Кыргыз-казак ынтымагы жана “Манас”

Сүрөттө: Казакстандагы Абай Кунанбаевдин эстелиги

Жер жүзүндө түпкү теги тамырлаш, дили жана тили жакын бир топ түрк калктары бар. Бирок ошол туугандардын ичинен да эң бир айрып алгыс эгизи – бул кыргыз менен казак элдери экенин эч ким, атүгүл тарых да танбайт.

Бу жөнүндө “Казактын түбү кайдан чыкканы тууралуу” эмгегинде атактуу Абай атабыз: “Эч бир казак кыргыз менен казактын тукумдаш экенин талашпайт” деп, ташка тамга баскандай таасын жазып кеткен.

Ошон үчүн улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин жазма булактарда казактын кең талаасын дайыма “кыргыз-казак талаасы,”ал эми калайык-калкын болсо “кыргыз-казак ордосу” деп, эки элди эч качан бөлбөй, эриш-аркак атап келишкен. Ал тургай Совет бийлиги жаңыдан орногон кезде да эгиз туушкан эки элди бири-биринен айрып тааный алышкан эмес. Ошондон улам Бүткүл Россиялык Борбордук аткаруу комитети (ВЦИК) менен РСФСР Эл комиссарлар советинин 1920-жылдын 26-августунда чыккан чечими “Кыргыз (Казак) АССРин түзүү жөнүндө декрет” деген ат менен жарык көргөн.

Бул тана алгыс тарыхый фактылар эгиздин сыңарындай болгон биздин боордош эки элибиз жашоонун узак жолунда кылымдар бою малы-жаны аралаш, ою-дили санаалаш өмүр сүрүп, тагдырдын башка салганын бир туугандардай бирге тартып, кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк күтүп, жаман-жакшылыгына тең түтүп, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келишкенин кабарлайт.

Эки миң жылдан ашуун мезгил мерчеминде элибиздин башынан не бир закымдаган замандар, не бир кыйын кезеңдер өтпөдү. Байыркы гунндар менен сактардын, усундар менен огуздардын доорунан бери карай арстан жүрөк ата-бабаларыбыз Алтай-Шибер күн чыгыштан Кырым-Урум күн батышка, Орол-Жайык түн жүрүштөн Ооган-Эрен күн жүрүшкө чейинки мелмилдеген Евразия мейкиндеринде эчен бир улуу империя дөөлөттөрдү курап, тарыхтын күрөө тамырларында кан дүргүтүп, дүркүрөп агылышты.

 

“Манас” жана казак маалымат булактары

“Башканы коюп, Манасты айт” демекчи, биз бу жагынан көөнө көчмөн тарыхыбыздын таберик мурасы – “Манаска” эле серп салып көрөлүчү. Маалым болгондой, ал тууралуу алгачкы маалымат Сайф-ад-дин Аксыкенти молдонун 1504-жылы тажик тилинде жазылган “Маджму ат-таварих” (“Тарыхтар жыйнагы”) аттуу эмгегинен учурайт. Анда Манас, атасы Жакып-бек, душманы Жолой жөнүндө айтылат. Манас тууралуу башка даректер, дегеле эпостун кийинки тагдырына тиешелүү айрым жагдайлар көп жагынан бир тууган казак журту менен тыгыз байланыштуу.

Маселен, 1849-жылы улуу жүздө орус өкмөтүнүн өкүлү болуп турган майор Франель Иле суусунун жакасында жашаган кыргыздардан Манас жана анын уулу Семетей жөнүндө аңыз-уламыш жазып алганы белгилүү. Франель өз жазмасында Манас менен Семетейди реалдуу тарыхый инсандар катары көрсөтөт. Казакстандын ошол эле аймагынан “Манас” эпосунун каармандары тууралуу маалымат жыйнаганын экинчи бир орус кайгуулчусу Г. Н. Потанин да ырастайт. Арийне, казак арасында “Манас” эпосунун эр Төштүк, Көкчө, Жамгырчы, Кошой сыяктуу бир топ кейипкерлери ар кимиси өз-өзүнчө чыгарманын каарманы катары жашаарын, алар өз кезинде ошол эле Потанин тарабынан чогултулуп, жазылып калганын биз азыр жакшы билебиз.

Чокан Валихановдун портрети.

Бирок, канткен күндө да, “Манас” эпосун эң биринчи кагаз бетине түшүрүп, аны олуттуу түрдө изилдеген алгачкы окумуштуу өзүбүздүн аша таланттуу кулунубуз Чокан Валиханов болгонуна биз асыресе сүйүнүп сыймыктанабыз. Чокан дастандын “Көкөтөйдүн ашы” деген үлкөн бир үзүмүн 1856-жылы Ысык-Көлдөн жазып алып, ага өз маанисин бүгүн да эч бир кемитпеген өтө терең ой айткан. “Манас” эпосу,- деп тастыктаган ал,- бир убакытка келтирилген жана бир адамдын – Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул – талаа “Илиадасы” сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салт-санаасы, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл аралык мамилеси орун алган.”

“Манас” туурасында кийинки пикирлердин баарысы тең азырга чейин Чокан Валиханов мындан бир жарым кылым ашуун илгери айтып кеткен ошол орошон ойдон аша элек. Кезинде Валиханов тарабынан кагазга түшүрүлгөн “Манас” текстинин илимий зор маанисин дагы бир фактыдан көрсө болот. Чокан араб ариби менен жазып алган ал текстти соңку убактарда Лондон университетинин профессору А. Т. Хатто латын тамгасына көчүрүп, аны англисче котормосу менен өзүнчө китеп кылып чыгарды. Хатто ошондой эле Валиханов жазып алган вариант менен В. Радлов жазып алган вариантты салыштырып, 1969-жылы “Манас” тууралуу атайын монография да жарыялады.

Ушу жерден Чокан жазып алган “Манас” текстинин тагдырына байланыштуу дагы бир орчун окуя тууралуу айта кетүүнүн кези келип турат. Чокан Валиханов дүйнөдөн өтө эрте кайтыш болуп, ошону менен ал кол жазма жүз жыл бою архив түпкүрүнө түшүп кетип, окурмандарга белгисиз бойдон кала берген. Арадан бир кылым өткөндөн кийин аны академик А. Х. Маргулан СССР илимдер Академиясынын Азия элдери институтунун архивинен таап чыккан. Ошентип дагы бир казак боордошубуз “Манастын” Чокандан калган кайнар булагынын жабылган көзүн кайра ачкан. Маргулан ошол кол жазманы кийин казакча оодарып, өзүнчө китеп кылып чыгарды. Анын негизинде “Чокан жана “Манас” деген ат менен илимий эмгек жазып, артына айтарлык мурас калтырып кетти.

 

“Манас” жана Муктар Ауэзовдун илимий эрдиги

Айкөл “Манас” дастаныбыздын андан соңку тагдыры казактын даңктуу уулу, кыргыздын жан күйөр боору Мухтар Ауэзовдун кажыбас кайраты, чымырканган эмгеги менен эриш-аркак байланыштуу болду. Мухтар агабыз “Манасты” Орхон-Энисей рун жазмалары менен салыштыра зерттеп, анын түпкү маңызындагы не бир сырдуу маанилерди өтө билгилик менен терең изилдеди. “Тарыхтын үзүл-кесил маалыматтарынан “Манас” деген ысымдын кабары чыкпай жатышы бизди эч кабатыр кылбаш керек”,- деп жазды ал. “Манас, биздин оюбузча, үлкөн кол башы же Бейжинди жеңген ажо болгон; ал 847-жылы көз жумган. Лингвистика жагынан алганда, Манас ысымы не шаманчылык пантеонундагы теңирдин аталышы же, аныгы, ошо кезде Орто Азияда кеңири тараган манихейчилик менен байланыштуу болушу мүмүн. Балким, ал кездеги атактуу баатырдын чын ысымы башкадыр, бирок кийин эрдигинен улам теңирдин ысымы менен Манас аталып калса керек”.

Мухтар Ауэзов.

Андан ары ой учугун улай келип, кемеңгер Мухтар агабыз өз пикирин төмөнкүчө жыйынтыктайт: “Кыргыздардын уйгурларга каршы жортуулу жана алардын Бейжин калаасын каратып алышы “Манас” дастанына уютку болгон. Ушундан улам, биз “Манас” биздин замандын 840-жылынан эрте эмес эртеги доордо жаралды деп болжойбуз, демек, 1110 жылдан ашуун убактан бери жашап жатат деп ойлойбуз. Арийне, бул болжолдуу гана дата”.

Бирок, ошол эле учурда Мухтар ага “Манастын” маңызы кыргыздар улуу дөөлөт-журт курап турган күрдөөлдүү доорду чагылдыраарын баса белгилейт.

Кийин, 50-жылдардын башында “Манаска” идеологиялык айып коюлуп, аны “эл душманы” катары каралап, капаска камай турган болушканда Мухтар ага калкыбыздын улуттук улуу рух-казынасын кара ниеттердин уу чеңгелинен аман алып калыш үчүн алар менен эр Манастын өзүндөй баатырдык менен кармашты. Жер үстүндө кыргыз барда, кыргыз рухунун туу чокусу – улуу баян “Манас” барда элибиз Мухтар боорунун бул эрдигин эч качан унутпайт.

“Манастын” ушундай улуттук улуу Сөз экенин астейдил аңдап түшүнгөн Мухтар Ауэзов Ысык-Көлгө келген сайын бул океандай чалкыган ата мурас баянды томуктай башына сыйгызып жүргөн залкар манасчы Саякбай Карала уулунун сыйкырдуу өнөрүнө күбө болуп, “Манасты” көзүнө жаш ала олтуруп, тунжурап укчу экен. Ошон үчүн, Мухтар ага “Манастын” миллион сабын жат айткан Саякбай манасчыга “азыркынын Гомери”, “жыйырманчы гасырдын рапсоду” деп баа берген.

Ошон үчүн, биз, кыргыздар, “Манас” дегенде эң оболу Мухтар агабызды ойлойбуз, Мухтар Ауэзовдун ысымын эшиткенде, эрксизден, “Манасты” эстейбиз. Ошондуктан, Чыңгыз Айтматовдон “Сиз бул ааламга эмне менен чыгасыз?”-деп сурашканда, ал “менин ааламга көрсөтө турган эки ыйык нерсем бар. Биринчиси – бул теңдешсиз “Манас”. Экинчи менин ыйыгым – ал Мухтар Ауэзов” деп жооп бергени бекеринен эмес да.

 

“Манастагы” казак каармандарынын сүрөттөлүшү

Ошон үчүн, биз, кыргыздар, кылымдар кыйырынан бери жоону бирге чалышып, күлүгүн чогуу чабышып, кою короолош, коломтосу аралаш өмүр кечирип келе жаткан боордош казак туугандарыбызга, анын Чокан менен Мухтардай азамат уулдарынын жаркын элесине ар дайыма таазим этебиз. Казак менен кыргыздын абалтан түптөлгөн түбөлүктүү биримдигин билдирген улуу Манастын арбагына сыйынабыз. Анткени, дастан өзү даңазалап тургандай, Манас:

“Казак, кыргыз уругу,
Кабылан Манас улугу.
Бабасы улук Ногой хан,
Баштагынын жомогу.
Манас деген бу бир жан
Казак, кыргыз нуркунан
Калк башкарган улук хан”, – болгон. Манастын атасы Жакып тууралуу эпосто:

“Казак, кыргыз калкы бар
Карыя Жакып каркыбар”, – деп айтылат. “Манаста” казак, кыргыз эгиз тууган эл катары дайыма бирге эскерилет. Бу тууралуу эпос мындай дейт:

“Казак, кыргыз, катаган
Баарыбыз бир атадан”.

Ошон үчүн, мейли аш-той болобу, же кастарын тиккен кас жоо келип катылабы, – алгач кабарды кыргыздар ар дайыма казак бир боорлоруна айттырат. Айылын калмак чабарда, мал-жанын олжолоп аларда Жакып бай биринчи казак бир туугандарын жардамга чакырат. Чабаганчы жигитке:

“Кабар айт казак бийине.
Казак, кыргыз бир тууган.
Калмак камап жатканда
Кантип жатат
үйүнө!?” – деп, табыштайт.

Манас баатыр өзү бала кезинен эле “атасы ким, аты ким, аркы уругу, заты ким, билсек” дешип сурашкандарга:

“Атам Жакып, Манасмын,
аркы уругум Алашмын” – деп жооп берет.

“Манаста” казактын каркыбар баатырлары ушунчалык бир улуу урмат менен, сүймөнчүлүк сүйсүнүү менен сүрөттөлөт. Маселен, Айдаркан баатыр жөнүндө:

“Камбардын уулу Айдаркан
Казактан чыккан мыкты жан.
Алтай казак калкынан
Ашкере баатыр бу бир жан”,- делет.

Ал эми Айдаркандын уулу эр Көкчөнү эпос:

“Сары-Арканы жайлаган,
Салышкан жоодон тайбаган.
Саймалуу калпак, сары шым,
Калдыркан кисе, бото кур,
Алтындан наал, жез
өкчө
Айдаркан уулу эр К
өкчө
Казак менен кыргыздын
Т
үркүгү болгон көй баатыр”, – деп эргип сыпаттайт.

“Манас” эпосуна иллюстрация.

Казак менен кыргыздын Чыңгыздай чыгаан, Мухтардай кыраан, Нурсултан агабыздай азамат уулдарын эсил кайран ата-бабаларыбыздын ошондой асыл касиет-сапаттарын азыркы күндө татыктуу улантып, эгиз тууган эки элибизге бирдей туу болгон орток сыймыгыбыз, орток мактанычыбыз, шер Манас менен эр Көкчөдөй көзгө басар көй баатырларыбыз деп биз бүгүн эч тартынбай айталабыз. Ал эми мындай эрендерди жараткан эл, карт тарых күбөлөп тургандай, кандай гана кыйынчылык болбосун, акыры сөзсүз жеңип чыгаарына мен бөркүмдөй ишенем.

Акырында айтаарым: эр жүрөк ата-бабаларыбыз канча бир эсепсиз курмандыктар менен бапестеп сактап, бизге мурас калтырган касиеттүү жерибиз аман болсун! Жеринен кубат алып, уюткулуу жашоо көчүн улап жаткан айкөл эли-журтубуз эсен болсун! Жакшылык-жамандыкты тең бөлүшүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ата салтыбыз, асыл наркыбыз урпактан урпакка түбөлүк улана берсин! Баарыбызды Көкө Теңир, ата-бабанын арбагы колдосун!

Калык Ибраимов, СССР жана Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
философия илимдеринин кандидаты,
“Азатттык”, 04.01.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.