Талант Шабиев: “Кедейбек кедейликти кантип жеңди?”

(жомок)

Бул окуя кай заманда болуп өткөнүн так билген адам деле болбосо керек, анткени мындай көрүнүш тээ атам замандан азыркы күндөргө чейин деле кайталана бермекчи, адам баласынын тукуму уланып келе жаткандан кийин. Демек бул жомокту балдар көңүлүнө бекем түйүп алса, жаман болбос.

Биз кеп кылып жаткан баланын азан чакырып коюлган өз аты Кыдыйбек экен, ал бир кишинин жалгыз баласы болот. Ата-энеси жалгыз балабыз болгон соң деп, колунда барын аябай, каалаганын алып берип, айтканын жасап эрке өстүрүшкөн экен. Атасы аны аяп, “каруумда күч турганда, өзүм эле жасаймын” деп баласына эч жумуш жасатпай жүрүп, бала колунан эч нерсе келбеген, жатып ичээр, жеткен жалкоо, оюндан башы чыкпаган бала болуп чоңоюп келаткан экен. Жашы он сегизге келгенде күтүүсүз жерден айыкпас дартка чалдыгып, ооруп жатып тез эле алдан күчтөн тайыган атасынан айрылат. Эл-журту, тууган-уругу чогулуп келип, атасын ыйлап сыктап жерге беришет. Ошондо айыл аксакалдары балага: Айланайын балам, жөлөк тооңдон айрылдың, калканычындын жарымы оошуруп калды, мындан ары акыл менен иш кыл, балакат менен коштош, энеңдин көңүлүн оорутпа, оорун колдон, жеңилин жерден алып, атаңдын атын жаманатты кылбай, жакшы жигит боло көр, айланайын”, деп акыл кептерин айтып кетип жатышты. Ошентип, атасы жыйган анча-мынча мал-мүлккө, оокат-тайымга, үйгө, кампаканага, ат арабага энеси экөө ээлик кылып калышкан экен. Атасыз жетим – жарым жетим демекчи, атасы дүйнөдөн кайтканына анча кайгырбаган бала энесине көнгөн адатынча эркелей калып жүрдү. Энеси да жалгызын аяй: “Баламдын бели бекий элек, уктап алсын, эс алсын, элдикинен кем болбосун”, – деп калкалап, даамду тамактантып, кийимдин жаңысын кийгизип жүрүп баласын бат эле жалкоолукка биротоло багынтып, мурункусунан да чабал кылып алганын өзү байкабай калат.

Ал жылы атасы сепкен буудайды энеси көрүнгөндү жалдап олтуруп жыйнаттырып, малалатып, чып-чыргасын коротпой эгин кампасына киргиздирип алды. Бирин-экин малы тоодон түшкөндө, аларга чөп керек эле, бирок энеси: “Балам кыйналат, чөптүн чаңынан көзү кычышат, колуна тикенек кирет”, – деп олтуруп, бала чөп жыйнаган эмес, ал жөнүндө түшүнө да кирген эмес. Бирок амалкөй энеси кайра эле кой-козуларын базарга алып чыга, аларды чөп, жемге алмаштырып коюп жатып мал башын кыштан түгөл алып чыкты. Ал эми Кыдыйбек болсо “Өлбөгөн жанга жаз келээр” деп ичинен кыңылдап ырдап коюп, даяр тамактан ичип, достору менен шапар тээп, түшкө чейин уктап жүрө берди, анысы аз келгенсип: “Бул жашоого бир келет турбайбызбы, шол үчүн жыргап-ойноп күлүп жүрүп өтүш керек бул жашоодон”, – деп бир акылы жоктун айткан сөзүн өзүнө заң кылып алган экен.

Келерки жылда эгин эгилбей, атанын талаасы бош жетимсиреп кала берди. “Керек болсо энем күзүндө малдарын эгинге алмаштырып, кампаны данга толтурат да”, – деген жеңил ойго алдырып, жай бою бала сайран тээп, күн сайын ат арабасын айдап алып көлгө досторун алып барып, жыргап жүрө берди. Атадан калган буюмдун да акыры бар-демекчи бир күнү арабасынын дөңгөлөгү, айылдан бир топ узап, талаанын так ортосунда келгенде талкаланып калат. Баягы жанында дос болуп, чогуу ырдап-жыргап келе жаткан балдар жардам берүүнүн ордуна, ар кайсы шылтоону айтып ар тарапка кетип калышат. Ал ойлонуп олтуруп айылга барып, устаны жалдап келүүнү туура көрөт, атын арабадан чечип, жабдыктарын арабага калтырып, атты жайдак минип айылга келет. Уста: “Бүгүн бошобойм, мен сага башка дөңгөлөк берейин, сен арабаңды бул жакка алып кел”, – деп айтат. Бала: “Дөңгөлөк оор, мен аны көтөрүп жете албаймын, белимди оорутуп аламын”, – деп ал түнү араба талаада калат. Эртеси да, анын эртеси да ошол көрүнүш кайталанат. Арадан үч күн өткөн соң уста экөө келсе арабанын дөңгөлөктөрүнөн, үстүндөгү ат жабдыктарынан эч нерсе калбаптыр.

