эмне алганы эсимде калбаптыр. Ал эми Манастан «Түктүү таман Түкүбай менен Эр Агыштын күрөшкөнүн» айтып жатып Баянгалы Алимжанов деген казак акыны төө алды. Манас айткан казакты биринчи көрүшүм. ( Кийин тегин териштирсек түбү Көкчө -Тоолук кыргыз болуп чыкпаспы) . Өлөңүн баштаарда өкүрүп алмай адатын байкап адегенде таң калып да, айрымдары күлүп да отурган көпчүлүк, Баянгалый түшкүрүң баягы «кара жинин» Манаска салып, кып-кыргызча күпүлдөтө соккондо андагы эл кыйкырып сүрөп, филармониянын ичин үч көтөрүп кетишпесби…Айтышка келишкен казактын жаш акындарын, Элена өңдүү кыздарын көрүп:

Өркөнүң өскүр Элена,
Өлөңүң угуп эридим,
Өзүңдөй бизде кыздар жок,
Өрттөнүп өзөк кейидим…
деп өкүттө калдым эле . Кудайга шүгүр, кийинки кездерде Саргашка, Элмирбек, Жеңишбек, Шекербек, Аалы, Азамат өңдүү «казакка каш кайтараар» жаштарыбыз, жакшы обончу, мыкты төкмө Майра келинибиз таптаган кыздарыбыз өсүп чыгып, айтыш өнөрүнүн күйөрманы катары санаам тынчыгансып калды. Анткени, кыргыздын төкмөлүк өнөрүнө баа берчү да, барктай алчу да, домбурасын «дүмбүрлөтүп» атаандаша агылып-төгүлүп айтышка түшчү да ааламдагы жападан жалгыз эл ушул апыраңдаган казак боордошторубуз. Башка кайсы эл менен айтышмак элек. Кимге өнөрүбүздү сынатмак элек. Өзүбек айтышка түшүптүр дегенди өмүрү уккан эмесмин… Айта кетүүчү нерсе бүгүнкү күндө казак туугандарыбыз «айтыс» өнөрүн атты айтпайлы, төөгө мингизип алышты. Аманжол Елтаев, Айбек Калиев, Балгынбек Имашев өңдүү «киттери» өсүп чыкты. Үчөө тең жогорку окуу жайларынын окутуучулары. Интеллектиси бийик «айтышгерлер» болгондуктан дайыма улуттук масштабдагы көйгөйлөрдү, ойго салчу темаларды ортого ташташат. Балгынбектен бир айтышынан, бир мисал:

Уйгур-түрк эл-жериңди ээлеп алып,
Ууртун казак берген майга малып,
Капкандай кысып барат белиңди улам,
Казагым жашамаксың кайда барып ?!
Айга учуп кетем десең «Байкоңурдан»
Аны да орус жатат пайдаланып…

Кеп маанисин майдалап отурбайын. Мынча болду Айбек Калиев акындын казактагы тил маселесине тийиштирип айтканынан бир үзүм келтирейин:

Казактар тили чыкпас жаш балага,
Ит аяктан аш куюп беришчү экен…
Азыр да, ошол салтка келүү керек,
Казакча тил билбеген депутатка,
Ит аяктан аш куюп берүү керек.

Ал эми, учурдагы казактын «баш» акыны Даулеткерей Кап уулу деле бирөөгө тизгин берейин деген ою жоктой. Жогоруда мен «шыпшынуу» менен айтып өткөн Эрмек Жуматаев булардын жанында шоона эшпей калганы качан. Демек, биздин жаш төкмөлөрүбүздүн алдында дагы далай «ак кар, көк муз» ашуулар тургандыгын белгилей кетейин.

Төөдөн өтүп

Казактын Нурлан Мусаев, Тилеген Эдилов деген эки “чычымы” айтышып жатат. Тилеген олбурлуу, анча-мынча сөз кыябын байкабаган жигит экен, анысын илип алган Нурлан акын ”сыйырдын мүйүзүндөй” калдаясың деп сыйрып келип согуп жатат:

Катуу чочуп кеткенде төө куш байкуш,
Карайлап кумга башын тыгат экен,
Өз башын кумга тыгып көрбөй калып,
Өзгөнү да көрбөйт деп турат экен.
Төө боюна ишенген азаматтан,
Төө куштай аңкоолор көп чыгат экен
,-десе

Төлөгөн Эдилов:

Сен мени уйга окшотуп уйпаладың,
Уялбай уу тилиңе куйкаладың,
Анан да төөгө окшотуп төбөлөдүң,
Акын элем сыймыктуу эңкейбеген,
Алты алаштын алдында тебеледиң.
Буулуктуруп барасың балакайым,
Бууранын таманындай бул кол менен,
Бурулуп берип калсам көрөөр эдиң
,-деп жашы улуурак экен чычалап калды.

Нурлан Мусаев:

Кантип эле уй дейин сайгак тийген,
Кантип эле төө дейин айдап минген,
Кейитпей сөз маанисин түшүнүңүз,
Келтирген мисалым ал бир “ак” коюп
Казактын каймана айткан сөзүн билбей,
Төөдөн өтүп кеттиң го жираф болуп
,-деп чоксуз күйгүзбөдүбү.

Темирбек Алымбеков, “Алас”, 08.02.2007-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий