Ачыткынын азабы менен уюткунун убалы кимге? Көрөңгө тууралуу ой-толгоо

Кыргыздын көрөңгөсү дейбиз, же болбосо сөздүн кору, элдин уюткусу деп калабыз… Колумнист Шаакан Токтогул бул сөздөрдүн төркүнүн түгөлдөп көрдү.

Кыргызда ачыткы, көрөңгө, уютку, кор деген түшүнүктөр бар. Замандын агымы менен бул сөздөргө жаңы маани киргизилип, көп маанилүү сөздөргө айланды. Ар бири ар башка аталганы менен өзөгүндө аткарган жумушу бир бул түшүнүктөрдүн ар бирине өз-өзүнчө токтолуп көрөлү.

 

Ачыткы

Байыркы кыргыз коомунда ундан камыр жууруп, ачыткы кошуп ачытып, нан бышырганын билебиз. Бул процесс эч кандай зыяндуу кошулмаларсыз табигый нукта жүргөнү да талашсыз. Ал эми ачыткынын өзү кандай болгон? Ачыган айранга ун кошуп чалып отуруп камыртурушту даярдашчу. Камыртуруш азыркы ачыткынын (дрожь) да, көптүргүчтүн (рызрыхлитель) да ролун бирдей аткарчу. Өз кезинде даяр болгон ачыткы менен камыр жууруп, камыр көөп даяр болгон кезде астынан кийинкиге муштумдай камыр туруш алып коюшчу. Эң негизгиси табигый таза жана жанга жагымдуу, бойго кубаттуу нан жасалчу. Ал эми азыркы ачыткылардын аң-сезимге, эс-тутумга терс таасир тийгизери илимий далилденген.

 

Көрөңгө

Кымыздын ачыткысы көрөңгө деп аталып, ал мурунку жакшы бышылган накта кымыздан калтырылат. Үстүнө жаңы куюлган сүттүн бышып кымыз болуусун шарттайт. Кымыздын күчүн өзүндө сактап аны ташуучу милдетти аткаргандыктан, кыргыздын салттуу билимдерин, кеп казынасын, нарк-санатын алып жүргөн кишилерди кыргыздын көрөңгөсү дешет. Көрөңгөсү таза деген кеп бар. Бул өсүп-өнгөн жери мыкты, ата-теги элге кызмат кылган ак сөөктөр, үй-бүлөсү үлгүлүү болгон адамга карата айтылган.

 

Уютку

Уютку – сүттөн айран жасаган кичинекей өлчөмдөгү айран. Айран ачуу болуп же бөлтөк-бөлтөк болуп калса уюткусу жакшы эмес экен дейбиз. Көбүнчө коюу сүттөн (топоздун же койдун сүтүнөн) уютулган айрандардан уютку алганга аракет кылышат. Айрандын каймактай жагымдуу болгонун ким каалабасын. Ушул түшүнүктөн улам кыргыздын касиетин карманып, нарк-нускасы менен жашап, башканы да үндөгөн, артынан ээрчиткен адамдарды кыргыздын уюткусу дешет.

 

Кор

Бозону даярдоодо да угуттан сырткары жакшы бозодон алынган аз өлчөмдөгү кор колдонулат. Бозо жакшы ачып, жагымдуу суусун болсо «кору жакшы экен» дешет. Сөздүн кору, кендин кору, казынанын кору деген түшүнүктөр түбүндөгү накта өлчөмүн түшүндүрүп, бозонун корунун жаңы маанисин берет.

 

Тизгин жыяр

Сырттан келген азыктардын жасалма ачыткылардын орду турмушубузда өтө кеңири. Аларды кошуп нан жасайбыз, бозого салабыз… Жада кылса кымызды көрөңгөсү жок эле даярдап берген порошоктор да бар. Оңой оокат болгону менен опурталы күч экенин эске алсак, тамак-ашта табигый ачыткы, таза көрөңгөнү колдонсок, балким көп кырсыктардан оолак болоорбуз… Ааламдашуу араанын ачып туш тараптан саясий, диний, азык-түлүк экспансиялары чабуул коюп жаткан учурда адамдын аң-сезиминде да күрөш жүрүп, ар кайсы багытка баш багып, ар кайсы окуунун өзөгүнө кирип жатабыз. Ушул агым менен кетсек уюткусу начар, көрөңгөсү зыян, кору жок, жасалма ачыткыга жалганып улуттук өзөктөн, кыргыз дүйнө таанымынан, байыркы башаттан уланган баалуу билимдерден кур калбасак болду… Кыргыздын уюткусу уланып, көрөңгөсү көөнөрбөй, кору түгөнбөй улансын деген изги тилек менен жашайбыз…

Шаакан Токтогул., © Sputnik / Александр Кондратюк,
“Sputnik-Кыргызстан”, 20.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий