Беш уулу менен атылган Нияз молдо

Совет бийлигине колунан келишинче кызмат өтөгөн, кысталыш учурларда жалпы элдин таламын талашып чыккан Нияз молдо 1934-жылы беш баласы, туугандары менен жалган жалаанын курмандыгына айланган.

“Жолборсторумдан айрылып, менде каяктагы жашоо?”

Күтүрөгөн малы бар бай, эл арасында таасирдүү, анан да мусулманча терең билимдүү адамдын бир топ жылдар бою кылган кызматы эске алынбай, жакындары менен 1934-жылы кандуу жазалоого туш келген. Аны атууга кайсы бир кара күчтөрдүн “Нияз молдо туугандары менен Кытайга качып кетүүгө камынып жатат” деген “тоголок арызы” себеп болгон.

“Куугунтук курмандыктарынын” бүгүнкү берүүсү Алайдан чыккан Нияз молдо Досу уулун эскерүүгө арналат.

Эки жылдан бери такай уктурулуп келаткан “Куугунтук курмандыктары” берүүсүнө Нияз молдонун небереси Жайнагүл Арстанова кайрылып, чоң атасы тууралуу архивдик маалыматтарды таппай жатышканын, Нияз молдонун уулу Арстан да атасынын катаал жазага кириптер болушунун себеп-жөнүн билүүгө аракеттенип, бирок бул ишти аягына чыгара албай жарыкчылык менен кош айтышканын билдирди.

– Атам “ошондо 12-14 жашта элем” деп калчу. Жашы кичинекей үчүн эле атам атылбай калган экен. Нияз чоң атам 1874-жылы туулган, 12 уулу, эки кызы болгон экен. 1919-жылдан баштап жана совет бийлиги келе баштаган чакта мамлекет менен иштешип турган экен. Өзү Алайдын белгилүү, бай кишилеринин бири болуптур. Элге сөзү өтүмдүү, Кашкарга чейин белгилүү киши болуп атпайбы. Кашкарда окуган, билимдүү, ошон үчүн Нияз молдо деп коюшкан. Совет бийлигинин адамдары “сөзү өтүмдүү киши экенсиң, биз менен иштеш” деп 30-жылдарга чейин кызматташып атпайбы. Анан 30-жылы совет өкмөтүнүн кишилери ага ишенерин айтып, аны Кашкарга атайын тапшырма менен жөнөтүшүптүр. 1934-жылга чейин Кашкарга көп каттап, иштеп жүрүптүр. Атам айтып калчу эле,бир Арстан деген басмачы болгон экен, ошол киши келип: “Нияз аке, басмачылык жолго түшүп өмүрүм өтүп кетиптир. Менин бул жолум туура эместигине көзүм жетип калды. Артымда бала калбай калды. Жеңемдин боюнда бар экен, уул төрөсө атын Арстан коюп коюңузчу” деп суранган экен. Ошондон кийин атам төрөлүп, атын Арстан деп койгон экен. Анан 1934-жылы көрө албастыкпы, Оштогу бийликтин өкүлдөрүнө арыз түшкөн экен, “Нияз тиги бала-чакасы менен Кытайга качканы калды” деп. Атамдын айтуусунда, чоң атамды Нурадагы чек арага чакырышат экен, Зындан деп коюшчу эле. “Ошол жерге келип сүйлөшөбүз” деп, чоң атамды беш уулу, дагы эки-үч тууганы менен атып коюшкан экен. “Жаңылыштык болду” дешкенби, чоң атабызды кармап, “Нияз ака, сизди атпайбыз, чыгып кете бериңиз” дегенде: “Ушундай жолборсторумдан айрылып, менде каяктагы жашоо? Мени да атып салгыла!” дегенде эң акыры ошол чоң атабызды аткан экен.

Атамын айтуусунда, анын бир тууганы Осмон деген агасын “контр” деп түрмөгө камашып, ал ошол жерде кайтыш болот экен. Атамды да 20 жашка чыгып калганда түрмөгө отургузушат. Биз эс тартканда эле ошо Москванын түрмөсүндө жатканын, “акылдуу орустардын баары эле түрмөдө экен” деп айтып калчу. Чоң атамдын эмнеликтен атылып кеткенин билейин деп көп аракет кылды. Кийин “менин атам эле эмес, канча кишилердин тагдыры ушундай болду, эми Кудайга койдум” деп калчу. Анан атам кант диабети болуп ооруп калды, 1995-жылы өтүп кетти. Анан кокустан эле атамдын бир кагазын таап алдым. Атам Башкы прокуратура менен УКМКга арыз жазган экен. Ал арыздын тагдырын жакшы билбейм, жообу “таппай койдук” деп келдиби – ушуну так билбейм. Атам аябай эле аракет кылды, бирок билинбей калып кетти. Мага да азыр чоң атамдын беш уулу менен атылып кетиши тууралуу документтер бар бекен деген ой келет. Чоң атамдын эки уулу Арстан менен Бектемирдин балдары барбыз. Коркуп жашадык да. Чоң атабыз атылган учурда 60 жашта экен. Таасирдүү, совет бийлигине кызмат кылган киши болсо, анан чоң атамдан кантип эле жаман нерсе чыксын деген түпкү бир ишеним бар.

Нияз молдо тууралуу кыйла кенен маалыматты алайлык акын Сүйүнбай Бөрүбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып, бул ишти дагы улантарын билдирген экен. Жакындарынын айтуусунда, Нияз Досу уулу 1874-жылы Чоң-Алайдын Кытай менен чектешкен четки айылы Нурада төрөлгөн. “Анын түпкү аталары Маат бий болсо, атасы Досу миңбашы, бай болгон. Нияз өз таасирин Кең Алайга бекемдеп, Сары-Кол, Кара-Тегин, Кашкар өрөөндөрүнө чейин таанымал адам эле” деп жазат Сүйүнбай Бөрүбаев.

 

Кызыл башчылар совет өкмөтүнүн душманы болгондо

Белгилүү санжырачы Сыргак Сооронкулов бир топ жылдар бою Алайда иштеп, Нияз Досу уулунун баласы Арстан менен көп аңгемелешкен. Анын айтуусунда, Нияз молдо Кашкарда төрөлгөн.

– Молдо Нияз өзү Кашкарда туулган, ошол Кашкарда жашаган киши болгон. Анан тыяктан быякка, быяктан тыякка айдаган тынчы жок заманда Молдо Нияз Алайга көчкөн. Алайда бул Жоош уруусунан болот. Алайга көчүп келгенде 4 баласы бар экен, бул жактан да бала-чакалуу болот. Билимдүү адам болгон. Чек арачыларга жардам беришкен. Кийин саясат өзгөрүлбөдүбү. Басмачыларга каршы күрөштө Нияз молдо Кадырбек тарабында болгон. Курманжан датканын небереси Кадырбек кызыл аскер түзүп, анын жан кишиси болуп жүргөн Бапа деген киши болгон экен. Мен ал киши менен көп сүйлөшүп калдым. Төрт жылдай чогуу жүрдүк. Мен совхоздун директору элем, жакшы киши болчу. Менден 34 жаш улуу эле. Ошол Бапа аке “Мойдун басмачыга каршы күрөшкөндөрдү кийин совет өкмөтүнүн душманы кылып койду” дечү. Башында баарына кызмат берип, бий кылып, анан Кадырбекти баш кылып жок кылбадыбы. Кадырбек партиянын мүчөсү болчу. Анан ошонун баарын жок кылууга эң биринчи Нияз молдо туш болуп, аны дарексиз жок кылышкан.

Нияз молдонун Кытай менен байланышы кыйла эле бекем болгонун Сүйүнбай Бөрүбаев да ырастап, “Улуу-Чаттагы жооштор соода ишине абдан берилген адамдар болуп, алар Ош, Анжиян, Кокон аймагына байма-бай каттаган. Алардын коопсуздугун Эркеч-Тамда, Сопу-Коргондо, Гүлчөдө Нияз өзү көзөмөлдөп, баш-көз болуп турган. Элине күйүп-бышып кам көргөн Нияздын кадыры аябай бийик болгон.

