Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын?

Токтогул (Токтогул Сатылганов – авт.) замандардан келаткан төкмөлүк өнөрдүн залкар өкүлү” (Р.З.Кыдырбаева. Токтогул Сатылганов (1864-1933). Кыргыз адабиятынын тарыхы. 5-том.). Бул эч ким талаша алгыс чындык. Тоо булбулу Токтогулдун төгөрөгү төп келген ырчылыгынан эч ким күмөн санабаса да “Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөйрөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым” (КР УИАнын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Кыргыз адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек. 2004-ж.). Ошондон улам, акыркы жылдарда акындын: «Беш каман», “Арзымат менен айтышы”, «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» аттуу ырлары текстологиялык, фактологиялык маани-мазмунда, өзгөчө салыштырма стилдик, манералык формада каралууга өтө муктаж. Бул – тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы. Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши” (КР УИАнын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Кыргыз адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек. 2004-ж.) деген талаптар байма-бай айтылып келатат. Акындын совет доорундагы ырлары гана эмес, анын өмүр жолундагы айрым урунттуу учурларга, асыресе Токтогулдун Арзымат ырчы менен айтышынын, дегеле эки залкар ырчынын ортосундагы акындык жана адамдык мамиленин айланасында суроолор арбын.

Адабияттын тарыхы – адамзаттын тарыхы тыгыз байланышта экени талашсыз болгондой, улуттук адабияттын тарыхы – улут тарыхы менен ажырымсыз экени айтпаса да түшүнүктүү. Ойдун ушул өңүтүнөн алганда, эгер биз тарыхка кыянаттык кылгыбыз келбесе, тарыхты бурмалагыбыз келбесе, анда адабият тарыхына да астейдил мамиле жасап, так маалыматтарды берип, чыгармага болобу, же аны жараткан адамга болобу, же адабий процесске болобу, ашырбай да, кемитпей да баасын берип, коомдук-саясый кырдаалга, окуяларга, тарыхый фактыларга, чыгармачыл адамдардын ортосундагы мамилелерге көңүлүбүздү кирдетпей, ичибизди тарытпай, пастыкка түшпөй, же өзүбүздөн мурдагыларды сокур кайталабай, агым менен чамындыга окшоп ага бербей, кайдыгерлик кылбай, “мен айткандан бир нерсе өзгөрүп кетет беле” деген түркөй ойго жетеленбей, көрүп туруп сокур, угуп туруп дүлөйсүнбөй, калыс түшүндүрмөлөрдү бергенибиз оң. Эң башкысы, тарых сыяктуу эле, адабият тарыхында да ак барактар болбоого тийиш. Бул айрыкча акындар поэзиясынын ири өкүлү Токтогул Сатылгановдун өмүр жолу жана чыгармачылыгына да тиешелүү. Себеби, акындар поэзиясы, асыресе Токтогулдун чыгармаларын эл оозунан жыйноо жана изилдөө иштери билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй тенденциялуу жүрүп, бир жактуулукка, атайылап бурмалоолорго, так эместиктерге, кенемтелерге, кемтиктерге, тескери чечмелөөлөргө, акын ырдабаган ырларды деле ага чапташтырууларга аракеттер болгону, ошол эле учурда акын ырдаган айрым ырларды элдин көзүнөн далдаа катып келишкени, Токтогул менен замандаш акындардын баарын анын тегерегине көгөөндөп байлап, ага шакирт кылып, же башка акын-дардын акындык дараметин Токтогулдун чен-өлчөмү менен ченеп-бычууга аракеттер жасалганы эч кимге жашыруун эмес. Улуу муундагы, айрыкча советтик доордогу акын-жазуучуларыбыздын, адабиятчыларыбыздын бүтүндөй бир мууну социалисттик реализмдин туусу алдында, Токтогулду тоо кылабыз, башкаларын дөбө, бирин эшик ырчы кылабыз деп жатып, кантип коммунисттик идеологиянын барымтасында калып, кантип анын курмандыгына, “эшик ырчысына” айланганын өздөрү билбей калгандыктары адабият тарыхынын ачуу чындыгы.

 

В.Ленин. “Партиялык уюм жана партиялык адабият”: “Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болууга мүмкүн эмес…”

Эмне үчүн акындар поэзиясын, анын ичинде Токтогулдун ырларын жыйноо жана изилдөө иштери тенденциялуу, бир жактуу жүрдү, тарыхый окуяларды бурмалоолорго жол берилди?!! Бул суроого жооп табуу үчүн артка, тарыхка, алыс-кы жана жакынкы Россияга, эсил кайран В.И.Ленинге кайрылууга туура келет. Тарыхтан белгилүү болгондой, 20-кылымдын башында падышалык Россиянын коомдук-саясый турмушу буркан-шаркан кайнап, “бороон кабарчылары” алдыда мурда болуп көрбөгөндөй, “бороон-чапкындар” болоруна кабарлап калган. 1905-жылы Россиядагы революциялык окуяларга байланыштуу, В.И.Лениндин “Партиялык уюм жана партиялык адабият” аттуу макаласын жазып, ал “Новая жизнь” гезитине жарык көрөт. Анда пролетариат табынын жол башчысы партиялык басма сөз жана көркөм адабияттын алдына жаңы милдеттерди (Тимофеев Л. И. «Партийная организация и партийная литература» // Краткая литературная энциклопедия.), адабияттын партиялуулук маселесин кабыргасынан коет. Адабий иш жалпы пролетардык иштин бир бөлүгү болушу керек деген идея макаланы башынан аягына чейин кызык сызык менен аралап өтөт. Арбагы ыраазы болсун, Үсөналы деген чоң аталар “кыргызга Лениндин өз тилинде айтпаса түшүнбөйт, казакча айтпаса ишенбейт” деп койчу. Лениндин айткандарын жазган тилинде эле берели: “Литература должна стать партийной. …Долой литераторов беспартий-ных! Долой литераторов сверхчеловеков! Литературное дело должно стать частью общепролетарского дела, «колесиком и винтиком» одного-единого, великого социал-демократического механизма, приводимого в движение всем сознательным авангардом всего рабочего класса. Литературное дело должно стать составной частью организованной, планомерной, объединенной социал-демократической партийной работы» («Новая Жизнь» №12, 1905-ж. 13-ноябрь., В.И. Ленин, Чыгармаларынын толук жыйнагы. 5-басылышы, 12-том.). Кыскасы, “Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болууга мүмкүн эмес” деген жыйынтыкка келген В.И.Ленин: «В обществе, основанном на власти денег, в обществе, где нищенствуют массы трудящихся и тунеядствуют горстки богачей, не может быть «свободы» реальной и действительной. Свободны ли вы от вашего буржуазного издателя, господин писатель? от вашей буржуазной публики, которая требует от вас порнографии в романах и картинах, проституции в виде «дополнения» к «святому» сценическому искусству? Ведь эта абсолютная свобода есть буржуазная или анархическая фраза (ибо, как миросозерцание, анархизм есть вывернутая наизнанку буржуазность)» («Новая Жизнь» №12, 1905-ж. 13-ноябрь., В.И. Ленин, Чыгармаларынын толук жыйнагы. 5-басылышы, 12-том.) деген талашсыз аргументтерди коюу менен, буржуазиялык адабиятка пролета-риаттын адабиятын карама-каршы койгон: “Это будет свободная литература, оплодотворяющая последнее слово революционной мысли человечества опытом и живой работой социалистического пролетариата, создающая постоянное взаимодействие между опытом прошлого (научный социализм, завершивший развитие социализма от его примитивных, утопических форм) и опытом настоящего (настоящая борьба товарищей рабочих)» («Новая Жизнь» №12, 1905-ж. 13-ноябрь., В.И. Ленин, Чыгармаларынын толук жыйнагы. 5-басылышы, 12-том.). Жалпак тил менен айтканда, эзүүчү таптын адабияты башка да, эзилген таптын, же тагыраагы кедей-кембагалдардын адабияты башка деп, адабиятты бири-бири менен келишкис эки лагерге бөлүп, адабият партиялык болууга тийиш, адабият иши партиялык иштин бир бөлүгү болуу керек деген принциптер “болочоктун адабияты кандай болушу, адабият кандай өнүгүшү керек” деген суроого болуп, В.И.Лениндин ал теориялары кийин-кийин социалисттик реализм аталган көркөм ык-манын негизи болуп калган. Орустун улуу жазуучусу М.Горькийдин “Эне” романы (1906-ж.) кийин-кийин социалисттик реализм аталган, Ленин мүнөздөгөн эркин адабияттын үлгүсүндө жазылган алгачкы чыгарма болгон.

 

СССР Жазуучулар союзунун 1-съездди. Ашуг Сулейман Стальский. Кыргыздан ким?

Тарыхтын тамашасын кара, 1934-жылдын 17-августунан 1-сентябрына чейин өткөн бүткүл союздук жазуучулардын биринчи съездин уюштуруучулардын бири эмиграциядан эми гана кайтып келген Максим Горький болгон жана негизги докладды жасаган. Жазуучулардын уюмун түзүү идеясы 1920-жылдардан айтыла баштаган, ал учурда Пролеткульт, РАПП сыяктуу жазуучулардын майда уюмдары иш жүргүзүп келишкен. 1932-жылдын апрелинде азуучулардын чачыранды топторунун башын бириктирүүгө багытталган ВКП(б) БКнын “Адабий-көркөм уюмдарды кайра куруу тууралуу” деген токтому чыгат. М.Горькийдин төрагалыгы алдында жазуучулар союзун уюштуруу комитети түзүлүп, анын алдына жазуучулардын съездин милдетин өткөрүү тапшыр-масы коюлат. Алгач съездди партиянын иш-чарасы катары өткөрүү пландалып, И.Сталин өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бул багытта бир нече жыйындарды өткөргөн. Ушундан улам, И.Сталин жазуу-чулардын съезддин уюштуруу иштерине жеке өзү түздөн түз көзөмөл кылган деп ишенимдүү айтсак болот. ВКП(б) БКнын жана СССР Совнаркомунун атынан жазуучулукка тиешеси жок А.Ждановдун съездде сөз сүйлөгөнү деле бул иште партиялык көзөмөл болгонун каңкуулап турбайбы (http://www.el-history.ru/node/551).

ВКП(б) БК СССР жазуучуларынын съезддин кыларга иши жоктугунан эле өткөрө салган эмес. Съезддин алдында саясый милдеттер турган. Съезд советтик жазуучулардын бирдиктүүлүгүн көрсөтүп, коммунисттик идеологияны колдоого тийиш болгон. Ошону менен катар съезддеги маанилүү маселелердин бири орус адабияты менен катар улуттук адабиятты өнүктүрүү ма-селеси күн тартибине кабыргасынан коюлган. Алгач жыйындын күн тартибинде жок болсо да, кийин М.Горький өз колу менен украин, белорус, грузин, татар жана башка улуттардын адабиятчыларынын докладдарын жыйындын планына киргизген. Айтымда, съезд өтүп жаткан күндөрдө М.Горький аябай оорулуу болгон жана съезддин жабылышында сүйлөгөн сөзүндө Чыгыш жана Батыш Сибирдин акын-жазуучуларына колдоо көрсөтүү зарылдыгына көңүл бурууну өтүнүп, ар улуттун өзүнүн Сулейман Стальскийлерин таап чыгып, алардын ырларын элге жайылтуу жана чыгармачылыгын изилдөө чакырыгы менен кайрылат. Айтмакчы, авар акыны Сулейман Стальскийдин жылдызы ошол съездде жанган. «…Ал түз эле президиумдан чыгып ырын окуйт, кебин айтат, анын сөзү жана ыры А.М.Горькийге аябай катуу таасир эткен окшойт, айтор көп өтпөй ушул сабатсыз, акылдуу, парасаттуу ашуг тууралуу тамшана жазып, аны «XX кылымдын Гомери» атайт, элдик поэзиянын акак-берметтери болгон мындай адамдарды сактоо ке-ректигин жалпы дүйнөгө даңазалайт” (А.Муратов Такталбаган Токтогул, адабий-тарыхый изилдөө).

М.Горькийдин минтип кайрылуусунун себеби, 590 делегат катышкан съездде СССР жазуучулар союзунун уставы кабыл алынат жана социалисттик реализм совет адабиятынын негизги ыкмасы деп таанылат. Мына ошондон баштап, адабияттагы партиялуулук жана таптуулук маселесине басым жасалып, көркөм чыгармага жана элдик адабий көркөм мураска социалисттик идеологиянын призмасы аркылуу мамиле жасоо күн тартибине коюлат. Советтик акын-жазуучулар компартиянын күжүрмөн жоокери болуу менен, советтик адамды, коммунисттик идеяларды даңазалаш керек деген позиция кашкайып ачыкка чыгат. Акын-жазуучулар турмуштук позицияларына, көз караштарына жа-раша буржуазиялык жана пролетариаттык болуп, эки келишкис лагерге бөлүнгөнүн мындан билиңиз, башкасын айтпаганда, СССР жазуучулар союзунун 1-съезддине катышкан 182 акын-жазуучу (делегат-тардын үчтөн бир бөлүгү) “эл душманы” деген айып тагылып, съездден кийинки жылдарда ГУЛАГдын түрмөлөрүндө каза болушкан, дагы 38и репрессияланып, тагдырдын жазуусу менен аман калган. Бизде 18-19-кылымдарда жашаган акындарга карата “бай-манаптын ырчысы”, “кедей-кембагалдын ырчысы” деген түшүнүктөр пайда болуп, кедей-кембагалдардын ыр-чысына сый көрсөтүлүп, бай-манаптын ырчыларына тап күрөшүнүн позициясынан мамиле жасалып, алардын мурасына сын көз менен кароо керектиги аныкталат. Бай-манаптын ырчыларынын мурас-тары советтик адам үчүн керек эмес, ал мурас четке кагылыш керек, эл оозунан жазылып алынбаш керек деп табылат. Кийин-кийин эле, 1956-жылдарда “Манас” эпосун реакциячыл эпос дегендер чыгып, аз жерден улуттун улуу дастанын жок кылып жибере жаздашпадыбы. Мына ошонун себепкери В.И.Ленин теориялык жактан негиздеп кеткен кийин-кийин социалисттик реализм аталган көркөм адабий ыкма болгон.

Мына ушундай тарыхый кырдаалда, адабиятчы А.Муратов туура баамдагандай, ар бир улут, анын ичинде “…кыргыздар өз «сулеймандарын» издеп кирет. Албетте, алардын ири алды падышалык бийликтен ыдык көргөн, комузчу десе – комузчу, төкмө десе – төкмө, күүчү десе – күүчү, алтымыштан ашык шакирт чыгарган, анан жанагы Горькийди ыйлаткан Токтогул болгон» (А.Муратов Такталбаган Токтогул, адабий-тарыхый изилдөө).

Адабият коммунисттик идеологиянын ажырагыс тутуму катары каралып, ага И.Сталин өзү түздөн түз көзөмөл жасалып жатса, СССРдеги ар улуттар өз Сулейман Стальскийлерин издеп жатса, Кыргыз ССРи бул өнөктүктөн сырткары калмак беле. “Кыргыз ССРинин БАКтын Президиуму «Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу» токтомун чыгарат жана Кыргызстан Жазуучулар союзуна, Кыргыз мамлекеттик басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат (Постановление Президиума ЦИК Кирг.ССР «Об ознаменовании 70-летия со дня рождения народного певца Киргизии Сатылганова Токтогула // Советская Киргизия, 1937. – 12-июль.). Ал кезде Ж.Бөкөнбаев жыйнаган маалымат боюнча акындын туулган жылы 1860-жыл делип жүргөн. Дароо эле өкмөт жана Жазуучулар союзу Кетмен-Төбөгө жана Таласка А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев ж.б. акындарды жиберет, алар А.Үсөнбаев, К.Акиев, К.Досуев, А.Огонбаев ж.б. Токонун шакиртимин дегендерге жолугуп, акындын мурастарын жазып келишет” (А.Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө).

 

Аалы Токомбаев Токтогул тууралуу романын эмнеге аяктабай калган? Түгөлбай Сыдыкбеков эмнеден күдүктөнгөн?

Кыскасы, 1937-жылдан баштап, кедей-кембагалдын ырчысы жана жаңы замандын жарчысы катары даңазалоо максатында, тоо булбулу Токтогулдун чыгармаларын чогултуу, өмүр жолуна байланышкан маалыматтарды топтоо жана өмүрү-чыгармачылыгын изилдөө иши мамлекеттик деңгээлде колго алынат. Чоң саясый өнөктүк башталат жана ал өнөктүккө В.И.Ленин аныктап кеткен адабияттын партиялуулугу, таптуулугу, тап күрөшүнүн приз масы аркылуу, бир сөз менен айтканда адабияттагы социалисттик реализм методу аркылуу мамиле жасалат. Токтогул Сатылгановду бей-бечаралардын ырчысы экенин идеалдаштыруу жана анын бай-манаптарга, бай-манаптын ырчыларына каршы ырдаганын тастыктоо үчүн Жоомарт Бөкөнбаев башында турган акын-жазуучулар, элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноочулар, адабият таануучулар мүмкүн болгон жана мүмкүн болбогон жаналакеттин баарын жасашат.

Учурда, ал өнөктүктүн башталганына 80 жылдан ашып, бир кылымга таяп баратат. Ушул аралыкта кыргыздын «демократ» акыны Токтогул Сатылганов тууралуу көп айтылды, көп жазылды. Дээрлик айта турган эч нерсе калбагандай, чыпчыргасына дейре калтырбай жазылгандай деле болду. Бирок, акындын өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу илимий эмгектер, эскерүүлөр менен канчалык көп таанышкан сайын, ал эмгектерде, эскерүүлөрдө так эмес маалыматтар, бурмалоолор, калпыс чындыкты ошол тейде кайталоолор, оң нерсени тес кери түшүндүрмөлөр ошончолук көп экенине күбө болосуң да, өзүнөн өзү “эмне үчүн чаташтык көп, эмне үчүн бурмалашкан” деген мыйзам ченемдүү суроолор жаралат, таңгалыч пайда болот. Тоо булбулу Токтогулдун өмүрү – чыгармачылыгы калыс жана татыктуу иликтөөгө алынбай калганына жаның ачыйт, эсил кайран акынды ардактоонун ордуна Токтогулдун даңазасын бийиктетебиз, көкөлөтөбүз деп жатып, бир маалыматты ойдон чыгарып, бир маалыматты бурмалап берип отуруп, акын ырдабаган ырларды да ыгы келсе да, келбесе да жабыштыруу менен акындык дараметине, адамдык парасатына көлөкө түшүрүп койгонубузду көрүп кейибей койбойсуң.

Жашырганда эмне, акыркы жылдарга чейин бурмаланган Токтогул окутулуп, бурмаланган Токтогул изилденип келди. Токтогул иликтөөчүлөрдүн алгачкы жана ортоңку мууну ал бурмалоолорду жана так эместиктерди өз учурунда тактап коюуга аракет кылышкан жок. Коммунисттик идео логиянын арааны жүрүп турган советтик мезгилде андай зарылдык да болгон эмес. Анын натыйжасында, бүгүн минтип Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгынын тегерегинде жообу жок суроолор көбөйүп баратат. Дегенибиз, минтип биз эле биринчи болуп таңгалып, биз эле суроолорго жооп таппай отурганыбыз жок. Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Абдыкерим Муратов «Такталбаган Токтогул» адабий-тарыхый изилдөөсүндө: «…чынын айтканда Токтогул жазылбаптыр, бири-бирин эле кайталай бериптир? Неге? Мисалы, А.Токомбаев роман жазып баштайт, тарыхый каармандарды так атабай, ысымдарын бир аз өзгөртүп (Токон, Казанчы, Рыстуубек ж.б.) берет, эмне себептен? Эмне себептен тарыхый личностторду азан чакыргандагы аты менен атабай, аларды «тергеп» жатат? Эмне себептен ошол жазып аткан романын бүтпөй калды? Токтогул тууралуу жазуудан, чындыкты айтуудан корктубу? Же башка себеби, чоң себеби бар беле? Ал кездеги №1 романчы Т.Сыдыкбеков да Жоомарт менен Кетмен-Төбөгө барат, Токтогулдун жери, эли менен таанышат, акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча Калык, Алымкул, Коргол, Атай сыяктуу аны жакшы билгендер менен көп жолугат. Роман жазамын деп чамынат. Бирок жазбайт. Анчалык терең эмес, жалпыланган сөзү көп эки очерк («Эки акын»25, «Кербез») жазып тим болот. Неге?» (А.Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө) деп оголе көп суроолорду коюп, өз “жазгандарында жоопторго караганда суроолор” жана “ачыкталган фактыларга караганда туюк калган ойлор көп” болгону үчүн окурмандардан кечирим сураган. Анан ал жообу жок суроолорун андан нары улантып: «Токтогулдун ырлары түзөтүлгөнбү? Элде ушул күнгө чейин эле биз 80 жыл окуп жана окутуп келген Т.Сатылгановдун айрым хрестоматиялык ырлары жасалма, аларды Ж.Бөкөнбаев саясатка ылайыктап жазып чыккан деген пикир бар. Ушул ойдун чындыгы канчалык?.. Текстология илими ушуну аныктай алдыбы?» (А.Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө) деп кайра-кайра суроо койгон.

 

Академиктерди айран таң калтырган чындык…

Эмне үчүн Токтогулдун өмүр жолу бурмаланган, эмне үчүн Токтогулдун ырларынын текстери өзгөртүлгөн, эмне үчүн саясатташтырылган? Карапайым окурмандардын, катардагы окумуштуулардын гана эмес, абройлуу академиктердин башын катырган ушул суроолор. Алардын бири академик Осмонакун Ибраимов: «Биз, кыргыздар, башка болсо да Токтогулду, анын өмүр

таржымалын, чыгармачылыгын, татаал тагдырын жетишээрлик эле билебиз деп ойлоп келебиз. Чынында эле мектептен, ал гана эмес бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин Токтогул тууралуу канча маалыматтар окулат, аты аталат, ырлары жатталат, күүлөрү менен санаттары угулат. А бирок дале болсо Токтогул тууралуу маалыматтарыбыздын бир топ тайкы экени, анын өмүрү тууралуу бир катар маанилүү фактыларды билбей жүргөнүбүз кийин билинди» (Ибраимов О. Биз билбеген Токтогул) деп кейиштүү белгилеп: «…белгилүү изилдөөчү Омор Соороновдун илимий табылгалары, деле улуттук аң-сезимибиздин эгемендиктен кийинки жаңы мезгили бизди Токтогулга таптакыр башкача көз менен караганга мажбур кылууда. Көрсө, Совет заманындагы тарых илими Токтогулдун биография-сындагы айрым маанилүү фактыларды абдан эле бурмалаптыр» деген жыйынтыкка келген.

Адабият тарыхынын тактыгы үчүн айта кетели, ырас Токтогул өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы тууралуу күмөн саноолор, күдүк ойлор кечээ жана бүгүн жаралып калган жери жок. Бүт өмүрүн Токтогулдун чыгармачылыгын изилдөөгө арнаган Жаки Таштемиров 1936-жылы Жоомарт Бөкөнбаев Арым жайлоосуна барып, бир ай жүргөнүн эскере келип, «эгер оңдосо, бир гана Жоомарт оңдошу мүмкүн экенин” айтканы, өзү Токтогулдун сүргүнгө качан айдалганы ж.б. талаштуу суроолорго байланыштуу тактоолор киргизгени көп нерседен каңкуулап турат.

Токтогулду изилдөө менен байланышкан чаташтыктар, күдүк ойлор, так эместиктер мыйзам ченемдүү жана акындын чыгармаларын чогултуу жана иликтөө иштериндеги айрым бир бурмалоолордун, акындын чыгармачылыгындагы кээ бир окуяларды, фактыларды атайылап эле эскербей коюунун бир гана себеби бар. Себеби, Токтогулду “демократ” акын катары идеалдаштыруудан улам «чү» дегенде эле, ээрге кыйшык отуруп калган. Акындын ырларын чогултуу жана иликтөө иштери ашкере саясатташып, аны «кедей-кембагалдын ырчысы жана жаңы замандын жарчысы» кылуунун далбасасында Токтогулдун өмүр таржымалы бурмаланып жана акын ырдабаган көп ырлар ага чапталып кеткен. Токтогулдун трагедиясы мына ушунда.

Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгы бурмалангандыгы мурда-кийин эле белгилүү болгондуктан, анын өмүр таржымалындагы айрым фактылар бүт өмүрүн акындар поэзиясын изилдөөгө арнаган окумуштуулардын өзүн да шектендирип калган. Көрүнүктүү адабиятчы Батма Кебекованын: «… Совет бийлиги мезгилинде чыгар-мачыл өнөрканасында «оңдоо» киргизүү, анын таптык сезимин ашыра курчутуу, атеисттик көз карашын арттыруу сыяктуу тенденция орун алгандыгын айрым фактылар ачык далилдеп турат. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы жашабаптыр. Бул анын көркөм кыялдын туундусу катарында Токтогулдун чыгармачылыгына киргендигинин күбөсү. Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы болбоптур деп атпайбы» (Кебекова Б. Токтогулдун өмүрүн, чыгармачылыгын жаңыча иликтүү программасы) деп Арзыматтын тарыхта болгон адам экендигинен шектенүүсү обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам пайда болгон. Биринчиден, Токтогул “кедей-кембагалдын ырчысы” жана Арзымат “бай-манаптын ырчысы” катары бардык адабияттарда, тарыхый документтерге чейин жазылып, бешиктеги баладан бели бүкчүйгөн кары-картаңга чейин Арзымат “эшик ырчы” катары мээбизге сиңип калган менен, буга эч ким ишенген эмес. Эл арасында ар кандай күдүк, күдүң кептер айтыла келген. Экинчиден, Кетмен-Төбө өрөөнүндө Арзымат деген акын жашап өтпөгөнү, Токтогулдун Арзымат менен айтышуусу ойдон чыгарылганы тууралуу акыркы жылдарда иралды кетментөбөлүктөр өздөрү айта башташкан. Журналист Уран Ботобеков экөөбүз 1991-92-жылдарда “Кыргыз маданиятында” чогуу иштеп калдык. Ошондо ал күндөрдүн биринде айтылуу обончу, айтылуу Керимбай болуштун небереси Асанкалый Керимбаев менен маек уюштуруп келип, “Токтогул ырчы тууралуу сенсациялуу маалымат таап келдим. Көрсө, тоо булбулу Токобуз айтышты делип жүргөн Арзымат деген ырчы болбоптур” дегени эсимде. Арзымат ырчы болгон эмес деген маалыматты ага Асанкалый Керимбаев чоң энеси Разакандан уккандарына таянып айтып бериптир: «Адабиятыбызда Керимбайдын ырчысы Арзымат тууралуу таптакыр маалымат жок. Арзымат ойлоп табылган ырчы. Менин чоң энем Разакан Керимбайдын 3-аялы, 1980-жылы каза болду. Ошол чоң апам көп нерселерди айтып берер эле… Арзымат деген ырчы болгон эмес. Бул Жоомарт Бөкөнбаевдин ойлоп тапкандары. Болбосо, эл оозунда бирин-экин ырлары калат эле го…Арзымат Токтогулга карама-каршы ойдон чыгарылган образ. Мен сураштырсам, Токтогулдун Сибирге айдалышына Керимбайдын эч бир тиешеси жок экен. Токтогулга саясый айып тагыш керек эле, Ж.Бөкөнбаев караштырса «эзүүчү» таптын өкүлү Керимбай бар. Ошентип, ортодон саясый душман кылышты да, коюшту» (Керимбай болуш эл душманы эмес / У.Ботобековдун А.Керимбаев менен маеги). Керимбайдын небереси чоң энесинин айткандарына таянып айтып жатса, акыркы чындык ушул дешкенби, Арзымат ырчынын тарыхта болбогону тууралуу маалымат атүгүл “Кыргыз тарыхынын энциклопедия” китебине да кирип кеткен: “…Анын ырларынын айрымдары толук, айрымдары үзүндү түрүндө отузга жакыны топтолгон. Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес. Социалисттик идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыш-тарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалы, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр болбоптур. Деги эле тарыхта андай ырчы жашабаптыр. Анын Эшмамбет, Калык, Коргол, Алымкулдар менен саламдашуу, таанышуу, алжай сурашуу, ырчылык өнөр тууралуу баарлашуу иретинде айтыштары. Барпы менен сынак айтышы, кажышчаак орой ырчы Найманбай менен кармашы тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берет. Токтогулдун Совет доорундагы ырлары жөнүндө («Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» ж. б.) кийинки кездерде талаш пикирлер жаралып келатканы маалым. Бул ырлар текстологиялык, фактологиялык ж. б. ыкмаларда каралууга өтө муктаж. Бул – тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы» (Манас-таануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору Кыргыз адабияты: энциклопедия). Биздин ынанымыбызда, белгилүү адабиятчынын чаташуусуна мына ушул жогоруда айтылган маалыматтар негиз болсо керек.

“Кыргыз туусу”, 15-22.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий