Асылбек менен Сапарбек же Барскоондо өткөн айтыштан бир үзүм…

Асылбек

2007-жылы Барскоондо кыргыз акындарынын чоң айтышы өттү. «Айтыш» коомдук фондусунун басма сөз катчысы, акын-журналист Олжобай Шакир Барскоонго бараткан жолдо «Байке, бул айтышка кадимки Арстанбектин кыбырасы 16 жаштагы Асылбек Марат уулу катышып жатат. Бу, бала биз үчүн чоң табылга болду. Арстанбектин 140 жылдыгына карата айтыш өткөрүп жатсак, апасы ээрчитип келип, – «Айланайындар, балам Арстанбектин атабыздын кыбырасы болот. Атайы Нарындан келдик, кичине комуз кармай калат. Байкап көрөсүңөрбү?» деп турат. Баарыбыздын сүйүнгөнүбүздү айт. Арстанбектин тоюн өткөрүп жатсак… Минтип өнөрүм бар эле деп, өз тукуму издеп келип жатса… Басып эле калдык. Кана, чертип көрчү десек колу комузга жабыша калып жүрөт. Көтөрүп эле сахнага алып чыгып кеттик. Кийинчерээк кыргыз филорманиясынын алдындагы студиядан окуп жүрдү. Бир күнү тамырын тартып сүйлөшүп көрсөм сөздөрү… баягы жөн балыкка окшобойт дегендей башкачараак чыгып жатат. Ушу сен айтышка жарайсың деп эле Азамат, Аалыларга жетелетип койдум. 1,5 жылдан бери акындарга аралашып ырдап жүрөт. Келечеги бар» – деп калды. Бизди, калыстар тобун акындарга аралаштырбай (тартиби ошондой экен) бөлүп кеткендиктен Асылбекти эртеси айтыштан көрдүм. Бою сөлөк, ак саргыл жүздүү, баскан-турганында кандайдыр сөөлөттүүлүк байкалган, ыманы ысык жаш баланын «аа» дегенде эле айтканы бул болду:

Сандаган көп эл жыйылды,
Салмактап айтам ырымды,
Акындыктын жолу узун,
Арыткан далай кылымды.
Азамат, Аалы агалар
Тулпар кылам деп жүрөт,
Туйлатып мендей кулунду.

…Тулпардан калган туяктын аяк ташташы жаман эместей. Катарымда олтурган, калыстар тобунун кадырлуу мүчөсү, сөз баалаган эл ырчысы Саламат: «Атаа, айланайын» деп жиберди. Ырчы күүсү, обону да булактай тунук, өзүн ыйбаа кармаган улуу Арстанбектин урпагы улантып жатат:

Атаандашка асылбай,
Айтайын сөзүм шашылбай,
Анткени, устатарым үйрөткөн,
Айтышып жаткан акынга,
Адептүү бол деп кашынбай,
Колуңдан келсе тап деген,
Козгой алгыз сөздөрдү,
Кожомкулдун ташындай.

Карап турган көпчүлүк дуу эле дей түштү. Калыстардын берген баасы боюнча да атаандашы, такшалган ырчы Шекербектен кем калышпай экинчи айлампага өтүп кетти. Өкүнүчтүүсү, экинчи айлампада Суусамырлык Мамелбек Исраилов экөө анча ачылып ырдай алышпады. Ошентсе да:

Бүгүн …
Согом деп турсам кимисин
Көп акындан туш кылды,
Коргошундай салмактуу
Кожомкулдун инисин, – деп чымчып өттү.

Байкалып тургандай, сөзүндө «илинчеги» бар Арстанбектин кыбырасы аман болсо, алыска чапчудай.

 

Сапарбек

«Барскоондогу» акындар айтышынын көркүн, күңгөй-тескей сөздөрдү күргүштөтө айдап келип эле ортого уруп салган, ат сүрөгөнсүп айкырып ырдаган Сапарбек Зулпиев ачты окшойт. Өзү дагы жүрөгү оозунан көрүнгөн, өйдө-ылдый сүйлөгөн, бирок «келмеңди оозуңан учурган» керемет сөздөрдү айтып салган, кыргызча айтканда «жөлөгү» бар, тегин бала эместей көрүндү. Сураштырсам, Манасчылыгы да бар экен. Рахматулла ырчынын айтымында бала кезинде токтоно албай жүрсө 1 топтогу майыптык берип, пенсия чектеп, мектептен чыгарып коюшуптур. Кийин өзү эле комуз кармап төгүлүп, Манас айтып күпүлдөп чыга келиптир. Бул айтышта Аалы, Жеңишбек, Амантай акындар менен айтышып, жарым финалга чейин жакалашып барды. Амантай менен айтышында алабарман эргулуң «Ат чабыш 2007» фестивалын өткөрүп жаткан Жаклин Рипар айымды «америкадан келиптир, атымды байкап көрүптүр» деп эле таптаза «америкалык» кылып таштады. Амантай оңдоп-түзөп «ал аял француз» болот дегендей кылды эле Сапарбек түшкүрүң: «Жаклин, франциядан келдиби…жашырып «духи» бердиби» деп моюн берчү түрү жок. Айласы кеткен Амантай:

Аа… балада бар экен,
Айткан сөзү шар экен.
Айланайын бөбөгүм,
Айтыш бүтсө өбөмүн,
Жаклин берсе «духисин»
Жарымын сага беремин, – деп баратты эле сөзүн оозунан жулуп алып:

Бери кара агатай,
Бекер айттың буларды.
Өбөм дейсиң сен мени,
Өзүңө жеңе болуп турамбы, – деп теңирден тескери кетти. Мен дагы астын үстүн сөздөрүн кичине иретке келтирип жазгандагым. Эми Жеңишбек менен алым-сабак айтышынан бир эки сап:

Сапарбек:

Жеңишбектики ыр болуп,
Сапарбектики жамакпы?..

Жеңишбек:

Комуз билбейт экенсиң,
Айтсаң боло Манасты.

Сапарбек:

Тийишкен сөзүң Жеңишбек,
Тим эле жаман жадатты…

Ушинтип кете берет. Бир сөз менен айтканда сөздү самандай сапырган Сапарбек акынга «Айтыш» коомдук фонду, көбүрөөк көңүл буруп, жол көрсөтүп, мүмкүн болсо тереңирээк билим алышына шарт түзсө бул «тубаса» таланттын коноор тууру бийикте көрүнбөйбү.

Темирбек Алымбеков, «Замандаш» журналы, декабрь, 2008-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.