Жыйырманчы жылдары басмачылар Кашкарга кача баштаган мезгилдерде алар Нияздын айылына тийишип, мал-мүлкүн тоноодон коркушкан. Нияз Кытайдагы Чыпак казы, Осмонаалы пааша, Ороз бийлер менен тең ата сүйлөшө алган. Ал орустардын чек арачыларынын бекем, күчтүү баратканын байкап, 1913-1914 жылдары өзү катышкан Эркеч-Там постуна өз таасири менен иштөөгө мажбур болгон. Анын бул максаты “чек ара бөлүгүндө Кытай тарапта калып кеткен жооштордун чек ара аркылуу Алайга жакшылык-жамандыктарга ээн-эркин өтүп турушуна жардамым тийип турсун” деген ниети эле.

Баса, кытай-орус чек арасы аныкталып, анын шартнаама салтанатына Ниязды чакырышканда ал эр жүрөктүүлүк менен “кыргыздар экиге бөлүнүп калабы” деп макулдук иретиндеги кол коюу, мөөр басуу аземине жападан-жалгыз каршы чыккан” деп жазат.

Совет бийлигине чын дилден кызмат өтөп, жаңы замандын орношуна умтулган Нияз молдонун, кадимки Курманжан датканын урпагы, кызыл аскер командири Кадырбектин тагдырынын кайгылуу аякташы 1930-жылдары күчөй баштаган сталиндик репрессияга барып такалат. Бекем орун-очок алып калган жаңы бийлик бай-манаптарды, таасирдүү, билимдүү адамдарды бир четтен жок кыла баштаган. Нияз молдонун балдары, жакын туугандары менен атылып кетишине мына ушул жагдай себепкер болгон.

Сүйүнбай Бөрүбаев өзбек аскерлеринин башчысы Юсуфжан рапорт жазып алып Оштон Нияз молдону жакындары менен жок кылууга уруксат кагазын алып келгени, аны чек арачылар башчылыгы колдоп, “Кытайга качып кетүүгө камынып жатат” деген таасирдүү адамдын көзүн тазалашкан. “Ошентип, 1934-жылы Нияз молдону баш кылып, анын эки иниси Жума, Коргонбайды, уулдары Миңбай, Пиримбай, Эргешбай, Жаңыбайды ээн сайга жашыруун чакыртып аттырып салышкан”, – дейт Сүйүнбай Бөрүбаев.

Нияз молдо билими терең, анан да көркөм сөзгө шыктуу, балдарына кыргыздын өткөн тарыхын айтып берүүнү жакшы көргөн адам болгон. Анын балдары 1927-жылы Алайга фольклор жыйнаганы келген Кусеин Карасаев, Зияш Бектенов, Белек Солтоноевге кезигишип, бир топ элдик оозеки чыгармаларды айтып беришкенин Сүйүнбай Бөрүбаев белгилейт.

Нияз молдонун артында калган балдарынын тагдыры да татаал болгон. Атасы менен беш бир тууганы атылып кеткенден кийин эр жеткен балдары абакка салынып, алардын эмнеге жана кандай айыптар менен жок кылынганын билиш үчүн колунан келген аракетин жасап жүрүп Арстан Ниязов да 1995-жылы алышкан ооруга акыры моюн сунган экен. Аны жакшы билген белгилүү санжырачы Сыргак Сооронкулов Нияз молдонун өзү, жакындары кандай азаптарга туш келгенин, карама-каршылыктуу заманда ак жеринен күйүп кеткен чоң үй-бүлөнүн тарыхын жазып чыгыш керек деген ойдо.

– Арстан 1915-жылкы болуш керек эле. Бул киши латын тамгасында жазчу. Эсепке кыйын эле. Совхоздогу бөлүмдүн склад башчысы эле. Адегенде “байдын тукуму” деп кармалып, түрмөдө жаткан экен. Кийин бошонуп, балдарын окутуп, жакшы эле жашады. Бир тууган иниси Бектемир мени менен тең эле. Ал жаш өтүп кетти. Сопу-Коргондо иштеп жүрдү. Булар өзү жакшы адамдар.

Кысталыш заманда калкы үчүн аянбай кызмат кылган Нияз молдодой азаматтардын тагдыры кайгылуу аяктаганы кыйла жылдар бою айтылбай, жаап-жашырылып келди. Кыргызстан эгемендикке жетишкени – ошол кенемтени кайсы бир деңгээлде толуктап, тарыхка калыс мамиле жасала баштаганы болду окшойт. Нияз молдо Досу уулунун эмгеги да эскерилип, тарыхтан өз ордун табышы абзел.

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 03.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.