“Манастагы” каармандар

“Манас” эпосундагы 536 каармандын ысымы жазылган.

Абай – эпизоддук – каарман
Абдыкадыр – катарда саналган каармандардын бири
Абдыкалык – эпизоддук каарман
Абдылда – болочокку кырк чоронун бири – Ажыбай
Абдылкадыр – эпос боюнча тажиктердин каны
Абдылкасым – эпизоддук каармаң
Абдыраман – кабарыш элинин улугу
Абыке – Манастын иниси
Абыл – эпизоддук каарман – Атемирдин уулу
Абылкасым – эпизоддук каарман, Атемирдин иниси
Абыш – кырк чоронун бири
Агалдай – Үсөндүн – Көзкамандын балдарынын бири
Агулук – эпизоддук каарман
Агыдай – кырк чоронун бири
Агылык – эпизоддук каарман
Агыш – уруу башчыларынын бири
Адирабийга – Каныкейдин эжеси
Адыгей – кырк чоронун бири, далычы
Ажыбай – кырк чоронун белгилүүлөрүнүн бири, чечен, өз аты – Абдылда
Азаймат – эпизоддук каарман
Азелкан – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Азирейил – жан алгыч периште
Айганыш – Көкөтөйдүн аялы
Айдар – көпчүлүк учурда жаш Айдар кабарчы, жарчы
Айдаркан – казактардын ханы, Көкчөнүн атасы
Айкожо – эпос боюнча кожо
Айнакул – болочокку кырк чоронун башчысы – Кыргыл
Айтак – эпизоддук каарман
Айымжан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Айымкан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Айымкүл – Көкөтөйдүн аялы
Акбай – балбан, уруу башчысы
Акбалта – Чубактын атасы, нойгуттардын каны
Акдөө – эргежээл, итаалылардын дөөсү
Акеркеч – Көкчөнүн аялы
Акмама – Каныкейдин энеси
Акпай – кырк чоронун бири
Акун – Ооган каны
Акунбек – эпизоддук каарман, көптүн бири катары уруу аксакалдарынын арасында саналат
Акунбешим – эпикалык душман кандарынын бири
Акурук – эпизоддук каарман
Акчабак – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Акыл – эпизоддук каарман
Акылай – Манастын аялы
Акылбайыс – эпизоддук каарман
Акымбек – катарда саналуучу уруу башчыларынын бири
Алаке – кырк чоронун бири
Алакен – кырк чоронун бири
Аламан – Манастын чабарман жигити
Аланча кан – Манастын түпкү аталарынын бири
Алашбек – эпизоддук каарман
Албүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Алмамбет – белгилүү чоң баатыр, акылман
Алооке – эпикалык душмандардын белгилүү кандарынын бири, Коңурбайдын атасы
Алтай – кырк чоронун бири
Алтаң – эпизоддук каарман
Алтынкөкүл – думара уруусунун улугу
Алыбек – эпизоддук каарман
Алым – эпизоддук каарман, кырк чоронун бири Алакендин атасы
Алым мырза – эпизоддук каарман
Алымсарык – эпизоддук каарман
Алымсейит – эпизоддук каарман, Көкчөнүн жакындарынын бири катары саналат
Аңгир – эпизоддук каарман
Арбалдай – Үсөндүн – Көзкамандын балдарынын бири
Ардай – эпизоддук каарман
Ардалык – Атайдын атасы
Арсы – эпизоддук каарман
Арууке – Алмамбеттин аялы
Арышкан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Аскар – Жумабектин атасы
Атай – Кырк чоронун бири
Атайбек – эпизоддук каарман
Атакул – калмактарда айыл башы, эпизоддук каарман
Атала – эпос боюнча дөбөт элинин каны
Аталабек – катарда саналган каармандарынын бири
Атан – эпизоддук каарман
Атемир – Каныкейдин атасы – Каракан
Аядил – эпизоддук каарман
Бабатай – Ороздунун он уулунун бири
Бабыр – Манастын түпкү аталарынын бири
Бабыркан – Манастын түпкү аталарынын бири
Багыш – эпизоддук каарман, Көкчөнүн жакын мыктыларынын бири катары эскерилет
Бадалбай – эпизоддук каарман
Бадаң бий – эпизоддук каарман
Базылбек – эпизоддук каарман, көптүн бири катары уруу өкүлдөрүнүн арасында саналат
Базылбек – катарда саналуучу эпизоддук каармандардын бири
Бай – Жакыптын агасы, Бакайдын атасы
Бай бак – коңурат уруусунан, кары адам, эпизоддук каарман
Бай куш – эпизоддук каарман, аяр
Байбол – Жакыптын бадачысы
Байгур – Манастын түпкү аталарынын бири
Байжигит – белгилүү уруу аксакалдарынын бири
Байкап – эпизоддук каарман
Баймырза – Көкөтөйдүн тууганы, Байдын уулу
Байыз – катарда саналган каармандардын бири
Бакай – Манастын аталаш тууганы, эң жакын жардамчысы, акылдашы
Бакатил – эпос боюнча Көкөтөйдүн бабасы
Бакдөөлөт – Жакыптын кичи аялы
Бактыгул – эпизоддук каарман, көптүн бири катары аталат
Бакүрүш – катарда саналган каармандардын бири
Бакча – катарда саналган каармандардын бири
Балкыбек – эпизоддук каарман
Балкыя – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Балтамат – эпос боюнча бараңдын чоңу
Барак кан – Көкчөнүн түпкү атасы
Басаңкул – Эпизоддук каарман, Нескара арык каздырып жаткан элге башчы
Батмабүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Батмасам – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Баянчор – эпизоддук каарман
Бегиш – эпизоддук каарман, аяр
Бедөөң – эпостук каарман
Бейшекел – эпизоддук каарман
Бекебай – Үсөндүн – Көзкамандын балдарынын бири
Бердибай – эпизоддук каарман
Бердибек – кырк чоронун бири – Сыргак
Бердике – Жакыптын айылдашы, кадырлуу адамдардын бири катары аталат
Бийназар – эпизоддук каарман
Бозкертик – эпос боюнча калмак баатыры
Бозуул – кырк чоронун бири
Бокмурун – Көкөтөйдүн уулу, баатыр
Болжоң – эпизоддук каарман
Болот – кырк чоронун бири
Бообек – эпизоддук каарман, казак мыктыларынын бири катары саналат
Бооке – Алоокенин уулу, кийин кырк чоронун бири
Бооң – эпизоддук каарман, дөө, аяр
Бороончу – эпос боюнча калмак баатыры
Бөбөтай – Ороздунун он баласынын бири
Бөгөл – кырк чоронун бири
Бөйөн – Калмак байы, Чаяндын атасы
Бөкө – эпизоддук каарман, Көкчөнүн жигити
Будаңчаң – эпикалык душман баатырларынын бири
Буркан – эпизоддук каарман
Бурмажан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Бурунас – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Буруш – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Бурчак-Музбурчак – уруу башчысы, кыргыздын белгилүү баатырларынын бири
Буудайбек – Көкчөнүн кичи аялы
Буудайык – Музбурчактын атасы
Бууракан – Манастын түп аталарынын бири
Гүлканыш – Көкөтөйдүн аялы
Дабаш – эпизоддук каарман
Дагулук – катарда саналган каармандардын бири
Дамбылда – айыл аксакалдарынын бири
Даңгыл – эпизоддук каарман
Даң-даң – эпизоддук каарман
Дардак – эпизоддук каарман
Дебеги – эпизоддук каарман
Делдеш – эпизоддук каарман
Деркенбай – эпизоддук каарман
Дилде – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Дого – эпизоддук каарман
Домабил – калмак баатыры, эпизоддук каарман
Дөгөн – калмак баатыры, эпизоддук каарман
