Нурзат Мокенованын ырларынан

* * *

Мен дубалды, дубал мени угат жай,
Кирбейм үйгө ал-жайымды сурашпай.
Сырым ачып төгүлсөм да нур болуп,
Сыртын салып эрип кетпей турат, ай!

Муздагыңды сезем сенин, сырдашым,
Муңум айтсам мөңгү болгон муңдашым.
Эрип кетпей, муз өңдөнүп сумсайып,
Эзилтесиң эрки бекем тыңдашым.

Муздактыкка, укпастыкка ченем жок,
Төрт дубалдан мага жакын билем жок.
Шыпааң ушул —  үнсүздүгүң мага өз,
Ошон үчүн жан издебей келем ток.

Ошон үчүн жан издебей келем ток.
2013-жыл

 

КУРБУМА

А сен, курбум, сезбе мени күнөөлүү,
Муңун сездим, жогун көрдүм дүйнөнүн.
Жашап келген тирүүдөй күн кечирип,
Жашоо жолун жектеп эчен күйгөмүн.

Жаша, курбум, күндүн бүтөт эртеңи,
Жалбыракты коргойт жаздын көктөмү.
Жашып турган жазды гана көрөм мен,
Жалбырактын бүтүп жашоо өлчөмү.

Жаша, курбум, жандап басып сүйгөнүң,
Жароокерим, тоо жаңыртат күлгөнүң.
Сен каткырган ушул улуу тоолордо,
Сырын катат күлбөй калган күндөрүм.

Жаша, курбум, ороп гүлгө бардыгын,
Жашаш үчүн кең кыласың тардыгын.
Күлчү жерде күлбөй койсом кечиргин,
Мен болгону, мен күлкүгө жардымын.

Мен болгону… мен күлкүгө жардымын!
2014-жыл

 

* * *

Качандыр бир жансыз ойго суралбай,
Кайгы келсе кайгыны да туялбай.
Арбап турган арман болсо бу үнүң,
Арманга да барам бир күн кыялбай.

Сезбейсиң, о, илеби чок сезимди,
Ооруп анан чүнчүп турган кезимди.
Өзгө эмес, өзүм гана билемин,
Өзгөрүүсүз ар-бир баткан кечимди.

Тон бычаарсың жалгыз ойдо калганда,
Тоңгон жан деп басып жүргөн жалганда.
А мен болсо өз сүйүүмө камалган,
Айыпкермин эч айыпсыз таңдарга.

Бар болгону көрүнбөгөн бир сүйүү,
Батып кеткен күндү тиктеп бир күйүү.
Күйсөм күйдүм, күлүм калса ал бакыт,
Күлүм калса жарыктыкта мен тирүү.

Күйсөм күйдүм күлүм калса ал бакыт,
Күлүм калса бул дүйнөдө мен тирүү!
2014-жыл.

 

* * *

Дайым сага булуттардай алысмын,
Дареги жок кыял менен табыштым.
Өмүр бою унуттурбай эстеткен,
Өзүм жетпес бир сүйүүгө таанышмын.

Жүрөгүмдү серпилткен бу сезимди,
Жүрөгүмдү кыйнаган бу кезимди
Билсем дагы таарыналбайм эч качан,
А болгону жашка чайыйм көзүмдү.

Мен жашоону сен бар үчүн сүйгөмүн,
Мен сезимди сен бар үчүн эстедим.
Күнөөсү жок алыстагы адамга,
Күнөөлүдөй жарык жанбас кечтерим.

Күнөөсү жок алыстагы адамга,
Күнөөлүүдөй жарык жанбас кечтерим.
2014-жыл.

 

ҮЙҮМӨ

Үйүм, неге томсоргонуң тарабай,
Энекесин жоготкон жаш баладай.
Сенде жашап жүргөн ошол адамдар,
Кетти таштап үйүн дагы карабай.

Үйүм, неге жарыктыгың караңгы,
Караңгыдан мен да бир күн жанамбы?
Сени дайым бапестеген адамды,
Жер алдынан акыр бир күн табамбы?

Үйүм, бүгүн муздактыгың туюлуп,
Үшкүрүктөн жоготкон үн угулуп.
Чыгып кеттим мен да таштап өзүңдү,
Сынып кеткен сан ойлордон буюгуп.

Кайтып келем айланчыктап бир кезде,
Качандыр бир жакындыкты сезгенде.
Кечирип тур!?. Күткүн мени күн-түнү,
Келем ишен – Дүйнөмө жаз келгенде.
2014-жыл.

 

АКЫНГА

Мен эч кимдин сүйгөн жокмун ырларын
Сенин гана ырың мени курчуткан.
Сенин гана ырың кайра мокотуп,
Сенин гана ырың «мени» жоготуп.
Сенин жазган ырларыңан өзүмдүн,
Тагдырымды окуп жүрдүм унчукпай.
Сенин гана ырларыңан жашоо таап,
Сени далай жомок кылып жаздым мен.
Жазганымды жан адамга көргөзбөй,
Сенден ырды карап көндүм бөлбөстөн.
Мен карызмын сага дагы ырыңа
Карызымды берип кетем өлбөстөн!
2014-жыл.

 

ЖАЛГЫЗДЫК – ОЮНЧУК

Жалгыздыгым азап бирде, бирде шат,
Мен да шундай эки башка Дүйнөмүн.
Дил ооруса жаш куюлат көздөн бат,
Дил кубанса келет кайтып күлгөнүм.

Жалгызымсың келдиң экен каяктан,
Нелер жакпай, эмнелерди уурдаткан.
Алың жетпес, жашым дагы жетпестир,
Сен куурчаксың а мен ойноп бараткан…

Сен куурчаксың, а мен ойноп баратам!
2014-жыл.

 

* * *

А он мятежный просит бури,
Как будто в бурях есть покой.
ЛЕРМОНТОВ

Кайык болуп өмүр жолум айдаган,
Каалгып жылам кайда барам билбеймин.
Багытым жок, башкарган жок жан адам,
Шамал сүйүп толкунду көп издеймин.

Толкун менин тагдырымдай ээн-эркин,
Күчүм жетпес, оюм жетпес кайрууга.
Шамал айдап кетет бүгүн, а эртең
Басып өткөн дарек-жыңсыз жол курап.

Жолум менин уч-кыйры жок көк деңиз,
Артка жол жок, баскан изим көрүнбөйт.
Катам, капам, изим кайда экенин,
Деңиз катып кеткен барын төгүндөп.

Улам күчөп, улам жылсам арылап,
Деңиз кирсиз улам жолум тазалап.
Адам болуп күйүп-бышып бир убак,
Деңиз-жолдо кете берем багытсыз,
Кайык болуп из калтырбай жол улап.
2015-жыл

 

* * *

Сураба, бүгүн менден эч нерсени,
Не көрүп, нелер өтсө, ал бир элес.
Жашоомун жолун басты башка киши,
Ал такыр башка бирөө… ал мен эмес…

Мен болсо тапшырып өзүмдү өзүм,
Ким келип, ким кетпеди ишим болбой.
Ал кантип жашаганын аңдабадым,
А өмүр бүтүн калды, үзүм болбой.

Капылет көрүп калып тар көчөдөн,
Издебе, атым атап чакырбагын…
Ал узап бузуп кеткен бул жолдорду,
Келдим мен оңдош үчүн акыр баарын…
2015-жыл

 

* * *

Жүрөккө жакын мага чоочун адам,
Жүгөнсүз кармап алып чоочулаба.
Сен мени узун жолдон бекер көрдүң,
Соо киши издеп жүрсөм «оорубаган…»

Айрыба, айрый көрбө үмүтүмөн…
Айыпсыз адам издейм үзүлүүдөн.
Сенин да көрөм бир күн Ооруганың,
Соо киши а мен күтөм кезигүүдөн.

Жол узун, кыйбай өмүр өткүчөктү,
Жолуман «соо» кишиге жеткичекти
жөн гана жолоочудай жолум улайм
жол менен менден узап кеткичекти.
2015-жыл

 

* * *

Булбул досум, сырдашабыз экөөбүз,
Сезим талбай кайра-кайра бүлөнүп,
Аалам өчпөй, ырың кетпей түгөнүп.
Улам конуп жашыл ала бадалга,
Бир калыпта ырдап жакшы, жаманга
Жүргөн бийик Жолуң мага бүдөмүк.

Таңшы, булбул, сени, курбум, санадым,
Достон көңүл муздаган көп кечтерде,
Сырдаш өчтөй так жүрөккө тепкенде.
Кайыл болсом болмок менден кечкенге,
Бирок дилим бир аралап жалынды,
Күйүп кетип кек күчөдү өткөнгө.

Калыбынан эч жазбаган жолдомун,
Сайра, булбул, таңшы, булбул, таң алды.
Көз жашты жаап ырдаш үчүн жаралдың.
Бийигимсиң, улугумсуң жөн билги,
Булбул болгум келген менен «күн тилдүү»
Адамдардын санагында саналдым.

Сайра, булбул, таңшы булбул таң алды,
Көз жашты жаап ырдаш үчүн жаралдың.
Жан адамга бөлүшкүм жок муңумду,
Бар адамга тартуу кылып нурумду.
Мен ырдайын, сен таңшыгын каралдым,
Көз жашты жаап ырдаш үчүн жаралдың.
2016-жыл

 

* * *

Кечир дебейм, кетчи дебейм, кел дебейм,
Бийигимсиң, бийиктиктен иргелген.
Өз кадырын жоготпогон жан элең,
Барктуу бойдон басып кетчи.
Жүрөгүмдө ысмың калсын
Жадыраган Күн бойдон.

Келем десең эшигимди илбеймин,
Жүрөгүмдө башка барын билбей бир.
Кучактасаң ооруп кетет жүрөгүм,
Жалп деп өчкөн бүт сүйүүм.
Эми сени мурункудай
Алоолонуп сүйбөймүн!

Кечир дебейм, кет да дебейм, кел дебейм,
Ээлеп алып мага орун бербеген
Жүрөк тура өзү чечкен бардыгын.
Сен күнөөсүз бир жолуккан,
Телегейи теп-тегиз жан,
Көптөн көңүл муздаганда
Өрт ээрчитип бир келген.

Кечир дебейм, кетчи дебейм, кел дебейм,
Бийик бойдон калгын мага бир келген.
Сезээр элең ирмеминен кирпиктин,
Эч сөз айтпай басып кетчи!
Жүрөгүмдө ысмың калсын
Жадыраган Күн бойдон!
2016-жыл

 

* * *

Тээ тигинде кичирейип карааның,
Тырмап улам картын сыйрып жарамын.
Бир айыбым – ачкан жокмун жүрөгүм,
Бир айыбың – узап кеттиң
Мен тарапты келбей туруп карагың.

Бир айыбым – коркот элем уу сөздөн,
Ташталгандан, жалыны жок суз көздөн.
Ошон үчүн сенден мурун озунуп,
“Кош “ дедим да керебетке жыгылдым
Бөлүшүп муң ызалыгым жан эзген.

Тээ тигинде кичиреет карааның…
Миң жоголуп, миң эзилип барамын.
Билем кандай болсо дагы ошондой,
Жашап көрүш керек болчу тоспостон
Келер күндүн башын дагы аягын…
2016-жыл

 

* * *

Тааныбайм, таанышымдай сезилесиң,
Жолуксак керек балким бир ызгаарда.
Кирпигим каштарыма аяз тоңуп.
А эңсөөм бир жылуу үй, бир ысык чай,
Кимге кооз, кимге муздак чилде түшкөн,
Калаа шул ак көрүнөт жааган кардан.

Капыстан кезигишкен ошол кышта,
Жылытсаң керек менин колдорумду.
Ысытсаң керек тоңгон жүрөгүмдү.
Бир кезде жүзүң жылуу сезилерин,
Менин да чоочун болуп кетээримди
Мен анда билдим бекен… болжодумбу…

Тааныбайм, таанышымдай сезилесиң,
Шол кездин кайрыгында калган менен,
Өзгөрдүм, бир бүдөмүк көрүнөт бүт
Мен тоңуп, сен жылыткан колдор дагы.
Тааныбайм, өткөн күндө кара туман,
Тумандан айрый албайм жакшы, жаман.

Мен тоңуп, сен жылытсаң унутуп кет,
Эстетпе, эстебей өт шол ызгаарды.
2017-жыл

 

* * *

Сен сезимди издеп жүргөн убакта,
Мен бакытты күткөн деле эмесмин.
Билип калгам, оңой келген суратпай,
Сүйүү кайра оору таштап кетээрин.

Сен ошондо көз илешкис жебедей,
Кеткен элең мүнөт-күнүм өлтүрүп.
Жашап өткөм, жамынганым жонума
Үмүт болчу… үмүтсүз да өттү күн.

Түбөлүктүү эместигиң билгенден,
Келсең дагы, кетсең дагы ооругам.
Сени сүйбөй жашаш жеңил, сүйгөндөн,
Ошон үчүн жалгыз-жалгыз жол улайм.

Кайрылбадым… «кайрылбасым» өткөндө,
Андагыдай өзүм дагы өрттөнбөйм.
Сен жашаган, сен тааныган көктөмдү,
Кеч тааныгам, кеч ээрчигем… кеч келгем.

 

Нурзат Мокенованын башка ырларын бул жерден окусаңар болот

Соц тармактар:

Добавить комментарий