Шекердин суусу да, ташы да Айтматов деп сүйлөгөндөй болушу керек

Айтматов Шекер жөнүндө

“Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени менин башатым – ушул Шекер, ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата Журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин”.
(Чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы, 8-том. 5-бет)

* * *

“Шекер айылыма көп барам, эки-үч каттабасам көңүлүм толбой турат. Туугандарым келин алат, кыз берет дегендей, жакшылык-жамандыгы аралаш бул дүйнөдөн өткөндөргө топурак салуу – ал дагы парз. Айтор көңүл тартып турса шылтоо табылат да.
… ар булактын чордону бар сыңары, мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу алакандай борбору болот эмеспи. Менин Мекеним – Шекер айылы. Биздин Шекер турган орду да мал-жанга жайлуу, суу башында, Таластын жон-арка тоосунун этегинде , эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө”
(3-том, 280-бет).

“Теңир тоо падышасына” тоодой сый жарашат

Ар бир адамдын жүрөгүндө өз айылынын кичинекей сүрөтү жүрөт деген экен бир акылман. Улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматов өз айылын жүрөгүндө гана сактабастан, чыгармалары аркылуу Шекердин ажайып сүрөтүн ааламга даңаза кылды. Айтматовдун чыгармалары аркылуу бүгүн Шекерди бүт дүйнө билет, анын “шекерлик” каармандары дүйнөнүн окумал журтуна жакшы тааныш. Дүйнө канчалык кең, канчалык ар башка жана кайталангыс сезилбесин Шекерде жашаган адам менен тээ Лондондо жашаган адам үчүн түпкү маанисинде бүгүнкү турмуш жана келечек үчүн көйгөй да, өксүк да бир, жашаган жери жана жашоо деңгээли ар башка болушу мүмкүн, бирок адам баласынын өзүнөн келип чыккан кесепеттердин залакасы да бир. Ошон үчүн Айтматовдун Шекердеги каармандары баарына тааныш, жакын жана көңүлгө кыт куйгандай уюп калат. Ошон үчүн жазуучу менен жөн эле баарлашкан адам же атайын суроолорун камдаган журналисттер да ар бир жолу Айтматовдон анын Шекери жөнүндө, андагы каармандар жөнүндө сурабай коюшкан эмес. Муну Айтматовдун россиялык жана башка чет элдик журналисттер, адабиятчылар менен маектерин окуган адам жакшы билет. Ал кайда жүрбөсүн Ата Журтуна сүйүүсү, кусалыгы ашып-ташып, Шекерге болгон сагынычын жашырган эмес.

Мына кыргыз журту, дүйнө коомчулугу Айтматовсуз 10 жылды өткөрдү. Бирок дагы 100 жыл өтсө да Айтматовдун ысымы ааламды чарк айланып жүрө берет. Ал өз таланты жана көрөгөчтүгү менен адамзат үчүн түбөлүктүү чыгармаларын калтырып кетти. Кытайдын таанымал жазуучуларынын бири Жаң Чыңжы Айтматовго «Ал абдан бактылуу жазуучу, анткени элин мактанычка бөлөп, теңир тоо падышасы болуп калды» деп, баасын берген. Ал Хемингуэй менен Айтматовду салыштырып: «Айтматовдун жаңы жана узакка жашай турган чыгармалары Хемингуэйди эски боюнча калтырып кете алды» ,- дейт (Макелек Өмүрбай, Кыргыз маданият борбору сайтынан алынды). Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 176 тилине которулуп, 128 өлкөдө китептери жарыкка чыккан. Ошончо чексиз аалам Айтматовду кандай жакшы билсе, ошончолук Шекер боюнча кабары бар. Анткени Айтматов менен Шекер ажырагыс. Дүйнөнү тамшандырган чыгармаларынын учугу мына ушул жерден уланган жана кайра айланып мына ушул жерден бүтөт. Шекер Айтматовду аздектеп келген адамдар үчүн аны менен жолугушчу жандуу эстелик болушу керек. Бул атагы таш жарган улуу талантка таазимибиз, ошол эле учурда улут катары намыстын иши деп эсептейм.

 

Айтматовдун Шекер айылында

Бүгүн Айтматов арабызда жок. Бирок ал өзү айткандай “… Таластын жон-арка тоосунун этегинде, эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө” өзүнүн даңктуу уулун ааламга аттандырган Шекер айылы турат. Бүгүн Айтматовду сүйүп окуп, талантына таазим эткен окурмандар зыярат кылчу жер — мына ушул Шекер. Сөзсүз Айтматовдун өзүн таппай, сөзүн туу туткан адамдар аны менен жолугушууну самап, улуу сүрөткердин балалыгы өткөн, улуу жазуучунун сезимтал жаш жүрөгү турмушту таанып, адамдык улуу сезим-туюмдарга сугарылган Шекерге келишет. Акыркы эле 2-3 айдын ичинде Айтматовдун Шекер айылына Швециядан, Словакиядан, Америкадан туристтер, Швециянын жана Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси келип кетишкен. Шекерге буга чейин да алыс-жакындан туристтер агылып келип турушкан жана мындан кийин да келе берет. Эмки жылы Айтматовдун 90 жылдык маараке жылында дагы көбөйүшү мүмкүн. Бирок атайын алыстан ат арытып келген коноктор Шекерден кандай таасир алып кетет? Алар Айтматовго болгон көксөөсүн толтура алышабы? Келген ар бир киши Айтматовдун үйү кайсы? Башка дагы Айтматовго байланыштуу эмне бар деп сурашы турган иш. Азырынча Шекерде келген конокторго мактанып көрсөтө турган эч нерсе деле жок. Келген коноктор айылдагы маданият үйүндөгү музейди көрүшөт. Андан кийин айылдын четиндеги ачык асман алдындагы музейге барышат.

Айылдын маданият үйүндөгү Айтматовдун музейи айыл жериндеги катардагы эле музейлерден эч айырмаланбайт. Анын чындыгында музей макамы деле жок. Себеби, музей макамын алыш үчүн анда 460 экспонат — өздүк буюмдары болушу керек. Ал эми мында Айтматовго тиешелүү 22 гана буюму коюлган. Калганы бүт сүрөт-документтердин көчүрмөсүнөн турат. Ал эми айыл четиндеги бак ичинде ачык асман алдындагы музейде болгону Айтматовдун каармандарынын 16 таш эстелигинен башка эч нерсе деле жок. Айтматовдун дүйнөдөн кайтканына 10 жылдын жүзү болду. Бирок ушул кезге чейин жергиликтүү бийлик ааламдык ысмы бар Айтматовго заңгыратып бир музей же көркөм комплекс салбай эле койсун, ошол ачык асман алдындагы музей деп аталган жайды карап, айлана-тегерегин тазалап койбогону өкүндүрөт.

 

Жетекчи жетик болсо…

Ачык асман алдындагы музейге барган адам жакшы таасир алгандын ордуна шаабайы сууйт. Себеби, ал жер таптакыр кароосуз калган. Таш эстеликтерди чөп басып, айлана-тегерегиндеги бактардын бутактары куурап, арыраак жагында бак баштан аяк куурап да турат. Бул жерге быйыл экинчи келишим. Былтыр да атайын барып көрүп, өз таасирлеримди “Шекер — Айтматов менен жолугушчу жер болушу керек” деп макала жазгам. Анда айыл аймагынын башчысы Сүйүн Калыбеков Нарын тараптан келген кудаларын ошол жерде тосуп жатканынын үстүнөн чыккан элем. Быйыл бул жердин абалы былтыркыдан да начар, эч каралбаптыр. Ошол макаламда бул жерге бирөөнү алып келип, Айтматовдун ачык асман алдындагы музейи деп көрсөтүштүн өзү мен үчүн уят деп жаздым эле. Бирок айыл өкмөтү уялбайт экен, бул ирет аны издеп атайын айыл өкмөтүнүн кеңсесинен жолукканымда ал эч уялбай-этпей эле ал жердин абалы бизди толук канааттандырат деп айтып таң калтырды. Ал ошентип айткандан кийин кайра барып, ал жерди толук видеого тартып койдум. Кызыккандар болсо кайсы убак болбосун көрсөтүүгө даярмын. Чет мамлекеттен келген туристтер ал жерди көргөндө эмне ойдо каларын элестеткенде айтаарга сөз таппайсың. Жакында эле Америкадан келген тарых изилдөөчү, өзү кыргызча шуулдатып сүйлөйт экен дейт, бир эстелигиңер кыйшайып кулаганы калыптыр деп музейдин абалына ичи чыкпаганын жашырбаптыр. Дагы бир эстеликтин башынын үстү жарымынан кетилип сынып турат. Бирок баары эле ага окшоп терс таасирин ачыкка айта бербейт да. Словакиядан келген турист кызды ата-энеси биз карыдык жете албайбыз, жок дегенде сен Айтматовдун айылын көрүп кел деп жиберишкен экен. Ал кыз музейдеги китеп текчеден Айтматовдун чыгармалары словак тилинде басылган китепти колуна кармап, көзүнө жаш алды дейт музейдин кызматкери Анара Касымова. Ал кароосуз калган Айтматовдун каармандарынын эстелигин көрүп кандай абалда калды болду экен?..
Макул, атайын каражат жок дейли. Бирок, мектеп окуучуларын алып келип, куураган талдарды кестирип, чөп-чарын чаап, айлана-тегерегин тазалап койсо эмнеге болбойт?! Ал үчүн көп акыл, көп акча деле керек эмес. Эгерде ушундай ишти уюштура албаса, анда анын башка кылар иши эмне? Жетекчинин демилгеси, ишке ынтаасы болбосо, айылым үчүн, элим үчүн иштейин дебесе эмне жыргаган иш бүтмөк эле? Айтматов менен жалпы кыргыз сыймыктанабыз. Ал эми шекерликтер эки эсе сыймыктуу, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү да экендигин Сүйүн мырза түшүнө бербейт көрүнөт…

А чындыгында демилгелүү, өз кызматынын маани-маңызын сезе билген намыскөй жетекчи болсо, Шекер минтип көп айылдын бири катары сумсайып турмак эмес. Шекер башка айылга окшобошу керек, анткени ал Айтматовдун айылы. Айтматов көзү тирүүсүндө Шекердин киндигин ааламга туташтырып, тааныткан. Эми Айтматовду аздектеген окурмандар анын айылын издеп келе беришет, келе беришет. Кудайга шүгүр, демилгелүү адамдардын аракети менен мамлекет тарабынан да колдоо болуп, 15 гектар жерге ири маданий-эс алуучу комплекс куруу маселеси чечилгени жакшы иш болду. Шекерди Айтматов аркылуу дүйнө тааныгандай эле Шекер да келген ар бир адамга Айтматовдун элесин эске салган, ташы, суусу, дарагы, баары Айтматов деп сүйлөгөндөй ыйык жерге айланышы керек.

 

Австриядан алынып келинген унаа

Айылдагы Күркүрөө маданият үйүнүн директору Саматбек Рыспаев Айтматовдун Австрияда элчи кызматында минип жүргөн “Ягуар” автоунаасы боюнча бир кызыктуу маалыматты айтты. Мелис Турганбаев министр болуп турган кезинде атайын Шекерге келип, айылдыктарга кубанычтуу кабары менен бөлүшөт. Көрсө ал Айтматовдун автоунаасын Бишкекке алып келиптир. Эми аны Шекерге алып келүү оюн айтат. Бирок кийин белгилүү болгондой ИИМдин балансынан аны түз Шекерге өткөрүүгө болбогондуктан ТИМдин балансына өтөт экен. Эми ошол жактан өз жол-жобосу менен өзүңөргө алып алгыла дейт ал. Саматбек Рыспаев бул боюнча тиешелүү мекемелерге каттарды жазат. Бирок ушул кезге чейин ал машинадан дайын жок. Угушума караганда Ата-Бейитке коюу маселеси каралып жаткан окшойт, — дейт Саматбек Рыспаев.

Эң башкысы генерал Мелис Турганбаевге рахмат, анын күчү менен Айтматовдун унаасы Бишкекке алынып келиптир. Бул генералдын мекенчилдиги жана адамдык бийик сапатынан кабар берет. Болбосо бул иш анын кызматтык милдетине кирбейт эмеспи. Ал эми 4-5 жылдан бери айыл аймагынын башчысы Сүйүн Калыбеков кайсы иши үчүн өзүнө канааттанып отурат деп таң каласың. Мен аны менен сүйлөшүп жатканда шашып жатканын айтып, ордунан тура качкысы келип араң отурду. Иштегиси келбеген адамга шылтоо көп, а иштейм деген адамга кыларга иш көп болот да…

 

Айтматовдор жашаган үй кайсы?

Айтматовду аздектеп анын туулган айылына ат арытып келгендер үчүн чыгармалары боюнча атайын маршруттарды түзүп коюу жергиликтүү эле бийликтин колунан келе турган иш. Интеллектиси бийик, идеяга бай жетекчи болсо чыгармачылык менен иштеп жоктон бар кылмак. Мисалы, ачык асман алдындагы музейдин аймагында “Чыңгыз булак” бар экен. Минтип айтылып калышынын себеби Чыңгыз Айтматовду “эл душманынын уулу” деп пионерге кабыл албай коюшканда ал ушул булакка келип, атам болгондо мени минтишмек эмес деп ыйлап, ичиндеги бугун чыгарган экен. Ал эми ушундан көп алыс эмес жерде кадимки Ысмайылдын үңкүрү жатат. Так эле бутуңдун түбүнөн чыгып жаткансып күрүлдөп Күркүрөө суусу агып жатат. Ал турсун туристтер Жамила менен Даниярдын сүйүүсүнүн күбөсүндөй болгон Маймак станциясын да эстеп, кайда деп сурашат экен. А Дүйшөндүн мектебичи? Мына ушул сыяктуу туристтер кызыккан жерлердин айлана-тегерегин оңдоп-түздөп, чыгармачылык менен ылайыгына жараша кошумча-алымчасын жасап окшоштуруп койсо келген адамдарга кызыктуу болуп, Шекер менен таанышуусуна кошумча мазмун жана көрк бербейт беле дейсиң…

Ал эми Шекерге келген адам Айтматовдун жашаган үйү кайсы деп сөзсүз сурайт. Мага да кызык болду. Бирок жок, ал качан эле жок болуп кеткен да деген кайдыгер жоопту угасың. А бирок Айтматов кайда жашаганын бир эскерүүсүндө өзү: “Атамдын эжеси Карагыздын сокмо дубалдан тургузулган үйү ушул кезге чейин сакталып турат. Бул үйдө кыйла мезгилдерден бери эч ким жашабайт. Бирок бир кезде биз, апам жана анын төрт баласы ушул үйдө тирилик кечирчүбүз. Башыбызга кыйын күндөр түшкөндө апам ошол жепирейген үйдөн: “Карагылачы, биздин тоолор кандай керемет! Ушулардын баары биздин тоолор эмеспи!” деп Манас-Ата тарапты жаңсап көрсөтөөр эле”, — деп 1978-жылы жазган экен. Ошол жерди Айтматовдун үйү кылып койсок болбойбу?! Эгерде жок болуп кетсе окшоштуруп жасап койсок эмне кудай алдында күнөөлүү болобузбу?!. Азыр да кеч эмес, муну жасашыбыз керек. Дүйнө коомчулугу рухий пайгамбар катары кабыл алган Айтматовдун туулуп-өскөн айылында жашаган үйүн, балалыгынын изи калган жерди көрсөтүп бере албасак, бул биз үчүн кечиримсиз иш.

 

“Чыңгыз ордо” комплексинин курулушу тездетилсе

Ооба, Айтматовдун айылын издеп алыс-жакындан келген адамдар үчүн азырынча көңүл толгондой көрүнүш жок. Бирок айылдагы намыстуу уулдардын аракети аркасында Президенттин, Өкмөттүн колдоосу менен 15 гектар жер аянтын ээлеген жерге “Чыңгыз ордо” маданий комплексин куруу маселеси чечилди десек болот. Депутат Рыскелди Момбеков, айылдык активист Сейдакпар Исмантаевдердин аракети менен комплекс түшчү жер трансформациялоодон өтүп, комплекстин долбоору даярдалууда. Бул курулуш жазуучунун 90 жылдык мааракесине чейин бүтөт деп айталбайбыз. Айтматовдун адамзат үчүн актуалдуулугу 90 жылдык же 100 жылдыктар менен эле ченелбейт. Анын адамзатка калтырып кеткен мурасы кылымдар өтсө да маанисин жоготпойт. Андыктан кечигип болсо да улуу адамыбызга сый-урматыбызды көрсөтүп, анын туулган жерине көргөндүн көзү сүйүнүп, көңүлү толгон өзгөчө бир эстелик болчу иш жасоо аракети болууда. Айтматовдун Шекерине атайын зыяратка келген меймандардын көксөөсү толбой, бу кыргыз ушундай улуу адамын барктай албаган бир байкуш эл экен да деп көңүлү кайт кетпеши керек.

Бегим ТУРДАЛИЕВА, “Эркин тоо”, 13.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий