Темирбек Алымбековдун жаңы котормолорунан

Анна Ахматова

СУРАНБАЙМЫН ЭМИ СЕНИН СҮЙҮҮҢДҮ

Суранбаймын эми сенин сүйүүңдү
Аны абдан бекем жерге каткамын.
Ишен мага, колуктуңа мен сенин,
Кызганычтын катын улам жазбадым.
Бирок, менин айтаар сага акылым:
Бергиң ага ырларымды окусун,
Бер сүрөтүм сактап алсын жашырын.
Анткен сайын жагымдуу ээ күйөөлөр!
Ал аялга андан артык не керек,
Сага жеткен бактысына сүйүнөр.
Таттуу сөздөн, анан дагы достуктан,
Ага кызык алгачкы ысык түнүңөр…
Ал бакыттын далай түнү өткөндө,
Акырындап өрт сезимдер өчкөндө,
Жан дүйнөңдү дайым турган толтуруп,
Жан-жагыңдан мен жетпеген кездерде.
Салтанаттуу келбе басып койнума,
Өттү баары…Болбос эми ашыккан.
Анан дагы кандай жардам кыла алам?
Айыктырып же албасам бакыттан.

 

Алма Түсүпбекова, казак акыны

ПОЭЗИЯ

Өчпөй турган шоола бердиң өзүмө,
Күч да коштуң айта турган сөзүмө.
Жапандагы жолоочу элем, тентиген,
Поэзия!
Кайтып келдим өзүңө!

Жаратканга жалбарындым, сурадым,
Узак жолдо мүдүрүлдүм, куладым.
Поэзия!
Жанкечтиси –жалгандын,
Келип мына, так алдыңда турамын!

Ишенгениң актабасам мен сенин,
Амалым жок?
Кантмек элем?
Пендемин.
Сага келип бир өксүбөй кетпеген,
Болгон эмес менде күн!

Муңдун отун далай ирет өчүрдүм,
Башка конгон бактым деле аз дагы.
Өзгөлөргө көрүнсөм да өр болуп,
Сенсиз өмүр сүрүүнү Алла жазбады.

Жыйып салып тагдыр деген тактамды,
Сенден күтөм арман кылган ак таңды.
Музам айтты мекениңди-жайыңды,
Поэзия!
Кагып турам капкаңды!

 

КАТАЛЫК

Жолукканбыз бекер биз,
Каталыктан кезигишкен экенбиз.
Бакыт тилеп коштошкомун өзүңө,
Эми экөөбүз, бейтаанышпыс, бөтөнбүз.

Айтканда эмне, жакшы-жаман өткөнүн
Ал күндөрдөн алаар энчим жок менин.
Гүл ордуна, муңду сунуп турчу элең,
Тереземди какпачы эми өткөнүм.

Жаратканым жолго салды чубаган,
Тагдырыма кандай каршы тура алам?
Эчен жолу, сүрүнгөм да, кулагам,
Жабыркагам ыйлагам.

…Өчтү сезим экөөбүздө маталып,
Өмүр келди күз маалына такалып.
“Жалган” деген биринчи аты өмүрдүн,
Экинчи аты каталык!

Үмүт деген- ар пенденин күткөнү,
Көңүл кушум көкөлөчү, талбачы.
Асман толгон ак түстөр да калбады,
Кара нокто – тагдырымдын тамгасы.

Мына ушундай башка түшкөн нокто-өмүр,
Кара тамга, кара түндөр топто бир.
Азабыңдын качан бүтөт аягы,
Айланайын Көк теңир!

Санаам менин толгон менен суракка,
А мен үчүн сенин атың – ыр накта.
Атыңды да унутупмун (кечиргин),
Телефонуң өчүрбөдүм бирок да.

 

ТУҢГУЮК КӨЗҮМДӨ…

Сүйдүрүп кыйнатканыңды,
Сүйбөй бирок ыйлатканыңды,
Өзүңдөн көр.

Сени чексиз сүйөөрүмдү,
Сен үчүн отко күйөөрүмдү,
Көзүмдөн көр.

Ар убак муңга батырганыңды,
Аргасыздыкты чакырганыңды,
Өзүңдөн көр.

Бактыма сени баалаганымды,
Нур сымал жүзүң тараганымды,
Көзүмдөн көр.

Бийик дечү элем, төмөндүгүңдү,
Көөдөнүң туйбас кереңдигинди,
Өзүңдөн көр.

Туңгуюк сымал тереңдигимди,
Сезимге бекем берендигимди,
Көзүмдөн көр.

Жанымдын шамын жандырганыңды,
Жаныңдан таппай кайгырганыңды,
Өзүңдөн көр.

Сен десем дайым элжирегенимди,
Жел тийген жибектей делбирегенимди,
Көзүмдөн көр…

Көзүмдөн көр!..

 

Темирбек Алымбековдун башка чыгармаларын жана котрмолорун бул жерден окуй аласыздар!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.