“Куттуу билим” дастаны – улуу мурас

Улуу ойчул Жусуп Хас Хажип өзүнүн көөнөрбөс даӊктуу чыгармасын 1069-1070-жылдары Кашкарда жазган деп божомолдошот окумуштуулар. Ушул кезге чейин “Куттуу билимдин” түп нускасы табыла элек, көчүрмөлөрү гана бар. “Куттуу билим” дастаны Кашкарда бүткөрүлгөн деген ой басымдуулук кылып, дастанды жазуу качан башталганы жөнүндө сөз болбойт. Тек гана Жусуп бабабыз улуу дастанды он сегиз айда жазып бүткөн деген бүтүмдөр айтылат. Кандай болсо да Жусуп Баласагын Сары-Өзөн Чүй аймагындагы, Чүй дарыясынын боюнда жайгашкан, азыркы Бурана мунарасы турган Баласагын шаарында 1015-1016-жылдары төрөлгөнү анык. Эгерде мындай улуу дастан автордун ой чабытында, кыялында мурдатан эле бышып жетилбесе, даяр болбосо, он сегиз айда эле жазып коюшу – Жусуп Баласагын зор талантка ээ экенин айгинелейт.

Бирок биздин оюбузча, мындай улуу чыгарма Жусуп бабабыздын ой чабытында, кыялында, ой толгоосунда Баласагын шаарында эле башталып, кийин Кашкарда толук бүтүшү ыктымал. Эгер чыгарма мурда бышып жетилбесе, “Куттуу билимдей” улуу дастанды жаратуу мүмкүн эмес. Кашгарга чейин бабабыз өз чыгармачылыгын кагазга түшүрүп жүргөндүр. Канткен күндө да “Куттуу билим” дастанын Баласагын шаары жана Карабуура хандыгы менен тыгыз байланышта кароо керек. Мындай ойду академик В.Бартольд да тастыктап кетет: “Бизге жакшы маалым болгондой, мусулман-түрктөрдүн бизге толугу менен жеткен адабий мурасы “Куттуу билим” чыгармасын Чүй суусунун жанындагы Баласагында төрөлгөн Жусуп хас-хажиб 1069-70-жылдары жазып бүтүп, анан Кашкарда жашап, “Табгач Кара-Буура хандар ханы аталган хандарга арналган” (В.Бартольд, Избранные труды. Б., 5-том, 472-бет).

Орто кылымда Баласагын (Кут ордо) шаары гүлдөгөн маданияттын, илим-билимдин очогу болгон жана Карахандар каганатынын борбор шаарларынын бири катары да эсептелген.

Баласагын шаарында жашап жүргөндө Жусуп бабабыз Кара-Буура хандыгынын мамлекеттик иштерине аралашып, мамлекет башкаруунун тажрыйбасына такшалып, атактуу “Куттуу билимди” жаратышы ыктымал. Улуу дастанды байыркы кыргыз тилинен азыркы кыргыз тилине оодарган Төлөгөн Козубеков төмөнкүдөй ойду айтат: “Анын үстүнө бабабыз бул чыгармасындагы ойлорду, мамлекет башкаруунун жол-жобосун асмандан албаган го дейм, элүү эки жашка чыкканча бабабыз жөн эле базарлап жүрбөгөндүр, турмуштук да, адабият жаатында да жетиштүү тажрыйбаны топтогондур, аны үчүн бабабызда, айрыкча, мамлекет башкарууда жетиштүү мүмкүнчүлүк болгон болуу керек. Катардагы карапайым адам мындай ишке бара албайт болчу, аракет да кылмак эмес”. (Төлөгөн Таластан. Жусуп Баласагын, бейне сүртүмдөрү, (кол жазма) 20-бет).

Демек, мурдагы окумуштуулар айтып келген “Куттуу билим” Кашгарда жазылган деген ой-пикирлер анчалык чындыкка коошпойт.

Жусуп бабабыз Кашкарга барганга чейин эле Баласагын шаарындагы Кара-Буура хандарына ордодо кызмат кылган, мамлекет башкарууга аралашкан, мүмкүн ал хандардын эӊ жакын адамдарынын бири болгон, кийин Кашгарга мурдагы кызматын улантуу үчүн барган. Мурда жазып жүргөн “Куттуу билим” дастанын Кашкарда бүтүргөн. Жөн салды киши ханды ээрчип Кашкарга кантип бара алат?

Экинчи жагдай, совет мезгилинде идеологиялык саясаттын кесепетинен “Жусуп бабабыз хандардын эӊ жакын адамы, кеӊешчиси, ордо кызматкери болгон”, – деп ачык түрдө айта алышкан эмес. Аны үстүнө совет мезгилинде Жусуп бабабызды кыргыз болгон деп айтуу “улутчулдуктун” ана башы болгон. Эмне үчүн “Куттуу билим” дастаны сөзсүз эле Кашкарда жазылууга тийиш. Эгерде логикалык ой жүгүртүүгө таянсак, “Куттуу билим” Кашкарда жазылганы чын болсо, Жусуп Кашкарлык деп аталышы толук мүмкүн эле. Жусуп Кашкарлык деп аталганы жок, ал Жусуп Баласагын деп эле аталып жатат. Албетте, мындай гипотеза кийин тарыхта такталаар. Илим өзү гипотезадан турат эмеспи.

Жусуп Баласагын бабабыз Баласагын шаарынан Кашкарга келген учурда, Кашкар менен Баласагын аймагын Арстан хандын небереси, Али-Хасандын уулу, улуу өкүмдар Тавгач Буура Карахан башкарып турган. Бул окуяны академик В.Бартольд дагы бекемдеп кеткен: “Арстан хан Кашкарга өтүп Харундан бийликти тартып алган. Кашкарды, Хонтанды жана аларга тийиштүү болгон Баласагын шаарына чейинки жерлерде 29 жыл бийлик кылды. Ал 1102-03-жылдары каза болуп, андан кийинки бийликти анын уулу Акмат Ибн Арстан хан жүргүздү” (В.Бартольд, Ислам энциклопедиясынан макалалар, Т.,2, 491-бет)

Азыркы учурда илимде “Куттуу билим” дастанынын кыйла эле кийин көчүрүлгөн Вена, Каир жана Фергана нускалары белгилүү.

Вена нускасы 1439-жылы Герат шаарында Асан Кара Сайыл Шамсин деген илимпоз тарабынан көчүрүлүп, 1474-жылы Стамбул шаарына алынып келинген. Кийин аны кандайдыр бир себептер менен австриялык чыгыш таануучу Шунас Хаммер Поргештал Вена шаарындагы борбордук китепканага алып келип тапшырат. Азыркы учурда көчүрмө Вена шаарындагы китепканада сакталып тургандыктан Вена нускасы деп аталып келүүдө. Герат шаарында “Куттуу билимдин” “Герат нускасы” да сакталып турат. “Куттуу билимдин” үчүнчү нускасы Мысырда (Каирде) “Хидив” китепканасында сакталууда (көчүрмө 5400 бет). Каир нускасын 1896-жылы немец окумуштуусу Моретис алгачкы жолу таап чыгып, 1897-жылы дагы бир улуту немец окумуштуусу-түрколог В.Радловго жиберет. Көчүрүлгөн нускалардын ичинен Фергана нускасы кандайдыр бир деӊгээлде толук нуска деп эсептөөгө болот. Ал 6095 беттен турат.

Көчүрмөчүлөр араб арибиндеги көчүрмө нускадан “Куттуу билимди” өз тилдерине которуп жатышканда (уйгур, өзбек тилине) өз тилдеринин тыбыштык мыйзамына жакындатууга далалат жасашкан. Мисалы, дастандагы энчилүү аттарда жолуккан “а” тыбышынын ордуна “о” тыбышын, “ы” тыбышынын ордуна “и” тыбышы, “ө” тыбышынын ордуна “о” тыбышы атайын эле бурмалап киргизишкен: Күнтууду – Күндугды; Айтолду – Айтолды; Акдилмиш – Огдилмиш; Өткүрмүш – Огдырмыш болуп калган.

Ушул кезге чейин “Куттуу билим”  дастаны эски түрк тилинде, уйгур тилинде, караханиддердин адабий тили – хакания тилинде жазылган деген талаш маселелер окуучулардын башын айлантып келет. Эгерде “Куттуу билим” эски түрк тилинде жазылган болсо, ал кайсы тил, негизи кайсы тилге барып такалат, дегеле 10-кылымда түрк тилдеринин негизги адабий тили кайсы тил болгон? Эгерде түрк элдери үчүн баба тил деп эсептелген Караханиддердин “Хакания” тилинде жазылса, анда эмне үчүн “Куттуу билимдин” лексикалык өзөгүн байыркы кыргыз тили түзгөн. “Хакания” тили деген бул хандыктын, бийликтин тили. Хандык кайсы тилде сүйлөсө, эл ошол тилди пайдаланат. “Хакания” тили дегенибиз орто кылымдагы кыргыз тили болушу ыктымал. Орто кылымда кыргыз тилинде жазылган китептердин жоктугунан, “Куттуу билимдин” тилин аныктоо кыйынчылыкты жаратып жатат.

“Куттуу билим” байыркы уйгур тилинде да жазылган эмес. Академик, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков Т.Козубековдун котормосундагы “Куттуу билим” дастанынын биринчи басылышына (1988) жазып берген “Куттуу белгиси билик” деген макаласында төмөнкүдөй аргументти келтирген: “Академик түрколог В.Радлов Орхон рун жазмасын иликтегенден кийин “Куттуу билим” уйгур тилинде деген өзүнүн алгачкы аныктамасынан баш тартып мындай дейт: “1891-жылы мен Вамберинин көз карашы менен толук макул болуп, “Куттуу билим” байыркы уйгур тилинде жазылган деген пикирде элем. “Куттуу билимде” уйгур деген сөз бир да жолу кездешпейт…” деп белгилеп келип – “Менин “Куттуу билим” уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме да бир нерсе… өз эне тилинде биринчи китеп экенин көрсөткөн автордун сөзү негиз болуп отурат…” (В.Радлов. “Кыргызстан маданияты, 1969).

Ошол эле жерде Т.Сыдыкбеков мындай деп жазат: “Куттуу билимди” орус тилине которгон акын Наум Гребнев биз менен болгон бир маегинде: “Куттуу билим” силерге көбүрөөк тиешелүү. Жеке эле анын мекени силердин жер болгондо эмес, анын мүнөзү да силерге жакын”, – деп айткан эле.

Ал эми “Самаркан асманындагы жылдыздар” деген көп томдуу романдын автору СССР мамлекеттик сыйлыгынын, Өзбек ССРинин Хамза атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Орто кылымдагы Орто Азияны жерлеген калктардын тарыхын жакшы билген тарыхчы окумуштуу, чоӊ жазуучу Сергей Петрович Бородин:

“Силер, кыргыздар, эӊ эле камырабайсыӊар. Жадаса өзүӊөргө тиешелүү маданий энчини алуудан да жалтайлайсыӊар! Деги байыркы адабий мурастарда силердин энчиӊер чоӊ экенин билесиӊерби? Кыргыз түрк элдеринин ичинен байыркыларынан, “Манас” сыяктуу улуу баянды силердин бабаӊар жаратканы бекер эмес! Өз мурасыӊардан кур жалак калбагыла” дегени али эсимде” (Т.Сыдыкбеков, “Кут белгиси билик”, “Куттуу билим”, Т.Козубековдун котормосу, Б., 2015,12).

Демек, биз Ж.Баласагын бабабыз жазып кеткен “Куттуу билим” дастанынын тилин орто кылымдагы кыргыз тилинин лексикалык катмары менен салыштырып изилдегенде гана “Куттуу билимдин” кайсы тилде жазылганын так аныктай алабыз. Биз буга чейин орус окумуштууларынын айткандарын пир тутуп, ошолор эмне айтса кыӊк этпей макул болуп, өз оюбуз жок “ээрчиме илимди” гана түптөп келдик. Ошол эле атактуу орус окумуштуулары: “Эй, кыргыздар! Ойгонгула, ата-мурасыӊардын баркын билгиле! Башка элдерге тарттырып жибербегиле!”, – деп жатышса да, бүгүнкү күнгө чейин моюн толгоп келебиз. Эгерде көөнөрбөс ата мурастарына ушундай мамиле боло берсе, тарых бизди кечирбейт.

Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастаны ыймандуулукта, акылмандыкта, руханий тазалыкта мамлекетти башкарууга, үй-бүлөлүк жана жарандык ынтымакка, элдин бөлүнбөс биримдигине, улуттук каада-салтты, наркты, үрп-адатты кадырлай билүүгө, улууга урмат, кичүүгө сый деген улуу касиетибизди сактоого, барктоого чакырган, тарбиялык мааниси теӊдешсиз, баа жеткис накта мурас болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Жусуп Баласагын бабабыздын “Куттуу билим” дастанына кыргыз журтчулугунун кызыгуусу артып жатышы – кыргыз эли өзүн-өзү таануусуна умтулган негизги белгиси. Эл өз тарыхын билбей туруп – ким экендигин аӊдай албайт.

Демек, биз “Куттуу билим” дастанын ар тараптан: лингвистикалык, философиялык, психологиялык, идеологиялык, этномаданий, тарыхый ж.б. жактан тереӊ изилдеп, бала бакчадагы жаш бөбөктөн тартып, коомчулуктун калыӊ катмарына жеткирүүгө тийишпиз.

Себеби, Жусуп бабабыз жазгандай:

Китеп көп араб, тажик тилдеринде,
Бул китеп эӊ биринчи биздин тилде.

Эми улуу дастандын автор койгон аталышы жөнүндө өз оюбузду айта кетели. Буга чейин улуу чыгарма ар түрдүү аталышта которулуп келди: “Кут алуучу билим”, “Кут даарытар билим”, “Куттуу билим”, “Кут билим”.

Эгер алгач табылган көчүрмө нуска “Кутадгу билиг” деп аталган болсо, “Кут алчу билиг” – “КУТ АТТУУ БИЙЛИК” болуп жүрбөсүн.

Муну далилдөө үчүн төмөнкүдөй аргумент келтиребиз:

Караханиддердин ордосу – Кара-Буура хандар ханынын ордосу “Кут Ордо” деп аталган. “Кут” деген сөз ыйыктыктын, бакты-таалайдын белгиси. Кут Ордо – элдин бакыбаттуулугун, бейпилчилигин, жыргалчылыгын камсыз кылат деген мааниде. Жусуп Баласагын бабабыздын дастаны, байкаган адамга, баштан аяк бийликтин элге, элдин ар кандай, карапайым да, бийликтин тараптарын камсыздаган да өкүлдөрүнө болгон мамилеси кандай болуш керек, мамлекетти кандай башкаруу керек ж.б. акыл кептер айтылат. Демек, дастан Кут-Ордонун – Кара-Буура хандардын династиясынын тарыхый маселелери туурасында акылман кептер айтылат. Жусуп бабабыз Ордону, болгондо да Кут-Ордону мактап жатат.

Ошондуктан дастан “Куттуу билим” эмес, “КУТ АТТУУ БИЙЛИК” болушу ыктымал. Буга китептин аталышы дагы – “Кут адгу билиг” деп аталып жатпайбы. “Кут” деген сөз – кут – бул түшүнүктүү, “атгу” деген сөз “аттуу” болушу ыктымал, ал эми билиг “билим” болуп которулуп калган, мүмкүн түп нускадагы “й” тыбышы айтылбай “бийлик” деген сөз “билиг” болуп котормолордо жазылып калышы толук ыктымал.

Бул айтылган ойлор гипотеза. Илим гипотезадан жаралат.

Соӊунда айтарыбыз, элибиздин байыркы мурасын сактай да, даӊктай да жүрөлү.

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ, филология илимдеринин доктору, профессор,
КР УИАнын Чыӊгыз АЙТМАТОВ атындагы Тил жана адабият институтунун директору,
“Кутбилим”, 01.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий