Нуркамил Абдуллаев: “Ибарат”

(аңгеме)

“Пош-поштоп, кач-качтап” жолун ачкан арабачылардын, “бунигиздан йиграмата, анавугиздан саксанта таерлап коюнгиз” деген алармандардын, “товарды даярдап койдум, араба алып келе бериң”, “нихо-нихо, ун мин сум” деген кыргыз, өзбек, уйгур сатармандарынын сөзү жаңырган, коляскасына самса, айран, курут, семичка, сагыз, сигарет салып алып, “кеп калың, ап калың” дегендердин авазы тынбаган, катар-катар көчө сымал тизилген темир контейлердин арасы жык-жыйма адамга толгон Кара-Суунун кан базары…

Бүгүн пайшамби. Базарда ишембидегиге караганда адам азыраак.

Адатта бүл күндөрү базарды Кыргызстандын аер-буеринен келген майда барат алармандар менен кокондук “крупный” көпөстөр гана кызытат.

Бүгүн Жаңыбай кол алдындагы жигиттерин шаштырбастан түшкө жакын гана ишке чыгарды.

— Короче балдар, расходуңардан тышкары жок дегенде, беш жүздөн иштебесеңер болбойт!

Жаңыбайдын тапшырмасы ушул болду. Балдар базарга кирип кетишти. Өзү адатынча алардын артынан көз кыйыгын салып, жакында эле колго киргизген жаңы машинасынын ачкычын сөмөйү менен ойнотуп баратты.

Узун бойлуу, кең далылуу, “шкафтай” болгон аны базардагы сатармандардын көбү тааныйт. Ал эле эмес буердеги кызыл шапкечендер менен да мамыр-жумур мамиледе. Ишине байланыштуу аларга беш-он сом таштап, ооздорун майлап турат. Жаңыбайдын бул базарда коркпой-нетпей иш жүргүзүшү да ушундан болсо керек…

Анча-мынча тааныштары менен баш ийкешип бараткан Жаңыбайдын алдынан жаш баласын жетелеп диск сатып жүргөн орто бойлуу арыгынан келген, ак жүздүү киши экинчи жолу чыкты. Жанатан бери кимге тийишип эрмек кылаарын билбеген неме ата-баланы өзүнө чакырды.

— Ата, быякка басыңыз.

Баласы атасын Жаңыбай жакка жетеледи. Ээрчишип келген ата-балага ал, какшык аралаштыра сөз ачты.

— Братан кандай дисктерди сатасың? Законный, биз уга турганы барбы?

— Бар ука. Кыргызча, өзбекче ырлар, куудулдардыкы, анан карылардын Куран окуган дисктери бар. Кырк сомдон сатып жатам. Кичине ками бар.

— Келчи, көрөйүн.

Жаңыбай акырын бир-бирден дисктерди аңтара баштады.

— Ох-о Бектики, Темирдики… жакшы дисктериң бар турбайбы. Буларың жерге түшүп кетсе, сынып жатып калса керек, а? Мына бул бешөөсү мага аябай жакты. Подарка кылбайсыңарбы ата-бала? Бул сенин мага төккөн налогуң болсун.

Маңдайындагы жигиттин азил же тамаша сүйлөп жатканын баамдай албаган ата:

— Кандай болоор экен, а? Өзү тирчилигибизди ушулардан түшкөн төрт-беш сом менен өткөрүп жатсак, деп акырын гана жооп берди.

Өзүнөн алсыздардын далайын сыздатып, ыйлатып, акчасын тартып алган Жаңыбайды атанын бөжүрөп турушу ан сайын шыктандырды. Тим эле ойду омкоруп, тоону томкоруп тургансып, чалкалап туруп алып, сөздү айлантырып, эрмегин андан ары улантты.

— Ничего, бир күн пайда көрбөсөн өлбөйсүң. Бересинби?!

— Акчаң жок болсо, мейли, ала бер.

— Ниме деп жатасың!.. Эй, мени тааныбайсыңбы, нормальный сүйлөсөң, блин…

— Жок, эчтеке дегеним жок. Акчаң жок болсо, ала бер.

— Эй, сен менин үстүмөн күлүп жатасынбы? Оозуңду Ошко каратып коеюунбу?!

Баласын эш тутуп, далысынан кармап турган жанагы кишини Жаңыбай жакадан алып ушинтип коркутуп, кордоп чекеге тартып жөнөдү. Сүдүрөлүп бара жаткан атасын аяган баланын чый-пыйы чыгып, ыйлап жиберди:

— Ата, майли, берип коюңузчу. Атамы урбанчы. Каалганыңызды ала бериңиз. Бизди кое бериниз.

Бала ыйламсырап жалынып кирди. Ортого аяк-быякка өткөн адамдар менен сатармандар ажыратпаганда бул окуя чындап башка нукка бурулар беле, ким билсин.

Жаңыбай ата-баланы коюп жиберди. Ачуусун басыш үчүн базардын башындагы комоктордун бирине келип, сигарет алып, анысын тутандырды.

Аңгыча Шума деген жигити жанына келди.

— Шеф, тигилерди жаман кармадың да. А мен аларды базардын башында эле шыпырып койгонмун. Чөнтөгүн аңтарсам, эки жүз сом менен беш миң суму бар экен. Баягы прохотто бажарганымдан баласы байкабай калды. Атасын көр дешет го.

— Көр?! Ушул сөздү угар замат Жаңыбайдын бүт денеси титирек басып, калааты болуп кетти. Жана эле тигинин бир жерди тиктеп турганынан сокур го деп ойлогон. Бирок, Жаңыбай казаны кайнаган бул кан базарда түрдүү айла амалдарды колдонуп дудукка, дүлөйгө, жетим-жесирге, мунжуга, майыпка айланып, акча тапкандардын далайын көргөн.

Бул дагы ошондойлордун бири го деп чамалаган.

Мына, кечээ эле ушул базарда балдак таянып, эки бутун араң сүдүрөгөн кишинин Ошто куландан соо болуп жүргөнүн көрүп, башын чайкаган. Анын үстүнө өзү да Талчокто жүргөндө дудук болуп алчу, сыр бербей. Ушундай чубууржуган ойлордон чыга албай жатып, Шумадан “Чын элеби?”- деп кайрадан сурады.

— Ишенбейсиң да. Ишти жаңыдан башташыптыр.

— Ким айтты?

— Биринчи рияддын чыга беришиндеги радиоаппаратура саткан кыздар бар го? Ошолордон уктум. Алардан насыя товар алат чамасы. Акчасын сатылганда берет дешет.

— Туй энеңди!!! Ушундай пастыкка бардыкпы? Жүр, жанагыларды тез табышыбыз керек. Балдарга айт, аларда карашсын!

Чөнтөкчү жигиттер ал күнү базарды бир эмес, үч-төрт жолу кыдырып чыгышканы менен баягы ата-баланын караандарын көрүшө алышпады.

Жаңыбайдын болсо ошол күнү, басса-турса балалык кезинде үй актайм деген апасынын көзүнө аки таштын суусу кирип, көр болуп калган окуясы кылт эте түштү. Апасынын үйүнүн жанындагы каналга агып кеткени, аны куткарам деп, баягы балага окшоп апалап кошуна-колоңдорду жардамга чакырганы такыр эсинен кетпей койду.

Таң аткыча ошол күндөр көз алдына тартылып, аяк-быякка буйдалап, азали уктай албады. Унутайын деп жанагыдан серп этти эле, баари бир жардам бербеди.

Эртеси күнү балдарына:

— Бүгүн бир тыйын алып келбесенер да жанагыларды тапкыла! Дагы бир жолу айтам, көрөрүңөр менен алдыма жетелеп келгиле! — деп тапшырма берди. Чөнтөкчүлөрдүн бул күнкү аракеттери да текке кетти.

Шефинин айтканын заматта орундаткан жигиттер, канчалык дикилдешип издешпесин, ата-баланы караанын таппай чарчашты.

Жаңыбай бейкылыктыгы менен бечараларга азар бергенин түшүндү. Өзүн-өзү жек көрүп, кылган ишине өкүндү. Ошол окуянын таасириби же жараткан нары жагынан нысап бере баштадыбы, айтор баскан-турганы күн өткөн сайын өзгөрө баштады. Баштагыдай эки-үч күндүн биринде достору менен кыз кучактап олтурмай, шарап ичип, көңүл ачмай сыяктуулардан четтей баштады. Ичкенди такыр эле токтотуп койду.

Бирок тамекини көп чекчү болду. Кол алдындагы балдарынын алып келген акчасын гана албаса, баштагыдай олчойтуп салык салганын токтотту.

Өзүн канчалык карманганына карабай, жүрөгү баягы “ата-баланы таппасак болбойт” деп туруп алды.

Айрыкча чыпалактай баланын чыйпылыктап атасын аяп, Жаңыбайга жалынып-жалбарганы жадынан чыкпай койду. Акыры өзү издегенге киришти.

Күндөрдүн биринде издегендерин базардын жанындагы автобекеттен учуратты. Бул сапар атасы Жаңыбайды сезбеди деле. Баласы гана аны көрөрү менен өңү кубарып, титиреп кетти. Баласынын тынчсыздана баштаганын сезген атасы:

— Балам тынчылыкпы? Бир жериң ооруп кеттиби? — деп сурады. Баласы болсо, бирдеме айтып, атасын башка жакка жетелемекке аракет кылды.

Жаңыбай сөөмөйүн көрсөтүп, токто дегендей ишара кылды. Анан акырын сөз баштады.

— Кандай, жакшысызбы? Мени тааныдыңызбы?

— Ы-ы, сенсиңби? Тааныдым. Башкасын тааныбасам да сендей күчтүү, базар баатырларын тааныбасак, анда бул жерде темселеп жүргөнүбүз эмнеси? Өзүң кандай?

Аксакал сылык-сыпаа, ошол учурда таштан да каттуу какшык аралаш сөзү менен Жаңыбайдын ал-жайын сурай баштады. Ал кептин кайсыл жакка кетип бара жатканын, анда не деген мани-маңыз кыстарылганын аңдап, сезип турду. Сөзгө жыгылды. Жооп кайтаралбаганына бушайман болду. Бир саамга ойлонуп туруп калды.

— Коюңчу, аксакал. Ал күнү тамашалап койгонмун. Бизден кетсе кечириңиз. Мына акчаңыз.

Жаңыбай кепти башка жакка буруунун айласын издеди. Анысы текке кетип, аксакал кесип сүйлөдү.

-Тек эле кой. Өзүң иштетесиң.

Ал акчаны нары түрттү.

— Эми ушунча болду жакшылап таанышып алалы. Иттик бизден кетти. Андан көрө жаман укаңызын бир пияла чайын ичиңиз.

Болбогонуна койбой ата-баланы ашканага жетелеп кирди. Уйгур лагманы келтирилди. Унчукпастан олтуруп тамактанышты. Качан гана кезек көк чайга келгенде, сухбат андан ары уланды.

— Жаңыбай, эми жыйырма экиге чыгыпсың. Мен быйыл буйруса кырк жетиге чыгамын. Билесиңби, ушул кырк жети жылдык өмүрүмдө бир да жолу күндү көрө элекмин. Адамдар “ай чалкалап калыптыр, жарык чыгыптыр, жылдыздар жымыңдап турат” — дешет. Айдын, жылдыздардын кандай экенин элестете да албаймын. Жадагалса ичип жаткан чайымдын, тамактын да түсүн көрө элекмин.

Жазында айлана жашылга бөлөнөт, күзүндө бак-дарактардын жалбырагы сарыкка айланат, кышында майдалап кар жаап жатат дешет. Ошолордун түсүн көрүү мага насип кылбаптыр. Кээде ак, жашыл, кызыл, сары түстөрдү айтышат. Аларды элестетүү мен үчүн канчалык кыйын, машакат экенин түшүнгөнүңдө…

Биринчи аялым менен ажырашып кеттим. Көрсүң деп кетип калды. Экинчи аялым менен баш кошконума он төрт жыл болду. Чоң уулум чарчап калды. Экинчиси ушул маңдайыңда турган. Темтеңдеп басып, акыл киргенден баштап, ажатканадан тартып, көчө-көйгө, аяк-быякка жетелеп, жүргөн ушул медеримдин жүзүн көрө элекмин.

Сокурлугума, оору-сыркоомо, жаманыма-жакшыма баарысына кайыл болуп, бир жаздыкка баш койгон, өмүрлүк жарымдын кандай аял экенин элестете албайм. Жараткан мага жашоодо эң барктуу, баалуу, миллиондогон байлыкка алмаштыргыс болгон көрүү сезимин насип кылбаптыр. Ага карабай мен шүгүрчүлүк келтиремин. Анткени, ал мага өмүрдү берди. Ырыскы берип жатат. Эл катары бүлө күттүм. Балалуу болдум. Ошол бүлөмдү термелеп-темселеп, азбы-көппү адал оокат менен багууга далаалат кылып келем. Кудай да мени куру калтырбай, ырыскысын берип келет.

Адамдарга түшүнүнбөйм. Көрүүгө көзү, сүйлөөргө тили, басууга буту, кыймылдоого колу туруп, негедир, жашоолоруна нараазы болуп кейип-кепчип жүргөндөрүн угамын. Алты саны аман туруп, оңой оокат издеп, уурулукка, тоноп-талоого, бирөөнүн акысын жегенге батынышат. Болоор-болбос тыйын үчүн жанын жеп жалган айтышат. Кудай берген сак саламаттыктарынын баасын-баркын билишпейт.

Жаңыбайдын кулагына базардан үйүнө келгенге чейин сокур кишинин айткан ушул сөздөрү жаңырып турду. Ал дилинде, тилинде бул жарыктыкты көргүн деп көз берген, жакшы-жаманды, адал-арамды, пайда-зыянды аңдагын деп акыл берген, бастырган-тургузган, жүгүрткөн Жаратканга миң мертебе ыраазычылык айтып, кылган күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеп баратты.

Соц тармактар:

Добавить комментарий