Дөгөшө – эпизоддук каарман
Дөгүш – катарда саналган каармандардын бири
Дөмүл – эпос боюнча элинин беги
Дөөгөр – уста, эпизоддук каарман
Дөөкүр – эпизоддук каарман
Дөрбөлдөй – Үсөндүн – Көзкамандын балдарынын бири
Дөрбөн – Төртайдын атасы, кырк чоронун бири
Дөрө – эпизоддук каарман
Дуулат – эпизоддук каарман
Дуушаңгөр – Эсенкандын түпкү аталарынан
Дүбүрө – эпикалык душман баатырларынын бири
Жабагы – эпизоддук каарман
Жабыке – кырк чоронун бири
Жагалбай – эпизоддук каарман, Жанбайдын атасы
Жадигер – Багыштын аталарынын бири
Жайдар – Акбайдын атасы
Жайнак – кырк чоронун бири
Жайсаң – эпизоддук каарман, Бооң аяр менен кароолго барганда гана эскерилет)
Жакып – Манастын атасы
Жамгырчы – эпос боюнча эштектердин каны
Жамыра – эпизоддук каарман
Жанадил – Көкөтөйдүн атасы
Жанай – катарда саналуучу каармандардын бири
Жанбай – эпизоддук каарман
Жангер – кырк чоронун бири, Жабыкенин атасы
Жанымжан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Жаныш – эпизоддук каарман
Жаңшаа – Чоюндун атасы
Жаңыбай – эпизоддук каарман
Жапак – Ногойдун иниси Шыгайдын уулу
Жапар – Кудай аттарынын бири)
Жедигер – Багыштын түпкү атасы
Жеткир – Агыштын атасы
Жеткир бий – Агыштын атасы
Жолой – эпос боюнча калмактардын каны, баатыр
Жоодары – Чегиштин атасы
Жооке – эпизоддук каарман
Жооналп – дөө, пери алпы
Жоорунчу – кырк чоронун бири
Жөкө – эпизоддук каарман
Жумабек – эпизоддук каарман
Жүгөрү – катарда саналуучу уруу башчыларынын бири
Жүзгөн – Каманбектин атасы
Зыяндаш – Акбайдын колуктусу
Илебин – эпикалык душман кандарынын бири
Каар – Култандын атасы
Кабатай – Ороздунун он уулунун бири
Кабыке – кырк чоронун бири
Кабыл – эпизоддук каарман, Атемирдин уулу
Кадообай – эпизоддук каарман
Кадыр – кырк чоронун бири
Кайгыл – кырк чоронун бири
Кайып – мурдагы калмак кандарынын бири, кийин Манастын кайнатасы,
Калбүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Калдай – эпизоддук каарман
Калдар – кырк чоронун бири
Калемкаш – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Калкаман – Кырк чоронун бири
Калмат акын – кашкарлык делет, эпизоддук каарман
Калтаң – эпизоддук каарман
Калча – катардагы саналган каармандардын бири
Каманали – дөө, пери алп
Каманбек – эпизоддук. Каарман
Камбар – Чаликтин атасы
Камбарбек – Чаликтин атасы
Камбаркан – Көкчөнүн чоң атасы
Канкуу – кашкардын каны делет, эпизоддук каарман
Каныкей – Манастын аялы, акылман, иштүү
Канымжан – эпизоддук каармандардын бири
Канышай – Бокмурундун колуктусу
Канышбек – Жакыптын айылындагы Куртка деген адамдын зайыбы
Капия – эпизоддук каарман
Кара кан – Каныкейдин атасы – Атемир
Кара мерген – эпизоддук каармандардын бири
Карабек – казак бийи, эпизоддук каарман
Карабөрк – Манастын аялы
Каражой – эпизоддук каарман
Каракан – Манастын түпкү атасы
Каракесек – катарда саналуучу эпизоддук каармандардын бири
Каракожо – уруу аксакалы, адатта көптүн катарында саналат
Карамар – эпизоддук каарман
Карасман – бир эле жерде кезиккен каарман, калмак балбаны
Каратай – кырк чоронун бири – Ырчы уул
Каратоко – эпизоддук каармандардын бири
Карач – катардагы саналган каармандардын бири
Карача – кыз Сайкалдын атасы, дагы бир аты – Каткалаң
Карынбай – жомоктук белгилүү бай
Каткалаң – Сайкалдын атасы
Кашкел – эпизоддук каарман
Кашым – Баймырзанын атасы
Кашым6ек – катардагы саналган каармандардын бири
Кегети – эпизоддук каарман
Кедер –- Жолойдун атасы
Кеелик – катарда саналган каармандардын бири
Кезек – Шооруктун атасы
Кейгур – эпизоддук каарман
Кейиппай – эпизоддук каарман
Кейкубат – катарда саналган каармандардын бири
Кейкубат – эпизоддук каарман
Кеймен – эпизоддук каарман, Шоорук кандын баатырларынын бири катары эскерилет
Кеймен – эпикалык душман баатырларынын бири, мансабы – Шаа
Келдике – эпизоддук каарман
Кемел – эпос боюнча Мысырдын бийлөөчүсү
Кемен – эпизоддук каарман
Кеңгес – эпизоддук каарман
Кербен – кырк чоронун бири
Керкөкүл – катарда саналган каармандардын бири
Киеикес – перилердин дөөсү
Китеналп – дөө, пери алп
Кишидаш – эпос боюнча перилердин балбаны
Коён – эпизоддук каарман
Кожо – кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскертилет
Кожош – катарда саналган каармандардын бири
Койчуман – эпизоддук каарман
Коккөён – эпосто султан делет
Коной – эпизоддук каарман
Коңгуроолу – эпизоддук каарман, Алоокенин агасы, Абыштын атасы, Кошабыштын атасы
Коң-Коңбай – эпикалык душмандардын башкы баатыры – Коңурбай
Коңур бий – эпизоддук каарман
Коңурат – эпизоддук каарман
Коңурбай – эпикалык душмандардын эң мыкты деген баатыры
Кортук – калмактардын айыл башчысы, эпизоддук каарман
Кошабыш – кырк чоронун бири
Кошой – катагандардын каны, белгилүү баатыр
Көбөн – катарда саналуучу уруу башчыларынын бири
Көбөтай – Ороздунун он баласынын бири
Көбөш – Манастын агалаш иниси
Көгөй – Манастын түпкү аталарынын бири
Көгөн – катарда саналуучу эпизоддук каармандардан
Көгүчкөн – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Көзкаман – Жакыптын агасы Үсөнгө душмандар койгон ат
Көйүш – эпизоддук каарман
Көкбөрү – Коккоёндун атасы
Көккоён – кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскерилет
Көкмөк – Керкөкүлдүн агасы
Көкөтөй – Манаска кызматы өткөн, кыргыздарга кадыры жарашкан бай адам. Ташкендин каны
Көкчө – казактардын каны, баатыр
Көкчөкөз – Манастын аталаш туугандарынын бири, Үсөндүн (Көзкамандын) улуу
Көнөк – эпос боюнча перилердин тайып деген уруусунун башчысы
Көрүш – Керкөкүлдүн атасы
Көтөрүш – эпос боюнча жапандардын башчысы
Көчпөс бай – Жанайдын атасы
Көшөндү – Жетим урук деген жомоктук элдин улугу
Кубат – эпизоддук каарман, Жакыптын койчуларынын башчысы
Кузабүбү – эпизоддук Каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Кулжан – эпизоддук каарман
Кулжар – Көкөтөйдүн аялы
Култаң – эпизоддук каарман
Култка – эпизоддук каарман
Кулус – эпизоддук каарман
Кулусун –(эпизоддук каарман
Кумар – Дебегенин атасы
Кур – эпизоддук каарман, Коңурбайдын жолдошу
Куртка – Жакыптын айылдашы, эпосто жөн гана катарда саналат
Кутаналп – дөө, пери алпы
Кутман – эпизоддук каарман
Кутубай – катарда саналуучу каармандардын бири, Жакыптын айылдашы
Кутубий – кырк чоронун бири
Кутунай – кырк чоронун бири
Куяс – эпикалык душман баатырларынын бири, аяр
