«Ырперия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда.

Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналат. «Ырперия» деп аталган бул поэзия кечеси 2018-жылдын 23-февралында саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында болуп өтөт.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство университетин аяктаган. Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз Улуттук Филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда “Айтыш” коомдук фондунун акындар мектебинин устаты. Бул мектептен кырктан ашуун төкмө акындарды тарбиялап чыгарды жана азыр да тарбиялоодо. Азыркы учурда көпчүлүк кызыгып көргөн жана акындардын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ “Төкмө келсе төр бошот” берүүсүн даярдап, Коомдук теле-радио берүү корпорациясынан эфирге алып чыгып жатат.

Э.Иманалиев эл аралык жана республикалык бир нече акындар айтыштарынын баш байгесинин жеңүүчүсү. Ал эл ичине кеңири тарап, сүймөнчүккө ээ болгон “Булбулум”, “Аруузатым”, “Билесиңби”, “Балкыма” сыяктуу бир канча обондордун жана ырлардын автору.

Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.