Нуркамил Абдуллаев: “Келме кезек”

(аңгеме)

Бака-шака болуп, таң эртеңден тээ кечке чейин тыным болбогон, зуулдап нары-бери өткөн машинаны үнү тынбаган чоң көчөнүн боюнда жайгашкан, үч адам тиричилик кылган, бу чачтарачканада Мухаммед жети-сегиз жылдан бери иштейт.

Кичине болгону менен өтө тыкан, жыйнактуу келип, көчө боюнда жайгашканынан улам, бу чачтарачканадан азали адам аягы үзүлбөйт. Айрыкча мектеп окуучулары, студенттер, кары-картаңдар мындагылардын кадырлуу кардарлары. Алар үчүн кызмат көрсөтүү баасы да арзан.

Бүгүн жекшемби. Адатта бул күндөрү чачтарачканада иш эртерээк башталат.

Ошого Мухаммед да жумушуна эрте келди. Шериктери менен ал жай сурашты. Баарысы ушул күндүн берекелүү болушун Кудайдан тилеп бата кылышып, халаттарын кие башташты. Ошол замат Мухаммедин такай кардарларынан бири болгон фельдшер салам айтып кирип келди:

Ал:

– Мал базардан кайттым эле. Чачымды тегиздетип албасам болбой калды. Жүда тез өсөт да. Жүдөтүп салды, – деп бакылдап сүйлөгөн бойдон Мухаммедин столуна олтура кетти.

Мухаммед аны менен мал базардын бүгүнкү жагдайы, өткөн-кеткендер туурасында кобурашканча чачын тегиздей баштады. Иш аягына чыгаарына аз калганда:

– Салоом алейкум, уста! Бизге убактыныз бар бекен? – деп какшык аралаштыра салам айтып, баякы көйрөн кардары баш бакты чачтарачканга.

Мойну жоон, узун бойлуу, кең далылуу, быкжыйган бул жигит да эки жылдан бери ушул чачтарачканадагылардын “жакшы” көргөн кардары. Келген сайын чачын алып бүткүчө жаагы тынбайт. Жеке күрөш менен машыканын, кимдир бирөөнү “кайрыганын”, дагы бирисинин бутун сындырганын, кайсы бир эрежесиз эр урушка түшкөн баланы жанчып салганын, иши кылса жалаң мушташканын айтып мактана берет. Ошонусуна эрдемсийт. Ошонусуна кыйынсынат. Дердендейт.

Мунусу бул жердегилерди коркутуу үчүн айтылган сөзбү, же чындап эле ошондойбу, анысы чачтарачтардын бирисин да кызыктырбайт.

Болгону бул жигит келгенде мурду тырышкан усталар ага сыр бербей нарыдан бери айтканын аткарып, жолго салууга ашыгышат.

Болбосо жанагыдай сөздөрү менен мында кирген кардарлардын да көнүлдөрүн кайт кылаары турган иш.

Курткасын илгичке ыргытып, олтургучка олтурар замат жанагы жигит, баягы адатын дагы баштады.

– Эй шеф, короче мурдагыдай эле короткий кылып кыркасың. Чтобы, көргөндөр саал жүрөктөрү шуулдап, үркүп турушсун.

– Майли, сиз каалагандай болсун, – деди жаш чачтарач чач алууга камданып жатып.

– Анын үстүнө саат 12де разборкага барам. Өткөндө шаардан айылга баратсам, бир пацан тим эле машинасын зуулдатып мага жол бербейт. Мындайда карап турамбы. Андан озуп өттүм да жолдун чекесине такап токтоттум. Андай-мындай деп сөз бербей быжылдайт. Тумшук аралаштыра тарттым. Мурду канап кетти. “Кечирип коюңуз. Апам ооруп больницада. Ошого шашып бараттым эле”, – дейт.

Жалынып-жалбарып, тим эле бөжөндөйт. Мына бул номерди жаттап ал. Көргөндө салам салаарыңды унутпа дедим.

Братишка ишенсең, койсоң өзүң бил. Ушул мезгилге чейин бирөөдөн бир муш жей элекмин. Эч ким мага өзү ашыгып кол көтөрө элек.

– Эми кандай болгон күндө да, жаңжалдан алыс жүргөн жакшы да. Анын үстүнө сизди көпчүлүк сыйлайт, – Мухаммед акырын гана сөз кыпчыды.

– Сыйлаганын билбейм. Бирок, мени менен раз на разга чыкканга көбүнүн духу жетпейт. Жакында мен тууралуу бирөөлөр кыңгыр-мыңгыр сөздөрдү айтыптыр. Угуп калдым. Бүгүн ошонун энесин үч коргондон көрсөтөм деп жатам.

Адаттагыдай эле көйрөңдөнө мактанды.

– Эми эл оозунда элек жок дейт. Айтса айтыптыр да. Ага терикпей эле койсоңуз болот го деймин, – Мухаммед аны жооткотту.

– Э-э азыр, ар ким өз сөзүнө отвечать этиш керек. Анын үстүнө “Заманаң бөрү болсо, бөрү бол. Ууру болсо, ууру бол!” – деген учурда жашап жатабыз. Саал бошураак келсен, айрымдар сени тебелеп салышат. А мен как эркек катары мындайды каалабайм. Көңүлдөгүдөй кырктың. Дагы учурашабыз.

Ал чачын кырккан жигитке акысын бермек турсун, ырахмат да айтканга жарабай шашкан бойдон чыгып кетти.

Андан бери бир айга жакын убакыт өттү.

Тиричилик баягы нугунда. Тан атат да, кеч кирет. Чачтарачканада адамдын аягы дагы деле үзүлбөйт. Тааныган, тааныбаган кардарларга жакшы мамиле кылышып, Мухаммед жана анын шакирттери өз иштери менен убара.

Күндөрдүн биринде, эртең менен арык чырай, каратору, орто бойлуу жаш жигит кирип келди чачтарачканага. Саламын суз айткан жигит, оорулуу агасы бар экендигин, анын чачын алуу керектигин түшүндүрдү.

Адатта мындай окуялар көп болот. Кимдир бирөөлөр ооруканда узагыраак жаткан атасынын же агасынын сакалын, чачын алып берүүнү суранышып келишет.

Мындайда жашы отузга чыкканына карбай бул жердеги усталардын чоңу катары Мухаммед өзү барат. Бу сапарда оорулууга жардам берүү, анын акыбалын суроо сооп иштерден экендигин айтуу менен Мухаммед аспаптарын даярдай баштады.

Аңгыча сыртка жүгүрүп чыгып кеткен жигит, коляскада олтурган агасын алып кирди.

Оң колу ак бинт менен оролгон, эки бутуна гипс салынган, мурдуна пахта тыгылган, жаагы таңылган бул баланын көзү негедир жылуу учурады Мухаммедге.

Уйпаланган, майлуу какач баскан чачын кырып жатып, бул жигиттин узактан бери ооруканда жатканын боолголоду. Бирок, көңүлүнө келбесин деп эмне болгонун сурабады. Тек гана автокырсыкка кабылганго деп ойлоду өзүнчө.

Бул кесел менен качан, кайсыл жерде учурашканын такыр эстей албай койду.

Тиги жигит арада улам-улам жөтөлүп, дөрдөйүп шишиген илебин тилин чыгарып, утуру нымдап коет.

Муну көрүп, боору ооруган Мухаммед:

– Сабыр кылыңыз. Мээнет мейман дешет. Кудай буйруса баары өтүп кетет. Эч теке көрбөгөндөй болуп каласыз, – деди.

Ал болсо, ырахмат дегенчелик кылып, башын араң ийкегенге жарады.

Чачын кырккан соң, иниси Мухаммедге агасы балдар менен мушташып, эми басар-баспашы белгисиз экенин кыйытып, чоң ырахмат айтып, акча сунду.

– Тек эле кой. Өзүңөр минтип ооруп жатсанар. Биз ыраазыбыз. Тек кой.

– Ырахмат. Кем болбоңуздар.

Иниси коляскадагы жигитти түртүп чыгып кетти. Мухаммед болсо бир кыйлага чейин ойлонду.

“Чындап эле бул жигит ким эле? Аны менен кайсыл жерде учурашкан? Өңү өтө тааныштай, – деген суроолор оюнан кетпей койду. Жанын жай алдырбаган бул суроолорго акыры жооп таап, жаны тынчыгансыды.

Ооба, бул ошол баягы жигит. Өзүн шер ойлогон көйрөң кардар!

 

Нуркамил Абдуллаевдин дагы башка аңгемелери:

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий