Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз

Байыркы гректер сулуулук менен сүйүүнүн кудайы деп санаган Афродита жөнүндө Хан Жантайдын караманча кабары жок болсо да Соң-Көлдөгү Сууперисин көргөндө көөдөнү жалын чалгандай өрөпкүп, бул айзада беш көкүлгө кушу түшүп, арзуусу артат. Ал дилинде:

Жашартып мени наз демиң,
Жалганда болчу аздегим,
Жалынып турат Жантай чал,
Жароокер бийкеч жаз черин! – деп жиберет…

Мында көңүл бөлчү орчундуу жагдай бар. Кыргыз кыз-келиндери абалтадан эркин болбосо, коомдук турмушта өзүн айдың көлдүн аккуусундай алып жүрө алат беле. Мөөрдүн кулунчактай курбулары менен куунак маанайда бейкапар көйкөлгөн көлгө барып түшүшү мерездиги үрөй учурган феодалдык өлкөлөрдө ойго келчү жорук беле? Бул жагынан кыргыз кыздары байыркы амазонкалардын бар касиетин сактап калган. Антпесе, Кыз Сайкал, Жаңылмырза, Тупар ханыша, Надира бегим, Жаркынай, Курманжан Датка сыңары ысымдары кыргыз зардалдары менен катар айтылган акылман, көкжал ургаачылар калкыбызда кастарланат беле!

Кыргыздын макал-лакаптарында аялзатынын улуулугу, сулуулугу өзгөчө баса белгиленет. “Кыздын кырк чачы улуу”, “Эр энеден туулат”, “Аял жакшы – эр жакшы”, “Эненин орду төрдө” сыяктуу ургаачы калкка терең таазим менен арналган толгон-токой ой берметтери бар. Ошондой эле “Манас” баштаган эпосторубуздун барында Каныкей, Айчүрөк, Айганыш, Зулайка, Кенже, Арууке сыяктуу аялзатынын асылзаада өкүлдөрү көкжал эрлерге татыктуу жар катары айтылат. Мында алардын жубай катары парзын өтөгөндүгү гана эмес, акылгөйлүгү, уюткулуу журтка Умай энелик урматы, домоктун алдын алган көрөгөчтүгү жана ак көрпө жайыл пейили да бийик бааланган. Эр аттуунун баары эл-жерин коргоп жоого аттанганда турмуш-тиричиликтин бүт түйшүгү аялдардын моюнуна түшкөн. Бала-бакыра, кары-картаңдарды асыроо, мал-жанды багуу, отун алып, от жагуу, улам жаңы конушка көчүү, боз үйүн бүктөп тигүү оңой-олтоң иш болгон эмес. Мунун баарын кыргыз аялы кабагым-кашым дебей аткарган. Эрдин да, нардын да жүгүн көтөрүп, укум-тукумду улоо менен кыргыз улутун бүгүнкү күнгө жеткирген. Ушундай жашоо образында паранжа, чүмбөт жамынган, азыркыдай хиджап менен чүмкөнгөн ургаачынын көчмөндөрчө тиричилик өткөрүүгө ыңгайлуу болор беле? Бейиштей жериң, айкөл элиң турганда уул-кызды кынга салып кармоо кыргыз салтына дегеле коошпос эле. Тал-талдап өргөн чачына үкүлүү кундуз тебетейи жарашкан бой жеткен кыз бала жорго минип, каймал төөнү жетелеп, анын артында бешик өңөргөн жеңеси, анан бала учкаштырган байбиче бараткан көчтү биз көп көргөнбүз. Ошондо улуттук кийим-кеченин, боз үйдүн жасалгаларын, ат жабдыктардын асем үлгүлөрүн көрүп, суктанчубуз. Анда улгайган ургаачыларды мындай кой кыздар да, келиндер да жүздөрүн жабышчу эмес. Айчырайлуу беш көкүл жөнүндөгү аңызды угуп, бир көрүүнү арзыган байлар көчтүн өтүшүн атайы аңдып турушчу. Ушундан улам:

Көчкөндө миндиң кула атты,
Көркөмүң мени куураттысыяктуу ашыктык ырлары жаралган. Бул шаани-шок оттуу жашоо жараянынын романтикасы болгон. Ошондой учурларда жигит менен кыз бири-бирин жактырып калып, “Мырза уул менен Аксаткын”, “Олжобай менен Кишимжан” сыяктуу армандуу чыгармалар да жаралган эмеспи…

Биздин айталы дегенибиз – ошондогу түркөй деген турмуш менен азыркынын ортосундагы айырмачылык. Айылдык жашоо образын мындай кой, баш калаабызда феодализм доорун элестеткен же азыркы Ооган, Пакистан, Иран сыяктуу мамлекеттердеги жапайычылык көрүнүш жайылып бараткандыгын көрөсүң.

Мунун баары ислам динин, анын ар кыл экстремисттик агымдарын жайылтууга кеңири жол берилгендиги менен байланыштуу. Ошонун аркасында эгемендиктин жылдарында жер-жерлерде мечиттердин саны мектептердикинен 2-3 эсеге ашып кетти. Эч бир илим-билимдүү, маданияттуу ата-эне уулун, кызын медресеге бербейт. Анткени, ал өспүрүмдүн билими, акыл-эси, дүйнөгө көз карашы, маалыматы чектелип, өнүгүшү чектелип калат. Акыры ал манкурттуктан башкага алып келбейт. Бул кимге жагат? Баарыдан мурда дин жайылтуучуларга. Анткени, ошондой чөйрөгө өз идеологиясын жайылтуу, сиңирүү оңой болуп калат. Алардан шахид-жан кечтилерди, кызыл кыргынга жинигип бой урчу маңкурттарды даярдоо иттен оңой болот да. Мына азыр Сирияда эле миңдеген кыргыз жараны жүрбөйбү. Алар эмне ата мекенибизге катылган баскынчыларга каршы аттанышкан эр жүрөк патриотторбу? Алардын “политруктору” баарыдан мурда ошол медреседеги жол көрсөтүүчүлөр болуп жатпайбы. Бул бир жагы. Экинчи жагы – экономикалык каатчылыктын айынан, жумушсуздуктун кесепетинен аргасыздан мигрант болушкан ата-энелер балдарын жакындарына таштап, оокат издеп кетип жатышат. Ал балдарга баш-көз болуп, тарбия-таалимин катуу көзөмөлгө алууга карыган чал-кемпирдин чамасы жетпейт. Андыктан, балдардын медреселерге барышы, аларды адепсиз жолдон сактоонун бир аргасы катары эсептелет да.

Чыгыш элдеринин эпикалык шедеврлеринде жигит менен кыздын аруу сүйүүсү, арзуусу жана алар тарткан азап-тозоктор ар кыл доордогу залкар таланттар тарабынан эргүү менен баяндалган. “Лайли менен Мажнун”, “Фархад менен Ширин”, “Тахир менен Зухра”, “Юсуп менен Зулайка” сыяктуу ажайып дастандар жөн жерден жаралган эмес. Алардын баарында алоолонгон сүйүү сезими, асыл максат үчүн күрөш чагылдырылат. Ошол фондо кыргыздын “Каптагайдан качкан кыз” аңызы өзүнчө бир феномен сыяктанат. Бул Курманжан Датканын өмүрүндөгү окуяга да оролушат. Ушинтип Казандагы Сүйүмтике, Бакуда кыз бала мунараларынын тарыхы да кыздардын өз эркиндигин, махабатын баарынан жогору койгондугун, зордукка моюн сунбастыгын айгинелейт.

Эми ошол “Жанна-д-Арктардын” урпактары капастагы бөдөнөдөй паранжы жамынып, чүмбөт салынып, хиджап кийип жүрүүгө мажбур болуш керекпи? Мындай феодализм саркындыларына каршы аёосуз күрөштү Октябрь революциясынан соң жаңы бийлик баштабады беле. Бул демилгени Чыгыш аялдары кызуу колдоп, паранжа, чүмбөт өрттөө өнөктүгүн өткөрүшкөн.

Дегинкиси, бул адамзатка мүнөздүү болбогон кара мүртөз каада-салттар, жоболоңдуу жосундар кайдан, качан чыккан. Адепкисинде Адам ата менен Хава эне деле жаннатта жылаңач жүрүшкөн турбайбы! Алардын урпактарынын бузуку жолго түшүшүнө арапчы- шайтан күнөөлүү. Анын азгырыгы менен көрпендеде напси, ыйман дегенди бузуп, алдуу-күчтүүлөр чабалдарга зобун көрсөтүп, ырыскысын тартып алуу менен көз карандылык абалга келтирүүдөн, жердеген чөлкөмүн басып алып, кулга айлантуудан башталган. Арийне, бул кол салуу, басып алуу, талап-тоноо менен коштолгон. Ошондо колго түшкөндөрдүн эр аттуусу кул, ургаачысы күң катары олжого айланган. Библия менен Куранда пайгамбар катары эсептелген Давид жана Сулайман тарыхый эле инсандар, падышалар болуп, ар биринин сарайында 300дөн 500гө чейин аялдары болгон. Ошол каныша айымдарды бычмалдар кайтарышкан. Алар базарга серүүндөп чыкканда башкалар жүзүн көрбөс үчүн чүмбөт кийүүгө милдеттүү болушкан.

Ал эми чет элдик баскынчылар (адегенде европалык) Азиянын, Африканын аймактарын басып кирип, өз колонияларына айланта баштаганда жергиликтүү калктар мал катары каралган. Аларды сатуу-коюу кожоюндун карамагында болгон. Ошого чейин деле орто кылымда бул жапайы жазанын болуп келгендигин Омар Хаямдын Эльпини кантип сатып алгандыгы айгинелейт. Андан кийин кул менен күңдөрдү жаңыдан ачылган Америка материгине сата башташкан. Ошондо эркектердин жашы, ден соолугу, алдуу-күчтүү экендиги, ургаачылардын жаш курагы, кебете-келбети, мүчө-башы маанилүү болгон. Алардын ар-биринин көзү-башы, тиши, тырмагына чейин текшерилип, баа коюлган. Бул адам базарына бийлик, байлыгы бар төбөлдөрдүн жакындары (аялдары, эже-карындаштары, кыздары) түшкөн эмес. Аларды көздөн оолак тутуш үчүн паранжы жамынтып, коштоочусуз сыртка чыгарган эмес. Бул адат Чыгыш өлкөлөрүндө азыркыга чейин сакталып келе жатпайбы.

Атүгүл шахмат боюнча аялдардын эл аралык мелдешин 2017-жылы өткөрүү мөөрөйүн утуп алган Иран бийлиги ага катышуучу 60тан ашык өлкөнүн катышуучулары хиджап кийип олтурушу керек деген талапты коюуда. Бул дүйнөлүк коомчулуктун, өзгөчө цивилизациялуу өлкөлөрдүн кескин нааразычылыгын жаратууда. Бизде андай жатыркоо, иренжүүсү жок эле сарыккан сакалды коё берип, самсаалаган дамбал, жерге тийген жегде кийүү “модасы” жайылып кетти. Андайлардын жанына олтургандан жийиркенесиң. Ал эми кыз-балдар эми мектепке ошол хиджабы менен келе баштады.

Биз ошол эле паранжы жамынуу сойкулукка жол ачканын жакшы билебиз. Атайын жайларды мындай кой, паранжа жамынган жел тамандар алты пакса коргон ичинде камоодо олтурган ойношуна жолугуп турган. Андан каары күчтүү күлүңкөздүн абышкасы да шек санаган эмес. Короосуна коргон кармоо ал душмандан коргонуу үчүн эмес, катын-кызын колоктогон аңгилерден коргоо үчүн салынган. Кыргыз, казакта андай шагыраган бойдоктор болгон эмес. Бешик куда, бел куда деп, балдардын тагдыры белгилүү да, жоопкерчиликтүү да болгон. Бизде мини юбка, декольте, топикчен кыз-келиндер көчөгө чыкканда эрен-төрөөнү жок эле кабыл алганбыз. Ал эми азыр Европага күргүчтөп кирген качкындар ал жерлик айымдарды көргөндө ачык эле кол салгандары болбодубу. Бул психологиялык ала салуу же көнбөгөн көрүнүшкө тушугуудан улам жаралган кан кызуусу – делөөрүсү.

Демократиянын шылтоосу менен ар кандай диний агымдарга жол ачып таштап, алар өз билгениндей намаздарын окуп, карапайым калктын башын маң кылып бүттү.

Баарыдан мурда биз өз улуттук идеологиябызды иштеп чыкпай, ары урунуп, бери урунуп жатып, аң-сезимде вакуумду жаратып алдык. Аны кыраакы баамдаган сырттагы идеологдор кыянатчыл личинкаларын беймарал чачууга жетип алышты. Эми андан арылуу оңойго турчудай эмес. Андыктан, акын Эсенгул айткандай: “Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!” деп кайталоого аргасыз болобуз.

Ильгиз Талип (Гилязетдинов), калемгер публицист,
“Эркин тоо”, 30.06.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий