Байзактын аялзатка баа, сын бергени

Өткөн кылымда Жумгалда Байзак (1838-1914-ж.ж.) деген акылман адам өткөн. Орус империясы кыргыздарды каратканда 1876-ж. Байзак кытай-кыргыз чек арасын тактаганга катышкан. Байзак тууралуу 20.12. 2017 ж. барагымдан окуусуңар болот. Байзак карып калганда кадимки Куйручукту чакыртып алып: “Ээ, кудай тажыткыр, кел, өйдө, төргө өт!” деп төмөндөгүлөрдү айткан экен (Байзак Куйручукту көп учурда “кудай тажаткыр!” деп эркелетип атап келчү экен).

“Зайып эне – зайып жашоо башаты. Сен, Куйручук, менден укканды уккандай гана, чечендик менен сөз кошпой элге, урпактара жеткиргин”, — деп, азылзатты жетиге бөлүп буларды айткан экен.

1. АЛТЫН СОГОНЧОК, ЖЕЗ ШЫРГАЙ. Аялзатынан эң мыктысын “Алтын согончок, жез шыргай” деп келишкен илгелкилер. Келбетин, шыңга боюн, жез шыргайга теңап ызааташкан. Ак уул, кызыл кыздын энеси болушун “алтын согончок” деп баалаган. Илгери, шыргайды ача кылып, акчасына жез каптап, түндүк көтөргөндөн кийин аны керегеге жөлөп койчу эле, ошондон улан мыкты аялды ошого теңешкен.

2. АРКАР ЭМЧЕК, АКЫЛГӨЙ ТАРАЗ. Бала бакыралуу болсо да келишимдүү тараз бою, мүчөсү келин сынын кетирбеген, кайберендин ыйыгы аркарга теңеп, жараткан ага ашыгыраак акыл бергенден “акылгөй” деп атаган. Адеби, улуу-кичүүгө адамкерчилик мамилеси менен эле байкалып турат.

3. ЖАБЫЛУУ БОЗ ИНГЕН. Бала-бакыралуу, карапайым Текебер, кесир дегенди билбейт. Элге да, эрге да бирдей мамиледе. Эринин табышкерине көтөрүлбөйт, жок болсо чүнчүбөйт. Жетиштүү оокатка да, аз оокатка да бүйрө мамиле жазайт. Кармаган ийнеси да баш билги. Бул келин эрдин бакыты, эгер кадырын биле алса.

4. ДҮЙНӨКОР ТОТУ. Табылгандын гана зайыбы, же илгеркилер “чүпөрөк зайып” деп да коюшчу. Эрдин колунан бак-дөөлөт тайыса, өзүнчө эле жүк. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деп айтабызго, ошол “төө мингендин” зайыбы. Айттым го Куйручук, “жөө жүргөнгө” жүк — деп бул аялзатты.

5. ДҮР КАБАК ЧАБДАР. Бул да зайыптан чыгат, аталып тургандай эле кичине эле дитине бир нерсе жакпаса, итатайы тутулуп, кайырын, чайыр кылып, элдин да, үй-бүлөнүн да сазайын берет. Кыялына өз атасы, өз энеси чыдабаса — десең, небак эле уулдун уулун, кыздын кызын төрөп койгон. Баласы чоңоюп энесин “кой!” дегиче кайран эрин карып кылып коет.

6. АЙ ЧЫРАЙЛУУ АЧА ТИЛ. Кудай өңдү ага башка зайып затынан артыкча берип, бирок кемиткенин тилинен чыгарып, акыл-эсти кем берип, колунан иш да, аш да келбейт. Болгон табылгасы – Кудай берген чырайы. Тилинин заары, жылаандын тилин чаптап койгондой эле. Бу да кайран бир эрди карып кылып коет.

7. СУУ МУРУН — СӨПӨК. Аталганынан эле билинип турбайбы. Эринин таап келгенин эптей албай, эптемек турсун от жаккыча мурдунун суусу агып калат. Аялзаты эле аты бар.

Айрымдар кийинки кезде Байзактын бул айткандарын Куйручукка таандык кылып жүршөт. Куйручук Байзактын сөзүн элге жетизген.

1956-ж. Акал Молдалиев тарабынан эл оозунан “Байзактын айтканы” делип жазып алынган кол жазмасы 1998-ж. КР Интеллектуалдык менчик аганттигинен катоодон өткөн.

Жолдошбек Токоев, Фейсбук баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий