Азада Бегимкулова

Акын, жазуучу. 1950-жылы 10-ноябрда жарык дүйнөгө келген. 1974-жылы Бишкек кооперативдик техникумун, андан соң Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. 80-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунда пахта талаасында иштеген комсомол кыздардын бригадасын жетектеген. Кийин Ош облустук китепкөйлөр коомунун төрайымы, Кыргызстан жазуучулар бирлигинин Жалал-Абад облустук кыргыз тил коомунун жетектөөчү адиси болуп иштеген. 1996-жылы 46 жашында дүйнө салган.

Адегенде “Мүдөө”, “Өтүнүч”, “Жаштыгыңды аядым”, “Сизге”, “Кыргызымдын мырзасы” атту ырларына обон чыгарылган. “Экинчи өмүр” аттуу чыгармалар жыйнагы 2000-жылы жарык көрдү.

 

Азада Бегимкулова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин»

Сабира Бегимкулова: “Азада эжем каза болгондон кийин 10 жыл бою өзүмө келе албадым…”


 

Ырлар

* * *

Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Кичинекей ширеңкеден күйүп кетет,
Мен үчүн амал деле кымбат эмес,
Жашым өтсө, жашы келсе алып кетет.

Мен үчүн кыз деле кымбат эмес,
Тааныбаган бирөөнү ээрчип кетет.
Мен үчүн уул деле кымбат эмес,
Аял алса анын көзүн карап кетет.

Мен үчүн үй деле кымбат эмес,
Катуу бир жер силкинсе урап кетет.
Мен үчүн өмүр деле кымбат эмес,
Ажал жетсе бир күнү алып кетет.
Мен үчүн бир гана көңүл кымбат,
Кичинекей шамалдан үшүп кетет…

 

* * *

Аялыңмын никем кыйбаган,
Арманымсың жаным кыйнаган.
Сараңдыгын көрчү тагдырдын,
Жашооңо жолдош кылбаган.

Аялыңмын тоюм болбогон,
Азабымсың жүрөк толгогон.
Бир кемдигин көрчү дүйнөнүн,
Бир өзүңө буйруп койбогон.

 

ӨЧҮРБӨЙ ЖАТАМ ТҮНДӨ ЧЫРАГЫМДЫ

Кайыл болуп короткон убагыма,
Качан келсең кабыл алып тураарыма…
Келемин жалгыз сүрүп өмүрүмдү,
Ишендирип күтүүгө чыдаарыма.

Караңгыда жол таппай калганыңда
Шам болуп жангым бар маңдайыңда.
Жашоону ачуу деп чанып койсоң,
Бал болуп ээригим бар таңдайыңда.

Уйкусуз өткөрүп көп убагымды,
Эшикке тосуп коюп кулагымды.
Адашып кокус издеп жүрбөсүн деп,
Өчүрбөй жатам түндө чырагымды.

 

СЕН ЖОКТО

Эки жаздык катар коюлган,
Жакшы тилек жакшы оюмдан.
Бирин жатам өзүм жазданып,
Экинчиси кимге буйруган?

Катар жаздык бири бош калат,
Бир жаздыкка ысык жаш тамат.
Бир төшөктүн жарымы жылуу,
Жарымында өксүү, муң жатат.

Бир жаздыкка башым жазданып,
Буркураймын демим капталып.
Өзөгүмдү өрттөйт өксүүм,
Өзүң жаткан жаздык бош калып.

 

АЙРЫЛУУ АСАН МАГА

Кусанын, сагынычтын кара чачы,
Өрүлбөй желаргыга сапырылды.
Жүз жууган көздөрүмдүн ысык жашы,
Күрмөңдүн жакасына жаап турду.

Унчукпай улутунган демиң менен,
Өкүнүч же арманга толуп турдуң.
Жолукпайм деген элем сени менен
Кез келип кайра сендик болуп турдум.

Чарпылып чабалактап чачым жазып,
Келет-ов бул дүйнөдөн безип кетким.
Жашоого туштуш кылдың да бир ажайып,
Жанымда кала албай кете бердиң.

Чачтарым сапырылган жыйылбады,
Көз жашым мөлтүлдөгөн тыйылбады.
Айрылуу асан мага бу көрөктү,
Жолугуу эң азаптын кыйыныраагы.

 

ТИРҮҮЛҮКТӨ ЖАКШЫ СӨЗДҮ АЯНБА

Олдо тагдыр, мынча оор сынагың,
Сынагыңа канча ирет чыдадым.
Кайрат урап, карылыкка бой сунуп
Күндөн күнгө карт сөөктөй сынамын.

Билген билээр, билбегенге не чара,
Бейкапарга болормун бир бечара.
Топуракка жашынганда турпатым
Топурашып сөз айтышаар ич-ара.

Билген айтаар: өжөр эле сөзү шар,
Бир келди да, бир кетти деп айтышаар.
Капарга албай кандай жашап өткөнүм,
Канчалары мүрзөмдөн тек кайтышар.

Катар жүргөн — жылуу сөзүн айтканда.
Кайрат болмок, кубат бермек дарманга.
Сөз кылды не, сөз кылбады не пайда
Сөөгүм куруп жер алдында калганда, —
О адамдар,
Тирүүлүктө жакшы сөздү аянба!

 

КОРКОМУН

Таш келсе чайна дептир тишиң барда,
Тиштен соң чайнаганга айла кайда?
Тагдырдын суусу келсе шимир деген
Челектеп суу жутсам да чаңкап келем, –
А тиштер ушаланды майда-майда.

Кыйналам жадап такыр таппай айла,
Ыйлаган дурус окшойт анда-санда
Көзүмдөн жаш ордуна от чачырайт
Шашкансыйм түбөлүктүү барчу жайга

Коркпоймун качан келсе өлүмүңдөн,
Коркпоймун жашоо – камчы өрүмүңдөн.
Коркомун бөксө кеткен күндөрүмөн
Коркомун бекер өткөн өмүрүмдөн.

 

ТУРМУШТАН КАНТИП ЖАШЫНАМ

Элесин дагы эсиме ыраа көрбөстөн,
Энемден мени эрте тагдыр айырган.
Карманам сени каниет кылып ичимен
Калысым сенсиң калпыс кадамдан кайырган.

Боорукер инсан болсо да болор сенчелик.
Бош келбес өжөр болсо да болор менчелик.
Бозоруп өңүң, жүрөгүң мыкчый кармайсың,
Сапардан келсем саргайып өңүм теңселип.

Кубанчым уксаң, менден да озуп сүйүнгөн,
Кайгыма кейип, менден да мурда күйүнгөн.
Калчаса тагдыр кайратым кетип карайлап
Кайгырып келип, кубанып чыгам үйүңдөн!

Колумдан келсе коргосом деймин желден да,
Кантейин, тагдыр өзүмө түйшүк берген да!
Жалгызым, боорум, жаныма болгон аралжым
Жашырам кээде жан сыздоосун сенден да.

Мээримин төгүп сыласаң кээде чачымдан,
Мээнетим эстейм мен көрүп келген жашымдан.
Сөзүңдөн чыкпай түз жолдон басып өткүм бар,
Түбүң түшпөгүр турмуштан кантип жашынам?!

 

ӨРҮКЗАР

Өтө сүйкүм бажырайып ачылган,
Өрүк гүлү мага тааныш жашымдан.
Айылдагы өрүкзарды эш тутуп
Арасында далай ирет жашынгам.

Суук сөздөн, суук көздөн калкалап,
Канча жолу нөшөрлөрдөн далдалап.
Аппак жоолук салып алган башыңа
Ал өрүкзар апакемдей байкалат.

Жылда келем өрүкзарды сагынып,
Жоодурашат аппак бапик тагынып.
Өзүм барам элүү жашка жакындап
Өрүкзарым турат дале жаңырып.