Күдөң – эпизоддук каарман
Күйөнүш – эпизоддук каарман
Күлдүр – Чалыбайдын атасы
Күлтүкан – эпизоддук каарман
Күлчоро – Алмамбеттин уулу
Күнөгөр – эпизоддук каарман
Күнөс – эпизоддук каарман
Күшөң – эпизоддук каарман
Кыдырбай – Таздын атасы
Кызыл дөө – жомоктук элдин башчысы
Кызыр Иляс – адамдарга бакыт – таалай алып келүүчү касиеттүү күчтүн – колдоочунун аты
Кымкар – эпизоддук каарман
Кыргыз – эпос боюнча кан
Кыргыл – кырк чоронун башчысы
Кырмус – эпикалык душман кандарынын бири
Кыяпат – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Кыяс казы – кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскерилет
Кыяш – Жолойдун аялы
Маамыт султан – эпос боюнча Балык, Бадакшандын каны
Маарамбүбү – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Маарамкан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Мажик – кырк чоронун бири
Мазабыл – эпос боюнча арап элинин башчысы
Маматбек – эпизоддук каарман
Мамбет – катарда саналган каармандардын бири
Манас – эпостун негизги каарманы
Манжыбек – Манастан өлгөн Кортук деген калмактын уулу, кийин кырк чоронун бири – Мажик
Мардыкелең – эпизоддук каарман
Медер – эпизоддук каарман
Меңдибай – эпизоддук каарман
Меңдигул – эпизоддук каарман
Миңбай – эпизоддук каарман
Мөндү-Чебең – эпизоддук каарман
Музбурчак – уруу каны
Мунар бий – катагандардын кадырлуу адамдарынын бири, адатта уруу өкүлдөрүнүн арасында саналат
Мунаркан – мурда душман кандарынын бири, Кошойдун кайнатасы, кийин кыргыздын кандарынын бири
Мунускан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Мурадыл – эпикалык душман баатырларынын бири
Мырза – катарда саналган каармандардын бири
Нааркүл – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Назарбек – Ошпурдун уулу, эпизоддук каарман
Найман – эпизоддук каарман
Начарбүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Нескара – эпикалык душмандардын белгилүү баатырларынын бири
Ногой – Манастын чоң атасы
Нуркабыл – катарда саналган каармандардын бири
Нуукер – эпикалык душман баатырларынын бири
Ойрок – эпизоддук каарман
Ойсалкын – Үрбүнүн аялы
Орго – эпикалык душман кандарынын бири
Ордобай – Ороздунун он уулунун бири
Орозду – Жакыптын үч агасынын бири, Ногойдун эң улуу уулу
Ороңгу – эпос боюнча эпикалык душман ханшасы, дөө, баатыр аялы
Отор бий – эпизоддук каарман
Ошпур – Жакыптын койчусу, эпос боюнча кадырлуу адамдардын бири
Өзүбек – Абдылданын – Ажыбайдын атасы
Өкүмкан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Өмүрзак – эпизоддук каарман, уруу өкүлү катары саналат
Өскөнбай – эпизоддук каарман
Панус – Көкөтөйгө чейин Ташкенди бийлеп турган адам
Паң – Коңурбайдын түпкү атасы, кээде уруу катары
Рустөм – легандарлык баатыр
Саалай – катарда саналган каармандардын бири
Сабатай – Ороздунун он уулунун бири
Сайкал – баатыр кыз
Саламат – Жакыптын айылдашы, кадырлуу адамдардын бири
Санамкан – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Санамкүл – Орго кандын аялы, эпизоддук каарман
Санарбүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Санжы – кээде Сынчыбек, же Санжыбек – уруу башчысы
Санирабийга – Манастын аялы – Каныкей
Сарбан – Жакыптын төөчүсү
Саргыл – Баймырзанын айлын чаап алган баатыр
Сары – эпизоддук каарман, аяр
Сары дөө – уру башчысы
Сатай – уруу башчыларынын бири, кийин кырк чоронун бири
Саят – Абдрамандын атасы
Сейилкан – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Сейилсам – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Сейит – Кемелдин атасы
Селим – эпизоддук каарман
Семетей – Манастын уулу
Серек – кырк чоронун белгилүүлөрүнүн бири
Серсебай – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Согарбай – эпизоддук каарман
Солобо – Алмамбеттин чоң атасы
Сонунбүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Соорондук – эпикалык душман кандарынын белгилүүлөрүнүн бири, Алманбеттин атасы
Соорун – эпизоддук каармандардан
Сукан – жомоктук элдин дөөсү
Сукумбек – эпизоддук каарман
Сулайка – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Сулайман – пайгамбар
Султакан –катарда саналган каармандардын бири
Суркан – эпизоддук каарман
Сыргак – белгилүү чоң баатыр, кырк чоронун бири, өз аты – Бердибек
Сыягүл – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Тагылык – эпизоддук каарман
Таз – кыпчактардын каны
Тазбаймат – кырк чоронун бири
Тайлак – Бакайдын иниси
Талапбүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Талбаарам – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Тана – эпизоддук каарман
Таноо – эпизоддук каарман
Тарбын – эпизоддук каарман
Таргыл – эпизоддук каарман
Ташбүбү – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Тейиш – Текес кандын иниси, Текес өлгөндөн кийин ордуна кан болот
Текес – калмак каны
Темир – Текес кандын атасы
Тизекан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Тизелик – эпизоддук каарман
Тилеке – эпизоддук каарман
Тобатай – Ороздунун он уулунун бири
Токон – эпизоддук каарман
Токотой – кырк чоронун бири
Токтобай – Үсөндүн – Көзкамандын балдарынын бири
Токтообий –эпизоддук каарман, уруу өкүлү катары аталат
Токтор – эпизоддук каарман
Токшукер – Бозкертиктин атасы
Толтой – Багыштын уулу, «Семетей» эпосундагы каармандардын бири
Торум – атактуу уз кыз
Торум кыз – катарда саналуучу эпизоддук каарман
Төбө бий – эпизоддук каарман, Кулжандын атасы
Төкө – эпизоддук каарман
Төлөк – кырк чоронун бири, төлгөчү
Төлөнбек – эпизоддук каарман
Төрөн – Манастын түпкү аталарынын бири
Төртай – кырк чоронун бири
Төштүк – уруу башчысы, баатыр
Тугалык – эпизоддук каарман
Тулус – эпизоддук каарман
Турсунай – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Туушаң – кытай хандарынын бири
Түбөй – Манастын чоң аталарынын бири
Түгөл – Манастын чоң аталарынын бири
Түгөлбай – эпизоддук каарман, кыргыз балбаны
Түлкү – Ооган каны Акундун тууганы
Түлөө – кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскерилет
Түлөөбек – эпизоддук каарман
Түлөөбий – эпизоддук каарман
Түмөн – кырк чоронун бири
Түмөнбай – эпизоддук каармандардын бири, Абдылданын атасы делет
Түнөгөр – балбан, эпизоддук каармандардын бири
Түрк – Дамбылданын атасы
Тынымбейит – эпизоддук каарман
Угуз кан – Манастын түпкү аталарынын бири
Удайчы – эпизоддук каарман
Уйгур – Манастын түпкү аталарынын бири катары саналат
Улаңгы – эпизоддук каарман
Улугат – эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Урмат – катаган уруусунун кадырлуу кары адамдарынын бири, көптүн бири катары саналат
Ушаң – эпос боюнча калмак баатыры
Уюк – Багыштын атасы
Үйшүмбай – эпизоддук каарман
Үйшүн – катарда саналуучу каармандардын бири
Үйшүнбай – эпизоддук каарман
Үмөт – кырк чоронун бири
Үндүчак – эпос боюнча дөбөт элинин каны
Үрбү – белгилүү баатырлардын бири, кыпчактардын каны
Үркөрбүбү – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Үрүстөм – легендардык баатыр
Үсөн – Жакыптын үч агасынын бири – Көзкаман
Чагалдай – Манастын аталаш туугандарынын бири, Үсөндүн (Көзкамандын) экинчи уулу
Чаганбай – Күлдүрдүн уулу, кийин кырк чоронун бири – Чалыбай
Чагатай – Ороздунун он баласынын бири
Чагоо – катарда саналуучу эпизоддук каармандардын бири
Чагырай – сынчы, Алоокенин уулу
Чакчайыш – эпос боюнча эргежээл элинин улугу
Чалик – кырк чоронун бири
Чалы – болочокку Чалыбай – кырк чоронун бири
Чалыбай – кырк чоронун бири
Чаң-чаң – эпизоддук каарман
Чатаңайыш – эпос боюнча бараң элинин каны
Чаян – калмак байы, Жакыптын кайын атасы
Чегебай – Манас менен кошо козу кайтарган бала, болочокку кырк чоронун бири – Кутубий
Чегетей – Ороздунун он баласынын бири
Чегиш – эпос боюнча уруу башчыларынын бири, каңгылардын баатыры
Чечендер – эпизоддук каарман
Чокон – эпизоддук каарман
Чоро – наймандардан чыккан баатыр, эпизоддук каарман
Чоюналп – эпос боюнча даңгыт элинин чоңу
Чубак – белгилүү чоң баатыр, кырк чоронун бири
Чулу – эпизоддук каармандардын бири
Чыйыр – Жакыптын аталаш агаларынын бири
Чыйырды – Манастын энеси – Шакан
Чылаба – Коңурбайдын түпкү аталарынын бири
Чынарстан – Шаабектин атасы
Чынаяткан – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Чыноончук – эпос боюнча дөбөт элинин баатыры
Шаабек – кырк чоронун бири
Шаатемир – эпизоддук каарман, Атемирдин иниси
Шагыл – эпизоддук каарман
Шагыл бий – Атайдын атасы
Шаймерден – жигиттердин колдоочусу
Шакан – Манастын энеси – Чыйырды
Шакум – кырк чоронун бири – Мажик
Шамың шаа – эпизоддук каарман
Шаңгы – Кербендин атасы
Шаңдөөгөр – эпизоддук каарман
Шаңмусары – эпизоддук каарман
Шелкым – эпизоддук каарман
Шибен – эпизоддук каарман
Шоңко – Кербендин атасы
Шоорук – белгилүү кандардын бири, Манастын кайнатасы
Шууту – кырк чоронун бири
Шүкүр – кырк чоронун бири
Шүңгүр – эпизоддук каарман
Шыгай – Манастын чоң атасы Ногойдун бир тууганы
Шынгынай – Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Шыңгы – кырк чоронун бири Кербендин атасы
Ыбыш – кырк чоронун бири
Ыйбанкүп – катарда саналган каармандардын бири
Ыйман – Жакыптын жылкычысы, эпизоддук каарман
Ыраман – Каратайдын – Ырчы уулдун атасы, эпизоддук каарман
Ыраңшоо – Эпизоддук каарман
Ырдык– эпизоддук каарман, аяр
Ырчы уул – кырк чоронун бири, өз аты Каратай
Элеман – кырк чоронун бири
Элим – эпизоддук каарман
Эсенкан – эпикалык душмандардын башкы каны
Эштек – Жамгырчынын атасы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.