Кыдыйбек ыйламсырап энесине келет, энеси аны жооткотуп, сага жаңы араба сатып берем дейт, бирок баласы: “Мага арабанын кереги жок, ал бат эле сынып калат экен, мен шаарга барып соода кылып келейин, буюрса бат эле байып келип, чоң там салдырам”, – дейт экен. Энесинин жүрөгү дирт этет, баласын коё бергиси келбейт, бирок тиги эркелигине салып энесин коркутуп, таарынып, кыялын көрсөтуп жатып акыры макул кылат. Айласы кеткен кемпир: “Жакшы үмүт – жарым ырыс, мүмкүн баламдын маңдайына соодагерликти жазган болсочу, мүмкүн бактысын ошол жерден табаттыр? Жолун тоспоюн, киндигин кеспейин”, деп калган малын базарга алып чыгып сатып, болгон тыйынын баласынын колуна берип, шаарга жөнөтөт экен энеси.

Арадан айлар өтөт, күз келет, баласы көрүнбөйт. Эне сагынат, өксүйт, ыйлайт, айласы кетип ар кимден баласы жөнүндө сурамжылайт. Көргөндөр бирде бирди айтса, бирде башканы айтышат, эненин жүрөгү жамандыкты сезет. Бирок өзүн жооткотуп күтө берип, акыры кычыраган кыш келет, айлана аппак карды жамынып жатып калат. Ошондой түндөрдүн биринде жалгыз кемпирдин үйүнүн терезеси билинер-билинбес тырсылдайт. “Бул ким?”- деген суроого жооп угулбаган соң кемпир колуна чырагын көтөрүп сыртка чыгат. Сыртка чыгып, терезенин түбүндөгү алсырай, дубалга жөлөнүп турган бир сөлөкөттү көрөт, жанына барып баласын тааный коёт. Көз жашын төгүп, шолоктоп ыйлап баласын үйгө киргизет. Үстүндөгү кийген кийимден тамтыгы калбай, арыктап олтуруп алайган көзү, кабыргалары бирден саналчу болуп, чачтары апсыйып өскөн баласынын кебетесин көрүп байкуш эне жалгызын аяп көз жашын көлдөтүп турган экен. Курсагы тойгон соң баласы баштан өткөнүн төкпөй-чачпай, кантип шаарга бараар замат сатыкка буюм-тайым алганын, анысы такыр өтпөй арзанга бере салганын, анан кумарчыларга жолукканын, аларга бардык акчасын алдатканын энесине айтып берет. Энеси кейип-кепчип болгон соң баласына мындай кеп салат: “Балам, атаң өткөнү биз малын малдай, буюмун буюмдай жок кылдык, эми буюруп жаз келсе, жер айдайлы, эгин себели”, – дейт. Бала эне сөзүнө макул болот, анткени бөлөк эл, бөтөн жерде үйү, энеси көздөн учуп турганда: “Болду эми, мындан ары жалкоо болбоймун, жумуш кылып эл катары тиричилик кыламын”, –деп өзүнө далай жолу сөз берген эле.

