Кайрат Иманалиев: “Керээз” спектаклинин азыркы жетекчилер сабак алчу жери көп

Январь айынын соңунда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кайрат Иманалиевдин калемине таандык режиссёр Марат Козукеев сахналаштырган “Керээз” (Боромбай бий) спектаклинин премьерасы болуп өттү.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты Кайрат Иманалиевди кепке тартып, премьера, драманын өзү тууралуу маек курдук.

— Бул чыгарманы жаратууга эмне түрткү болду?

— Ачыгын айтсам, Боромбай бий тууралуу драма жазып калам деп ойлогон эмесмин. Буга чейин тарыхый чыгармаларды жазып жүргөндүктөн элге өрнөк болчу кызыктуу инсандар тууралуу дагы чыгарма жаратсам деген тилек бар эле. Бир нече жолу түшкөн сунуштардан улам кызыгып, изилдей баштадым. Карасам биринчиден, тема кызыктуу, экинчиден, бул жерде драматургия бар экен. Канча жылдан бери тарыхта талуу болуп келген жер бар. Ошол нерсени кыргыз сахнасына биринчи жолу алып чыктык. Ормон хан менен Боромбай бийдин ортосунда конфликт жаралса да, алардын максаты бир — элди бириктирүү, ынтымыкка чакыруу экендигин көрсөткүбүз келди. Экөөнүн тең өз чындыгы бар, бирок көз караштары бири-бирине туура келбейт. Ушул нерселерди алып отуруп, Ормондун көзү өткөндөн кийинки көз караштардын биригүүсү менен жыйынтыктадык.

— Каармандын образын ачып берүү жеңил болбосо керек?

— Драма үстүнөн 2-3 жыл иштеп жүрдүм. Буга чейинки жазган тарыхый чыгармаларымда мынчалык кыйналган эмесмин. Мунун биринчиден саясий жагы бар. Себеби ар бир бийдин артында эл турат. Бул каармандарды опузалап жазгандар да бар. Ошол нерселерге жол бербей, колдон келишинче тарыхты казып, көп эмгектерди окуп чыктым. Анан эки кеңешчим менен жалпы маалыматтарды тактап жаздык. Тарыхый чыгарма болгондон кийин тарыхтан ката кетпеши керек.

— Спектаклди Марат Козукеев агабыз сахналаштырган эле, таланттуу инсандын да эмгеги зор болсо керек?..

— Албетте! Марат Козукеев өтө изденген, жаңыча көз караш менен чыккан режиссёр катары таанылган. Анын актёрлук талантынан сырткары режиссёрлук өнөрү менен да бир топ спектаклди чет жерге чогуу коюп келип жүргөнбүз. Менин бир байкаганым Козукеев ушул “Боромбай бий” спектаклине башкача көз карашта болчу. Тирүү болсо мындан да жакшы коюлмак беле деп ойлойм. Себеби “көрөсүз, сонун спектакль болот” дей берчү. Анын дагы бир өзгөчөлүгү — чабыштарды көрсөтүүдө элди кырылыштырбай, мисалы, көлдүн толкуну менен берип койчу. Анан Ормон хан менен Боромбай бийдин сүйлөшүп жаткан кезин да аянычтуу кылып жакшы алып чыккан. Мындайча айтканда, анын табылгалары өзгөчө эле. “Боромбай бий” спектаклин Козукеев кандай алып чыкса, ошол бойдон өзгөртүү киргизбей элге сундук.

— Актёрдук курам кандай болду?

— Мында негизинен сахнада 40тай артист жүрөт. Актёрдук курамды Марат Козукеев мени менен кеңешип анан тандады. Анын дагы бир артыкчылыгы, көпчүлүк режиссёрлорго окшоп белгилүү актёрлорго чуркабагандыгында болчу. Бул киши мурда роль жарата элек, белгисиз, жаңы жүздөрдү алып чыгууга аракет жасаар эле. Себеби театр бир топ таланттарын жоготуп, сан жагынан кемий түшкөн. Ошондо Козукеев жаш таланттарга жол көрсөтүп, колдоп чыгарылы деген аракеттерди көргөн. Ал актёрлор үчүн мыкты педагог эле.

— Жеке пикириңизде спектаклди эл кандай кабыл алды?

— Чыгармачылык өзү чексиз. Анан көз караш дагы ар түрлүү. Адамдын табити ар кандай болгондой эле көрүүчүнүн тандоосу да ар кыл болот. Негизи эле чыгарма 100 пайыз элге жагуусу мүмкүн эмес. Премьеранын биринчи күнү залга толгон студенттерди көрүп, аягына чейин көрбөй кетип калышпаса экен деп тынчсыздангам. Бирок спектакль учурунда ыйлап жатышканын, студенттер эле эмес, жогорку кызматтагылардын да көз жашын көрүп, демек чыгарма таасир берген турбайбы деген ойдо калдым. Мындан сырткары, жакындарым интернеттеги комментарийлерди окутушту эле, ал жакта да жалаң жагымдуу пикирлер айтылыптыр. Ошондой эле Астанадан чалышып “бул спектаклди Казакстанга да коюу керек” дешти. Мен “казактарга мунун эмне тиешеси бар?” десем, “элди биримдикке, ынтымакка чакырган тарбиялык жагы бар экен, муну казактар да көрүшү керек” деген пикирлер болду.

— Кыргызстандын аймактарында көрсөтүү планыңызда барбы?

— Ооба, бул жалпы кыргызга тиешелүү болуп жаткандыктан региондорго чыгалы деп турабыз. Театрдын таасири күчтүү болгондуктан, спектаклдин эл аралап коюлуп турганы жакшы.

— Чыгармада кыргыздардын курултайы, Ормондун хан шайланышы, уруулардын пикир келишпестиктери, сырткы күчтөрдүн чабыштыруу саясаты тууралуу сөз болот эмеспи,. Сабак ала турган жерлери бардай…

— Чыгармада Боромбайдын энесинин айтканы бар, “баш болуу оңой, баштап кетүү кыйын” деген. Ошол сыяктуу жетекчи болуу бул чоң жоопкерчилик. Албетте, бул спектаклден жетекчилер сабак алышы керек. Мисалы ошол учурда эле “жетекчи бул уруудан эмес, тиги уруудан болуп калды” деген кептер бар болчу. Тилекке каршы, азыркы кезде “жетекчи бул жактан экен, тиги жактан экен” деген пикирлер да жок эмес. Бул спектаклде жетекчинин жерлигине эмес, анын эл башкаруу жөндөмдүүлүгүнө, акылына караш керек деген ойлор камтылган. Саясат да, тырых да, эң башкысы адамдык сапаттар да бар. Боромбай бий мен башчымын деп эле баарын өзү билгендей жасай берген эмес. Акылдуу адамдардын да кеңешин угуп турган.

“Sputnik-Кыргызсчтан”, сүрөт Табылды Кадырбековдуку, 02.02.2018.

Соц тармактар:

Добавить комментарий