Өзгөлөрдүн көз жоосун алган шырдак

Илгертен энелерибиз өнөр ээси, колу уз болушкан. Сайма сайып, кийиз жасап, шырдак шырып, ал тургай кийимдерди тигишкен. Алардын ар бир жасаган иши ар бир адамга жагаарлык жана сөзгө алынаарлык болгон. Азыр да энелердин колунан жаралган баалуу эмгеги – шырдак. Анда энелердин шырдагы кандай эмгекти талап кыларын көрөлү.

Шырдактын кийизинин даярдалышы

Шырдактын кийизи боз үйдүн кийизинен жукараак калыңдыгы 60-70 мм болот. Жүн уяң болуп, кылчыксыз болушу керек. Жайында күндүн аптабында кийизди тепкилеп, бышырып даярдалган кийизди тиешлүү өңдөгү боекторго кайнатабыз. Эки түстөгү даяр кийизди алып, бири-бири менен беттеп текшилеп кесип туруп, беттелген кийиздин төрт тарабынан калың жип менен көктөйбүз, ортосунан да бир жүгүртүп көктөп койсок оюуну ойгондо жылышпай төп түшөт. Көктөлгөн кийиздин бетине оюу түшүрөбүз да курч бычак менен тартылган изден сыртка чыгып кетпей кылдаттык менен кесебиз. Андан соң, көктөлгөн жиптерин чечип, эки түстөгү кийизди дал келтирип жерге салып чыгып, жөрмөө учурунда чоюлуп кетпес үчүн ар бир оюнун башынан тепчип чыгуу зарыл. Тепчилген кийизге жээкти бетине келтирип астынан шырык жип менен үстүнө чыгарбай текшилеп жээктейбиз.Шырдактын ортосу бүткөндөн кийин ага бычак учуну бириктирип, кара түстөгү кийиз менен ичтеп, төрт тарабынан жана шырдактын чоңдугуна жараша ар кайсы жеринен көктөп, шырык жип менен текшилеп шырыйбыз. Шырдактын ортосу шырылып бүткөндөн кийин четин кошуп шырып, жээкти 3-4 каттап чекесин жээктеп бекитип чыгабыз.

 

Шырдак шыруу

Шырдакты шырырдын алдында беттелген кийиздерди текши, тыкан кылып көктөп алуубуз зарыл. Көктөлгөн кийизди шырып баштайбыз. Шырыганда көпчүлүк шырык жиптин башын түйүп салышат да, учугу түгөнгөндө түйүп коюшат. Бул туура эмес, мындай шырылган шырдак өзүнүн сулуулугун жоготуп коёт жана түйүнү жанган учурда шырдак бош болуп калат. Ошондуктан туура эрежеси менен шыруу керек. Ийнеге сапталган шоонаны алып, шырый турган жерибизге шоонанын учун сойлотуп саябыз да, сойлоп кийиздин ортосунда калган шырык жиптин үстүнөн бастырып шырып баштайбыз. Учугубуз түгөнгөндө жипти кайра кийиздин арасына ийненин жардамы менен сойлотуп, сиңирип салабыз. Шырыганда колдон келсе бири-бирине миништирбей, бирок жыш жана текши кылып шыруубуз зарыл. Шырык эки бетине тең бирдей сулуу болуп түшүшү шарт.

 

Шоона

Шоона – бул шырдакты шыруучу шырык жип. Бул койдун кылчыктуу кара жүнүнөн ичке ийрилет. Ага кадимки кыркынчы жиптен да кошуп ийирсе бышык болот. Жип ийирген бардык эле айымдар шырдактын шоона, жээк сыяктуу жиптерин ийире беришбейт. Шоона шырып жатканда кийиздин астынан үстүнө же үстүнөн астына такалып калбагыдай зыпылдап ылдам шырылгыдай тегиз бир да бөлтөгү жок жана чыйрагыраак болушу керек.

 

Жээк

Жээк – бул шырдакты даярдоодогу кийиздерди бириктирип жээктей турчу түймө жиптен калыңыраак үч катталып чыйратылган калың жип. Жээкти да шоона сыяктуу текши кылып ийириш керек. Шырдакты негизги көркүнө келтирүүчү бул ар түркүн боёкко салынган жээктер эсептелинет.

 

Шырдактын түрлөрү

Шырдак сулп жана көз шырдак болуп экиге бөлүнөт. Сулп шырдак болгондо көз салбай жасалган сулп ою түшүрүлгөн шырдак. Илгери көбүнчө ушундай шырдактарды жасашкан. Сулп жасалган шырдакка караганда көз салынып жасалган шырда жэңилирээк болот. Ошондой эле жасоо да тыкандык менен жасалат. Азыркы учурда килемдин бетинин түзүлүшү сымал кылып тегерек жана сүйрүсүнөн келген тегерек заманбап шырдактарды жасап келишет.

Нуриза Кубанычбекова, “Эркин Тоонун” практиканты, 19.01.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.