А.Эркебаев: Интеллигенция көртиргиликтен улам башын төмөн кармап жүрөт

Би-би-синин «Насыйкат» адабий түрмөгүндө белгилүү малекеттик жана коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, академик Абдыганы Эркебаев менен адабий сын, адабияттын коомдогу азыркы ролу тууралуу маектештик.

Айбек Абдылдаев: Менин муунумдагы жаштар сизди адабиятчы, сынчы катары эмес, көбүрөөк саясатчы катары таанып калды окшойт. Азыркы учурда адабияттан алыстап кетпедиңизби?

Абдыганы Эркебаев: Эми адам дайыма мезгилдин, өзүн курчап турган чөйрөнүн кулу деп койот. Ѳзүң айткандай, кезинде студенттик курактан тартып күнү-түнү адабият деп, ошого аралашып, талкууларга катышып, орусча-кыргызча макалаларды жарыялап, күйүп-бышкан көп жыл артта калды. 1985-жылдан тарта ошокездеги СССРде чоң өзгөрүүлөр башталды. Бара-бара өзүбүздүн эрктүүлүк, мамлекетүүлүк үчүн саясый күрөштөр жүрдү. Анда мен «Кыргызстан маданияты» гезитинде редактор орун басары элем. Ошол жакка бет буруп, тил, тарых, мурас маселелери деп, кийин бара-бара экономикалык өз алдынчалык, арты келип саясый эрктүүлүк деп, саясатка аралаштык. А дегенде депутаттык иш, мамлекеттик кызмат деп, ар кайсыл тепкичте жүрүп адабияттан алыстап калдык. Ошокезде эмне ишке аралашсаң ошону менен алек болосуң да. Бирок мен эч качан өзүмдүн жолумду, алгачкы чыйырымды унуткан эмесмин.

Бирок мен эч качан өзүмдүн жолумду, алгачкы чыйырымды унуткан эмесмин. Канчалык кызматта жүрсөм дагы адабияттан кол үзбөй, гезит-журналдарды карап, акын-жазуучулар менен улуу-кичүү дебей кездешип, баарлашып турдум. Бишкекте «Нуска» деген китеп дүкөнү бар. Ошол жерге тынбай барып, кызыгып, китептерди сатып алып окуп турам. Анан калса, жазып да турдум. Учурунда идеологиялык маселеден улам мурастары жарык көрбөй келген Казыбек, Молдо-Багыш, Нурмолдолордун чыгармалары тууралуу жазып да жүрөм.

Айбек Абдылдаев: Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эгемен адабияттын жер пайы түптөлүп баштады десек болот. Айталы, эркин ой жүгүрткөн, башкача бир ыкмада ыр, проза жазган жазуучу-акындардын аз болсо да мууну жаралууда. Советтик учурда жазып жүргөн жазуучу-акындар кийин эгемендик шарапаты менен чыгарамаларындагы боекторун өзгөрттү дегендей. Бирок эми ошону талдап, элге жеткирип, адабияттын өнүгүшүнө чоң таасир эткен сынчылардын үнү угулбай калганы сизди бушайман кылбайбы?

Абдыганы Эркебаев: Ар нерсе заманга, шартка жараша болот. Дегеле биз эгемендик алгандан кийин жалпы экономикалык түзүлүшүбүз жаңы шартка тушукту. Пландуу экономикадан рынок экономикасына өттүк. Раматылык биздин биринчи премьер-министр Насиридин Исанов өзү курулушчу болсо дагы тилге абдан маани берчү эле. Ыр да жазып, адабиятка кызыгып калчу. Бул кишини эстегеним, базар экономикасын «нарк экономикасы» деп айталы деп сунуш кылганы бар. Мына ошондой абалда адабият дагы жаңы шартка кабылды. Мурда саясый идеологиялык көзөмөл болсо эркин болуп калды. Бирок ал учурда каржылоо жагы мамлекет тарабынан болуп, акын-жазуучулардын китептери пландаштырылып чыгып турчу да. Партиянын идеологиялык куралы болгон үчүн совет бийлиги каржылаган. Ошого жараша калем акы алышчу. Мен деле ошол шартта өскөмүн.

1962-жылы убагында жазуучулар союзун 11 жыл башкарган, мыкты философ, адабиятчы Азиз Салиев деген аксакалыбыздын «Ырдагы өмүр» деген орус тилинде китеби чыккан. Бул китепти 70-жылдары студент кезде окуп таң калдым эле. Ал киши китебинде: «мына, капиталисттик өлкөлөрдө китебиңди кыйынчылык менен чыгарасың, көп болсо 100-200 чыгарып, сатылса анан кайра чыгарасың» деп келтирет. Таң калып, ошондой да болчу беле дегемин. Ал учурда биздин китептер күргүштөп эле чыгып келген. Мына эми ошол учур бизге келди. Адегенде акын-жазуучулар абдан оор абалга кабылды. Ошого карабастан кыргыз адабияты ары-бери чайпалып, кантсе дагы тирүү. Сын тууралуу айтканда, эң эле капиталисттик өлкө эсептелген АКШда деле бул бар. Кино сыны, китеп сыны, музыка, сүрөт сыны дегендер бар. Ар кандай нерсеге баа берип туруш керек да. Ошол жагынан күнүмдүк чыгып турган гезит-журналдарда атайын орун берип турушат. Айталы, АКШнын Нью-Йорк шаарындагы атактуу гезитинде аптасына бир жолу чыккан атайын саны бар экен. Ал жаңы китептердин талдап турат экен. Биз тилекке каршы ушул жагынан жакшы тажрыйбаны жоготуп койдук. Бирок мен кээде кызыгып калам, Кадыркул Даутов дагы деле күүсүнөн жанбай, адабият тууралуу, сын боюнча өз пикирлерин терең жазып жүрөт. Абдыкерим Муратов кээде жазып калат. Сын деген бул – башыңды байлап, атак-даңкына карабай чыгармасын талдап, кемчилигин, артыкчылыгын айтып окурманга түшүндүрүп бериш керек. Учурунда мыкты адабий сынчылар болду, ушулардын артынан дагы чыгат деп үмүттөнгүм келет.

Чыгармасы чет өлкөгө жетип жаткан акын-жазуучулар болуп жатабы?

Айбек Абдылдаев: Кыргыз адабияттындагы мыкты акындардын бири Байдылда Сарногоев тамашалап жазат эмеспи: «Чыңгыз кайда? Варшавада, Багдатта. А Байдылда кай жакта? Алма терип жүрөт чарбакта», деп. Анын сыңарындай азыркы учурда чыгармалары Батыш менен Чыгышка угулуп жаткан кыргызстандык акын-жазуучулар барбы?

Абдыганы Эркебаев: Жакшы мисалдар, аракеттер бар. Султан Раевдин пьесалары Лондондо жана башка чет өлкөлөрдө коюлду. Маркум Казат Акматовдун чыгармалары чет тилдерге которулду. Омор Султановдун чыгармалары түрк тилдеринен башка да тилдерге которулду. Демек, кыргыз адабияты өзүбүздөн эле чыкпай калды дегенге макул эмесмин. Ар бир жаңы шарт, жаңы мезгил жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.

Айбек Абдылдаев: Азыркы учурдагы жазуучу-акындардын чыгармаларында эмне өзгөчөлүк байкалат?

Абдыганы Эркебаев: Адабияттын мазмуну, мүнөзү өзгөрдү. Прозадан айтып кетким келет, анткени мени романдар көп кызыктырат. Илгертен кызыгып, романдар жөнүндө көп жазып, атайын изилдөөлөрүм бар. Тилекке каршы кызматка байланыштуу экинчи китебин жазайын дегеним ишке ашпай жүрөт. Акыркы жылдарда кызыгып окуп турдум, Асанбек Стамовдун «Хан Тейиш» тарыхый мүнөздөгү романын окудум, менин досум чоң акын Акбар Рыскулов дагы чоң роман жазды. Каныбек Иманалиев Шабдан баатыр жөнүндө жазды. Анан Арслан Капай уулунун «Мисмилдирик» романын окудум, мага жакты. Биздин трагедиябыз болгон 1916-жыл тууралуу жакшы чыгарма. Ал эми сен айткандай жаңычыл көз караштагы, мазмуну боюнча дагы, жазылыш ыргагы боюнча дагы өзгөчөлөнүп турган жаңычыл чыгарма деп Султан Раевдин «Жанжаза» чыгармасын айтат элем.

Адабияттын коомдогу ролу тууралуу

Айбек Абдылдаев: Азыр, өзүңүз билгендей, бүтүндөй дүйнө жүзүндө диний идеологиялык бөлүнүп жарылуу, жиктешүү сыяктуу көйгөйлөр курчуп кетти. Андан биздин өлкө деле сыртта калган жок. Социалдык тармакта диний көз караштарынан улам бири-бири менен кайым-айтышкан учурлар көп учурап жатат. Коомчулукта дагы бири-бирине «мендей ойлон», «мендей жүр» дегенди талап кылган өктөмдүк да көзгө көрүнө баштады. Ушундай учурда адабияттын ордун, ролун издегендер да болуп калат экен. Көөдөндөгү боштуктарды толтура турган дөөлөттөрдүн бири адабият эмеспи.

Абдыганы Эркебаев: Бул дагы абдан олуттуу суроо. Мунун себеби, мен өзүм дагы өкүлүмүн деп эсептеген биздин жалпы эле интеллигенция турмуштун оорчулугун жеңе албай, кичине башын төмөн кармап жүрөт да. Чоң иштерге аралашуу үчүн адам көз каранды болбошу керек. Калыс сөзүн айтуу үчүн өзү да башты бийик көтөрүп, сөзүн түз айта турган болуш керек. Экинчи себеби, жашырганда эмне, бизде, тилекке каршы, дүйнөлүк тарыхты, маданиятты, анын ичинде диндин дагы нукура тарыхын, үлгүлөрүн так ажырым кылып, жакшы жаманын иргеп, ылгап бере турган, айта турган адамдарыбыз аз болуп жатат. Ошонун айынан бир беткей кеткендер көп. Жөн эле диндин сырткы формасын алып алгандар көп болуп жатат. Түпкүлүгүндө нукура адабият менен нукура диндин маңызы дагы, милдети да бир. Ал – адамды тарбиялоо, ыйманын тазартуу, абийирин өйдө көтөрүү. Ар кандай нысапсыз, ыймансыз иштерден адамды алыстатып, адамды жакшы жолго үндөө да, туурабы. Ушул жагынан биз тереңине, түпкүрүнө багыт албастан сыртына кетип калдыкпы деп өкүнөм.

Айбек Абдылдаев, “Би-Би-Си Кыргыз кызматы”, 30.08.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий