Нуркамил Абдуллаев: «1 секунд»

(аңгеме)

Маңдайдан тер агызган, бир аз турсаң аптабы мээңди гана кайнаткан, саратандын ысык күндөрү. Ош – Ноокат аялдамасында: “Ноокат, Ноокат бир адам. Сразу жылабыз” — деп кайра-кайра кыйкырып, адамдарды өзүнө тарткан жаш жигиттин күмүш түстүү “Мерседес” машинасына эки колуна таяк таянган, кашынын четинде жана көзүнүн астында кичине тырыгы бар жашы отуздар чамасындагы киши келип олтурду.

Ал машинага жайгашар замат чыпташкан ак футболка менен белдиги белинен араң ашкан чыпташкан көк джинсы шым кийген, оозундагы сагызын улам ары-бери чайнаган эпилдеген жигит да рулга олтуруп, машинасын жүргүзүп, жолго сапар алды.

Маарага түшкөн ат атаандаштарынан араң алдыга чыккандай, шаардагы тыгындардан, жол чырактардан, жүргүнчүлөрдөн араң бошонгон бул машина, шаар четиндеги трассага түшөөрү менен зуулдап жөнөдү. Арада алдынан чыккан машиналар “бипилдеткенине” карабай алга карай шашып, ары-бери буйтап, өтүп зымырап баратты.

Ичиндегилердин көпчүлүгү жаштар болгондуктан айрымдары телефон чукуп, кээ бирлери кулактарына тыгылган шнур аркылуу жаңырып жаткан музыка баштарын чайкап, угуу менен убара.

Бир гана таяк таянган баягы киши машинанын ылдамдыгы улам жогорулаган сайын, “Секинираак айда, абайлап айда” деп айдоочуга улам эскертип коет. Ал болсо кардарга “Мындай акылыңа зар эмесмин” дегенсип, жактырбагандай түр менен тиктеп койду бейм, тиги киши андан ары тилин тишине басып олтуруп калды.

Алмалыктан аша бериштеги бурулушка жеткенде, зуулдаган “Мерседес” каршылаш келе жаткан “Камаз” менен сүзүшүп кете жаздады. Баятан бери өпкөсүн колтугуна “кыстарып” алган айдоочу каршысындагы “Камаздан” качам деп, жолдун аркы-берки бетине сүрүлүп олтуруп, тумшугу менен жол четиндеги чоң ташка барып такалды.

Жанатан бери ылдамдыктын улам жогорулаганына ырахаттана, угуп жаткан музыкасына баш чайкап, жазышкан СМСтерине жылмайып келе жаткандардын оозунан заматта “Аллалаган”, Апалаган” үндөр чыга калды. Чыңырган, бакырган үндөр басылып, салондун ичи саамга тынчый түштү. Анан өздөрүнө келип, эс-учун жыйышкан соң, биринен-бири өтүп, ар түрдүү сөздөр менен айдоочуга асыла башташты. Акыл үйрөткөндөрү да болду.

Машинасын бар күчүнө салып, жерде эмес асманда көкөлөп учуп бараткандай, зуулдатып айдаган айдоочу жигит көпкө барып өзүнө келди. Жүргүнчүлөрдүн ызылдап-тызылдаганы, айткандары, урушкандары деле кулагына кирбеди.

Бир саамдан кийин эсине келе түштү бейм, эки жагын элеңдеп карап, кайрадан машинасын от алдырды да, үн да катпай, сөз да айтпай, кубарган жүзү менен жолун улады.

Бир аз жүргөн соң, жанагы балдакчан жигит кайрадан акырын сөз баштады.

— Досум, сен шашмалыгың, ашыккандыгың менен аз жерден бизди о дүйнөгө жөнөтө сала жаздадың. Пешенең бар экен. Бактылуу экенсиң. Жанатан бери санап олтурсам, алты жолу правиланы буздуң. Билем, машинаң жаңы, өзүн жашсың. Сен үчүн азыр эң башкысы барар жериңе тез барып, кайтар жериңе тез кайтып, көбүрөөк акча табуу.

Мен да мындан алты жыл мурда ошондой ойлордун кучагында жашачуумун. Кулагыма канчасы: “Өз жолуңда жүр. Эрежени бузба. Шашпа. Жолдо өзүңдүн жана башка бирөөнүн акысы бар”, — деп какшашпады. Алардын баарына айта беришет дегендей кол шилтеп койчумун. Мындай сөздөр мага мораль окугандай сезилип, кулагымдын сыртынан кетчү. Сен өткөндөй мен да машианлардын далайын артка калтырып, маңдайыман чыккан далай машиналардан мен эмес, алар өздөрү буйтап өтүшчү. Сөөк саактуу нерсемин да. Канчасы менен мындай кылыгымдын айынан кер-мур айтышпадым. Дагы канчасы сөгүнүп , сигналдарын басып өтүп кетишчү.

Ошентип шамалдай учуп жүргөн күндөрүмдүн биринде бир клиент чыкты. Жаш кыз экен. Сүйлөштүм. Россиядан келе жатыптыр. Үйүнө жеткирип коюну суранды. Акымды алдын ала берди. Шаардан районго жол алдык. Жол жүрүп чарчагангабы жанагы кыз бир аз жүргөн соң уйкуга кетти. Адатымча магинтофонду койгон бойдон ылдамдыкты каттулата баштадым. Бир канча километрди артка таштаган соң, жанагы кыз чочуп кетип, “акырын айдаңызчы” деп суранды. Өзүмө анан калса жаңылап алган машинама аябай ишенгенмин чамасы, ал кыздын сөзүн таназарыма албадым. Ылдамдыкты акыркы жолу караганымда жебеси жүз жыйырманы көрсөтүп жаткан. Көптөгөн машиналарды артка калтырып жаттык. Анан эле бир бусикти озуп өтөөр маалда алдыбыздан азыркыдай болуп “Камаз” чыга калса болобу. Бир секунд! Бурууга бир секунд кеч калдым. Болгону бир секунд! Аңгыча Камаздын астына кирип бардык. Көз алдыма бүткүл өмүрүм тартылды. Кулагыма артымдагы кыздын; “Секин айдаңызчы” деген сөздөрү менен “Ап-а” деп чыңырган үндөрү жаңырып жатты… Башка эч текени эстей албайм…

Арадан алты күн өткөндө көзүмдү ачтым. Башым, колдорум, буттарым таңылган. Тилим араң күрмөөгө келди. Биринчи сүйлөгөн сөзүм кыздын абалын сураганым болду. Эч ким үн катпады. Эки күндөн кийин ал кызды Камаздын алдында жан бергендигин угузушту.

Ата-энемдин буттары ошол кыздын үйүндө калды. Бар дүйнөбүздү сатып, алдынан өтүштү.

Түшүнгөн адамдар экен. Өздөрү перзентинен ажырап, кан жутуп олтурушса да, тагдырга тан берип, мени кечиришти.

Алар го кечиришти. Өзүмчү?!

Өзүмдү-өзүм ушул күнгө чейин кечирбей келем. Али жашоодо он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек, турмушка чыгып, бүлө күтөм деп келе жаткан ошол кыздын өлүмүнө себепчи болдум! Элестетип жатасынбы?! Ушул нерсе менин жүрөгүмдү эзип, жан дүйнөмдү жанчып келет. Өзүң көрүп тургандай бирөөнүн акысына кире берсен, жараткан сени тегиздеп коет экен. Бүгүн минтип бир бутту адамга айланганмын. Арадан алты жыл өтсө да, түштөрүмдө ошол кыздын “Акырын айданызчы, абайланызчы” — деген жалынычтуу үнү кулагыма угула берет. Күндө-күн алыс Камаз, эки бүктөлгөн бутум, чачка оролгон кыздын жанчылган башы, бизди Камаздын астынан сууруп жаткан чоочун кишилер, тез жардам машинасы баары-баары кире берет. Ошондо өзүмдү коерго жер таппай калам.

Сага бүгүн Кудайым боор ачыды. Эскертти. Мага да ушундай эскертүүлөр далай жолу берилген. Бирок…

Балдакчан жигит оор үшкүрүндү. Анын каргылданган үнү, кылгырып чыккан көз жашы, машинадагылардын баарын ойго салды. Эч ким сүйлөбөдү. Машина жана анын ичиндегилер акырын дем алып баратышты…

 

Нуркамил Абдуллаевдин дагы башка аңгемелери:

Соц тармактар:

Добавить комментарий