“Буюрса балама акыл кирип калган турбайбы”, – деп энеси ичинен кубанып, өзүн-өзү жооткотот. Кыш аяктап, жаз алды менен ала шалбыр келгенде, кемпир эгин сакталган кампага кирээр замат, мурду кеберсиген жытты сезип калат. Издеп олтуруп кампанын шыбынан суу тамчылап жатканын көрөт да баласын чакырып: “Тамдын үстүнө чыгып, суу аккан жерин оңдой койчу”, – деп суранат. Ошол маалда булбул сымал ышкырыкты салып, оюнга чакырып турган баягы достору көчөдө күтүп турган бала: “Азыр келем” – деп чыгып кетет. Ошентип билинбей арадан бир жума өтүп кетет. Үрөндүк буудай суу тийген соң, беш бетер быкшып, тердеп кетип, сепкенге да, жегенге да жарабай калат. Кемпир баласы менен далай ирет сүйлөшүп да көрдү, түзүнөн да айтты, кыйытып  да айтты, баягы шаардан келгенин да эстетип айтты, бирок баласы кеп жебеди, тескерисинче: “Сен мени табалап жатасың, шылдыңдап жатасың, сага менин керегим жок болсо, анда мен үйдөн кетем!” –деп энесине оңураңдады. Ушул акыбалга туш келген кемпир, айласы кеткенден кайгыга чөгүп, көкүрөгү арманга толуп, эл ичинде басынып, өң-өлөттөн кетип олтуруп, белгисиз бир дартка туш болуп, көп өтпөй эле көз жумган экен.

Ошентип бала жападан жалгыз калат. Тууган-урук, жакындары: “Томолок жетим ачка калбысын”, -деп берген оокат да түгөнөт. Үйүндөгү ырыстуу нерселерин, өзүнүн кийимдерин бардыгын сатып тамак-ашка жумшай берди. Акыры барып Кыдыйбек аты өчүп, Кедейбек болду да калды. Айылдаштары анын атын айтып, балдарына мисал келтире, аларды тарбиялаша турган болушту. Анын баардыгы ага маалим болчу. Өткөн күндөрүн эстеди, өзөгү өрттөндү, каталарын сезди, шолоктоп ыйлады, атасын чакырды, энесин эстеп эчкирип ыйлады – майнап чыкмак беле. Акыры болгон күчүн, эркин жыйнап туруп кедейликти жеңүүгө бел байлады.

Эртеси таң заардан туруп, короонун ичин толгон акыр-чикирден тазалап, эчактан бери жыгылып жаткан дарбазанын мамысын орнотуп, бүлүнгөн кашааларды ордуна беките баштады. Кылган ишин көрүп туруп: “Менин деле колуман келет турбайбы”, – деп өзүнө ишеними артты. Анын бул аракетин көргөн кошуналар, ага таң кала карай, көргөн көзүнө ишенбей, жакаларын кармашып, өздөрүнчө: “Бул өңүмбү, же тушүмбү?” – деп күбүрөнүп жатышты. Жаман туугандан көрө, жакшы кошуна демекчи, кошуналар ыраазы болуп, аны чакырып тамак беришип, колдон келген жардамын берип жатышты. Аларды көрүп ардана кеткен туугандары: “Урушта – туруш болмокпу” – деп, бирин-экин майда малынан, чарбадагы буйум-тайымдан дагы бөлүштү. Кедейбек болсо, жай бою ар кимдин эгинин сугарышып, эмгек акысына күзүндө эгин ала турган болуп макулдашып жүрүп кампасы толоорлук эгин да жыйнап алды. Суу сугарган күндөрү талаадан чөп көтөрө келип жүрүп, бирин экин малына да кышкы тоют камдап алды. Мына эми айыл ичи анын кылган ишин карап олтурушуп, ичтери жылыды, анткени мурун мүнөзү кээде эрке, кээде кырс келген Кыдыйбек азыр улуу-кичүү дебей бирдей сылык мамиле кылып баштады. Андан башка, айткан нерсесин так аткарып, сөзүнө бек туруп айыл ичине жакшы мисал болуп чыга келди. Эгер мурун жалкоонун башы Кедейбек деп шылдыңдап жүргөн болсо, эми:

Сөзүнө бек Кыдыйбек,
Өзүнө бек Кыдыйбек,
Урматтаган улууну
Ызаттаган кичүүнү
Иштегени Таң заардан
Эс алганды билбеген
Кедейликти жеңиптир
Кедейбек атын унутуп
Кыдыйбек атын алыптыр
, – деп ырдап калышыптыр.

Ошентип башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөргөн соң гана өз катасын түшүнүп, жалкоолукту жеңген Кыдыйбек эл ичинде сыйга ээ болуп, атасынын үйүнүн жанына келиштире үй салып, аял алып, очор-бачар болуп жашап калган экен. Өз балдарын жаштайынан жанына ала жүрүп иштемчил, сылык, сезимтал кылып тарбиялап өстүргөн экен.

 

Талант Шабиевдин башка жомокторунан:

“Ач көздүктүн кесепети”

“Асан-үсөн кимдики?”

Соц тармактар:

Добавить комментарий