Өрүкзарым, кыйыры узун созулган,
Өрүгүнүн даамы кетпейт оозумдан.
Өмүр тилейм ширесиндей өрүктүн
Өрүкзарды коруктаган Боз улан!

 

ТАЛАНТТАРДЫ СҮЙГӨНДӨРДҮН ЭСИНДЕМИН

Толгонуп толкундаба сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүнбөгүн
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Баалабаса баалабас башка бирөө
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Каалабас каалабаса башка бирөө
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Чарпылып чыркыраба, сезимдерим,
Чарчоодон безип турган кезим менин.
Чаң салып чебеленип, эзилбегин
Чамамды билгендердин эсиндемин.

Санаадан саргарбачы, сезимдерим,
Сыноого түшүп анча эзилбегин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат
Сырымды билгендердин эсиндемин.
Чыйралгыч «чарт» үзүлбөй сезимдерим,
Чыныгы күйөрмандын эсиндемин!

 

АТА-ЖУРТТУН ТОПУРАГЫ

Айылым, аздектеген ыйык жерим,
Алыста жүрсөм дагы сен медерим.
Алсырап, чарчап, чаңкап келгенимде
Ардактап тосуп алып дем берерим.

Бабамдын сенде жатат денелери,
Баламдын барктаган чоң энелери.
Күн бүтүп ичээр суум түгөнгөндө
Кастарлап топурагың жапсын мени.

Бир жакка алыс сапар жөнөөрүмдө
Балдарың топурагын түйүп кеткен.
Эсен-соо кайра кайтып келгендери
Эң обол топурагын көзгө сүрткөн.

Бекиткен мага камдап бар белегин,
Бейити сенде жатат чоң энемдин.
Сагынам алыс жакта жүргөнүмдө
Сиз деген сылык сөзүн жеңелердин.

Көчөдө уулум басып бара жатса,
Кары-жаш боор тартып салам айтса.
Апаке, ким бул эле деп сураса,
Шыр жооп айталбайм ошол тапта.

Мойнумда парзым барын, карызым барын.
Ойлонуп жүрөм дайым анын баарын.
Жакшылык, жамандыкта көз көрсөтүп
Жумуш деп шашып кетем, туралбаймын.

Кыдырып кетсем дагы бүт жер шарын,
Керээзим, сага балам калтырамын.
Унутсаң унут мени, о жан балам,
Унутпа Ата-Журттун топурагын!

 

* * *

Боз костюм шым кийгениң,
Боорума тартып сүйлөдүм.
Борборго алыс сен кетип,
Боздоторуң билбедим.

Ак көйнөк экен кийгениң,
Аке деп сени сүйлөдүм.
Арманга салып сен кетип,
Ашыктыгым билбедиң.

Карадан экен кемселиң,
Какшыктап айтты дебегин.
Канча ай күтсөм кабар жок,
Какшаганым билбедиң.

Көк түстүү экен байпагың,
Көк түстүүсүн байкадым.
Калган сөздүн аягын,
Караңгы түндө айтамын.

 

ШОР БУЛАК

Олуя, азиздер киринген
Ооруга шыпаасы билинген,
Он эмес ондогон булактан,
Он түрлүү тамчылар тизилген
Шор-Булак, Шор-Булак,
Касиет даарыган зор булак.

Кылымды карыткан миңдеген,
Сыйкырдуу сырыңды билбеген.
Сыйынып кудайга канчалар,
Сыркоолор өзүндөн эмделген.
Шор-Булак, Шор-Булак,
Кызырлар даарыган зор булак

Азирети Аюптун Булагы,
Аздектеп айтылган бул дагы.
Адамзат колунан кулпуруп,
Ажары ачылган убагы,
Шор-Булак, Шор-Булак,
Уламыш камтыган зор булак.

Соц тармактар:

Добавить комментарий