Айтыке менен Чоңдунун айтышы

Жумгалда (1816-1887 ж.) Айттыке деген алп манасчы, “ак таңдай акын Айтыке” аталган, акын, комузчу өткөн экен.

Айтыке Калыгулдан 31 жаш кичүү, Арстанбектен 24 жаш улуу болуп, Жеңижок 31 жашка, Молдо Кылыч 10 жашка чыкканда бул жарыктан көзү өткен экен. Айтыке зор талант болуп турганда Токтогул, Тоголок Молдо, Эшманбет кыл мурут кези болуп, акындык өнөргө жаңы кадам таштаган кез болуптур. Кийинки муундун залкарлары Калык, Осмонул, Алымкул, Барпы жана башкалар, Айтыкенин көзү өткөндөн кийин бул жарыкка келишиптир. Калыгыл менен Айтыке эл аралап, уруу чабыштарынын кесепетин айгинелеп, элди ынтымакка чакырып ырдашкан экен. Айтыке тууралуу Токтогул, Тоголок Молдо, Калмырза акындардын ырларында айтылган.

Айтыкенин даңкы Арка, Анжиян элине угулуп, эл ичинде аңыз болуп айтыла баштаганда Таластагы «кытай» уруусунан чыккан, ал кезде кунан, бышты сыңары учуп-күйүп турган, Чоңду акын атайын Айтыкеге жолукканы Жумгалга барып, үйүнөн таппай жолуга албай, бир айылда Манас айтып жаткан жеринен үстүнөн чыгат.

Ошондо Айтыке Таластан атайы издеп келген Чоңдунун сырын, шыгын тартыш үчүн минтип ырдаптыр:

Жумуру тойбой Жумгалга,
Жумаланган сен кимсиң
Жылкы сойгон касаптай,
Шымаланган сен кимсиң.
Аксакалды сыйлабай,
Думаланган сен кимсиң.
Манас айтып бакылдап,
Дубаланган сен кимсиң.
Эл журтунан ажырап,
Кубаланган сен кимсиң.
Акын болсоң тартынбай,
Агаңа салам айтып жүр.
Жалгыз ырчы мен дебей,
Тизгиниңди тартып жүр.
Бөтөн элге келгенде,
Аты-жөнүң айтып жүр,
Эл четине келгенде,
Эсендикти айтып жүр.
Эптеп таап олжо алсаң,
Сыйың менен кайтып жүр.
Көк наалы кылып тартып жүр.
Сыйды билген адамдын,
Каймагын алып кайпып жүр.
Кенен элге туш келсең,
Кай болуп калкып жүр.
Сырды билген кишиге,
Сырыңды айтып чалкып жүр.
Күйөрман жолдош табылса,
Күмүштөй эрип балкып жүр.
Өнөрлүү болсоң чын эле,
Өзөгүңө сактабай,
Өрөндүү эле тартып жүр.
Акын болсоң ак таңдай,
Алкымыңа сактабай,
Алтын сөздөн чачып жүр.
Аталардан асыл сөз,
Санжыргалуу санат сөз,
Нар көтөргүз насаат сөз
Көкүрөккө түйүп жүр.
Комузуң толгоп бир кайрып,
Андан кийин, баатырым,
Айтышаарга билек түр.
Жүздүн көркү көз болот,
Көздүн көркү кош карек,
Айтыдан сага не керек.
Тилдин көркү сөз болот.
Мамиле кылчу адамга,
Мааниси бар сый болот.
Көзүмө тике карачы,
Оюңду бир аз билейин,
Кызыл тилди сабап көр,
Кастарлап элиң сыйлаган
Сөз кадырын билейин.
Топонун айтпай бүрүн айт,
Түркүн сөздүн гүлүн айт,
Мүдүрүлүп, сүрдөбөй,
Нарктуу сөздүн түрүн айт, — дегенде, тааныбастык кылып олдоксон учурашканына уялып калат да, Чоңду минтип жамгырдай төгүп учурашуу ырын айтат:

Нарындын суусун бойлогон,
Чабак уруп ойногон,
Манас айтып көп элге,
Ак Жолборстой жойлогон,
Айтыке абам аманбы,
Азыраак кетти кемчилик,
Азыр айтам саламды.
Жер кыдырып издесем,
Деги сиздей табамбы?
Жайын угуп тосуп ал,
Таластан келген балаңды.
Күнгөй жагы Тынымдар,
Күйөөлөткөн абамды.
Баш-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл
Көлүң аман барсыңбы!
Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы,
Кара-Кужур кең жайлоо
Төрүң аман барсыңбы?
Алты айры Бугу, Сарбагыш,
Калың Солто, Азыктар,
Адигине, Жетиген,
Аралашып жашаган,
Элим аман барсыңбы?.
Кочкор Жумгал кош айрык,
Жерим аман барсыңбы?
Карыяны баш кылган,
Кейиген көздү жаш кылган.
Касиеттүү карылар,
Миң кушту каргап таш кылган.
Жайчылары бар дешет,
Ак жайдын күнүн кыш кылган.
Бетеге шыбак карагай,
Эсен жанды мас кылган,
Чөбүң аман барсыңбы?
Айланайын Таластын
Жарымы жалган болсо да,
Жарымына барабар,
Үчтөн бирге чамаалар.
Тентидим десем бу жерде,
Четинен чыгып табаалар.
Саяк, Черик, Моңолдор,
Элиң аман барсыңбы?
Көк ирим Нарын көк дайра,
Сууң аман барсыңбы?
Кечээ казактын колун токтоткон,
Тууң аман барсыңбы?
Абаке, комузду кайрып бурадың,
Жөнүмдү менин сурадың.
Жөнүмдү айтып берейин,
Тентигенге окшобой,
Элимди айтып берейин.
Жерсиз киши окшобой,
Жеримди айтып берейин.
Аны айтып бүткөн соң,
Чоң саламга келейин.
Жерибиз болот кең Талас
Атабыз болот зор Манас,
Айтып угуп отурсаң
Ай менен Күнгө чамаалаш.
Айчүрөк учкан ал жерден
Ак булут менен аралаш.
Кошой өткөн ал жерден,
Боз айгырын жулкунтуп.
Бакай өткөн ал жерде,
Бөрү ичигин кулпунтуп.
Семетей өткөн ал жерде
Сейтекке берип кезегин.
Калмактардын Коңурбай ,
Алардан алган эсебин.
Каныкей өткөн ал жерде,
Кара чачын чорт түйүп, .
Кабагын түйүп караса,
Каарынан от күйүп,
Касиеттүү Таласка.
Манастын сөөгү коюлган,
Жалаң күмбөзүнүн кышына
Канча миң эркеч союлган.
Майына кыш бышырып
Эти менен тоюнган.
Мен ошондой жерден келгемин
Ошондой элден келгемин.
Касиетүү Жумгалда,
Айтыке абам бар деген!
Анча-мынча адамдар
Бир көрүүгө зар деген.
Уккан-көргөн карылар,
Ошондон үлгү ал деген.
Кетенчиктеп тартынбай,
Атка камчы сал деген.
Нуска сөзүн үйрөнүп,
Кумарга бир кан деген.
Манас айтып отурса
Сөзү шекер бал деген.
Семетей, Сейтек, Манасты
Бүтүн айткан жан деген.
Айтыкеңдин сөзүнөн
Чыйралып жанып жан деген.
Жумгалда барк-кадырлуу,
Салмагы алтын-зал деген.
Каскың келсе ыр кенин,
Айтыкеңе бар деген.
Оозунан май кетпей,
Жегени казы-жал деген.
Жумгалга барып ырымдап,
Кешигин ичип ал деген.
Айтыке сени таарынтса
Таласка кайра сал деген.
Кары сөзүн бек сактап,
Көкүрөккө бек сактап,
Суусамыр-Жумгал бек сактап,
Ашуу ашып, таш басып,
Нечен кыя бел ашып ,
Сизди көрөйүн деп келгемин.
Тайлак болуп, төө болуп,
Чөгөйүн деп келгемин.
Жакшы сөз айтса бетинен
Өбөйүн деп келгемин.
Билгенимди эл-журтка
Төгөйүн деп келгемин.
Сырыңызды Айтыке
Чегейин деп келгемин, — деп, комузун колтугуна алып, Айты менен кол алышкан соң: элим сол, уруум “кытай”, уругум “Каранай” деп тегин айтып, эл жерин айтып, келген максатын билдирип ыр менен танышкан экен Чоңду акын.

Жолдош Токоев

Соц тармактар:

Добавить комментарий