Кош бойлуулар карманган ырым-жырымдар кандай болгон?

Кыргыздын элдик ишеними боюнча, келиндин кош бойлуу убагындагы айрым шарттар ичтеги балага жана келиндин төрөтүнө таасирин тийгизбей койбойт…

  1. Жатында жаткан баланын мойнуна киндиги оролуп калбаш үчүн, кош бойлуу кезинде келиндер ийик ийирген эмес, жипти чийе байлаган эмес жана арканды, жипти, шыпыргыны аттаган эмес. Кош бойлуулар түймө түйүү, өрмөк согуу жана ушул сыяктуу нерселер менен алектенгенде түйүлдүк түйүлүп калат же кыйналат дешкен.
  2. Кош бойлуу аялга чачын кыркууга, ичи толтурулган каптын үстүнө олтурууга, шыпыргыны отко жагууга болбойт дешкен.
  3. Тескери толгоодон коркуп, илгерки келиндер баканды аттаган эмес. Негизи, “баканды аттаба” деген сөз кыргызда кеңири таралган.
  4. Курсактагы баланын тескери карап калышын байкаган байбичелер келинди төшөккө жаткызып, эки аял ал төшөктүн эки жагынан кармап көтөрүп, үч жолу “оң, оң, оң бол” деп ары-бери тоголоткон. Бул – “көлбүтүү” деп аталып, ичти оңдоо, баланын туура келишин камсыздоо максатында иштелген.
  5. Кош бойлуу келин отурган жерде башка бирөөнүн төрөгөнү сүйүнчүлөнүп айтылып калса, анда тигил келин дароо ордунан тура калышы керек дешкен, себеби, мындай шарт аткарылса, сүйүнчү уккан кош бойлуу келиндин төрөтү кийин жеңил болот” дешкен.
  6. Кош бойлуу аял өлүм болгон жерге барган эмес, барса да жаназа окулганга чейин кетип калган.
  7. Жарык дүйнөгө келе элек наристеге арнап кийим алба, ысым издебе, алдын ала ысым койбо дешкен. Анткени, төрөлө элек бала адамдын колуна өткөнгө чейин Кудайдын баласы деп эсептелген.
  8. Кош бойлуу келинге төөнүн этин жедиришкен эмес. Эгер жесе, боюндагы баласын тогуз айдан өткөрө көтөрөт дешкен.
  9. Мөөнөтүндө төрөбөгөн келинди төөнүн алдынан өткөрүшкөн.
  10. Өз мөөнөтүндө төрөбөй айынан ашып кетсе, кош бойлуу келин чийки жумуртканы тегирмендин ноосуна тоголотуп жиберип, кылчайбай үйүн көздөй кеткен.
  11. Толгоо башталганда анысы жеңил болуш үчүн: “Эл көчүп жатат, сен да эрте көч” деп, кайненеси нан жапкан жеңче менен келининин башына үч жолу жеңил уруп койгон.
  12. Толгоо мезгилинде үйдөгү түйүлгөн түйүнчөктөрдү чечип коюу ырымы болгон.
  13. Үйдө аял толготуп жаткан учурда кошуна-колоңдор бир нерсе сурап келип калса, үйдөгүлөр берген эмес.
  14. Эгер аял толгоо мезгилинде өтө кыйналса, толгоосу оор болсо, “бала энчи сурап жатат” деп, үйдөгүлөр тоок же башка майда жандык алып келип, келиндин башынан үч айлантып шыйрагын карматып, анан сыртка алып чыгып мууздап, этин бышырып беришкен.

А сиздин бул боюнча уккан-билген дагы башка ырым-жырымдарыңыз барбы?

Салтанат Кыдырмаеванын Фейсбук баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий